|
Джонни
Бардык видеолор: 6
Бардык аудиолор: 10
00:04:22
Мирбек Атабеков, Ырыскелди Осмонкулов, Гүлнур Сатылганова, Нурлан Насип, Темир Назаров, Урмат Усенов, Неля, Анжелика, Кайрат Примбердиев, Ильяз Абдыразаков, Омар, Арсен, Аско, Джонни, Нурсултан Азыкбаев, Ислам Акматов, Бек Исраилов, Жийдеш, Малика Дина, Тынай Алыбаев, Мирбек Атабеков, Мирбек Атабеков, Айбек Замиров, Бактыгүл Бадыева, Чырмаш Төрөбеков, Айымжан, Бегиш, Баястан, Мирбек Атабеков "Бар болгун Элим"
00:05:06
Султан Садыралиев, Бек Исраилов, Гүлжигит Калыков, Гүлнур Сатылганова, Омар, Анжелика, Алтынай Нарбаева, Куралбек Чокоев, Толгонай Арзыкеева, Урмат Усенов, Аваз Акимов, Айганыш Абдиева, Токтобек Асаналиев, Айпери Кубик кызы, Максат Садырбеков, Максат Бегалиев, Нурмат Садыров, Юлия Руцкая, Нурсултан Азыкбаев, Чолпон Талипбек, Аско, Азат Раимбердиев, Кудайберди Айтбосунов, Джонни "Адамга адам керек"
00:03:06
00:03:52
00:03:40
00:02:57
Султан Садыралиев, Бек Исраилов, Гүлжигит Калыков, Гүлнур Сатылганова, Омар, Анжелика, Алтынай Нарбаева, Куралбек Чокоев, Толгонай Арзыкеева, Урмат Усенов, Аваз Акимов, Айганыш Абдиева, Токтобек Асаналиев, Айпери Кубик кызы, Максат Садырбеков, Максат Бегалиев, Нурмат Садыров, Юлия Руцкая, Нурсултан Азыкбаев, Чолпон Талипбек, Аско, Азат Раимбердиев, Кудайберди Айтбосунов, Джонни "Адамга адам керек"
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Султан Садыралиевдики
Бул күндөр да өтүп кетер,
Кыйналган жандардын үнү жетер.
Баркын билбей бул жашоонун,
Жашадык заманда "өзүм" деген.
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурай турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Узак жолду улап келген,
Ар бир таң өзгөчө кубат берген
Канча кыйын күн келсе да,
Адамбыз баарына чыдап келген.
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурай турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Күндөн дагы, суудан дагы
Эң кымбат адамга адам керек.
Сабыр керек сынбай турган,
Жакшы күн бар али, улай турган.
"Чыңалсын",-деп адамзатты,
Сыноолорду Кудай сунган.
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурап турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Адам жөлөк курбусуна,
Себепкер жаркыган турмушуна.
Кыйын күндө бирге өтөт
Таянып "эл" деген уул-кызына,
Ынтымакта жеңе турган
Кайрат бер, сабыр бер Кыргызыма!
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурап турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Сөзү : Жетигендики
Обону : Аско менен Джонниники
Сөзү : Джонниники
Обону : Джонниники
Көчөдө мен баратам,
Кадам таштап досторума жол тартам.
Айлананы карасам,
Жалбырактар чимирилип шамалдан.
Керемет күз айы,
Керилет ансайын,
Сулуулугуна суктанам дайым.
Оюмда ойноду,
Сезимди козгоду,
Ушул ырдап жаткан обонум.
Кайырма:
Жашоо жыргал керемет
Кээ бирөөнө кыйын болуп сезилет.
Бакыт издеп алыска сен барбагын,
Бакыт сенин жаныңда ар дайым.
Жашоо соонун керемет!
Жашоо соонун керемет!
Келгиле досторум,
Бирге көңүл ачып ырдайлы.
Кечебизди улантып,
Кезиккендин барын тарталы бийге.
Керемет күз айы,
Керилет ан сайын,
Шаарыбыздын жарык нурлары,
Оюмда ойноду.
Сезимди козгоду,
Ушул ырдап жаткан обонум.
Кайырма:
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Джонниники
Себелеген терезеден жамгырдай,
Көзүң албай, жолуң карап кайгырмай,
Сагынычта күн кечирип жүрөсүңбү?
Билесиң сүйө, сүйө, сүйө албадым,
Сени менен бирге өмүр сүрө албадым.
Бүтпөгөн өзүм болдум бир арманың,
Бара албадым.
Билесиң сүйө, сүйө, сүйө албадым,
Сени менен бирге өмүр сүрө албадым.
Оттой ысык мамилени кура албадым...
Бош бөлмөдө жүрөк толгон күйүткө,
Эч өчпөгөн ишеничиң үмүттө.
Бирге жүргөн кезди карап сүрөттөрдөн.
Билесиң сүйө, сүйө, сүйө албадым,
Сени менен бирге өмүр сүрө албадым.
Бүтпөгөн өзүм болдум бир арманың,
Бара албадым!
Билесиң сүйө, сүйө, сүйө албадым,
Сени менен бирге өмүр сүрө албадым.
Оттой ысык мамилени кура албадым...
Билесиң сүйө, сүйө, сүйө албадым...
Оттой ысык мамилени кура албадым...
Билемин сүйө, сүйө, сүйө албадың,
Мени менен бирге өмүр сүрө албадың.
Бүтпөгөн өзүң болдуң бир арманым,
Келе албадың. Келе албадың.
