|
Аида Кулуева
Бардык видеолор: 6
Бардык аудиолор: 15
00:04:11
00:03:26
00:02:58
00:03:37
00:03:06
00:06:02
Сөзү : Мидин Алыбаевдики
Обону : Элдики
Береке! Байлыкка мол Ата Мекен.
Жүрөккө барлыгынан жакын экен.
Тянь-Шань! Деген бир сөз ойго түшсө,
Мээ сергип, медер кылып толкуп кетем.
Тянь-Шань, жылдызыңдан жагылат шам,
Болбостур сөөлөтүңдү сүйбөгөн жан,
Өсө бер,өркүндөй бер, таалайың бар,
Сталин көркүн ачкан кең Тияншан!
Жеримдин суусу–дары, таштары–алтын,
Жыргалда, эркиндикте жашайт калкым.
Таалайга тандап туруп жаралгансып,
Тянь-шань кышта жылуу, жайда салкын.
Мөңкүшүп мол кашка суу өзөн сайын,
Кулакка симфония берет дайым.
Бейкутка, берекеге белги болуп,
Термелет тентек желге арча-кайың.
Жай-кышы бел кырчоодон чөпкө калың,
Кең Жумгал, Кара Кочкор, Аксай, Нарын
Кой маарап, бээ кишенеп ар өзөндө,
Бай элим күтүрөтүп айдайт малын.
Тянь-Шань! Деген бир сөз ойго түшсө,
Мээ сергип, медер кылып толкуп кетем.
Сөзү : Гүлсайра Момунованыкы
Обону : Жанышбек Кочкоровдуку
Сагынып сен келгенде, мен да келем,
Негедир уяң тартат менин денем.
Жалт карай албасам да жамалыңды,
Көзүмдүн кыйыгынан карай берем.
Карай берем, карай берем,
Көзүмдүн кыйыгынан карай берем.
Сени ойлоп отурганда ой да терең,
Телефон “шыңгыр” этет жүрөк эзген.
Алтыным, сен экен деп ала койсом,
Арман ай, ал адашкан адам экен.
Башка экен, бөлөк экен,
Аттиң ай, ал адашкан адам экен.
Негедир сени эстеп самай берем,
Издесем мен изиңди табаар белем
Сен баскан көчөлөрдү мен аралап
Элесиң жүргөнсүйт мени менен.
Карай берем, карай берем,
Көзүмдүн кыйыгынан карай берем...
Асманда жалгыз айга, сыр айтамын мен кайра-кайра,
Жолукту сырдуу жигит, сырдуу жигит садагам менин.
Жылдызы жамалым, жалындайт сезимим сага,
Табылкыс махабат, бакытыма.
Кайырма:
Карагат көзүңдү,
Караймын өзүңдү сырдуу жигит.
Бал ширин сөзүмдү, арнайын өзүңө,
Сырдуу жигит жаным, садагам.
Балкыган Ысык-Көлгө кайрыламын мен кайра-кайра,
Кабылып мен сүйүүгө кантем эми жаным, жалгызым.
Сүйкүмдүү айдай жүзүм, сүрдөнүп келем дайым өзүңдөн,
Ардагым, асылым таалайым ай.
Кайырма:
Сагынычым улам сага артылып,
Эңсеп келем, чексиз сүйүү артынып.
Алыс жүрсөм аппак тоолор элестейт,
Көз алдымда сен турасың тартылып.
Тунук булак кыз күлкүсү угулат,
Жашоо өмүр бир өзүңдөн куюлат.
Бүт мейкиндик жашыл килем жамынып,
Элим бүгүн гүлдөп-өсүп баратат.
Кайырма:
Асманда нурлар чачырап,
Мөл булак тоодон ашыгат.
Ажайып кооздук биз жакта, кооздук биз жакта,
Ата Журтум, Ата Журтум,
Ата Журтум гүлдө ар убак.
Таазим этем бир өзүңө баш уруп,
Ата Журтум алтын бешик, аты улуу
Салкын аба, атыр желдин жыты аңкыйт
Сенде баары сөз жетпеген сулуулук.
Кайырма:
Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Эрмек Мамбетов жана Мирлан Ниязалиевдики
Кыялда кымбатым бар аздектеген,
Кышы жай кучагынан жаз кетпеген,
Бар болсоң жер бетинде сен чындап эле,
Бактыма жолугамын албетте мен.
Өмүрдө жарык болуп таралгыдай,
Көңүлдө алтын күндөй жаралдың ай,
Булутка жашынбастан көрүнчү бир,
Бул дүйнө сүйүүсү жок караңгыдай.
Кайырма:
Сүйүүм бол жазды алып келген,
Шыбырап жашыл бариктерден,
Күнүм бол мага жарык берген,
Жалынга толсун жүрөк,
Жанар тоо болсун жүрөк жанып сенден.
Кыздарга кыйын экен уяң болгон,
Кымбатын арбай албай убал болгон,
Кыйналбай айткым келет сүйөмүн деп,
Кыялым калбас үчүн кыял бойдон.
