|
Абдыманап Төрөбеков
Бардык видеолор: 0
Бардык аудиолор: 24
Канча жылдар жылып өтүп арадан
Жадыраган жаз жаңырды кайрдан
Көгүш нөшөр эске салды өзүңдү,
Кыйгач тийип тереземди сабаган.
Мезгилди эстейм пахта чабып биз жүргөн,
Сур булуттан жамгыр жашы күтүлгөн.
Башкалардын баары кетип экөөбүз
Жаанда калып кол кармашып жүгүргөн.
Кайырма:
Ызгаарына кабылганда турмуштун
Ызаландым өзүмдү-өзүм уруштум
Жылуу-жумшак мамилеңди көп эстеп
Өз ичимен азап чектим азап чектим тымызын.
Ал кулк мүнөз өктөм эле жаз кезим
Маани берип кадырыңды сезбедим
Жолдон чыккан азгырыкка жол берип
Сенде жүргөн өз бактымдан четтедим
Кайырма:
Сезимимде жашап жаркын элесиң
Ачтым бир топ бул өмүрдүн белесин
Табияттын тазарткандай жазгы жаан
Жан дүйнөмдүн жазы болуп келесиң.
Кайырма:
Микробу жок тоолордун абасы да
Чындык жашайт наристе өңү менен
Бийик мөңгү арчалар арасына
Кетесиңби сулуу кыз мени менен
Күлүк минип барабыз гүл тергени
Бубактардын күлкүсүн үйрөнгөнү.
Терең ойдун маңызын берип турат
Тоолуктардын жөнөкөй сүйлөмдөрү.
Жүрөктөрдө жаштыктын оту барда
Дал өзүнө укмуштун жолугабыз
Чыгып барып эң бийип чокуларга
Жылдыздарга зымырап бой урабыз.
Микробу жок тоолордун абасы да
Чындык жашайт наристе өңү менен
Бийик мөңгү арчалар арасына,
Кетесиңби сулуу кыз мени менен.
Турмушта идиш-аяк кагышат дейт
А, биз болсо тирүү адам эмеспизби
Таарыныша кетебиз кээде экөөбүз,
Ала албай керектүүнү, керексизди
Чын эмеспи...
Билемин жакшы аялсың мээрими бар
Сүйгөндү сүйө билген сыйлай билген
Сендеги улуулукту, жылуулукту
Бир да адам бере албас айдан-күндөн.
Чын эмеспи...
Билип алгын жалгыз гана айыбыңды
Болбогон нерселерге көктүгүң бар
Сүйгөнсүп бүткүл аял заты мени
Күдүрөйт жүрөгүңдө кызгануулар
Чын эмеспи...
Ошондо мээримиңди ачуу жини
Сезимтал көңүлүңдө ызаа жанат
Булуугууң таркаганда кайра эле
Баладай эркелейсиң мунуң жагат.
Чын эмеспи...
Бак аралап баратсам алды жактан,
Көрүндүң да боюңду не түзөдүң.
Көркүң менен көп жылдар чарчоо баскан
Жүгүн алып ыргыттың сен жүрөктүн
Ошондогу келбетиң кер маралдай
Ашык болуп арманда мен жүрөмүн.
Билсем деле жаш жактан айырманы
Сезим, эрким өзүмө баш ийбеди
Тоо артынан чыга келген айдай болуп
Көрүнүшүң көңүлүмдү бүт бийледи
Кантеп эми кайран жаш кыртан ашып
Кыйналганым жароокер же билсечи
Гүлү болсоң сүйүүнүн жаңы ачылган,
Бапестейин багбанын болуп гана
Суусу болсоң булактын мөлтүрөгөн
Дайра болуп агайын кошул мага.
Эч ким билбес жүрөктө оргуштаган
Ырдалайын сүйүү ыры болуп сага.
Кантеп эми кайран жаш кыртан ашып
Кыйналганым жароокер же билсечи
Жарашыктуу сүйлөгөнү, күлгөнү,
Өзүңчө шар көчө бойлоп жүргөнү.
