|
Кыял Батырканова
Бардык видеолор: 2
Бардык аудиолор: 18
00:04:01
00:03:43
Сөзү : Жыпара Исабаеваныкы
Обону : Съездбек Искеналиевдики
Ыйлап жатып кайра күлүп ойгондум,
Анан сага алып барчу жолдордун.
Кучагында кубанычка мас болуп,
Жалгыз гана сен жөнүндө ойлондум.
Кайрыма:
Неге мынча жаралгансың башкача?
Сенин дүйнөң аруу, жарык, тап-таза.
Менин жашоом болот эле караңгы,
Көзүм сокур өтмөк сени таппаса.
Канча сени келет ырга көчүргүм,
Канча бирин бирок кайра өчүрдүм.
Неге мынча эбедейим эзилет,
Тийбесе экен сага көзүм өзүмдүн.
Ашыгып күйүп от болсом,
Ал тургай кызыл чок болсом.
Азаппы, мага эмне?
Айылыңа келсем жок болсоң.
Сыр айтып сырың чечемби,
Сыздасам сага жетемби?
Сымбатым менин, келсем да,
Сырдаша албай кетемби?
Жүрөгүм күйүп от болсо,
Оттогу кызыл чок болсо.
Жүрөгүм менин күйбөйбү,
Журтуңа келсем жок болсоң.
Тагдырлар качан билинет?
Келбедиң күтсөм миң ирет.
Татына жигит өзүңө,
Таарындым сага бул ирет.
Гүлү сенсиң эркин өскөн талаанын,
Бирде жакын, бирде алыстайт карааның.
Түшкө кирип, өңүмдө бир көрүнбөй,
Түрттүң мени түпкүрүнө санаанын.
Үмүт оту үстү-үстүнө тамчылап,
Жүрөк байкуш күнөөлүүдөй жанчылат.
Айтчы, эркем, айтчы, сүйгөн таң шоолам,
Күтөм дагы бир өзүңдү канча убак?
Жашоо үчүн тийбесе эгер кереги,
Ак сүйүүмдү далилдешке мен эми,
Гүл ордуна жүрөгүмдү сунмакмын,
Алып кой деп сүйгөнүңдүн белегин.
Кезиккенде салкын тартса кабагың,
Мен ансайын тумчуккансып барамын.
Сезимдеги жакшы учурду жандантып,
Жок дегенде таанышыңдай карагын.
Алыстап жүргөнүңдө менден узап,
Арадан өтсө дагы канча убак.
Элесиң эстен кетпей туруп алды,
Жүрөгүмө салдың эле,
Салдың эле кандай тузак?
Жаралдың бактысына, таалайына,
Табылдың кандай жандын бактысына?
Сүйдүрүп жүргөнүңдү сездиң бекен,
Элесиңди тумар кылып,
Тумар кылып жүрөгүмө.
Сезимди сооротомун, унутту деп,
А бирок, чындыгында, андай эмес.
Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы,
Жүрөгүмдө жашай берет,
Жашай берет сүйкүм элес.
Кыз деле самап жигитти,
Кыз деле салып иликти.
Кыз сыры ыйык купуя да,
Кыз сырын баары билиппи?
Сый кызып жүргөм ичимен,
Сырымды айтсам кичине.
Өмүрлөш болсом деп жүрөм,
Өзүмө жаккан кишиге.
Мен көргөн жакын-алыста,
Мээрими менен жагышка.
Түгөлдүр бардык жигиттер,
Түгөйлүү болуп алышка.
Жоодурап күткөн бакытка,
Жолуңдан дагы бир жаш чыгар.
Айткыла бирок, жигиттер,
Анчалык неге шаштыңар?
Кошулушуп эки жаш,
Жуп болуптур жар-жар.
Кубанышып эл-журту,
Кут конуптур жар-жар.
Толкуп келген мейманга,
Той баштайбыз жар-жар.
Болушунча аянбай,
Бой таштайбыз жар-жар.
Алтын ордо гүл бакча,
Калалуу бол жар-жар.
Артыңардан ээрчиген,
Балалуу бол жар-жар.
Ак элечек колго алып,
Ыргап жүргүн жар-жар.
Жакшы менен жаманды,
Ылгап жүргүн жар-жар.
Асманга учсун куш болуп,
Ак тилегиң жар-жар.
Ажырашпай бир жүрсүн,
Ак билегиң жар-жар.
Баскан жериң дайыма,
Гүлдүү болсун жар-жар.
Бүгүн курган жашооңор,
Бүрдүү болсун жар-жар.
Ырыс алды – ынтымак,
Билип жүргүн жар-жар.
Ата-энеге башыңды,
Ийип жүргүн жар-жар.
Сөзү : С.Абдыкадырованыкы
Обону : К.Эралиеваныкы
Тоо гүлүндөй жытыңан тегеренем,
Чарк айланып бала үчүн эбеленем.
Отко, сууга канаты кайрылса да,
Түтөт тура баарына эне деген.
Кайырма:
Кумарланам ансайын,
Кумарланам ансайын,
Жытынан искеп, жытынан искеп,
Садагам деп айдайым,
Садагам деп күндөйүм,
Апакең алкап.
Ак сүйүүдөн жаралган наристеби?
Аппак ууздай таптаза периштеби?
Бала деген жүрөктү толгоп турган,
Кандай ыйык ал сезим деги ичтеги?!
Кайырма:
Мен эненин бир эрке баласы элем,
Өтөт тура зуулдап өмүр деген.
Мына бүгүн мен өзүм эне болуп,
Эзилишип отурам балам менен.
Кайырма:
|