|
Жайнагүл Калчаева
Бардык видеолор: 3
Бардык аудиолор: 17
00:03:31
00:03:51
00:03:02
Ниетимди өзгөртүп өзүң үчүн,
Булут болуп, берейин жалгыз өзүм.
Окшоштукту мен сага таппай келем,
Канча айланып, кыдырып дүйнө жүзүн.
Куса болуп ой келет түркүн мага,
Күлмүңдөгөн көздөрүң күлмүң гана.
Күйүттүү бир илдетке чалдыгыпмын,
Күлүп коюп, сүйүп коюп сен менен бир күн гана.
Күлүп коюп, сүйүп коюп сен менен бир түн гана.
Эх мынчалык, билбепмин сүйөрүмдү,
Элесиңди туу кылып жүрөрүмдү.
Алсыратып, алыстан сызып келем,
Айлап, жылдап бир ооруу жүрөгүмдү.
Күлүп коюп, сүйүп коюп сен менен бир күн гана.
Күлүп коюп, сүйүп коюп сен менен бир түн гана.
Сөзү : Ашым Жакыпбековдуку
Обону : Мукан Рыскулбековдуку
Өзүңдү көп ичинен издеп жүрөм,
Өзүңө көңүлүмдү түздөп жүрөм.
Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп,
Өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм.
Сыртыңдан көзүм түшүп суктанамын,
Сөз кылса кыздар сени кызганамын.
Айылыма келер бекен бастырып деп,
Азаптуу айлуу түндө уктабадым.
Сен менен колтукташып көл бойлосом,
Ак чабак, балык болуп көлдө ойносом.
Асылып чарчасаң да моюнуңа,
Кумарым канмайынча жөн койбосом.
Көзүңдөн айланайын күлүңдөгөн,
Энеңдин тийип турган күнү менен.
Ар дайым кубанчыңда, таалайыңда,
Дүйнөдө сени менен болсун энең.
Алдыңа курман сагылайын,
Таарынтып албайын мен, жаңылайын.
Көрбөсөм, кайра-кайра өппөй калсам,
Эрмегим кармап кетет сагынайын.
Күлкүңдөн, жооругуңдан эркетайым,
Периштем бешенеме тийген айым.
Уядан канат күүлөп учканыңча,
Жаныңда энең-атаң болсун дайым.
Күчүгүм кебетеңден кагылайын,
Баласак болсом кантип жаңыртпайын.
Күн тийип, куштар сайрап сен кубанып,
Бактыңа элде тынчтык болсун дайым.
Жыпар жыт мончок жыттанган,
Каректен шоола нур тамган.
Жылаажын күлкүң шыңгырап,
Жылдызым сага суктанган.
Жаркыным кайда жоголдуң,
Жан дүйнөм эми бүт арман.
Бардым ат минип камчылап,
Агылды жылдар мынча бат?
Ырдалып барат өмүрдү,
Ансайын жүрөк муңканат.
Тагдырың болбой мен үчүн,
Алыстап күйгөн шам чырак.
Махабат бүрдөп жакындан,
Жүрсөңчү жайнап жанымда,
Жаштыктын кечир катасын,
Кайрымдуу болгун карыган,
Өмүргө бирге жуурулуп,
Өрттөнсүн кайра кабырга.
Сөзү : Ө. Кулумбаевдики
Обону : Ш. Кемелгазиваныкы
Гүлдөрдүн терип түркүнүн,
Күлкүнү күлдүк бир ширин,
Кагылып бара жаткансыйт,
Ирмеген сайын кирпигиң.
Сүйөмүн, жаным, дегенсиң, ай,
Суу бойлоп жүрсөк, сүйкүмүм.
Аралап арча-шиберди,
Алганбыз колго сиренди,
Калбады беле ошондо,
Канталап ооздун бир эрди.
Отурдук кайың түбүндө, ай,
Оорго окшош өскөн гүл өңдүү.
Кайкашып жерге учтары,
Арчага арча ыктады.
Жанаша өскөн арчадай,
Жалдырап турдук биз дагы.
Жайлоонун калды таңында, ай,
Жаштыктын жалгыз ууртамы.
|