|
Кыргызбай Осмонов
Бардык видеолор: 3
Бардык аудиолор: 14
00:03:08
00:03:52
00:04:05
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Обону : Ж.Сыдыковдуку
Алтын казык жылдызым,
Жанып турчу мага дайыма.
Өмүр бою бир гана
Келдим эле сенин жаныңа.
Мөлтүр булак күлкүнү
Сенден гана назик угамын.
Ууз сүйүүм арнаган
Өзүң болбо жалгыз тумарым.
Бирге согуп кош жүрөк,
Дайым турсун катар үндөшүп.
Жоодураган көздөр
Маңдай-тескей үнсүз сүйлөшүп,
Жаркын максат ак сүйүү
Сенден гана келди агылып.
Чиркин, жаштык эркиңе,
Билбей калдым, турам багынып.
Алтын казык жылдызым,
Жанып турчу мага дайыма.
Өмүр бою бир гана
Келдим эле сенин жаныңа.
Мөлтүр булак күлкүнү
Сенден гана назик угамын.
Ууз сүйүүм арнаган
Өзүң болбо жалгыз тумарым.
Ай, бийкем,
Ах, бийкем,
Ууз сүйүүм арнаган
Өзүң болбо жалгыз тумарым.
Обону : Т.Казаковдуку
Себеленип ойлордун жумшак жамгыры,
Салкын тартып карааның менден узады.
Кетпе алыска, кетпе менин жаштыгым,
Тумчуктурба агызып шаарын ызанын.
Кайырма:
Жылт эткен жылдыздын үзүгүндөй,
Сен кайда кеткенсиң, асылкечим?
Жүрөктө толукшуп сүйүү жазы,
Сен качан келесиң, асылкечим?
Тереңдеген балбылдап сезим бермети,
Ыйык ойлор шыбырын сенден жашырат.
Күнгө умтулган биздеги жаштык өмүргө,
Аппак жаандай тилектер жаап басылар.
Кайырма:
Себеленип ойлордун жумшак жамгыры,
Салкын тартып карааның менден узады.
Кетпе алыска, кетпе менин жаштыгым,
Тумчуктурба агызып шаарын ызанын.
Кайырма:
Сөзү : Байдылда Сарногоевдики
Обону : Алтымыш Кадыровдуку
Бал болсоң бачым татайын,
Башымды сага катайын.
Махабат ташып жүрөктөн,
Бактылуу болуп жашайын.
Гүл болсоң күндө жыттайын,
Күлкүңдөн башка укпайын.
Жайды жайлап, айды айлап,
Жаныңдан алыс чыкпайын.
Сен менен өмүр бир өтсүн,
Сен мага сүйүү мүрөксүң.
Кай жерде жүрсөк бир каксын,
Кагышы эки жүрөктүн
Сөзү : Ж.Бузурманкуловдуку
Обону : Ж.Тагаевдики
Мен көлгө жалгыз келдим, байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Тагдырым татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды мен кайрып алдым.
Кумдан көп биздин күндөр, өткөн-өткөн,
Келээрмин аман болсом да бир көксөм.
Азыр мен жалгыз учкан, ак куу болуп,
Баратам бакыт издеп Памир көздөй.
Мен эзем кусалыкка сезимимди,
Жаздагы салкын желден, кабар улап.
Мен жокто сылай жүр деп саамайыңдан,
Тапшырдым Ысык-Көлдүн шамалына.
Сөзү : Х.Азиреткуловдуку
Обону : Т.Казаковдуку
Жамгыр төктү, эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароодон көз ачырбай,
Бет алдымдан шамал согуп.
Кайырма:
Күн күркүрөп, жамгыр төктү,
Ошол күндөр кайда кетти?
Жаштыгымдай же кечээги,
Кайрылбастан же кетеби?
Жамгыр төктү, эске түштү,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың, жүрөктү эзип,
Колдон учкан сен ак куудай.
Кайырма:
Жылдар учат канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эске түшөт,
Алгач сүйүүм унутулбай.
Кайырма:
Сөзү : Ж.Садыковдуку
Обону : А.Кадыровдуку
Сөзү : Кубанычбек Бакиевдики
Обону : Э.Кайымовдуку
Из калтыр бул дүйнөдө, ансыз да өмүр кыска,
Атыңды айтып урпак, иштериң болсун нуска.
Из калтыр бул дүйнөдө, жакшылык ишиң менен,
Акындар ыр жазышсын, канаттуу сезим менен.
Из калтыр бул дүйнөдө, акыйкат сөзүң менен,
Эч качан ушак айтпа, көрбөсөң көзүң менен.
Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен,
Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн.
Из калтыр бул дүйнөдө, ак эмгек кызмат менен,
Унутпай элиң жүрсүн, кетсең да бул дүйнөдөн.
Из калтыр бул дүйнөдө, атанын уулу деген,
Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен.
Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен,
Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн.
Ансыз да өмүр кыска, баары өтөт бул дүйнөдөн.
Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен.
Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн.
Сөзү : Азада Бегимкулованыкы
Обону : Ж.Кочкоровдуку
Толгонуп толкундаба, сезимдерим,
Тагдырга башымды ийген кезим менин.
Таалайсыз махабаттан өксүбөгөн,
Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин.
Буркурап боздой бербе, сезимдерим,
Базардан кайтып калган кезим менин.
Бааласын-баалабасын башка бирөө,
Баркымды билгендердин эсиндемин.
Кайгырып, капаланба, сезимдерим,
Карайлап жүдөп турган кезим менин.
Кааласын-каалабасын башка бирөө,
Кадырым билгендердин эсиндемин.
Сыйласын-сыйлабасын башка бирөө,
Ырымды билгендердин,
Сырымды билгендердин эсиндемин
Баркымды билгендердин эсиндемин.
Сөзү : Хабибилла Азиреткуловдуку
Обону : Хабибилла Азиреткуловдуку
Аттанган туулган жер үчүн,
Аттанган кутман эл үчүн.
Гүл коюп, эскер, ыйлап ал,
Уулуңар, жоокер эл үчүн
Кайырма:
Эстелик жанына келип,
Энелер ыйлабагыла.
Уулуңар тирүү биз менен
Сезимди кыйнабагыла.
Жан берип кандуу кармаштан,
Кайткан жок, кайра батыштан.
Эстелик болду эми алар,
Түбөлүк отту жагышкан.
Кайырма:
Тосушуп таңды атардан,
Узатып күндү батардан.
Түбөлүк тирүү турушат,
Уулуңар биздин катарда.
Кайырма:
|