|
Руслан Нарынбаев
Бардык видеолор: 5
Бардык аудиолор: 31
00:03:10
00:03:27
00:03:54
00:03:46
00:03:46
Сөзү : А.Акматалиевдики
Обону : Р.Нарынбаевдики
Сөзү : Максат Абдыкаровдуку
Обону : Максат Абдыкаровдуку
Кадырымды билбедиң, баркым сезбедиң,
Жесир калган улактай неге кектедиң.
Унутпаймын жалооруп карап турсам да,
Башканын сен колун кармап узап кеткениң.
Кайырма:
Сенсиз деле жашоом зынк, эй жашап жүрөмүн,
Сенсиз деле өтүүдө менин күндөрүм.
Сенсиз деле күн батып, таңдарым атат,
Сенсиз деле бул өмүрдүн доорун сүрөмүн.
Мейли кетсең кеткиниң, кайра келбегин,
Алоолонгон сүйүүмдү өзүң сезбедиң.
Балким сүйүүм билерсиң анда кеч болот,
Кечир мени мен да сага кайтып келбеймин.
Кайырма:
Кош бол эми жазбаймын сен деп ырларды,
Кош бол эми тартпаймын сен деп муң-кайгы,
Сүйгөнүм чын, а бирок сүйүүдөн дагы,
Жигит үчүн андан өткөн намыс турбайбы.
Кайырма:
Сөзү : Руслан Нарынбаев, Нурмат Садыровдуку
Обону : Руслан Нарынбаевдики
Мен сүйгөн менен пайда жок,
Кантейин, жаным, айлам жок.
Өзүң деп соксо жүрөгүм,
Өкүнгөн менен аргам жок.
Кайырма:
Балбылдап көздөрүң кара-кара,
Айта албай сүйүүмдү сага гана.
Айтайын, башканын кереги жок,
Жылмайып жылуулук берчи мага.
Сүйдүрдүң мени, сүйүктүүм,
Үзө албай сенден үмүтүм.
Өзүң деп өтсөм өмүрдөн,
Арманым айтчы, ким үчүн?
Кайырма:
Чалкыган көлүӊ керемет,
Жаады эле жамгыр себелеп.
Арзыган сага жүрөктү,
Кетпечи, жаным, тебелеп.
Кайырма:
Жаңы, жаңы, Жаңы жыл,
Кирип келди кайрадан.
Жаңы жылдан жакшылык,
Күтөт элдер сандаган.
Тынчтык, сүйүү, бейкуттук,
Чын ден соолук кааларым.
Ыр-күлкүгө чуулганып,
Шаңга толсун айланам.
Кайырма:
Көңүлдөргө дайыма,
Күлкүлөр толуп, шаң болсун.
Адамзаттын жан дүйнөсү,
Жааган кардай ак болсун.
Эски жылды узатып,
Жаңы жылды биз тосолу.
Ар бир үйгө кут кирип
Ден соолукта бололу.
Сааттын жылып жебесин,
Он экиге кактырат.
Шаңга толуп көчөлөр,
Шампан көккө атылат.
Ар бир үйгө Жаңы жыл,
Кирип келет жаркырап.
Жаңы жылда жакшылык,
Каалоо-тилек айтылат.
Кайырма:
Мага жагат, сенин назик татынакай колдоруң,
Жүрөгүмдүн түпкүрүнөн орун алып козгодуң,
Карагат көзүң айдай нурчалган,
Эркимди жипсиз сага байлагам,
Кандай бир жансың мени арбап алган?
Кайырма:
Чийилген чийме каштарың,
Өрүлгөн чачтарың
Эх, жаным, мени кыйнайт,
Керемет басканың.
Ашык, ашык, мен да ашык,
Жигиттердин баары ашык.
Баскым келет сени менен
Бир көчөдө жанашып.
Жайдары сенин сүйкүм мүнөзүң,
Жашоомдо жалгыз гана бир өзүң,
Сүйүүмдүн агып бүтпөс мүрөгүсүң.
Кайырма:
Балбылдап көздөрүң турат,
Багымды ачар сөз курап.
Бардыгы даяр сен үчүн,
Баш кошсок деп тилейм мен сурап.
Буралган чачтары узун,
А койчу, ай, булуттан түшкөн жансыңбы?
Комузумдун кулагын буурап,
Күү толгойм кайрыгын улап
Күүлөрүм даяр сен үчүн.
Күлкүңө кошор күч-кубат.
Айчүрөктөй сулуулугуң бар,
А койчу, ай, асмандан түшкөн жансыңбы?
Жымыңдап көздөрүн жумат,
Жаркылдап жанымда турат.
Жүрөгүм даяр сен үчүн,
Жүрөлү көңүлдө биз куунак.
Жомоктой сулуулугуң бар,
А койчу, ай, жылдыздан түшкөн жансыңбы?
Сөзү : Л. Асанбекованыкы
Обону : Руслан Нарынбаевдики
Сен менин бул жашоодо бейишимсиң,
Жашыл арал жыты аңкып, гүл жайнаган.
Күз түшкөн өмүрүмө келген жазсың,
Жашартып көңүлүмө бүр байлаган.
Кара көзүм, кара көзүм,
Жашартып көңүлүмө бүр байлаган.
Жыргалымсың сен менин жан эргиткен,
Ыргагымсың сен менин жан сергиткен.
Бул өмүрдө жалгыз гана сага арналган,
Ырларымсың жазыла элек, жан эргиткен.
Кара көзүм, кара көзүм,
Ырларымсың жазыла элек, жан эргиткен.
Сен менин таркабаган кумарымсың,
Сен менин соолубаган булагымсың.