Наазик гана сүйлөгөндө жылмайып,
Унуттурган теребелди күйнөнү
Ушул пери кер маралдай келбети
Таалайы зор кай жигиттин эркеси.
Сулуу жалгыз арзып аны тандаган,
Ал бактылуу жигит кайда жандаган.
Башы боштур таба электир өз теңин
Түбөлүккө тагдыр жолун арнаган
Ушул пери кер маралдай келбети
Таалайы зор кай жигиттин эркеси.
Ким болду экен талаайы зор ал улан,
Түнөк тапкан мындай пери жаныман
Ким болду экен сүймөнчүгү тагдырдын
Көп жигиттер кызыр тандап баарынан.
Ушул пери кер маралдай келбети
Таалайы зор кай жигиттин эркеси.
Мен болсомчу ушул кыздын эркеси.
Кайдан тиктей койдум экен сен жакты,
Капысынан катуу дартка чалдыктым.
Белгисиз бир нур тийгенсип ошондо,
Билинбестен бейтап болуп калыпмын.
Кайырма:
Күнү-түнү жалгыз сенсиң оюмда,
Көз алдымдан кетпей койду элесиң.
Бирде мага ак куу болуп көрүнүп,
Бирде мага обон болуп келесиң.
Ишке барсам турасың сен жылмайып,
Жолго чыксам тээ алыстан күлөсүң
Тамак ичсем табагымдан көрүнүп,
Уктаганда түшкө кирип жүрөсүң.
Кайырма:
Эл ичинен издесем да тынымсыз,
Эч бир жерден көрүнбөдү караның
Мейли жашын, мейли мени сынай бер.
Мен өзүңдү издеп жүрүп табамын.
Кайырма:
Бүркөлүп кайра ачылып алмашылган,
Жайлоонун гүлүнө сен окшош элең.
Мөлтүрөп таза, тунук агып жаткан.
Сен анда тоонун күмүш булагы элең
Кайырма:
Токто деп кыйкырууга түгөндү үнүм
Таарынып терс бурулуп кеттиң басып
Чегинде үмүт менен түңүлүнүп,
Чачылып жыйнала албай турдум катып.
Жок жерден күлкү таап, күлчү белең,
Жарк этип чагылгандай өттү ал кез.
Мөндүргө айландыго күн себелеп
Ак гүлдөр сагынычка саргайды тең
Кайырма:
Токто деп кыйкырууга түгөндү үнүм
Таарындың, терс бурулуп кеттиң басып
Чегинде үмүт менен түңүлүнүп,
Чачылып жыйнала албай турдум катып.
Сырын катып ичиңен тумжурайсың,
Сынап мени дайыма унчукпайсың.
Санаа тарткан жүрөктү жабыркатып,
Табышмактай, зааркантат ушундайың
Көтөрүлгөн шамалга жалбырактай,
Таарынычың көңүлдү чаркка айлантат.
Айтпасаң да көзүңдөн көрүп турам,
Сезимдерди сендеги мен аркалап.
Көңүлүмдү сыздаттып оорутпачы,
Суусуз чөлдөй суусатып соолутпачы.
Ырыспайдын ырындай издеттирип,
Муңга толгон кайрыкка торутпачы.
"Армансыз жашоо болбойт бул жалганда",
Деп айткан сөзүн эстейм акылмандын.
Оо, кайран жаштык күндөр өтүп жатат,
Кантейин жете албадым, армандамын.
Кайырма:
Оо, жаштык күн кайда,
Биз өткөргөн түн кайда?
Махабатка кумар канбай,
Биз сунушкан гүл кайда?
Тоо жаңырта обон созгон,
Мага тааныш үн кайда?
Кайда-кайда, гүл кайда?
Мага тааныш үн кайда?
Тоо жаңырта обон созгон,
Мага тааныш үн кайда?
Күйдүрүп күндөн-күндө ачыласың,
Жомоктогу пери сымал азгырасың.
Өзүңсүз кайра күндөр өтүп жатат,
А мен арман дайрасында агыламын.
