|
Кенже Дүйшеева
Бардык видеолор: 14
Бардык аудиолор: 42
00:05:28
00:03:41
00:03:25
00:04:54
00:03:26
00:04:00
00:03:20
Сөзү : Р. Дүйшеевдики
Обону : М. Мамадалиевдики
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Кубаныч Сатаевдики
Сөзү : Рыспай Дуйшеевдики
Обону : Алишер Мамадалиевдики
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Сөзү : Сейит Жээнбаевдики
Обону : З.Тилидзеники
Сөзү : Ибрагим Жунусовдуку
Обону : Ибрагим Жунусовдуку
Сөзү : Совет Урмамбетовдуку
Обону : Шеркул Дүйшөналиевдики
Көктөгү айсың, бүтпөгөн ойсуң,
Кайдасың, жаным, неге сен көрүнбөйсүң?
Сени издеди бул жүрөк,
Кайда жүрдүң, менин асыл сүйгөнүм?
Кайырма:
Сени, сагындым, сени,
Сыздады жүрөк.
Жанымдын эми,
Сагындым сени.
Ичимде муңдуу, сүйөсүң кимди?
Бакытым менин, тилеймин амандыгыңды.
Бар жакшыны сен деймин,
Сенден башка эч кимди мен көрбөймүн.
Кайырма:
Сөзү : С. Жээнбаевдики
Обону : Жамил Карабалаевдики
Ош шаарым оргуштаган Ак-Буураңды,
Жээгинде мен отурамын.
Сагынып келдим сага, билесиңби?
Көчөңдө калган жаштык, издеримди.
Кайырма:
Ош шаарым жаштыгым сен,
Жүрөккө жалын берген.
Ош шаарым сагындым мен,
Жаным биргем.
Ош шаарым кылымдарга кучак жайгын,
Көбөйүп, өнүп-өссүн урпактарың.
Чеп тура берсин түбөлүккө,
Ыйык тоо көк мелжиген Сулайман тооң.
Кайырма:
Сөзү : И.Абдыразаковдуку
Обону : И.Абдыразаковдуку
Айдай шоола чачкан,
Күткөн сүйүүм сенсиң.
Жазган ырым болсоң
Жалгыз өзүң теңсиң
Желдей учуп өткөн,
Кыялдарга баттым,
Көздөрүңдү күлгөн,
Ал жүзүңдөн өпсөм.
Кайырма:
Маңдайыма жазган,
Махабатты таптым.
Мээрим төгүп турган,
Менин ушул бактым.
Тандап сүйүү таптым,
Балдай ширин бактым.
Тагдыр ушул жазган,
Бактым менин, бактым.
Сен жылдызды коштоп,
Таңды тосуп жүрсөң.
Саамайымда сылап,
Тандап гүлдөн берсең.
Тамчылаган көктөн,
Жамгыр болуп өтсөң.
Алтын, күмүш сүйкүм,
Ак жүзүмдөн өпсөң.
Сөзү : Ж.Турсунбаевдики
Обону : И.Сатаровдуку
Сөзү : Кенже Дүйшееваныкы
Обону : Кенже Дүйшееваныкы
Сөзү : Нуркан Койчуманованыкы
Обону : Кенже Дүйшееваныкы
Башка түшсө жалгыз тура ар адам,
Жакшы, жаман каптап өтүп арадан.
Кечеки эле адамдардын көбү жок,
Абалымды бир кайрылып сураган.
Кайырма:
Аллах, Аллахымдын сыноосуна макулмун,
Аллах, ак-караны ылгап алдым, тазардым.
Аллах, мезгил өтүп, оомат кайра келгенде,
Адамдардын ким экенин биле алдым.
Күтүүсүздөн, аска болдум ураган,
Чынар болдум көчкү тийип кулаган.
Сыр бөлүшкөн жакындарым көп эле,
Табылбады көңүлүмдү улаган.
Аллах, Аллахымдын сыноосуна макулмун,
Аллах, ак-караны ылгап алдым, тазардым.
Аллах, мезгил өтүп, оомат кайра келгенде,
Кимдин ким экенин биле алдым.
Тоо суусундай берекеси агылган,
Суусун элим чаңкаганда табылган.
Тамчы сууга зар болгондо көрүнбөйт,
Дос дегенде ооруп турат кабыргам.
Аллах, Аллахымдын сыноосуна макулмун,
Аллах, ак-караны ылгап алдым, тазардым.