Саргайган жашоомду жашылдантып,
Жүрөгүмдү жашартып турарымсың.
Кара көзүм, кара көзүм,
Жүрөгүмдү жашартып турарымсың.
Кара көзүм, ширин сөзүм,
Жүрөгүмдү жашартып турарымсың.
Сөзү : Руслан Нарынбаевдики
Обону : Руслан Нарынбаевдики
Айылың укмуш экен,
Ай тийген кечте келдим.
Сунуштап бир оюңду,
Суранам кетпе дедиң.
Кайырма:
Жымыңдайт ушул күнгө,
Жылдыздар күбө болуп.
Жаныңда калгым келди,
Жароокер бүлөң болуп.
Өңүм да, түшүм эмес,
Өзүнчө жомок болуп.
Билемин келгенимди,
Бир күнгө конок болуп.
Кайырма:
Көнөрбөс сезимиңди.
Көзүңдөн көрүп турам.
Бир арман экөөбүздү,
Бир жол бар бөлүп турган.
Кайырма:
Сөзү : М. Молдоалиева, Р. Нарынбаевдики
Обону : Р.Нарынбаев, А. Мадмаровдуку
Көкөмерен суусунан,
Суу аласың айдай суулу кыз.
Жүрөгүмдүн жанынан,
Орун алдың айдай суулу кыз.
Кайырма:
Суусамырдын суусу шар агат,
Көздөрун сенин мөлтүр карарат.
Бир сага мен катты бер албай,
Күндөрүм ай өтүп баратат.
Ашуу ашып айылыңа,
Бара албадым айдай суулу кыз.
Арзып жазган катымды мен,
Бере албадым айдай суулу кыз.
Кайырма:
Сенсиң менин торгоюм,
Суук көздөн коргоюн,
Качан болсо жаныңда
Калпым болсо оңбоюн
Сенсиң менин торгоюм
Гүлдөй болуп соолбоюн
Ысыгыңа жылытчы
Суугуңа тоңбоюн
Менин сулуу торгоюм
Күндө-түндө ойлоймун
Ишенип кой өзүмө
Калпым болсо оңбоюн
Менин ырчы торгоюм
Жолугууну болжоюн
Алтынчы күнү кадыр түн
Мен кабар күтөм болжоюн
Сен торгоюм сүйгөнүм
Арнап өмүр гүлдөрүн
Бир басалы гүл бакта
Тыңшап торгой үндөрүн
Ырахат го жаш кезек
Күлүп-ойноп жүргөнүң
Саймалайлы жылдыздай
Бул жашообуздун күндөрүн
Жалын болуп чаркылдап
Чагылгандай чаркылдап
Көл үстүндө ойногон,
Ак булуттай калкылдап
Канат күүлөп күү чалып
Ойноп-күлүп жаркылдап
Кадырлашып өтөлү,
Көңүлдө кир калтырба
Көңүл куруп күү чалып
Күлүп-бийлеп үн салып
Менин сүйгөн торгоюм,
Эмгек жолун бир чалып
Айыл ичин гүлдөтүп
Обон созуп ырдашып
Жаркылдаган жаштык кез
Кете электе кырды ашып
Өмүр суусун кечели
Жалгыз сырды чечели
Ак таң болуп нурданып
Аппак гүлдү терели
Ак нан болсо ыр болот
Сүйүп дайым жешели
Ден соолукта каткырып
Соо жүрөлү дешели.
Топ кыздардын арасынан,
Көзүмө эле көрүнөсүң.
Байкап мен башта сени жүргөм,
Ай болуп төгүлөсүң.
Күлгөнүң мөлтүр тунук булак,
Кулпуруп гүлдөй өңдөнөсүң.
Кайырма:
Жаным, жаныңа эле барсамбы,
Сүйөм деп айтсамбы.
А бирок айтуу кыйын,
Муңайып кайтамбы.
Эх, сулуу сырларыңды ачсаңчы,
Ай, жылдыздай жансаңчы.
Жомоктогу чүрөк сымал,
Периштеге айланчы.
Мажбурлап туңгуюкка түртүп
Азапка салдың мени кыйнап
Махабат дастанындай болуп
Калбасын ак сүйүүбүз сыздап
Басалы кол кармашып бирге
Өмүрдүн өрүн көздөй улап
Кайырма:
Топ кыздардын арасынан
Көзүмө эле көрүнөсүң
Байкап мен башта сени жүргөм
Ай болуп төгүлөсүң
Күлгөнүң мөлтүр тунук булак
Кулпуруп гүлдөй өңдөнөсүң
Экөөбүз жолукчу жер көлдүн жээги, аба салкан
Күтүүдөн баскандарың бүгүн эртең, арбын-арбын
Шашкансып толкундарды кечип өттүм,
Кол сунуп жолугарда ойго чөктүм,
Оюмда эч нерсе жок кучактасам
Башкага жар болдум деп ыйлап өттүң.
Махабат бооруң ташпы, агыздың го көздөн жашты
Бактымды кармай албай, бул сүйүүдөн көңүл калды
Тилеген ой бар эле, дагы канча
Сөз бүтпөй сүйлөшчү элек ай чыкканча
Алтыным кош болгун деп кете бердиң,
Көзүмдөн акты жашым узаганча.
Кызарып күн жаңыдан тоого кирип баткан эле
Көл дагы коштошконсуп жээкке сууну чачкан эле
Кааларым бакыт-кушум кабарыңды
Соолубай гүлдөй болуп жанарыңды
Кош эми түбөлүккө бактылуу бол
Унутпа сени сүйгөн адамыңды.
|