|
Айдана Дека
Бардык видеолор: 17
Бардык аудиолор: 24
00:02:32
00:03:45
00:03:29
00:00:00
00:03:28
00:03:02
00:04:20
Сөзү : Эрнист Түмөнбаевдики
Обону : Михаил Марвиндики
Сөзү : Эрнис Түмөнбаевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
Сөзү : Сыймык Бейшекеевдики
Обону : Сыймык Бейшекеевдики
Сөзү : Зарлык Камбаралиевдики
Обону : Зарлык Камбаралиевдики
Күн чыгат маанайымдан
Сыласаң саамайымдан
Эң кымбат белегимсиң
Берилген таалайымдан
Уялап жүрөгүмдү
Махабатым козгодуң...
Козголбос оңой менен
Бакыт болуп орнодуң
Чын бакыт сенин барын,
Көтөрүп жашыганым.
Сооротсоң эркелетип,
Мүнөттө басыламын.
Чын бакыт сенин барың
Көтөрүп жашыганым
Мен сенин эркең
Мен сенин таарынчагың...
Сен мени жандап жүрсөң
Жүзүмдү нурга боёп
Мен сени жүрөк менен
Эселеп сүйүп коём
Күн сайын сагындырып
Күн сайын ашык кылар
Эркелээр адамыңдын
Бары өзү бакыт чыгар
Наздыгын учун, жаз гүлүн бүтүн
Бүт алдыңа сенин төшөйүн
Аялуу дүйнө аларга тийбе
Гүлүң болуп, өзүм өтөйүн
Кайырма:
Ачылып жаңы,аязда дагы
Жоогазындай жаштык жамалы
Жанаша жүрүп, жараша күлүп
Гүлдестеге окшоп ээй алалы
Жылмаюуң үчүн жылдызды бүтүн
Мончок кылып сага тагайын
Ажайып дүйнө аларга тийбе
Чолпон болуп өзүм жанайын
Түндөсү дагы күндүзү дагы
Жылдыздана жаштык жамалы
Бөлүнбөс болуп өмүрлөш болуп
Кош жылдызга окшоп эй жаналы
Бир өзүң учун өмүрдү бүтүн
Курмандыкы деле чалайын
Ардагым эми аячы мени
Жалгызсырап кантип калайын
Жанаша жүрүп, жараша күлүп
Гүлдестеге окшоп алалы
Бөлүнбөс болуп, өмүрлөш болуп
Кош жылдыздай көктө эй
Сөзү : Зарлык Камбаралиевдики
Обону : Зарлык Камбаралиевдики
Шаң болуп көңүлгө,
Келгенсиң өмүргө.
Таттуусуң наристем,
Атаңа көчүрмө.
Кылыгыңа тойбойм,
Ойносоң бирге ойнойм.
Окшотом өзүмө ,
Кубултуп койгондой
Наристем балапаным
Эзилтет быйтыйган алаканың
Наристем балапаным
Бакыт да жашоомдо сенин барың
Наристем балапаным
Эзилтет быйтыйган алаканың
Тилейбиз өмүрүңдү,
Узак кылсын 2 Жаратканым
" Неберем,эрмегим",
Деп сени колунан
Түшүрбөй көтөрүп
Чон атаң,чон апаң
Мээримге бөлөнүп
Ыйманын тен өссун
Тайата тайэнен
Сыймыгым деп өтсун
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
Көк асмандын чексиз мейкинине,
Биз кол суналы, биз бирге учалы
Эй эй эй
Керемет сырдуу дүйнө мезгилине,
Биз умтулабыз бир шашылабыз
Эй эй эй.
Кайырма:
Шыбырап,шыбырап жаркырап,
Жаныдан күндөр жаңырат жанырат
Ансайын бизди азгырат.
Эй эй эй
Шыбырап шыбырап алыстан,
Жылдыздай үмүт жаңырат жаңырат,
Багынба өмүр уланат.
