|
Чыңгыз Турдубеков
Бардык видеолор: 10
Бардык аудиолор: 33
00:03:55
00:02:40
00:03:27
00:03:29
00:03:42
00:03:44
00:03:12
Сөзү : Чыңгыз Турдубекова
Обону : Чыңгыз Турдубеков
Сөзү : Чыңгыз Турдубеков
Обону : Чыңгыз Турдубеков
Жараткан пенде үчүн,
Орозо айын берген.
Ыйык ай бул биз үчүн,
Бир жылда бир келген.
Тилеген тилектер,
Кабыл болсун жараткан.
Кайырма
Рамазан рамазан,
Маарек болсун рамазан.
Орозо майрамы
Кабыл болсун бир тууган.
2. Аруулук тартуулаган,
Жүрөктөрдү тазарткан.
Береке ырыс берген,
Касиеттүү рамазан.
Элимде жеримде,
Тынчтык болсун Жараткан
Кайырма
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Сөзү : Салта Жумакадыр
Обону : Чыңгыз Турдубеков
Сөзү : Туяк акын Эрназар уулунуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Угуп койбой атасын.
Уулу кетет Урумга.
Кызмат кылбай энеге
Кызы кетет Кырымга.
Кыянат кылган кишинин
Кыңыр иши бат болот.
Мээнет кылбай пул табып
Миңгени темир ат болот.
Оомал төкмөл заманда
Окуганы кат болот.
Береке турбайт үйүндө
Бир туугандар жат болот.
Жокчулук келип жылоолоп
Зыгыра наны кант болот.
Алдаган киши көбөйүп
Айткан бир сөзү ант болот.
Аялы укпай сөзүнү
Бетине кара так болот.
Ыймандан чыгып каары-жаш
Ыдырап кеткен чак болот.
Акыр заман болоордо
Көзү ачыктар көп чыгат.
Көп жерлерди күйгүзүп
Жерден жайнап өрт чыгат.
Адамдардын ичинен
Асылдары аз чыгат.
Желмогуздар көбөйүп
Жер астынан газ чыгат.
Күйөөгө чыкпай кыздары
Үйүндө төрөп олтурат.
Бойго жеткен балдары
Болбогон ишти болтурат.
Кан төгүлөт жөндөн жөн
Күндө айылда чуу болуп.
Ичкичтер өтө көбөйүп
Арак агат суу болуп.
Жата калып ичишет
Жакпаса да уу болуп.
Атасынан баласы
Өтүп турат куу болуп.
Акыр заман болоордо
Темирди жиптей өрөсүң.
Отуруп алып очойуп
Ааламды үйдө көрөсүң.
Жамандар менен бир басып
Жакалашып жүрөсүң.
Кой-ай деген кожоң жок
Өзүңө өзүң төрөсүң.
Арам-ариш нерсени
Арамдыгын сезбейсиң.
Уят-сыйыт жоголуп
Катып калган бездейсиң.
Базарга кетет аялың
Кайсы жерден издейсиң.
Кайда бардың катын деп
Калп эле аны тилдейсиң.
Катынды үйдө сакташтын
Жол-жобосун билбейсиң.
Айтып турса аалымдар
Айтылган сөзгө кирбейсиң.
Акыр заман болоордо
Эркектен кубат, күч калат.
Очойуп үйдө олтурат
Катындар чыгып иш кылат.
Береке пайиз жоголуп
Бемаза жолго туш кылат.
Кара далы кыздарың
Көчөдө кетип бараткан
Жигитти көрсө ышкырат.
Билмексен болуп калп эле
Бир динди бекем тутпайсың.
Билип алдым көптү деп
Бириңди бириң укпайсың.
Ынтымагың ыдырап
Ыгын тапсаң муштайсың.
Өзүңдү ойлоп өзгөнү
Балекетке туштайсың.
Акыр заман болоордо
Шарыят билбейт жакының.
Сойкоңдоп барып ар жерде
Сойкулук кылат катының.
Оруска кетет ой берип
Табам деп үйдүн татымын.
Арам тамак жеп-ичип
Ажырайт эстен акылың.
Жанталашып бийликке
Жалганды чындай сүйлөйсүң.
Акылы аздар деп коюп
Аалымдар менен жүрбөйсүң.
Кембагал өлсө капилет
Жаназа окуп кирбейсиң.
Өлүктү жууп кепинди
Өлсөң да аны билбейсиң.
Акыр заман болоордо
Тараза таштан алдашат.
