|
Замир Мырза
Бардык видеолор: 14
Бардык аудиолор: 41
00:04:25
00:03:45
00:04:18
00:04:04
00:04:10
00:03:50
00:03:20
Сөзү : А.Алымовдуку
Обону : Э.Маматовдуку
Асырайт "балам" деп,
Мээрим толгон жүрөк.
Айланып күйүнгөн эне гана,
Аруу толгон жүрөк.
Сан ойлор карыткан,
Санаа тарткан жүрөк.
Дүйнөмдө жарык шам,
Сиз ар бир таң жол карап күтүп жүргөн.
Кайырма:
Алло, апам, апакем,
Жаным, дүйнөм, берекем,
Сагынычта уулуңуз ар күнү.
Алтын, асыл апакем,
Ар убак күйөрүм
Энекем, ай, апакем, ай.
Убайым бүт тартып,
Уйкусуз таңың мен.
Түйшүгү көп, жаны баарына көнгөн,
Чачыңыз агы мен.
Алыста жүрсөм да,
Өзүңдө бүт оюм.
Сагыныч оор болуп, куса толуп,
Баратам сага учуп.
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Сөзү : Алишер Тоотаевдики
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Сөзү : Алишер Тоотаевдики
Обону : Замир Мырзаныкы
Сөзү : Алишер Тоотаевдики
Обону : Замир Мырзаныкы
Сен көксөгөн жазым элең,
Кол жеткис асыл элең,
Махабат арзуум сен болдуң.
Мен сезимдин жазын күткөм,
Шынаарлап ак сүйүүдөн,
Кошулган жок жүрөгүм өзүңө.
Кайырма:
Сен сүйөм деп алдап мени,
Азгырдың арбап мени,
Азапка таштадың неге сен?
Көрк сөздөрүң жалган беле?
Көңүлдө башка беле?
Көзүмдө жаш, айтчы неге, сен?
Кыш, көктөмүм кышка айланды,
Көңүлүм музга айланды,
Айрылыш тагдырга жазгандай.
Кош, кездешпе эми мага,
Жүрөктө калды жара,
Жалганбы өткөн күндөр, кана?
Кайырма:
Сөзү : Садыралы Абдыкеримовдуку
Обону : Ильяз Абразаковдуку
Өмүрүмдүн ар бир ирмемин,
Өйдө-төмөн калчап иргедим.
Гүл талаада калып издерим,
Мен бактымды издедим.
Тагдырымдын ашып белесин,
Багынтам деп сезим сересин.
Ай талаада калып издерим,
Мен бактымды издедим.
Жашоо чиркин кантип жайнасын,
Таба албасак анын айласын.
Баркы чексиз биздин бактыбыз,
Айтчы деги кайдасың?
Махабаттан жанып дүрт этип,
Кеткен эмес деги ким келип,
Ошолордой болуп жер кезип,
Биз бакытты издедик.
Тынчтык бербей тунук бир сезим,
Жаштыгымды кайра иргедим.
Медер туткан бактым кайдасың,
Мен өзүңдү издедим.
Көкөй кескен көңүл суз болуп,
Көкүрөктөн кезейт бир жерим.
Баркы чексиз бактым кайдасың?
Мен өзүңдү издедим.
Сөзү : Элдики
Обону : З.Мырзаныкы
Кадамың санаймын бассаң-бассаң,
Көз салып, бирок жетпейм.
Кадалып каректер байланганда,
Айламды кантем билбейм.
Арнадым сага,
Арнадым гүлүм сага.
Бал тамган бакытымды гана.
Кыялга элестер батып, чиркин,
Кол сунам жетпейм ага.
Кайырма:
Бал ширин сөздөрүңдөн, Замира,
Жазым экен күлгөнүң, ай, Замира.
Гүл окшойт жыттасам шамалыңдан,
Жүзүң аппак күндөйсүң, күнүм Замира.
Назданып тиктейсиң билбейм эмнеге?
Түйшүккө мени салба.
Кызганып жүзүңдү башкалардан,
От болуп сен жандырба.
Арнадым сага,
Арнадым гүлүм сага.
Бал тамган бакытымды гана.
Сезимге өчпөгөн жылдыз болуп,
Кол сунам, эх, тагдырга.
Кайырма:
Сөзү : Замир Мырзаныкы
Обону : Замир Мырзаныкы
Апакемдин ай жүзүнөн үзүлгөн нурусуң өзүң,
Таза мээрим дептерин ачкан гүлүмсүң өзүң.
Мен деп жүргөн белегим,
Бир тууганым, эрмегим.
Жанымда болгун,
Ооматым болгун,
Бакытым болгун менин!
Кайырма:
Апакемдин табериги,
Карындашым өзүң.
Бактылуумун тар дүйнөдө,
Жанымда бар өзүң,
Жанымда бол өзүң.
Агам бар го деймин, назик көңүлүм чөгүп калса,
Сизден башка кимим бар, бир тууганым, агамдай?
Жалгыз ишенгеним,
Калканым, тирегим.
Жүзүңүз дайым,
Жарык нур болсун,
Кудайдан мен тилеймин.
Бакытыма аман болгун,
Бир тууганым, агам.
Бул дүйнөдө эч теңи жок,
Мээримдүү бек агам.
Кадырлуу бек агам!
Көңүлүм толуп, эстетип толкуп,
Көздөрүң апакемдин.
Жарты көңүлүмдү бүтүн кылыңыз,
Дайым башымда туруп.