Ай жылдыз аралап бараткандай,
Оюн кенен,бакыт менен,
Эй эй эй
Жашайлы дайым биз басынбай,
Сүйүү менен, жүрөк менен
Сөзү : Кайбар
Обону : Амир Аскаровдуку
Сен жигитсиң кыздардын сезимдери менен ойногон,
Сен жигитсиң көп акча баарын чечет деп ойлогон.
Темир тулпар алдыңда, колуңда кымбат телефон,
Чөнтөгүңдө Бенжамин бар, жок эле дегенде ондогон.
Сага жагам дегендер, тимеле басат гериле,
Күнүгө жазат бериле.
Бир он беш жолудай кеминде,
А сен аларды карабайсың го бирин да албай теңиңе.
Карасаң да тандайсың аябай өзүңдү коюп бийикке
Эмнеге?
Жаныңда болууга
Тартылат кызгалдак кыздар,
Кебимде сага айтар, терең маани бар.
(Оу) Маани бер сезимдерге,
Маани бер мамилеге.
Бакыт балын сезгин келсе.
(Оу) Сен, каалагандын баарына эле,
Акча менен жетем дебей,
Сүйүү жолун дайым изде.
Адамдагы сезимдери тебелеген эң жаман,
Тагдырың өзү жазалап коёт бирөөнүн көңүлүн оорутсан.
Балким, алыс эмес күндөр сен сүйүү тилеп самаган,
А мүмкүн жолугат байлыгыңды эмес,
сенин өзүңдү баалаган.
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Амир Аскаровдуку
Сөзү : Ильгиз Абдалиевдики
Обону : Аваз Акимов менен Нурлан Насиптики
Кубанычта жашап келет жүрөгүм,
Күлмүңдөгөн көздөрүңдү сүйөмүн.
Бактым үчүн жаралгансың, ардагым,
Ай-ааламдан издеп сени жүргөнмүн.
Кайырма:
Сен - жүрөгүмдүн жарымы,
Сен - жашоомдун жарыгы.
Жаным, жаным, таттым мен сүйүү балын,
Жаным, жаным, айдай сулуу ардагым.
Жан дүйнөмдү арнайм баарын сен үчүн,
Жаратканым берсин сүйүү биз үчүн.
Жан эркем деп эркелетип ар дайым,
Жамалыңдан сүйгүм келет өзүңдү.
Кайырма:
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
Бирге болсок, биз планета,
Жарыгыңда жайна,жайна,
Алыста галактика,
Кыялымда учам сызам жылдыздарга.
Ал ансайын бакыт берет жанга,жанга жаштыгыма,
Биздин сезим күч алып кайра кайра.
Өтүп жаткан биздин күндөр,
Шашып барат кайда кайда,
Гүлүн ачып бул өмүрлөр,
Түркүн түстө жайнаган дайым гүл багымда.
Ал ансайын сүйүү берет жанга жанга жаштыгыма,
Биздин сезим термелет кайра - кайра
Керемет биздин бул замандын жаштары,
Жаркын көңүлдөр экволайзер жанганы.
Жылдыз аралап сезимдерим кайрадан кайрадан
Күч алып күчөп барат.
Артылсын жаштык кезимдин күндөрү,
Өчпөй жансын күйүп турсун ар бир айлуу түндөрү,
Биз бир бололу, бирге бололу, бийик конолу
Сөзү : Гүлшайыр Садыбакасованыкы
Обону : Гүлшайыр Садыбакасованыкы
Сени мага жолуктурду жылдыздуу асман
Жүрөгүмдө толуп турду махабат дастан
Экөөбүздү бөлүп турду бул дүйнө жалган
Кандай жансың көз отунду байкабай калган
Кандай жансың көз отунду байкабай калган.
Кайырма:
Сырга айланган, ырга айланган
Жан, жан, жан жолуктуң кайдан
Акылдан алдың, азапка салдың
Жан, жан, жан жолуктуң кайдан
Сага деген армандарым айтылбай калды
Сени тиктеп көңүл черим жазылбай калды
Сезимдерге чокко салдың бей таныш жигит
Сарсанаада калган күнүм арылбай калды
Сарсанаада калган күнүм арылбай калды.
