|
Марсиана
Бардык видеолор: 1
Бардык аудиолор: 7
00:04:38
Муңкандырып жүзүмдү,
Жылдарым жылып баратат,
Эңсетип жалгыз өзүңдү.
Арман көлүн кечербиз,
Байланып аруу сезимге,
Бакытсыз жандар экенбиз.
Кайырма:
Арманымдын азабын кечтим,
Мендей сага каалабас бакыт эч ким.
Ардагым, сүйө албас мендей эч ким.
Арманымдын азабын кечтим,
Мендей сага каалабас бакыт эч ким.
Ардагым, сүйө албас мендей эч ким.
Сен назик жүрөгүмдү өзүң ыйлаттың,
Сен жүрөгүмдүн дартын ырбаттың, махабатым.
Мен сезимге канат байлап сага учкам,
Мен сени ай-ааламда ыйык туткам, махабатым.
Жүрөгүмө элесиң,
Уялады терең-терең,
Бил, сезимим сени менен.
Арманга сен алдырба,
Айыпсыз жаным кайгырба,
Ансыз да баттым кайгыга.
Кайырма:
Сөзү : Тилек Пирматовдуку
Обону : Тилек Пирматовдуку
Сөзү : Бекмурат Келдибековдуку
Обону : Марсиана Дарманбекованыкы
Сөзү : А.Урбаевдики
Обону : А.Төрөбековдуку
Каректен нуруң төгүлүп,
Кат-каттап санаам бөлүнүп.
Кайгыга салдың, карындаш,
Картайган кезде көрүнүп,
Мен картайган кезде көрүнүп.
Таң кылайып чыгыштан аткан кезде,
Талаа-түзгө күн нурун чачкан кезде.
Мезгил торун тынымсыз токуй жүргөн,
Мээнеткеч күн түнөккө жаткан кезде.
Махабатым сизге арнагам...
Ууртуңдан күлкүң төгүлүп,
Үгүлүп, санаам сөгүлүп.
Убайга салдың, карындаш,
Улгайган кезде көрүнүп,
Мен улгайган кезде көрүнүп.
Бүлдүркөндөр ширесин төккөн кезде,
Бүркүт шаңшып асманга учкан кезде.
Саамайларын сеңселткен ак кайыңдай,
Сагынычтар туш-тушка учкан кезде.
Махабатым сизге арнагам...
Болумуң толгон ай белең?
Болжошуп күтчү жай белең?
Бой тумар сындуу, периштем,
Боз улан кезде кайда элең?
Мен боз улан кезде кайда элең?
Жемиш бактар ширесин төккөн кезде,
Бал аарылар гүлдөргө конгон кезде.
Кусалыктан кубарып ак жүзүбүз,
Арабыздан көп күндөр өткөн кезде.
Махабатым сизге арнагам...
|