Аллах, мезгил өтүп, оомат кайра келгенде,
Пенделердин, пенде экенин биле алдым.
Досторумдун ким экенин биле алдым.
Сөзү : Махаматурайым Дүйшеевдики
Обону : Махаматурайым Дүйшеевдики
Балалыгым, айланайын, келдим сага,
Жүрөгүм толуп-ташып кусалыкка.
Сен жоксуң, мени таштап кеткен белең,
Эч ким билбес балалыктын асманына.
Балалыгым, балалыгым,
Сени издеп таба аламбы?
Сен жоксуң мени таштап кеткен белең,
Эч ким билбес балалыктын асманына.
Балалыгым, айланайын, келдим сага,
Жүрөгүм дегдеп турчу сени гана.
Сени издейм, мени таштап кеткен белең,
Эч ким туйбас балалыктын жомогуна.
Балалыгым, балалыгым,
Сени издеп таба аламбы?
Сен жоксуң, мени таштап кеткен белең,
Эч ким туйбас балалыктын жомогуна.
Балалыгым, айланайын, келдим сага,
Жүрөмүн сени эстеп сагынычта.
Кездешүү эми болбойт жашообузда,
Суранамын, кайрылып кел балдарыма.
Балалыгым, балалыгым,
Сени эстеп сагынармын.
Кездешүү эми болбойт жашообузда,
Суранамын, кайрылып кел балдарыма.
Сөзү : К.Курбантаевдики
Обону : К.Курбантаевдики
Кечинде келемин сага,
Жылдыздарды аралап.
Сен үчүн гүлдөрдөн эмес,
Жылдыздардан букет жасап.
Жанып турган жалгыз айга,
Жалынамын адатымча.
Көрбөй калып сумсайбайын,
Сен жылмайганда, сен жылмайганда...
Кайырма:
Билесиңби сенин көзүңдө,
Сыйкырдуу күч бардай өзүнчө.
Бир кадам да алыс бастырбай,
Тартат өзүнө, тартат өзүнө.
Кечинде келемин сага,
Кумарланып махабатка.
Себелеген жазгы жамгыр,
Жашынабыз ак кайыңга.
Тартып алдым кучагыма,
Аяп сени ак жамгырдан.
Аруу сезим арабызды,
Жакындатканда, жакындатканда...
Кайырма:
Махабатым туптунук, таза сезим, ак сезим,
Жүрөгүмдө жалын бар, аппак сүйүүм - бал ширин.
Мен өзүмчө кубанып, бактылуумун чеги жок,
Көңүлүмдө адам бар, жаманы жок, жалган жок.
Кайырма:
Суранарым, Жаратканым,
Бакытымдан айрыба, байлыгым - багым.
Болбос арман, муздак жалган,
Махабатка түбөлүк мас болуп калсам.
Суранарым, Жаратканым,
Бакытымдан айрыба, байлыгым - багым.
Болбос арман, муздак жалган,
Махабатка түбөлүк магдырап калсам.
Жайып сага кучагым, кыялымда күн болом,
Күндө сүйүп жүзүңдөн, ай кучактап түн болом.
Жан адамга айтпаган жүрөгүмдө сырым бар,
Сөздөн араң кураган махабаттан ырым бар.
Кайырма:
Сенин жарык жүзүңө кумарланам ар дайым,
Жан эргиткен сөзүңө жадырасын маанайым.
Сен жүргөндө жанымда сыр айтып чечилемин,
Келчи бүгүн жаныма, бардыгын кечиремин.
Кайырма:
Кел, арманым менин,
Кел, ардагым менин.
Кел, алтыным менин,
Келчи жаныма.
Кел, арманым менин,
Кел, ардагым менин.
Кел, алтыным менин,
Келчи, кел мага.
Балдай ширин сөзүңө үмүтүмдү жалгаймын,
Үлбүрөгөн жибектей көңүлүңдү табайын.
Катуу айтсам кечиргин, аруулансын тилегим,
Керек болсо ал, мына сага тартуу жүрөгүм.
Кайырма:
Сенин жарык жүзүңө кумарланам ар дайым,
Жан эргиткен сөзүңө жадырасын маанайым.
Сен жүргөндө жанымда сыр айтып чечилемин,
Келчи, келчи сен мага, бардыгын кечиремин.
Кайырма:
|