Сөзү : Ж.Шералиевдики
Обону : И.Сатаровдуку
Эрке кармап колумду,
Качан, кайдан жолуктуң?
Азыр турам жете албай, эй,
Айламды мен жоготуп.
Асманда жылдыздар,
Толгондо же сураймын.
Жамгыр болуп төгүлсөң, эй,
Тамчыңан көл курайын.
Кайырма:
Эркеле мага, эркеле,
Гүлгө окшоп өскөн бийикте.
Узартып жаштык барысын,
Эркеле мага, эркеле.
Самап күтөм жолуңду,
Сары күздү кеч кылып.
Айтсамбы дейм оюмду, эңсөө
Түшүмдү мен жорудум.
Жандай көргөн адамым,
Сүйүү,
бакыт сен барың.
Ойлоп жүрөк от болуп, эй,
Чиркин, эстен танамын.
Сөзү : Садыралы Абдыкеримовдуку
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Өмүрүмдүн ар бир ирмемин,
Өйдө-төмөн калчап иргедим.
Гүл талаада калып издерим,
Мен бактымды издедим.
Тагдырымдын ашып белесин,
Багынтам деп сезим сересин.
Ай талаада калып издерим,
Мен бактымды издедим.
Жашоо чиркин кантип жайнасын,
Таба албасак анын айласын.
Баркы чексиз биздин бактыбыз,
Айтчы деги кайдасың?
Махабаттан жанып дүрт этип,
Кеткен эмес деги ким келип,
Ошолордой болуп жер кезип,
Биз бакытты издедик.
Тынчтык бербей тунук бир сезим,
Жаштыгымды кайра иргедим.
Медер туткан бактым кайдасың,
Мен өзүмдү издедим.
Көкөй кескен көңүл суз болуп,
Көкүрөктөн кезейт бир жерим.
Баркы чексиз бактым кайдасың?
Мен өзүңдү издедим.
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Булут күндү ачканда,
Бугун жамгыр чачканда, эй, жаным.
Бактар шагын ийип турчу, эй,
Биз экөөбүз басканда.
Жазуучулар жазчу, акын айтчу, эй,
Ушул өзү дастан да.
Арман, арман, арман, оо,
Мунун баары жалган, оо.
Экөөбүз эми башка, эки жакта, эй,
Ал кез алыс калган, оо.
Карабай өр-белге да,
Шамал, бороон жерге да, эй, жаным,
Бакыт нурун чаччу элек, эй.
Карап турган элге да.
Кайырма:
Жазуучулар жазчу, акын айтчу, эй,
Ушул өзү терме да.
Өмүр куштай болот да,
Бир күн жерге конот да.
Жолугалы кайра бир, эй,
Бул кез дагы конок да.
Жазуучулар жазчу, акын айтчу, эй,
Ушул өзү жомок да.
Кайырма:
Сөзү : Эркин Мукашевдки
Обону : Эркин Мукашевдики
В небе проплывают облака, высоко,
И за ними скрылась вдруг луна, от чего?
Ветер в паре с желтою листвой кружится над землей.
И по черным клавишам зонтов ветер звонкий,
Наиграет старый джаз нам вновь, что же с ним?
На асфальте мокром от дождя, танцуешь ты и я.
Припев:
Танец под дождем,
Только мы вдвоем,
Под одним танцуем зонтом.
Танец под дождем, и пока сейчас,
Эта музыка звучит для нас.
Мокрые от слез,
Может от дождя,
Не забыть мне эти глаза.
Танец под дождем,
Мне напонит грусть,
На играю я осенний блюз.
Все осталось где-то позади, далеко,
Наши разошлись с тобой пути.
Под мотив печального дождя,
Танцуешь ты одна.
Припев:
Танец под дождем,
Только мы вдвоем
Под одним танцуем зонтом,
Танец под дождем, и пока сейчас,
Эта музыка звучит для нас.
Мокрые от слез,
Может от дождя,
Не забыть мне эти глаза.
Танец под дождем,
Мне напонит грусть,
На играю я осенний блюз.
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Замир Мырзаныкы
Карагат көзүңө, кадалып өзүңө,
Тамшанып тойбоймун,
Күлкүң толкуп көңүлдө.
Сезилет жомоктой,
Серпилген чачтарың.
Ирмелип кирпиктериң,
Ийилет го каштарың.
Гүл болуп ачылган,
Нур болуп чачылган.
Көз салып артыңдан,
Жүрөм сага ашыга.
Күндөгү чүрөксүң,
Жылдызды жазданган.
Бийиксиң кол жеткис,
Бийлеп жүрөк назданган.
Кайырма:
Кучагымды жайдым,
Чакырдым махабаттын шаарына.
Кумарымда айдын,
Бөлөнөсүң түн асманымда.
Кулачымды жайдым,
Таң жок сен менен тоскон,
Ак таңымдай...
Өзүң деп мен калдым,
Өзүң деп...жалгыз өзүң деп...
Ажарың бир сулуу,
Көктөгү булуттай.
Ак куудай жүзүңдү,
Жүрөмүн да унутпай.
Сезимди козгогон,
Секетим ардагым.
Жүзүңдөн нур болуп,
Бүт дүйнөмдү арбадым.
Эзилет жүрөгүм,
Эркимди баса албай.
Сүрдөнүп өзүңдөн,
Жандап кадам бара албай.
Катылган сыр болдуң,
Ачылбай каламбы?
Жел болуп артыңдан,
Жетпей аттиң кыламбы?
Кайырма:
Сөзү : А.Алымовдуку
Обону : Замир Мырзаныкы
|