|
ДОБУЛБАС тобу
Бардык видеолор: 3
Бардык аудиолор: 7
00:03:51
00:04:56
00:04:06
Сөзү : Темиркул Ниязовдуку
Обону : Темиркул Ниязовдуку
Сөзү : Баян Акматовдуку
Обону : Мирлан Ниязовдуку
Сөзү : Н.Алымбековдуку
Обону : Г.Айдосованыкы
Ар үйдө аксакалдуу кары болсо,
Балпайган байбичеси дагы болсо.
Баласы баар таап эмгегинен,
Жанында жаркылдаган жары болсо.
Чоң ата бардыгына калыс болсо,
Чоң эне суук сөздөн алыс болсо.
Келини кербезденип бой көтөрбөй,
Уулунда уят менен намыс болсо.
Жакшылык эсеби жок эчен болсо,
Жоогазын өмүр сүрүп эсен болсо.
Береке, ырыс тилеп ар бир үйгө,
Элибиз ынтымактуу элден болсо.
Уулунда уят менен намыс болсо,
Кыргызым ынтымактуу элден болсо.
Сөзү : М.Осмоновдуку
Обону : М.Осмоновдуку
Айланасын тоолор курчаган,
Кайда жүрсөм эстен чыкпаган.
Биздин айыл жердин сулуусу,
Жылда барсам, жылда суктанам.
Кайырма:
Биздин айыл – биздин сүйүүбүз,
Береке көп, толо үйүбүз.
Айланайын, менин айылым,
Түбөлүк сага калат сүйүүбүз.
Шылдыраса тоонун булагы,
Көңүлүмдүн канат кумары.
Ыйык туткан биздин айылдын,
Өчпөсө экен дайым чырагы.
Кайырма:
Ыйыктыгың сенин билемин,
Дайым таза сага тилегим.
Алыс жакта иштеп жүрсөм да,
Сен деп согот дайым жүрөгүм.
Кайырма:
Сөзү : Ильяс Кудретовдуку
Обону : Ильяс Кудретовдуку
Түн, жамгыр басылбай,
Отурамын сени ойлоп, сагынып.
Мен, сезимдерге багынып күтүп,
Санааларга келемин батып.
Кайырма:
Асыл жаным, ай,
Кантип сени сагынбайм,
Жүрөгүм көңүлүм сүйүп турса.
Асыл жаным, ай,
Кантип сени сагынбайм,
Көздөрүң жылдыздай күйүп жанса.
Түн ортосунда, сөзүңдү ойго саламын мен,
Ардагым жалгыз сени сүйөм деген.
Мейли, менден кетсе өкүнбөймүн, өкүнбөйм,
Үмүт бар, мен сени күтөм деген.
Кайырма:
Татымың тоонун балы, аселдейим,
Сүйөмүн, балким, алыс сезилбейин.
Арзуумду аягандай туюлармын,
Ичимден канча сага эзилбейин.
Эзилбейин, эзилбейин, аселдейим,
Кайырма:
Тоо булагы аккандай,
Алма бүчүр ачкандай,
Айга Чолпон жаккандай,
Мен сени сүйөм.
Жаздын таңы аткандай,
Булбул гүлүн тапкандай.
Айга Чолпон жаккандай,
Мен сени сүйөм.
Жыпарың тоонун балы, аселдейим,
Түшүнүп, ишен, башка эмне дейин?
Түбөлүк эриш–аркак бололу бир,
Жоготуп такыр сени издебейин,
Издебейин, издебейин, аселдейим.
Кайырма:
Жай айы толуп турган кези болчу, ошол кезде,
Окуйм деп кеткен элең, мени таштап кетпе десе.
Келем деген күнү сен келбей калдың
Күттүм эле.
Көңүлүм чаппай калды эми эч нерсеге, эч нерсеге.
Кайырма:
Бишкекке, Бишкекке, келгенмин мен сени издеп.
Кайрадан айылга сени алып кетем деп,
Күздөгү тоюбуз эми болбой калдыбы?
Кайдасың, күттүм го, сен унутуп калдыңбы?
Күз келди биз ойночу жашыл шибер белестерге,
Алданып көпкө жүргөн бир өзүң бар элестерге,
Сагынычым кыйнап келет арманымды айтам кимге
Жүрөгүм чаппай калды эми эч нерсеге, эч нерсеге
Кайырма:
|