|
Нурлан Тилебаев
Бардык видеолор: 0
Бардык аудиолор: 7
Кубанычтуу күн келип алдыңа,
Каткырып, күлүп ойно бул чакта.
Өмүрдүн гүлү болгон ардагым менин,
Бактылуу болгун, куттуктайм сени.
Кайырма:
Туулган күнүң куттуу болсун,
Туулган күнүң!
Белек кылып мен берейин
Роза гүлүн.
Бир гана жолу жылына келген,
Өмүрдүн гүлүн энчилеп берген.
Ушул күн, билгин, таалайлуу күнүң,
Энекең төрөп, жарыкты берген.
Кайырма:
Мен өзүмдү такыр сенден бөлө албайм,
Же өзүңсүз жалын чачып жана албайм.
Көрүнбөстөн көзгө сүйкүм элесиң,
Көкүрөктү ойлор мыкчып басам жай.
Ушундайда келчи үзүлбөс, садагам,
Сен дарысың менде болгон жарага.
Эртең менен эрте туруп тараган,
Чачың болуп жайылайын далыңа.
Эртең менен эрте туруп тараган,
Чачың болуп жайылайын далыңа.
Эртең менен эрте туруп тараган,
Чачың болуп жайылайын далыңа.
Жылаажындай булагым,
Жыргал бир, ай, сыярым.
Жылмайган нур жүзүңдөн
Жылуу сезим туямын.
Кайырма:
Даринам, ай, Дарина,
Канат жайып багыңа,
Катарлашсак экөөбүз,
Каркыралар сабына.
Ээритесиң периштем,
Эрте бышкан жемиштей.
Келбетиңден нур тамып,
Керилесиң эликтей.
Кайырма:
Жылаажындай булагым,
Жыргал бир, ай, сыярым.
Жылмайган нур жүзүңдөн,
Жылуу сезим туямын.
Сейилдеп сен келесиң, мен да келем,
Негедир уяң тартат менин денем.
Жайнаган топ кыздардын арасынан,
Жалдырап жалгыз сени карай берем.
Кайырма:
Оо, жаным, келчи, келчи,
Мен жетейин кадырыңа.
Оо, жаным, келчи эми,
Махабаттын айылына.
Тереземе жарык түшпөй ойгоном,
Жарадармын, сага жетпей ойлоном.
Кара булут каптаса да, асылым,
Баратамын, тосуп алчы мени жолдон.
Кайырма:
Оо, жаным, келчи, келчи,
Мен жетейин кадырыңа.
Оо, жаным, келчи эми,
Махабаттын айылына.
Сейилдеп сен келесиң, мен да келем,
Негедир уяң тартат менин денем.
Жайнаган топ кыздардын арасынан,
Жалдырап жалгыз сени карай берем.
Кайырма:
Оо, жаным, келчи, келчи,
Мен жетейин кадырыңа.
Оо, жаным, келчи эми,
Махабаттын айылына.
Сен тартынбай мага карачы,
Колуң сунуп колум кармачы.
Түбөлүктүү болуп мен менен,
Көп кыйнабай менин санаамды.
Кайырма:
Мен суранам, сенден суранам,
Сен кайрылсаң абдан кубанам.
Колтукташып сен менен басып,
Алкымыңдан ай мен жыттасам.
Түшүнбөдүм сенин оюңа,
Бере албадың каттын жообуна.
Жүрсөң керек сен да кыйналып,
Ойго батып сарсанаада.
Кайырма:
Оо, сүйгөнүм менин Назира,
Жүрөгүмдө жалгыз сен гана.
Кармашып колубуз дайыма,
Калсынчы, садагам Назира.
Кайырма:
|