Билесиң, сүйө, сүйө, сүйө албадым,
Сени менен бирге өмүр сүрө албадым.
Оттой ысык мамилени кура албадым...
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Джонни менен Бек Исраиловдуку
Мария, эңсегени жүрөктүн,
Дайыма, өзүң болсоң жанымда,
Билбейм неге оюмда?
Мария, ал сүйүүнүн символун,
Дагы да, көргүм келет миң жолу,
Өмүрүмдүн жолунда...
А менин кыялымдан кетпеген,
Асмандай колум сунуп жетпеген.
Ааламды кезип издеп өзүңдү,
Ай, жылдыздардан сурап келем!
Мария, жазылгандай бул күнүм,
Багыма, көргүм келет күнү-түн,
Карааныңды издей берем.
Мария, келем карап багытың,
Жаныма, бирге болуп дабышың,
Өчпөсүнчү сезимдер...
А менин кыялымдан кетпеген,
Асмандай колум сунуп жетпеген.
Ааламды кезип издеп өзүңдү,
Ай, жылдыздардан сурап келем.
Мария, эңсегени жүрөктүн,
Дайыма, өзүң болсоң жанымда,
Бар болуп менин багыма...
Ай, жылдыздардан сурап келем!
Мария...
Сөзү : Джонни менен Айбек Курманбаевдики
Обону : Джонниники
Жарык болуп, жашоомдо жаралдың,
Жаркыным деп, эркелеттим сүйө алдым.
Жаным менин, жаркыраган алтыным,
Жарты кылып кимге, кимге мени кыя алдың?
Мен сени күттүм, күттүм, күттүм, күттүм ай,
Жүрөгүм ооруп турат сага жете албай,
А мен өзүңдү издеп келемин таба албай!
Алоолоп оттой жанып, жанып күйдүм ай,
Неге мен жаным сени мынча сүйдүм ай?
А мен өзүңдү күтүп келемин тажабай!
Жүрөгүм жакындатпай эч кимди,
Жүдөттү го, жүрөгүм аруу сезимди.
Жамгыр болуп, төгүлүп ыйлап келет,
Жабыркаган жүрөгүмдүн тең кесими.
Мен сени күттүм, күттүм, күттүм, күттүм ай,
Жүрөгүм ооруп турат сага жете албай,
А мен өзүңдү издеп келемин таба албай!
Алоолоп оттой жанып, жанып күйдүм ай,
Неге мен жаным сени мынча сүйдүм ай?
А мен өзүңдү күтүп келемин тажабай!
Өзүңдү күттүм, күттүм, күттүм, күттүм ай,
Жүрөгүм ооруп турат сага жете албай,
А мен өзүңдү издей беремин таба албай!
А мен өзүңдү күтүп келемин тажабай!
А мен өзүңдү күтүп келемин тажабай!
Мен өзүңдү күтүп келемин тажабай!
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Айбек Замировдуку
Бир кеч бүтүн өмүр болуп,
Сезилип калды мага.
Биригип кыялда жашасак да,
Ырахат мага.
Бир кубанып кайра-кайрадан,
Бул ойлорума байланам.
Кайырма:
Жай, жай жүрөгүм согуп турат,
Үнүн угат.
Жай, жай күндөрүм жолуктурат,
Жолун курап сунат.
Бир сен, жарык нуруң чексиз,
Ачылбайт көңүл сенсиз .
Бардыгын берсе да,
Сенден башка өмүрүм теңсиз.
Бир кубанып кайра-кайрадан,
Бул ойлорума байланам.
Кайырма:
Өзүңсүз билсең,
Өмүрүм ирмем, ирмем.
Туптунук сезим,
Жүрөктө бир сен, бир сен.
Кайырма:
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Джонниники
Бул айлана нурга айланат,
Сени көргөнүмдө жанга жагып
Көздөрүңдөн, өзгөрүлгөн,
Мен эңсеген таңдар атып.
Желге ойногон чачтарыңдан,
Көрүп кыялдарым алып учкан.
Жазым менин, жалгыз сенсиң,
Менин жүрөгүмдө жашап келген.
Жазым менин, жарык кечим,
Болгум келет сени менен.
Байланамын, тандаганым,
Бул өмүрдүн белегисиң.
Бүт дүйнөмдүн арнайм баарын,
Тунук сүйүү сезимдерин.
Желге ойногон чачтарыңдан,
Көрүп кыялдарым алып учкан.
Жазым менин, жалгыз сенсиң,
Менин жүрөгүмдө жашап келген.
Жазым менин, жарык кечим,
Болгум келет сени менен.
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Ж. Жеңишбековдуку
Бул айлана, нурга айланат,
Сени көргөнүмдө жанга жагып.
Көздөрүңдөн, өзгөрүлгөн,
Мен эңсеген таңдар атып.
Желге ойногон чачтарыңдан,
Көрүп кыялдарым алып учкан.
Жазым менин, жалгыз сенсиң,
Менин жүрөгүмдө жашап келген.
Жазым менин, жарык кечим,
Болгум келет сени менен.
Байланамын, тандаганым,
Бул өмүрдүн белегисиң.
Бут дүйнөмдүн арнайм баарын,
Тунук сүйүү сезимдерин.
Желге ойногон чачтарыңдан,
Көрүп кыялдарым алып учкан.
Жазым менин, жалгыз сенсиң,
Менин жүрөгүмдө жашап келген.
Жазым менин, жарык кечим,
Болгум келет сени менен.
|