|
КЫЗ - БУРАК тобу
Бардык видеолор: 16
Бардык аудиолор: 94
00:03:14
00:02:53
00:03:46
00:03:57
00:04:41
00:03:13
00:03:51
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Бир көрүп жактырдым, жамалың азгырды,
Самап сени, арбады мени.
Жүрөгүм ыйлады, жан дүйнөм сыздады,
Сезчи мени, сагынамын сени.
Өзүңдү сүйөмүн, бир сенде жүрөгүм,
Махабат оту жанса.
Сүйүүнүн желегин, бир сага беремин,
Суранам бекем карма, жалгыз калтырба.
Кайырма:
Сезимим сага, махабатыңды арна сен,
Ойлорум, кыялым, ашыгым сен.
Сүйүүгө жанам, сага ыр сунуп барам мен,
Жашоомо бак берген асылымсың.
Унутпай эстеймин, оюмдан кетпейсиң,
Үмүт бердиң, менден бакыт сездиң.
Бир болуп түбөлүк, жанаша жүрөлүк,
Жаным дечи, кабыл алчы мени.
Өзүңдү сүйөмүн, бир сенде жүрөгүм,
Махабат оту жанса.
Сүйүүнүн желегин, бир сага беремин,
Суранам бекем карма, жалгыз калтырба.
Кайырма:
Сөзү : К. Урманбетовдуку
Обону : Х. Азиреткуловдуку
Айланчыктап сени көргөн кезимден,
Ай-жылдызды карачумун көзүңдөн.
Ал ансайын ала качып карегиң,
Атаганат ошондогу көз ирмем.
Кайырма:
Жылдар өтөт, жылдыз өчөт
Жаштык өтөт, жалын өчөт,
Жалгыз гана, сен өчпөйсүң сезимден.
Эгер эркем чыгарбасаң эсиңден,
Эреркегем эргүү алып өзүңдөн.
Элесимде элесиңе эркелеп,
Эми минтип эт жүрөгүм эзилген.
Кайырма:
Болочоктун бак-таалайы сезилген,
Бото көзүм бой эргиткен сөзүңдөн.
Боздогонум билсе билер бир гана,
Ботосунан ажыраган боз инген
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Сайкал Садыбакасованыкы
Сөзү : Г.Садыбакасованыкы
Обону : Г.Садыбакасованыкы
Күндөрдүн биринде чочуп, тайсалдап,
Биз окуган класска кирди практикант
Топ кыздар чурулдап, азил сөз чубап,
Кызартып агайды, ар нерсе сурайт.
Кайырма:
Эх, практикант агай чууну салдыңыз,
Кыздардын жүрөгүн ээлеп алдыңыз.
Эх, практикант агай чууну салдыңыз,
Кыздардын жүрөгүн ээлеп алдыңыз.
Төртпү же беш жашпы бизден улуураак,
Сүрдөнүп сөзүнөн улам адашат.
Ансайын шок кыздар сүйгөнүн сурап,
Агайдын шаштысын кетирген убак.
Кайырма:
Жагымдуу сөздөрү, назик күлкүсү,
Дүрбөтүп сезимге салды бүлүктү.
Кыздарды кызганып, балдар күйүктү,
Агайга тийишип араң жүрүштү.
Сөзү : Г.Садыбакасованыкы
Обону : Г.Садыбакасованыкы
Арзыган тилегимди,
Арнаган жүрөгүмдү.
Бир жигит сезбей кетти,
Мен аны сүйөрүмдү.
Акмалап күнү-түнү,
Азгырып үмүтүмдү
Алдымдан тосуп улам,
Бир жигит сүйүп жүрдү.
Кайырма:
Кош сүйүү сабаладың,
Жүрөктү жараладың.
Бирине карабадың,
Бирине жете албадым.
Махабат бооруң ташпы,
Агыздың көздөн жашты.
Бактымды кармай албай,
Сүйүүдөн көңүл калды.
Бийик кармап өзүмдү,
Боло албадым өтүмдүү.
Санаасы көп махабат,
Алам сенден өчүмдү.
Кайырма:
Сөзү : Азада Бегимкулова
Обону : Гүлшайыр Садыбакасова
Сизге сыйым, сизге урматым,
Үмүтүм да сизде, кымбатым.
Жан адамга айтпас сырымды,
Сизге ыраа көрүп ырдадым.
Кайырма:
Сизге арнадым ушул түнүмдү,
Түнүм эмес, күндүз күнүмдү.
Тагдырымдын буйругу экен,
Сизге багыштадым сүйүүмдү.
Табыштадым сизге баарысын,
Сиз таптыңыз жүрөк дарысын.
Сизге буйруп менин бактымды,
Сөздөрүмдүн кызыр дарысын.
Кайырма:
Ачуу белең, жашоо чындыгы?
Сабырымды сезим кыйдыбы?
Экиленбей эркимди бердим,
Ашыктыгым мажбур кылдыбы?
Кайырма:
Сөзү : Муса Жангазиевдики
Обону : Абдыманап Нышановдуку
Сабалып, сабалып, гүлкайырдай агарып,
Чебердин колунан ак калпагым жаралып.
Сабалып, сабалып, гүлкайырдай агарып, ачылган,
Чебердин колунан ак калпагым жаралып.
Кайырма:
Ак калпагы кыргыздын,
Жарчысы бол достуктун.
Ак калпагы кыргыздын,
Элчиси бол тынчтыктын.
Калпагы калкымдын ыйык болот жанынан,
Дүйнөгө кыргыз деп ак калпактан таанылам.
Калпагы калкымдын ыйык болот жанынан, баарынан,
Дүйнөгө кыргыз деп ак калпактан таанылам.
