|
Ильгиз Абдалиев
Бардык видеолор: 7
Бардык аудиолор: 34
00:03:43
00:03:15
00:03:37
00:03:18
00:03:18
00:03:46
00:03:50
Сөзү : Максат Жангазиевдики
Обону : Март Бабаяндыкы
Сөзү : Абай Базаркуловдуку
Обону : Женгиз Мырзакуловдуку
Сөзү : Аян Сейитовдуку
Обону : Куаныш Курманбаевдики
Сөзү : Нуржан Бибазаровдуку
Обону : Нуржан Бибазаровдуку
Сөзү : Шахназар Бөрүкуловдуку
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сөзү : Исмаил Мамытовдуку
Обону : Эрнар Айдар
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Өмүр Аваныкы
Сөзү : Максат Жангазиевдики
Обону : Нурлан Насиптики
Сөзү : Ибрагим Жунусовдуку
Обону : Ибрагим Жунусовдуку
Жылдыз болуп күнүгө,
Жарык чачат үйүмө.
Сен бар үчүн дүйнөдө,
Үйүм толо күлкүгө.
Кайырма:
Балам, балам, жан балам,
Ананайын садагам.
Элим аман болсун деп,
Атыңды койдум Эламан.
Аман, аман, Эламан,
Гүл белемсиң, садагам?
Жыттап, жыттап тойбоймун,
Ананайын жытыңдан.
Балдан ширин сөздөрүң,
Бүлбүл жанган көздөрүң.
Шириним, ай, шириним,
Узун болсун өмүрүң.
Ата-энеңдин бактына,
Эр жетилгин, садага.
Талыбастан канатың,
Пайдаң тийсин журтуңа.
Кайырма:
Жыл тосуп, жыл узатып,
Чыккан күн кайра батып,
Убакыт - зымырык куш,
Негедир барат шашып.
Мынакей Жаңы жыл да,
Мээримин төгүп келди.
Тазартып көңүлдөрдү,
Агартып тоону, жерди.
Кайырма:
Сезимдин жарык таңы,
Жыл жаңы, көңүл жаңы.
Жүрөктү толкундаткан,
Жаңы жыл келди дагы.
Бакыттын жылы болуп,
Ачылсын элдин багы.
Апак, ууз сүйүү берсин,
Мага да, сага дагы.
Береке бейпилчилик,
Кубаныч, күлкү менен.
Элиме ырыскы бер,
Койнуңду ачып кенен.
Жарык чачкан Жаңы жыл,
Сага арнап ырдайбыз ыр.
Жакшы тилек, жакшы үмүт
Ала келгин Жаңы жыл.
Кайырма:
Күндөй нуруң күлүмдөгөн
Гүлдөй сулуу келбетиңден.
Сенин оттуу жамалың да,
Суктандырып күлкүң менен.
Сулуу жүздүү алтыным,
Жаным менин, асылым.
Жүрөгүмө кондурдум,
Жаркылдаган жаркыным.
Кайырма:
Гүлдөй, гүлдөй
Жаным гүлдөйсүң,
Жүрөгүмө жакын жүргөнсүң.
Сенсиз мага өмүр жоктугун,
Жаным өзүң билгенсиң.
Акылын шай көркүң менен,
Эч кандай кем келтирбеген.
Экөөбүз бир жүргөн кезде,
Сыр калчу эмес чертилбеген.
Сулуу жүздүү алтыным,
Жаным менин, асылым.
Жүрөгүмө кондурдум,
Жаркылдаган жаркыным.
Кайырма:
Көркөм сулуу келбетиңде,
Сендей жан жок жер бетинде.
Бизге карап тамшанчу эле,
Кош ак куу да, көл бетинде.
Сулуу жүздүү алтыным,
Жаным менин, асылым.
Жүрөгүмө кондурдум,
Жаркылдаган жаркыным.
Сөзү : Ильгиз Абдалиевдики
Обону : Аваз Акимовдуку
Жактырдым сени жан дил менен,
Жаныңдан кетким келбейт менин.
