|
Бардык видеолор:
Бардык аудиолор:
00:03:09
00:04:10
00:03:18
00:03:38
00:03:04
00:03:19
00:03:42
Сөзү : Мырза Садыковдуку
Обону : Мырза Садыковдуку
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Сөзү : Самаган Кочкоровдуку
Обону : Самаган Кочкоровдуку
Сөзү : М.Бостонкуловдуку
Обону : У.Атанбаевдики
Сөзү : Мырза Садыковдуку
Обону : Мырза Садыковдуку
Сөзү : Асан Садыковдуку
Обону : Мырза Садыковдуку
Азыр сен алыстасың, менден узап,
Арадан өтсө дагы канча убак.
Элесиң эстен кетпей туруп алды,
Жүрөгүмө салдың беле,
Салдың беле кандай тузак?
Жазылдың бактысына, таалайына,
Табылдың кандай жандын маңдайына?
Сүйдүрүп жүргөнүңдү сездиң бекен,
Элесиңди тумар кылып,
Тумар кылып, жүрөгүмө.
Сезимди сооротомун, унуткун деп,
А бирок, чындыгында, андай эмес.
Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы,
Жүрөгүмдө жашай берет,
Жашай берет сүйкүм элес.
Өттү күндөр кубалашкан көпөлөк,
Жытын искеп өрөөн толгон гүлдөрдүн.
Өттү баары, ээлеп ордун кусалык,
Ал тарапта жалгыз калдың сен өзүң.
Өттү жаштык өз күчүнө ишенген,
Текеберлик издеп, жалаң чындыкты.
Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,
Сүйүп кеттиң кара тору бир кызды,
Ээрчип кеттиң кара тору бир кызды.
Өрөөн алыс, гүлгө толгон жапжашыл,
Көпөлөктөр учпай калды кышында.
Чачта буурул, токтолгонбуз биз азыр,
Макул болуп турмуш деген ушуга,
Макул болуп тагдыр деген ушуга.
Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,
Сүйүп кеттиң кара тору бир кызды,
Ээрчип кеттиң кара тору бир кызды.
Сөзү : Маматибрагим Бостонкуловдуку
Обону : Маматибрагим Бостонкуловдуку
Мейли тагдыр мага башың ийбегин,
Мейли тагдыр мага жарык тийбегин.
Бул жашоомдо жүрсүн жарык күн тийип, ай,
Медер туткан ата-энеме тийбегин
Мейли, тагдыр өлчө-калча, бийлегин,
Мейли, тагдыр, камыр кылып ийлегин.
Мен өзүңдөн башка нерсе сурабаймын,
Медер туткан балдарыма тийбегин.
Мейли, тагдыр, сыйлыгыңды бербегин,
Байлыгыңды маңдайыма илбегин.
Андан өткөн мага байлык, бакыт жок ай,
Суранарым бир боорума тийбегин,
Бир тууганым, жакыныма тийбегин.
Мейли, тагдыр, айткан тилди албагын,
Бошко согуп, ташка согуп алдагын.
Жашап дайым өчпөс кылып түбөлүк, ай,
Жүрөктөгү сүйүүмө шек салбагын,
Түбөлүктүү доторума тийбегин.
Мен өзүңдөн башка нерсе сурабаймын,
Суранарым ата-энеме тийбегин.
Суранарым балдарыма тийбегин.
Суранарым эл-журтума тийбегин.
Жүрөгүм эмнеге муздаган,
Жүрөгүм эмнеге сыздаган.
Жерден да, айдан да мен сени,
Кызганам, кызганамын, кызганам.
Кайырма:
Бакытымдын байрагы болуп,
Баягыдай жайдары жолук.
Махабаттын майрамы болуп,
Мага жолук, дагы бир жолук.
Жел аргы желп этсе жамынам,
Жалынам теңирге, табынам.
Жалындап от болуп, алоолоп,
Сагынам, сагынамын, сагынам.
Кайырма:
Күнөөсүз кыйналдым бүт өмүр,
Күбө бол бүт достор, бүт элим.
Күтөмүн үзүлбөй үмүтүм,
Күтөмүн, күтөмүн.
Ай жылдыздан бүткөн, ак сүйүүсүн төккөн махабат,
Арзыйт аны күтсөм, азабына түтсөм махабат.
Аптабына күйсөм, алоолонуп сүйсөм,
Жалганы жок жандап, жаныңда мен жүрсөм,
Башка жандан таппас, бакыт ушул ырахат.
Кайырма:
Ай жүзүмө күндө, айым нурун чачкандай,
Ай көрүнүп түндө ашык болуп жаткандай.
Ак сезимдер жайнап, жан дүйнөмө бүлүк салгандай.
Күн жүзүмө күндө күндүн нурун төккөндөй,
Нуру төгүлүп күндүн ак жүзүмдөн өпкөндөй,
Жаным менин күндө жан дүйнөмө жалын төккөндөй.
Ашык болгон көздөр, аруу таза сөздөр арналат,
Арманы жок күндөр, аппак сага түндөр арналат.
Аптабына күйсөм, алоолонуп сүйсөм,
Жалганы жок жандап, жаныңда мен жүрсөм,
Башка жандан таппас, бакыт ушул ырахат.
Кайырма:
|