Арамдан таап жегенде
Айыкпас илдет жармашат.
Болбогон ишке чырдашып
Бирини бири каргашат.
Кусурга калып акыры
Караңгы көргө жайлашат.
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Сөзү : Азада Бегимкулованыкы
Обону : Арзыбек Бедияров
Жан дүйнөмө жагып турду жамалың,
Жалын чачып неге мынча карадың?
Жандап баспай, жалгыз кеттим, садагам,
Жаш экенсиң, жаштыгыңды аядым.
Имерилип неге мынча карадың?
Ийик сымал ийрип жибин санаанын.
Ишеничиң сынбасын деп, садагам,
Ийнеликтей назиктигиң аядым.
Оозун ачпай ооруп бүткөн санаанын,
Ойлорумду жүрөгүмө камадым.
Таарынбагын таттуу сөзүм укпасаң,
Тамчы суудай тазалыгың аядым.
Жаш экенсиң, жаштыгыңды аядым.
Сөзү : Марстыкы
Обону : Марстыкы
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Өрмө чачтары,
Керме каштары,
Чырайлуу кыргыз кыздары.
Наздуу көрүнөт, нуру төгүлөт,
Ийилип кымыз куйганы.
Туусу силерде,
Салты силерде,
Кыргыздын сыры, баяны.
Берип милдетти,
Курчап силерди,
Энелик асыл ыйманы.
Кайырма:
Ак куудай,
Сулуусуңар силер жаркырай,
Оттой кыргыз кызы жалындай,
Ай чырай.
Назик чырайы,
Гүлдөй жамалы.
Мөлтүрөп тунук кыялы,
Жаркын маанайы,
Шаттуу жайдары,
Кыргыздын асыл тумары
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Окуу күнү башталганда жаңыдан,
Кармап барып ата-энемдин колунан.
Ал күндөрүм айтып бүтпөс керемет,
Албырып мен мектебимди аттаган.
Кайырма:
Биз ал кезде окуучу,
Бир партада отурчу,
Аттиң ошол алтын жолдору.
Биз ал кезде окуучу,
Бир мектепте окучу,
Эстегенде жүрөк толкуду.
Он бир жылда бир окуган классташым,
Ошол мектеп, эжейлерим, агайым. Баарыңарды эстегенде сагынам,
Бактылуулук бала күндөр таңшыган.
Кайырма:
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Кайырма:
Өзүң болсоң дагы жанымда,
Өзүң жок болсоң да жанымда.
Күйүт күчөй берип арзуумда,
Сүйүүдөн жүдөдүм.
Тынчтанбай жүрөгүм,
Оорутуп көңүлүм
Же башка дүйнөдө,
Кайсы жерде жүрөмүн, жүдөдүм.
Дүр болуп дүнүйөм,
Качан кутулам күйүттөн?
Кайырма:
Кол сунсам бактыма,
Үйүлүп дартым да
Ишенбей тагдырга,
Түшүнө албай келемин кайгыма.
Дүр болуп дүнүйөм,
Качан кутулам күйүттөн?
Кайырма:
Сөзү : Сонунбүбү Жусубалиеваныкы
Обону : Калмурат Рыскуловдуку
Опаасыз өткөн күндөр бир өзүңдө,
Оболоп күүгө келип көмөкөйүм.
Оролуп ойлорумдун тирөөчүнө,
Ойготтуң сезимимди, жөнөкөйүм.
Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм,
Ойготтуң сезимимди, жөнөкөйүм.
Жүрөгүм бүлүктөнбөй бейкуттанып,
Жүргөндө махабаттан ыраакталып.
Жолугуп мен өзүңө калдым капыс,
Кылгырган көздөрүңө кынапталып.
Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм,
Кылгырган көздөрүңө кынапталып.
Баам салып алдыртадан бир өзүңө,
Баа бердим жөнөкөйлүк мүнөзүңө.
Таптым деп кыялдагы адамымды,
Таалайдын гүлү өңдүү жүрөгүмө.
Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм,
Таалайдын гүлү өңдүү жүрөгүмө.
Сөзү : Нурак Абдырахмановдуку
Обону : Нурак Абдырахмановдуку
Сөзү : Ч.Турдубековдуку
Обону : Ч.Турдубековдуку
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Билинбей күндөр узап,
Сагынычым үмүт менен жол карап.
Жалындап күйүп-жанат,
Көңүлдөгү жандырмаксыз табышмак.
