|
Бардык видеолор:
Бардык аудиолор:
00:03:04
00:04:04
Сөзү : Мыктыбек Жалиевдики
Обону : Мыктыбек Жалиевдики
Сөзү : Н.Жумановдуку
Обону : Н.Жумановдуку
Сөзү : Жумабек Акбаровдуку
Обону : Самат Уланбековдуку
Аба, суудай керек болдуң демиме,
Зар болдум да сендиктеги мээримге.
Бакыт таптым, сүйүү таптым дегиче,
Муңду салып кете бердиң сезимге.
Кайырма:
Биз таанышкан ошол учур эсимде,
Кар учкундап туман баскан кез эле.
Ойлобопмун ал тууралуу ошондо,
Кайгы салып кетээриңди сезимге.
Гүл бак элең сен мен үчүн дайыма,
Кумар канбай калды сенин жытыңа.
Азап, кайгы, муңду жана башкасын,
Айла таппай жазып калдым ырыма.
Аруу болгон кылыгыңды сагынам,
Кундуз элең, кымбат элең баарынан.
Там тум баскан сезимимди ыйлатып,
Тар көчөгө таштап кеттиң таарынам.
Сөзү : Доорон Жолдошев, Элдики
Обону : Доорон Жолдошев, Элдики
Сөзү : Жумабек Акбаровдуку
Обону : Жумабек Акбаровдуку
Жаным, сени сүйүп,
Жүрөгүм жаралынды.
Өзүңдү дайым күтүп,
Сүйүүбүз ыйга айланды.
Жалгызым сени эстеп,
Көзүмдөн жаштар тамат.
Ал кезди азыр эңсеп,
Күндөрүм муңга айланат.
Кайырма:
Кечээги, кечээги күн,
Сыздатпа мени бүтүн.
Кечээги, кечээги түн.
Ыйлатпа мени бүгүн.
Кол кармап бир жүргөндү,
Эңсеймин ал күндөрдү,
Жайнаган жылдыздар бар.
Сагындым ал түндөрдү.
Унутпай койдум сени,
Укугум күтүү деми.
Бир болуп кала албаган,
Бар беле сүйүү кеги.
Күткөнүм болбой калды.
Махабат талкаланды.
Сүйүктүүм болобу деп.
Күткөнмүн ар бир таңды
Сөзү : Капар Момуналиевдики
Обону : Жумабек Акбаровдуку
Күздүн супсак күңүрт баскан таңында,
Келем жалгыз биз жолукчу кайыңга.
Кур кыялдар алып учат сезимге,
Күн элесиң турган өңдүү жанымда.
Баш коё албай өкүмүнө тагдырдын,
Бала сымал дүйнөм ыйлап кыйгырдым.
Башка жанды жандай басып көктөмдө,
Муздак күздө неге кайра кайрылдың.
Кайырма:
Кайра жагынба,
Күтүп сагынба.
Калды сүйүүбүз,
Жаздын таңында.
Кайра жагынба,
Күтүп сагынба.
Калды сүйүүбүз,
Жаздын таңында.
Ырым болбой муңум болуп бүтпөгөн,
Күндөр өтчү сенден күдөр үзбөгөн.
Өзүмдү алдап унутайын дегенде,
Кайра келдиң саргайыңкы күз менен.
Сендик сүйүү запкысынан эзилген,
Нур издейсиң түнгө түшкөн сезимден.
Кечир, гүлүм, өчтү биздин арзуулар,
Сунган колуң кармай албайм эми мен.
Кайырма:
Кайра жагынба,
Күтүп сагынба.
Калды сүйүүбүз,
Жаздын таңында.
Кайра жагынба,
Күтүп сагынба.
Калды сүйүүбүз,
Жаздын таңында.
Сөзү : Капар Момуналиевдики, Ж. Акбаровдуку
Обону : Курманбек Акматовдуку
Мезгилдердин зор түйшүгүн артынып,
Уул-кызыңа сулуулугун калтырып.
Жылытасың эбегейсиз жер жүзүн,
Мээримиңди жаркыраган шам кылып.
Кайырма:
Кубанычтан көккө күүлөйт куш канат,
Күүгө айланып, ырга айланып туш тарап.
Туулган күнүң мына бүгүн апаке,
Куттук айтып, аалам сизге суктанат.
Тийбесин деп татаал тагдыр камчысы,
Өмүрүмө коргон болдуң жай-кышы.
Жан киргизип сыйкырдуу бир күч менен,
Жашоо арнайт ак сүтүңдүн тамчысы.
Сөзү : Капар Момуналиевдики
Обону : Жоодарбешимдики
Байке деген, эркелеген, татына сүйкүм элең,
Жүрөгүмдү элжиреткен, жакшына күлкүң менен.
Мезгил шашып, жыл алмашып, бой жеттиң карындашым,
Түгөйүңдүн бактына, жар болгун мөлтүрөгөн.
Кайырма:
Келин болдуң, барып кондуң, ак сүйүүңдүн багына,
Өзүң улап, турмуш жолун, ак жолугуң салына.
Бактылуу бол карындашым, көздөн жашың тамбасын,
Жашооңорго, Жаратканым, жакшылыгын арнасын.
Кубат бере, ата-энеңе, нур сымал жаркырадың.
Эми жеттиң, эрезеге, гүл кыял шам чырагым.
Кубанып да, муңайып да толкуп турат көңүлдөр.
Ушул ирмем, канат кагып, уядан талпынасың.
Сөзү : Жумабек Акбаровдуку
Обону : Жумабек Акбаровдуку
Сөзү : Жумабек Акбаровдуку
Обону : Жумабек Акбаровдуку
Жабыгып жалгыз калып.
Сагынып ырлар жазып.
Отурам айлуу түндө.
Сени эңсеп кыялданып.
Бактыма жаралганым.
Сагынтпай кел ардагым.
Кусалык зынданына.
Туш болуп камалганмын.
Кайырма:
Сагынамын, сагынамын,
Гүлүм сага жалынамын.
Тартып алчы колуң сунуп,
Сагынычтын торундамын.
Сагынамын, сагынамын,
Гүлүм сага жалынамын,
Сагынамын, сагынамын.
Кайгыга салдың кыйнап,
Сени эңсеп жүрөк сыздап.
Сагыныч дартка айланып,
Күн сайын барат ырбап.
Бактыма жаралганым.
Сагынтпай кел ардагым.
Кусалык зынданына.
Туш болуп камалганмын.
Кайырма:
Сөзү : Жумабек Акбаровдуку
Обону : Жумабек Акбаровдуку
Жаным, сени сүйүп,
Жүрөгүм жаралынды.
Өзүңдү дайым күтүп,
Сүйүүбүз ыйга айланды.
Жалгызым сени эстеп,
Көзүмдөн жаштар тамат.
Ал кезди азыр эңсеп,
Күндөрүм муңга айланат.
Кайырма:
Кечээги, кечээги күн,
Сыздатпа мени бүтүн.
Кечээги, кечээги түн.
Ыйлатпа мени бүгүн.
Кол кармап бир жүргөндү,
Эңсеймин ал күндөрдү,
Жайнаган жылдыздар бар.
Сагындым ал түндөрдү.
Унутпай койдум сени,
Укугум күтүү деми.
Бир болуп кала албаган,
Бар беле сүйүү кеги.
Күткөнүм болбой калды.
Махабат талкаланды.
Сүйүктүүм болобу деп.
Күткөнмүн ар бир таңды
|