Асылым, ай, бул жашоодо,
Бактылуумун өзүң менен.
Кайырма:
Кармашкан колдорубуз үзүлбөй,
Ээрчишип бирге жүрөлү бир бүтүндөй.
Aсылым, түбөлүккө ар дайым,
Сүйүбүз гүлдөп турсун дайым күбүлбөй.
Турмуштун татып таттуу балын,
Сага арнаймын, жаным, баарын.
Өзүңдү кыйбай башкага,
Өзгөдөн сени кызганамын.
Кайырма:
Сөзү : И.Абдалиевдики
Обону : И.Абдалиевдики
Калдың мага көрүнүп,
Маңдайыңа чачың төгүлүп,
Топ гүлдөрдөн турдуң бөлүнүп.
Көңүл түштү өзүңө,
Кадалдым мен кара көзүңө,
Сен жашайсың эми жүрөктө.
Кайырма:
Гүлдөй назик кулпунган,
Махабатка мас кылган,
Таппастырмын сендей башкадан.
Суктандырат келбетиң,
Сулуу жүздүү берметим,
Сүйкүмдүүсүң, жаным, секетим.
Сүйүү балы сен белең,
Бакытымсың жүрөк эңсеген,
Ай ааламдан күткөн арзуум сен.
Күнүм белең жалжалым,
Гүлүм сени жаным тандадым,
Жан дүйнөмдүн баарын арнайм мен.
Кайырма:
Жыл тосуп, жыл узатып,
Чыккан күн кайра батып,
Убакыт - зымырык куш,
Негедир барат шашып.
Мынакей Жаңы жыл да,
Мээримин төгүп келди.
Тазартып көңүлдөрдү,
Агартып тоону, жерди.
Кайырма:
Сезимдин жарык таңы,
Жыл жаңы, көңүл жаңы.
Жүрөктү толкундаткан,
Жаңы жыл келди дагы.
Бакыттын жылы болуп,
Ачылсын элдин багы.
Апак, ууз сүйүү берсин,
Мага да, сага дагы.
Береке бейпилчилик,
Кубаныч, күлкү менен.
Элиме ырыскы бер,
Койнуңду ачып кенен.
Жарык чачкан Жаңы жыл,
Сага арнап ырдайбыз ыр.
Жакшы тилек, жакшы үмүт
Ала келгин Жаңы жыл.
Кайырма:
Сөзү : И.Абдалиевдики
Обону : И.Абдалиевдики
Көз алдымдан дайым кетпейсиң,
Гүл көктөмүм болуп көктөйсүң.
Кездешүүгө чакырсам сени,
Неге, жаным, мага жок дейсиң?
Кайырма:
Жок, жок, жок дебе мага,
Мен сени издеп табам.
Терезеңдин алдында,
Түнү бою үн салам.
Көчөлөрдү чурулдатып,
Телефонду чырылдатып,
Тынчтык бербей коёмун сага.
Мен өзүңдү сагына берем,
Бакытымсың жүрөк эңсеген.
Ойлонуп көр, жаным, өткөндөй,
Бүгүн кечке дагы да келем.
Кайырма:
Сөзү : Э. Ибраевдики
Обону : А. Керимбаевдики
Кайда менин, кайдасың, көгүчкөнүм?
Түштө көрүп, өңүмдө көрүшпөдүк.
Көлдө сүзүп жүргөн бир ак куу болбо?
Көп издедим өзгөчө, көп издедим.
Кайда менин, кайдасың, карлыгачым?
Үмүт отун сезимге жандырасың.
Жымыңдаган көктөгү жылдыз болуп,
Качан келип эңсөөмдү кандырасың?
Каркыралар кайдадыр шашып барат,
Кыркар тарткан тоолорду ашып барат.
Ошолордун тобунда өзүң болбой,
Сагынычым жүрөктөн ташып барат.
Жүрөк сезет аз калды табарыма,
Жакындаштык жолугуу абалына.
Бизди бир күч жетелеп бара жатат,
Махабаттын жашыл жээк аралына.
|