|
STYLE MIX тобу
Бардык видеолор: 4
Бардык аудиолор: 16
00:03:10
00:04:22
00:03:20
00:03:04
Сөзү : Илима Дуйшеналиева
Обону : Илима Дуйшеналиева
Сөзү : Кубат Тукешовдуку
Обону : Адилет Эркинбекова уулу, Роландыкы
Сөзү : Жолболду Алыбаевдики
Обону : Жолболду Алыбаевдики
"Чолпонум" деп ат коюп
Чоң казалды баштадым.
Аялзаттан сенчелик
Ашкан сулуу таппадым.
Күлкүң кетпей оюмдан
Күндүз сенсиз баспадым.
Түшкө кирип азгырып
Түнү сенсиз жатпадым.
Сугум артып башкага
Сүйүү отун жакпадым.
Түнү күндөй, күнү айдай
Түңүлбөдүм, батпадым.
Бир өзүң жок түнөргөн
Булут болду асманым.
Бийлиги өтпөй жүрөккө да
Бир өзүңдөн башканын.
Бирибиз тоо, бирибиз түз болдук го, Чолпонум.
Бирибиз жаз, бирибиз күз болдук го, Чолпонум.
Бирибиз жай, бирибиз кыш болдук го, Чолпонум.
Бирибиз чөл, бирибиз сыз болдук го, Чолпонум.
Бирибиз кант, бирибиз туз болдук го, Чолпонум.
Бир бутакка коно албай, Бир уяда боло албай.
Күкүк менен зейнептей
Куш болдук го, Чолпонум.
Куурап калган тардырга
Биз туш болдук го, Чолпонум.
Каныкейдей кадырлап
Барктап өтөм дечү элең.
Алтын чынар теректей
Шактап өтөм дечү элең.
Айчүрөктөй актыгың
Сактап өтөм дечү элең.
Жаралансаң ок тийип,
Аттап өтөм дечү элең.
Алыс кетсең
Санаага түшүп жүрөм дечү элең.
Кенжесиндей Төштүктүн
Күтүп жүрөм дечү элең.
Күмөн ойду көңүлгө Жармаштырбайм дечү элең.
Күмүшүндөй Жаныштын да Алмаштырбайм дечү элең.
Жолугушчу ар качан жерден күтөм, Чолпонум,
Бетегеси буралган белден күтөм, Чолпонум.
Жаздын күнү жолукчу жайдан күтөм, Чолпонум,
Агын суусу шар аккан сайдан күтөм, Чолпонум.
Күздүн күнү жолукчу түздөн күтөм, Чолпонум,
Кыштын күнү жолукчу, үйдөн күтөм, Чолпонум.
Баягыдай дагы эле жолдон күтөм, Чолпонум,
Батыш, чыгыш, оң бетинде, солдон күтөм, Чолпонум.
Күтүп жүрөм, Чолпонум,
Күтө берем, ий, Чолпонум.
Бакытым менин, жыргалы өмүрдүн,
Балына батып гүлдөрү көңүлдүн.
Баркына жете албай тез эле алыстап,
Балбылдап жанган чырагым өчүрдүң.
Кайырма:
Тебелеп сезимимди,
Теңсинбей кетериңди билбептирмин.
Булактай сезимимди кирдеттиңби?
Арнаган сезимимди,
Ашыгым, анда дагы билбедиңби?
Убакыт жылбай, унутпайм көзүңдү,
Убара кылбай, аячы сезимди.
Алмашкыс байлыгым жашоодо сен элең,
Уурдатып алдым уңгусун сөзүңдүн.
Кайырма:
Мен эми башка өкүнүп ыйлабайм,
Төгүлгөн жашка жүрөктү кыйнабайм.
Тебелеп сезимимди,
Теңсинбей кетериңди билбептирмин.
Булактай сезимимди кирдеттиңби?
Арнаган сезимимди,
Ашыгым, анда дагы билбедиңби?
Бакыттын кушун алыс коё бердим эми,
Тагдыр мени бактылуусуң деп белгиледи.
Ачык асманга сени жетелегим келет,
Кыялдар адамга ар бир тилегин берет.
Кайырма:
Күлүп койчу, күлүп койчу,
Маанайыңды көтөрүп.
Күлүп койчу, күлүп койчу,
Күлүп койчу...
Бийиктик сезимин жүрөктөн өчүрбөйлү,
Андыктан, достор, эч кайгырып, өкүнбөйлү.
Асманга тарталы жылмаюу сүрөттөрдү,
Ал сүрөт күлдүрсүн капалуу жүрөктөрдү.
Кайырма:
Бакыттын кушун алыс коё бердим эми,
Тагдыр мени бактылуусуң деп белгиледи.
Жылмаюудан башталат го,
Достуктун кемеси куралат го.
Жылмайып сен багыт алгын,
Алдыга...
Эгер сен өмүрдү сүйсөң,
Токтобо жалындап күйсөң.
Жаштыктын кадырын билсең,
Кайгырба, жадырап жүр сен.
Кайырма:
Жыргал күндөргө умтул,
Жылдыздай жарык чачып, жаркырап.
Жүрөккө сүйүү толтур,
Жүгүрүп сен бакыттын артынан.
Тартынбай, эрктүү бол демек,
Махабат дайыма керек.
Жаштыктын кусалуу күнүн
Талпынып сүйгөндөр жеңет.
Кайырма:
Ар бир адамдын дүйнөдө
Өзүнүн бар өткөн жомогу.
Жүрөктөр чындап сүйгөндө
Аалам ошондо керемет болобу?
Кайырма:
Келчи, досум, сага айтайын чынымды,
Жашырбайын жүрөктөгү сырымды.
Жарык маанай бир сулууну жактырам,
Жалгыз ага сунгум келет ырымды.
Көздөрү турат жаркырап,
Көргөндө жүрөк талпынат.
Кызганам башка балдардан,
Кыйналып сезим жанчылат.
Жүрөктөгү сезимди жашырбайлычы,
Жүрөктөгү мээримди качырбайлычы.
Кайгы-муңдан карегиңди ачайын,
Позитивди көңүлүмө чачайын.
Чакырамын досум азыр даяр тур,
Тааныштырам экөөңөрдү атайын.
Көздөрү турат жаркырап,
Көргөндө жүрөк талпынат.
Кызганам башка балдардан,
Кыйналып сезими жанчылат.
Жүрөктөгү сезимди жашырбайлычы, ай, ай,
Жүрөктөгү мээримди качырбайлычы.
Эгер болсо сенин сүйүүң ташыган,
Деңгээлиме болуш керек татыган.
Эгер мени сүйгөндүгүң чын болсо,
Болуш керек алдыңдагы машинаң.
Айтылган сөзүм тамаша,
Чындыгына да жараша.
Мен дагы сени жактырдым,
Убакыт болсун тараза.
Жүрөктөгү сезимди жашырбайлычы, ай, ай,
Жүрөктөгү мээримди качырбайлычы.
|