Кайырма:
Жүрчү, жаным, кетеличи тээ алыска,
Колду шилтеп, ушак сөз, кур намыска.
Бактылуу күндөр, балким, алдыдадыр,
Жетеличи бизди күткөн чоң бакытка.
Кайырма:
Ошол күнү кош айтыштык унчукпай.
Алыстадың караныңды көрсөтпөй.
Толуп-ташып кала бердим ага албай,
Из калтырып соолуп калган өзөндөй
Көрбөй калсам сагынам деп жазганың
Жалган беле сүйөм деген каттарың
Гүл өмүрдү ойрон кылып кеттиңго
Көлгө айланды көздөн аккан жаштарым
Өмүрүмдүн сенсиз аккан дайрасы,
Элестетет соолуп калган булакты.
Ойлобопмун муң зар менен күтөм деп,
Эстен кетпес жаштык-жалын куракты.
Жан дүйнөмдү козгоп жүргөн сөздөрүң,
Билбептирмин баары жалган экенин.
Кайгы муңду тартуу кылып өзүмө,
Билбей калдым кимди ээрчип кеткениң
Теңдеши жок асылзатым, асылзатым апакем,
Арзыбаган ырым сага, ырым сага арнайм мен.
Жалгызым деп бүт өмүрүң, бүт өмүрүн арнаган,
Эмгегиңди кантип кайдан, кантип кайдан актайм мен?
Кайырма:
Кербен жылдар чексиздикке сорулду,
Кайран жашың карылыкка торулду.
Аттиң, арман, колдон келсе гана эле.
Көрсөтмөкмүн жаштыгыңа кайтып барчу жолуңду
Тартсаң дагы улуу өчүн, улуу өчүн азаптын
Кабагым же кашым дебей, кашым дебей өстүрдүң.
Миң мертебе ыраазылык, ыраазылык билдирип,
Жараткандан тилейм сенин, тилейм сенин өмүрүң
Кайырма:
Жолум карап жүрсөң керек, жүрсөң керек дагы эле,
Амандыгым тилеп беш маал, тилеп беш маал Кудайдан
Барам бир күн небереңди, небереңди жетелеп,
Таарынбай тур, апа, сенден, апа, сенден суранам.
Кайырма:
Кирип барсам класска сен олтурган,
Чээнде менин орунум боло турган.
Окшоп кетти ошол күн сенсиз гана,
Өткөн өмүр бекерге коротулган.
Оо, алтыным, өзүңдү сүйүптүрмүн,
Сүймөк турсун кызганып жүрүптүрмүн.
Суз өңдөнүп мамилең мага гана,
Башкаларга жаркылдап күйүктүрдүң.
Оо, алтыным, эсен-соо жүрөсүңбү?
Өткөндөрдү көңүлгө түйөсүңбү?
Жалбырактын алдына катсам жамгыр,
Эстейм жууп салганын сүрөтүңдү.
Сүйөм десем капыстан жолдон эле,
Ыйлап ийдиң озондоп ошондо неге?
Бул окуя, бул иштер көп жыл мурун,
5-"б" класста болгон эле.
Обону : Абдыманап Төрөбековдуку
Саратан күчөп турганда,
Жамгырды чөптөр күтүшөт.
Жаз келип сайран курганда,
Ак кууну көлдөр күтүшөт.
Кайырма:
Э-эй, наздана күлүп сүйлөгөн,
Жаныңдан акең садага.
Күтүүсүз келген бакыттай,
Бир келип кетчи Ош жакка.
Суу болуп алыс аксам деп,
Мөңгүлөр күндү күтүшөт.
Ааламга жарык чачсам деп,
Жылдыздар түндү күтүшөт.
Кайырма:
Азапка батты жүрөгүм,
Жолугар жомок күндү эңсеп.
Зарыгып күтүп жүрөмүн,
Сүйгөнүм, сендей гүлдү эңсеп.
Кайырма:
Э-эй, наздана күлүп сүйлөгөн,
Жаныңдан өзүм садага.
Күтүүсүз келген бакыттай,
Бир келип кетчи Ош жакка.
|