Кайырма:
Күтүү деген азаптуу кандай,
Караймын сенин жолуңду талбай.
Келсең боло күттүрбөй, жаным,
Келсеңчи сен, кайгыга мени салбай.
Кайырма:
Жүрөктө жашайсың,
Түбөлүккө сүйөм сени мен, жаным.
Бал сүйүүмдү сездиңби,
Алдабачы сезимди, махабатым өзүңө арнадым.
Күтүп сени жадабайм, жаным,
Жүрөгүм менин от менен жалын.
Келсең боло күттүрбөй мени,
Арнап сен койчу бакыттын аппак таңын.
Кайырма:
Жүрөктө жашайсың,
Түбөлүккө сүйөм сени мен, жаным.
Бал сүйүүмдү сездиңби,
Алдабачы сезимди, махабатым өзүңө арнадым.
Сөзү : А.Кайназаровдуку
Обону : Г.Садыбакасованыкы
Аял дебе, аялдын бил түйшүгүн,
Балдарым деп тынбай чапкан күн-түнүн.
Түндүк болсо биздин жашоо илинген,
Аял анын тиреп турган түркүгү.
Кайырма:
Аял – жазсың, аял – күзсүң,
Аял – жайсың, аял – гүлсүң.
Аял дебе, аял – эне,
Дүйнөдө теңдешсиз асыл жансың.
Аял дебе, аялдын бил кадырын,
Аял тартат азабыңдын жарымын.
Ырыскысын балдарына таратып,
Ызатына жеткилечи аялдын.
Кайырма:
Аял дебе, кылбай аялга кыянат,
Акыл калчап чыгаралык тыянак.
Арабызда аялзаты түгөнсө,
Ошол күнү башталат го кыямат.
Кайырма:
Обону : Тарас Асанакуновдуку
Айдын, көлдүн ак куусундай түшкө киргенсиң,
Жан дүйнөмдүн жалгыз сырын өзүң билгенсиң.
Обон сымал жүрөккө жагылып,
Тумар болуп таңда тагылып,
Бир өзүңдү самап, бир өзүңдү самап мен сүйгөнмүн.
Кайырма:
Таңдагы берметим,
Кол сунуп жетпедим,
Ак куу белең, айперим?
Көлдүн жээгин бойлоп өзүм жалгыз келемин,
Толкундардан издеп улам сүйүү дарегин.
Чолпон болуп жүрөккө жагылып,
Ак куу консо көлгө кайрылып,
Көз жашыма толот, көз жашыма толот карегим.
Кайырма:
Тунук сүйүү, өмүрдө сен ак куу белемсиң?
Издеп жүргөн ай-ааламдан ыйык түнөгүм.
Арман күчөп өмүргө камыгып,
Сени күтүп таңда зарыгып
Бир өзүңдү самайт, бир өзүңдү самайт жүрөгүм.
Кайырма:
Айылды бүгүн эскердим,
Ак шамдар жанган кечтерин.
Апакем уй саап короодо,
Адырдан ойноп кеч келдим.
Кайырма:
Апакем кайда? Мен кайда?
Адырлуу, жашыл төр кайда?
Убакыт өтпөй табышмак,
Уктабайм түндө далайга
Жоругу тентек балдарбыз,
Жоогазын терип алганбыз.
Жок дүйнө менен алышып,
Жомокто жашап калганбыз.
Кайырма
Айылды бүгүн эскердим,
Ак шамдар жанган кечтерин.
Апакем уй саап короодо,
Адырдан ойноп кеч келдим.
Кайырма
Баарын сага багыштадым, багыштадым калтырбай
Бардык сырым сыртка чыгып, сыртка чыгып катылбай.
Бул дүйнөнүн бүт жыргалын, бүт жыргалын сен алгын,
Бир угуп кой мен байкушту, мен байкушту зар кылбай.
Кайырма:
Сен ал жаным мен жыргоочу күндөрдү
Сен ал жаным мага арналган гүлдөрдү
Сен ич жаным сыйкыр суусун мүрөктүн
Сага берем ырахаттуу түндөрдү
Алгын баарын баарын алгын, баарын алгын калтырбай,
Сага арналат бүт байлыгым, бүт байлыгым катылбай.
Калсаң болду жалгыз өзүң, жалгыз өзүң мен үчүн,
Көздөрүңдү кирпигиңе, кирпигиңе жашырбай.
Кайырма:
Кайдай, кайда бактылуу күндөр кайда Кайда, кайда биз күткөн күндөр кайда
"Армансыз жашоо болбойт бул жалганда",
Деп айткан сөзүн эстейм акылмандын.
Оо, кайран жаштык күндөр өтүп жатат,
Кантейин мен жете албадым, армандамын.
Кайырма:
Оо, жаштык күн кайда,
Биз өткөргөн түн кайда?
Махабатка кумар канбай,
Биз сунушкан гүл кайда?
Тоо жаңырта обон созгон,
Мага тааныш үн кайда?
Кайда-кайда, гүл кайда?
Мага тааныш үн кайда?
Тоо жаңырта обон созгон,
Мага тааныш үн кайда?
Күйдүрүп күндөн-күнгө ачыласың,
Жомоктогу пери сымал азгырасың.
Өзүңсүз кайра күндөр өтүп жатат,
А мен арман дайрасында агыламын.
Кайырма:
Жүрчү, жаным, кетеличи тээ алыска,
Колду шилтеп, ушак сөз, кур намыска.
Эң бактылуу күндөр, балким, алдыдадыр,
Жетеличи бизди күткөн чоң бакытка.
Кайырма:
|