9-сентябрь - 16-сентябрь
|
Мирбек Атабеков "Барам сага"
Жүктөлгөн: 2014-09-01
Текст
Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде. Cаамайларын cеңселткен ак кайыңдар, Самашып сагынычымды, Самашып сагынычымды уккан кезде, Барам сага. Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде, Ак жамгыр нөшөрлөтө төккөн кезде. Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз, Көп күндөр арабыздан, Көп күндөр арабыздан өткөн кезде, Барам сага. Ширесин карагаттар чачкан кезде, Ажарын жоогазындар ачкан кезде. Кучактап бейкутчулук түн коюнун, Күн нуру уясына, Күн нуру уясына баткан кезде, Барам сага. Гүлдөргө аарыларың конгон кезде, Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде. Алгачкы биз жолуккан кечтегидей, Алтын ай асмандагы, Алтын ай асмандагы толгон кезде, Барам сага, барам сага.
Биз социалдык тармактарда:
Популярдуу видеолор
Жылаңач Бактыгүл (жашыруун камера, нерви жукалар көрбөгүлө!).18 жашка чейинкилерге көргөнгө болбойт.
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Медиа-портал" бөлүмүнө кирди:
|