Кайырма:
Сырга айланган, ырга айланган
Жан, жан, жан жолуктуң кайдан
Акылдан алдың, азапка салдың
Жан, жан, жан жолуктуң кайдан
Акылдан алдын, азапка салдың.
Сөзү : Бегиш Белекбаев, Жаңылай Кекеева
Обону : Амир Аскаровдуку
Мага сүйүү смс жаз,
Менде сага койгон үмүт чоң.
Түбөлүк жүрчү жанымда бол,
Мага бөлгөн убакыт аз.
Алыста үзүлбөйт телефон
Башка чалууга болбойт бош.
Жалгыз өзүңдө оюм,
Сүйөмүн өмүр бою.
Кайырма:
Шекер экен жаны
Шекер экен жаны
Шекер экен жаны
Шекер экен жаны
Жүзүңдү көрсөм жылмайган,
Ошол замат мен күлүп коём,
Кайгыны жолдон жоём.
Жанымда болсоң ыр майрам,
Түркүн күүлөр, бүтпөс обондор,
Токтобой чапкан колдор.
Жалгыз өзүңдө оюм,
Сүйөмүн өмүр бою.
Кайырма:
Шекер экен жаны
Шекер экен жаны
Шекер экен жаны
Шекер экен жаны
Рэп:
Шекер экен жаны дайым сагынам,
Шекер экен ширесине малынам.
Жүрөк ээси баарына мен жар салам,
Дайым менин жаным, дайым менин балым.
Билем, билем жаным
Мени ойлоп сагынасың дайым
Ойлоп сагынасың ар дайым.
Шекер экен дамы,
Шекер экен ага менин жаным,
Сага кезиккенге шашайын.
Шекер экен жаны дайым сагынам,
Шекер экен ширесине малынам.
Жүрөк ээси баарына мен жар салам,
Дайым менин жаным, дайым менин балым.
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Биздин жашоо кандай керемет,
Эгер билсең баркын.
Сезимдерге сүйүү себелеп,
Алып учат дайым.
Өмүр барда,
Күлүп жайна
жаңылышпа.
Кайырма:
Ар дайым барына,
Жакшы сөзүң арнагын.
Жан дүйнө шамына,
Күндөй күлүп жайнагын.
Ар бир таңына,
Өмүр шартына
жан кейитип кайгырба.
Аракет кылсаң,
Алгалап учсаң
Жетип жашоо баркына.
Бул өмүрүң өтүп барат мезгилинен калбай,
Жалындайлы жаңылбайлы оюбузга албай.
Кадырлайлы бар биликти, жакшылыкты жандай.
Биздин жашоо кандай жакшы кандай жакшы кандай жакшы балдай.
Кайырма:
Ар дайым барына,
Жакшы сөзүң арнагын.
Жан дүйнө шамына,
Күндөй күлүп жайнагын.
Ар бир таңына,
Өмүр шартына
жан кейитип кайгырба.
Аракет кылсаң,
Алгалап учсаң
Жетип жашоо баркына.
Сөзү : Бегиштики
Обону : Амир Аскаровдуку
Менин колдорумду түбөлүк сен кармап жүр,
Койчу чекиттерди, калтырбай бир да үтүр.
Тагдырымдын түгөнбөгөн сырын сен менен,
Көрүшүп, бөлүшүп жүргүм келет дайым.
Кайырма:
Сүйөмүн сени асыл көрөм баарынан,
Сүйөмүн сени, алыс болсоң сагынам.
Сүйөмүн сени дайым болуп жаныңда,
Балына малынам, сенде көңүл жолу.
Жакындап тартылам жайылган кучагыңа,
Сен үчүн гүлдөймүн сүйүүнүн бутагында.
Алыстагым келбей сенден бир да мүнөткө,
Өзүңсүз бир күн өтпөйт, жалгыз жансың жүрөктө,
Кайырма:
Сөзү менен кылган иши дайым төп келишкен,
Билем аны менен жетем дайым көп жеңишке.
Мен ыраазымын кудайым мага жолуктурганына,
Даярмын ал үчүн өмүрүмдүн баарын беришке.