Кайырма:
Кезигүүнүн издеп келем айласын,
Ойлор курчайт таппачудай пайдасын.
Супсак сымал күңүрт алып айлана,
Жалгызсырап буулугамын, кайдасың?
Тамчылайм ак жамгырдай,
Шаркыраймын көл издеген агындай.
Асманда жалгыз куштай,
Теңселемин шамал соккон булуттай.
Кайырма
Ар ким айтат сүйгөнүн,
Акылына түйгөнүн.
Ашык бир болуп жете албай,
Арасат күндө жүргөнмүн.
Мен дагы айтып берейин,
Ашыктыктан бир сабак.
Дак салдың ууз жүрөккө да дарт, из,
Гүзал, ак тамак.
Күрдөлүү жаштын иши экен,
Күсөдүм сүйүү чарбагын.
Аманат жанга белек деп мен,
Ашыктык гүлүн кармадым.
Ана ошол гүлдү беришке
Мен Гүзалды издеп барганмын,
Булактан көрүп чак түштө,
Мен булбулдай абаз салганмын.
Көрдүм далай урууну,
Кечтим дайра - улууну.
Издеп бир келдим, Гүзал кыз,
Ышкыдар сендей сулууну.
Тааныбайсың сен мени,
Тарпи кылат эл сени.
Таанышалың ушул жерден,
Тартиптүү, Гүзал, кел бери.
Кыйланы көрдүм кыдырып,
Кара-Суу менен Чарбактан.
Каш-кирпигиң төгүлүп,
Карасаң кумар таркаткан.
Көкүрөккө өрт коюп,
Көк-жылдызын саматкан.
Жана да көптү көрмөкмүн мен,
Жаралган болсом канатчан.
Кал, калыңдан калыңдан,
Кайкалап бүткөн далыңдан.
Безеленген белиңден, ай,
Беш талдап өргөн чачыңдан.
Чачың көлдүн камышы,
Өзүңүздү сурасам, ай,
Эмгектүү элдин калысы.
Сураганым себеби,
Сүйбөй бир киши келеби?
Сыпайынын жайында, ай,
Билбей бир киши келеби?
Зыяда болсоң, кулак сал, ай,
Зарымды угуп гүлүмдү ал.
Керек болсо, Гүзал кыз, сен,
Көрө турган күнүмдү ал.
Караңгыда жол бассаң,
Чырагың болуп жүрөйүн.
Күнүгө келип суу алган,
Булагың болуп жүрөйүн.
Кайда барсаң жаныңда мен,
Ынагың болуп жүрөйүн.
Жашырбастан ачык айт,
Эмне болсо оюңда,
Жүрөгүнөн илинген, ай,
Туткунуң менмин торуңда.
Кыйнасаң да өзүң бил,
Сыйласаң да өзүң бил, эй,
Тагдырым сенин колуңда
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Сөзү : Улукбек Сарбагышовдуку
Обону : Чыӊгыз Турдубековдуку
Суздайсың өчүп жалының,
Көш көңүл карап ашыгым.
Шамалга желпип сөзүмдү,
Сезбестей сезим асылым.
Кайырма:
Сүйүү жок дебечи, жаным
Жүзүңө тамып көз жашың
Өзөктү өрттөп күйгүзөт
Жаным сенсиз каларым.
Сен дедим жазбай карагын
Өзүңдө жүрөк ачкычын.
Себепсиз эмес бул күндөр,
Түбү бар ишен алтыным.
Кайырма:
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Аппак карды жамынып,
Алтын аяз тагынып,
Жаңы жыл да кирип келди жаңырып.
Ак тилектер баарысын,
Ийгиликтер курчасын,
Жакшы ойлор, максаттар аткарылсын.
Бактылуулук шаңы дайым жаңырсын.
Кайырма:
Ар бир жанга өмүр, бакыт берсин,
Кирип келген жаңы жыл.
Элибизге тынчтык алып келсин,
Куттуу болсун ушул жыл.
Ар бир үйгө ырыс, бейкут келсин,
Шаңга бөлөп жаңы жыл.
Жакшылыктын баарын арнап кетсин,
Узап жаткан эски жыл.
Кубанычтын жыргалы,
Ушул күндө убайы,
Баарыбызда болбосун эч муң-кайгы.
Жылдын ар бир убагы,
Бул өмүрдүн булагы,
Маани берип өткөрөлү жылдарды.
Амандыкты, жакшылыкты сурайлы.
Кайырма:
|