9-сентябрь - 16-сентябрь
|
Гүлзинат Суранчиева "Бир өзүң"
Жүктөлгөн: 2012-08-29
Текст
Махабаттын табияты татаал экенин,
Бир тараптуу сүйүүм менен сезип келемин. Жүрөгүмдү бийлеп алган жаным өзүңсүң, Жалгыздыкты кыял менен азыр жеңемин. Айткым келет сага болгон тунук сүйүүмдү, Корком кайра, өчүрбөйм деп жалгыз үмүттү. Жүрөк сезет, балким, бир күн кабыл алат деп. Күтүп жүрөм, андан бери канча күн өттү?.. Кайырма: Бир өзүң сезимди ээлеп алдың, Бийлеп алдың. Бир өзүң жүрөктөн орун алдың, Бийлеп алдың, Бир өзүң, бир өзүң... Ак сүйүүмдү жан дүйнөмө батырган менен, Жүрөк суусап, кусалыкка жабыркай берем. Айттырбастан сезип алчы арзуумду өзүң, Амал качып, арга таппай алсырап келем. Кыялымда, жүрөгүмдө жашап келесиң, Сен жылмайып, жылуу тиктеп үмүт бересиң. Бүт ааламды батыра алган каректеримде, Жалгыз өзүң жүргөнүңдү качан сезесиң? Кайырма:
Биз социалдык тармактарда:
Популярдуу видеолор
Жылаңач Бактыгүл (жашыруун камера, нерви жукалар көрбөгүлө!).18 жашка чейинкилерге көргөнгө болбойт.
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Медиа-портал" бөлүмүнө кирди:
|