Менин баатырым менин ишеничим ал жигит,
Тилегеним өмүр бою мени менен кал жигит.
Сырларыңды терең катам, түгөй кылып ал жигит,
Ойлонбостон түн киргенде каалаганда чал жигит.
Кайырма:
Обону : Жамиля Муратованыкы
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Индия элиники
Кой, сен бийлегенден тартынба,
Турайын мен сени коштоп жаныңда.
Күлмүңсүрөп көздөрүң бийлейм дейт,
Көңүлүң каалаганын жашырба.
Таанышалы, жарышалы бий аянттан тартынба,
Кой, сен бийлегенден тартынба,
Турайын мен сени коштоп жаныңда.
Тартынбай бийле, бийле, бийле,
Биз менен бирге, бирге, бирге.
Сагынычты таратып биз,
Саамга учуп баратып
Бирге, бирге, бийле, бийле
Кайра бийди уланталы
Тартынбастан бийле, бийле.
Ой, уялчаактар турду го,
Көпчүлүктүн көңүлүн тез бурду го,
Тең калышпай жарышып бийлешти.
Тартынчаактын көңүлү тынды го,
Кел бийлели, бир бийлейли,
Бий аянттан тартынба.
Ой, уялчаактар турду го,
Көпчүлүктүн көңүлүн тез бурду го.
Майрамдар боло берет күнүнө, эй,
Жетпейсиң дүнүйөнүн түбүнө, эй.
Тартынып отурбастан элден калып,
Кыймылда бакыттын үнүнө, эй.
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Аваз Акимовдуку
Күлүп таң атып,
Ырдап шаңданып,
Алга карай, жанып барамын.
Бассам жарашып,
Баары мага ашык,
Мен турмуштан бакыт табамын, ырдай.
Кайырма:
Бий менен сеземин,
Бакытка жетемин,
Булуттай асмандагы,
Бийикке кетемин.
Сен дагы талбай,
Мезгилден калбай,
Күлкү менен жашоо баркын сез.
Жаркын күн таңдай,
Жаркырап айдай,
Ырдап, бийлеп жакштык кезди сез биз менен.
Кайырма:
Гүл назик бүчүр жайып жашыл,
Жаз демине ачылат.
Кыз назик сүйүп калса эгер,
Махабатын жашырат.
Кусаланып жалгыз ойго чөмүп,
Кай бир кезде ирмем жаш төгүп,
Кыздын сыры, кыздын сыры
Жүрөктө катылат.
Кайырма:
Ак сүйүүгө арга жок,
Ашыктыгым артылат.
Эх, андай зор күчкө,
Адам өзү тартылат.
Сен күткөнүм байкабадың, жаным,
Арзып сүйгөн жүрөктү.
Ал кездеги жүрөгүмө сүйүү,
Махабатым түнөттүм.
Сагынычым улам-улам артып,
Карегимде ыйык нур балкып,
Сен деп гана, сен деп гана
Жашаган күн өттү.
Кайырма:
"Чын сүйүү барбы?" десе, жаным,
Сени дайым ойлоймун.
Кимде ким сүйгөн болсо дагы,
Бактылуу деп болжоймун.
Адамдагы кыял өтө күлүк,
Сүйүү шамы өңдүү бир үмүт.
Ыйык мага, ыйык мага,
Өчүрбөй коргоймун.
Кайырма:
Сөзү : Ильгиз Абдалиевдики
Обону : А.Акимовдуку
Ак куудай сулуу аппагым, кериле басканың,
Катар басып жаныңда, жанаша басайын.
Таза, тунук сезимдериң мага арнайсың,
Эркелетип "аппагым" деп, ырыңды ырдайсың.
Кайырма:
Аппагым, ай, аппагым,
Сени издеп тапканмын.
Жүрөктөгү сырымды мен,
Сага айтайын.
Көркөмүң сулуу периштем, чырайың келишкен,
Көз артышып бардыгы, суктанып ээрчишкен.
Сен да мага ашыгып акылга жетесиң,
Сезимдерди ойготкон, ай кандай немесинң?
Кайырма:
|