|
Жаным Айзат
Бардык видеолор: 2
Бардык аудиолор: 3
00:03:33
00:03:41
Сөзү : С.Жээнбаевдики
Обону : Э.Мээркановдуку
Келчи мага жылдыз болуп жанып,
Сенсиз сезим сууган күздөгү кечтердей.
Сени гана жарык кылам жанга өзүң табылгам,
Айланып ысымың канымда.
Кайырма:
Кайда, махабатым кайда?
Тагдыр, таба албаймын айла.
Арман, өкүндүрөт улам,
Жалгыз, жабыркап турам.
Сенсиз өмүр жамгырдай төгүлгөн,
Сенсиз сезим алсыз, өзүм жалгыз бул кечте.
Сагынычымдын чачтары өрүлгөн,
Түшкө кир, жаным.
Имерип, арбалып мага сен,
Таңдарымда, кечтеримде.
Бир өзүмдү сага арнаймын мен.
Кайырма:
Сөзү : Жаным Айзаттыкы
Обону : Жаным Айзаттыкы
Сүйдүм сени сүйдүң мени,
Жүрөк толду бакытка.
Асман ачык айдай жарык,
Асыл адам жаныңда.
Жакын келдиң, колуң бердиң,
Толкуп турат жүрөгүм.
Айкын болду,обон создум,
Таптым сени сүйгөнүм.
Кайырма:
Татына татына,
Сүйгөнүм бар жанымда.
Ардагым ай ардагым,
Түбөлүк бол жанымда.
Уурданып сага келгенмин,
Уялып кайра кеткенмин.
Шыбырап, шыбырап,
Ак сүйүү сырын чечкенмин.
Тартынбай сага келгенмин,
Уялып кайра кеткенмин.
Шыбырап, шыбырап,
Сени уксун деп кайталап,
Ак сүйүү сырын чечкенмин.
Сүздүң көзүң, айтчы сөзүң,
Арзып турат жүрөгүң.
Күткөн сүйүүм келди бүгүн.
Узун болсун өмүрүң.
Балкып денем батпай келем,
Жок эмессиң бар белен?
Күндөр кызык, түстүү сызык,
Гүлгө толгон айланам.
Кайырма
Татына, татына,
Сүйгөнүм бар жанымда.
Ардагым ай, ардагым,
Түбөлүк бол жанымда.
Уурданып сага келгенмин,
Уялып кайра кеткенмин.
Шыбырап, шыбырап,
Ак сүйүү сырын чечкенмин.
Тартынбай сага келгенмин,
Уялып кайра кеткенмин.
Шыбырап шыбырап,
Сени уксун деп кайталап,
Ак сүйүү сырын чечкенмин.
|