Кайырма:
Күтүп сени жатам
Эми качан
Деги качан кезигем...
Айылдан мен көңүлдүү келсем,
Муздак бир кабар угуздуң неге?
Жактырган жаным көз жумуп кетти,
Ач ажал, неге таш боорсуң неге,
Сен таш боорсуң неге?
Кайырма
Сүйгөнүм менин, кайдасың эми?
Жалгыздык чөлгө таштадың мени.
Кантемин мен, кантем, кантемин?
Муздак бир жерден келбейсиң эми
Сен келбейсиң эми.
Жүзүңдөн сенин көрөмүн мен деп,
Ашыгып келдим жүрөгүм дегдеп.
Айтылбай сырлар калды го ичте,
Жүрөгүм менин ыйлайт го сен деп,
Сыздайт го сен деп.
Сөзү : У.Усеновдуку
Обону : Б.Азимовдуку
Жалгыздыктан жаным тынбай,
Жүрөгүмдүн ыйын тыңдай.
Жандап алчы канатыңа,
Жадап бүткөн чырсыз чыдай.
Кайырма:
Учкум келет улуу таңга,
Улутуна жарык нурларга.
Калгым келбейт караңгыда,
Камалган жүрөгүм кайра.
Бир өзүңсүз дүйнө мага,
Жалган жалаа агып кайра.
Адашканмын ардагымдан,
Арбап-алдап күйбө мага.
Сөзү : Бурулкан Карагулованыкы
Обону : С. Искеналиевдики
Кайырма:
Сагындым сени, сагындым,
Сагынсам билбей калдыңбы?
Сагынуу деген толкунга,
Байкабай түртүп салдыңбы?
Сагындым сени, сагындым,
Сагынган үнүм жетпейби?
Саргайтып жүрө бергендей,
Сагынычым уруп кетпейби?
Күттүрдүң мени, күттүрдүң,
Күткөнүм билбей жүрдүңбү?
Бейкапар жүргөн кезимде
Күйүттү башка үйдүңбү?
Сүйдүрдүң мени, сүйдүрдүң,
Сүйүүмдү билбей жүрдүңбү?
Сезимдин сезбей аруусун,
Сыртыңды салып күлдүңбү?
Сөзү : Г.Абдылдаеваныкы
Обону : А.Чикеевдики
Алсырап, жаным кейип турган кезде,
Опол тоо, жөлөк болуп койбойсуңбу?
Билбедим же байкабай жүрөсүңбү?
Же мени оорубайт деп ойлойсуңбу?
Муңканып муунум бошоп турган кезде,
Күн болуп, кабакты ачып койбойсуңбу?
Билбедим же байкабай жүрөсүңбү?
Же мени кейибейт деп ойлойсуңбу?
Сезимдер толкуп-ташып турган кезде,
Сен мага жылуу сүйлөп койбойсуңбу?
Байкабай же түшүнбөй жүрөсүңбү?
Же мени сүйө албайт деп ойлойсуңбу?
Сөзү : Тилек Каниметовдуку
Обону : Тилек Каниметовдуку
Саймалап жазам канча ырды,
Сагынычтан жүрөк жанчылды.
Сен жөнүндө ойлорумду,
Чогултуп бүтө албай.
Билгизбей көпкө дайыныңды,
Көбөйттүң ичте сен кайгымды.
Сага арнаган ырларымды,
Айтып бүтө албай.
Кайырма
Алтыным, алтыным,
Жан дүйнөмдүн чырагысың.
Ашыкмын, ашыкмын сага,
Алтыным, алтыным.
Жалынтпачы суранарым,
Сүйүү оту болчу мага.
Эстеген сайын ичим күйүп,
Калдым экен неге мен сүйүп?
Жалын чачкан жамалыңды,
Өпкөнсүйм түшүмдө.
Жымыңдаган жылдыздар жанды,
Карачы, жайнаган асманды.
Алып учат экөөбүздү,
Бейиштин төрүндө.
Сапарым жазгы жолдо, жазгы жолдо
Сарысеп салып келем оңго солго
Көркөмдүү көргөзмөсүн көрсүн дейби
Күн нуру шоолаланды кыраң жолдо
Асманга анан жерде нур таралат
Аз-аздап шык ойгонуп ыр жаралат
Эңилип жаман гүлдөр өөп кетпейби
Эртелеп бара жатсам бак аралап
Мактасаң сулуулукту жазда макта
Жашыл түс кырда, түздө, дүйүм бакта
Жамалың жамгыр чайкап эртели кеч
Таштар да өңүн ачат ушул чакта
Булбулдар көрүшкөнсүп теңи менен
Безилдеп үн алышат сени менен
Жабыркап жылуулуктан жадап турсаң
Жел аргый желпип өтөт жеңи менен
Төшөлөт чөп килемдей бут алдына
Жайылат нур жибектей кош далыма
Көпөлөк көлөкөмдөн боюн тартат
Келгенсийт кебирсинген кыш жанына
|