|
Сема
Бардык видеолор: 3
Бардык аудиолор: 17
00:03:46
00:04:20
00:03:32
È inutile suonare qui non vi aprirà nessuno
il mondo l'abbiam chiuso fuori con il suo casino
una bugia coi tuoi
il frigo pieno e poi
un calcio alla tv
solo io, solo tu.
È inutile chiamare non risponderà nessuno
il telefono è volato fuori giù dal quarto piano
era importante sai pensare un poco a noi
non stiamo insieme mai
ora sì: ora qui.
Soli la pelle come un vestito
Soli mangiando un panino in due, io e te
Soli le briciole nel letto
Soli ma stretti un po' di più solo io, solo tu.
Il mondo dietro ai vetri sembra un film senza sonoro
e il tuo pudore amando rende il corpo tuo più vero
sei bella quando vuoi
bambina, donna e poi
non mi deludi mai
è così che mi vai.
Soli
lasciando la luce accesa
Soli
ma guarda nel cuore chi c'è:
io e te
Soli
col tempo che si è fermato
Soli
però finalmente noi
Solo noi, solo noi.
È inutile suonare qui non vi aprirà nessuno
il mondo l'abbiam chiuso fuori con il suo casino
una bugia coi tuoi
il frigo pieno e poi
un calcio alla tv
solo io, solo tu.
Кыздар неге мынча назик болушат,
Беттерине атыр, упа коюшат
Көргөн жерде жигиттерге көз салып,
Жүрөктөргө чок салышып коюшат.
Кайырма:
Оой, кыздар
Мынча назик, мынча сулуу болушат
Сүрдөнүшүп болоор-болбос сөз үчүн
Жигиттерди неге мынча кыйнашат.
Кыздар неге мынча наздуу болушат,
Каштарына кара калем коюшат.
Эгер жигит сүйөмүн деп сөз айтса,
Көпөлөктөй көтөрүлүп коюшат
Кайырма:
Кыздар неге мынча наздуу болушат,
Каштарына кара калем коюшат.
Эгер жигит сүйөмүн деп сөз айтса,
Кылыктанып жылмайышып коюшат
Сезимибиз болсун жанган жылдыздай,
Өчпөй жанып жалындасын дайыма
Улуу тоодой бийик болуп махабат,
Жүрөлүчү бирге жаным айрылбай.
Кайырма:
Сүйүү жарык, сүйүү бакыт
Сезимимди жашарткан сүйүү жомок, жүрөгүмдө
Жан дүйнөмдү тазарткан
Жаштык кездер өтөөр кетээр билинбей,
Жакшы сезим мага калат сезилбей.
Кайгырбайлы түгөнбөсүн тирүүлүк
Күн бүткөнчө жүрөлүчү бөлүнбөй
Кайырма:
Айдай сулуу айымдар,
Агын болуп бул ырлар,
Силер үчүн, айымдар.
Чырай жүздүү айымдар,
Силер жашоо жалыны,
Чексиз күчүң, айымдар.
Жадыраган жан дүйнөм,
От чачат чексиз.
Нуруң төгүп жүзүңөн,
Баркың кол жеткис.
Кайырма:
Аяна - айымдардын эң назик периси,
Аяна - бакыттын белгиси.
Аяна - жадыраган менин жан садагам,
Аяна, берекем, Аяна.
Толкун жашоо шарында,
Таазим кылам айымга,
Таң булбулу - айымдар.
Эне болуп балага,
Дары болуп жарага,
Аман болсун айымдар.
Балбылдаган көздөрүң,
Жымыңдап сулуу.
Бал жыттанган сөздөрүң, Баарынан улуу.
Кайырма:
Баёо сезим артта калып,
Балалыктан өттүкпү.
Жан дүйнөмдүн аруу, таза,
Табышмагын төктүкпү.
Ар бир кадам алга карай,
Суроо менен ташталат.
Мындан ары бизде дагы,
Ойлончу кез башталат.
Кайырма:
Күч берчи, кубат бер,
Кубандырып турайын.
Кубалашып кумар менен,
Куттуу үйүн курайын.
Ак берчи, акыл бер,
Адал такка коноюн,
Ата-энемдин ак эмгегин,
Актагандай болоюн.
Өкүнбөймүн, өтүнбөймүн
Кайра тартып бергениң.
Себеп ошол сен да, мен да
Эрезеге келгенмин.
Теңир тиреп, тилек берсе,
Тик аскага асылбай
Акырында бакыт багын,
Багбан жандай асырай
Кайырма:
Турмуш жолу туйласаң да,
Тумарыңдан тарттырбай.
Туткун болбой туу курса да
Сураганың алдырбай.
Актык менен, адал менен,
Алга карай умтулсам,
Алла Таала арнагандан,
Кур кол дайым калтырбай
Кайырма:
Сөзү : Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону : Түрк элиники
Жылдыздын жүрөгү жагалданат баарына,
Байланып сүйүүнүн жаркыраган шамына.
Жалындуу өмүрдүн саналуу бул күнүндө,
Ырдасам, жылмайсам карабагын таарына.
Кызганба, кызганба,
Ишен, мен сендикмин.
Түшүнгүн жашоосун,
Жүрөктөгү кесиптин.
Кайырма:
Таарынбачы, сен, таарынба,
Кызганыч гүлүн тагынба.
Жайдары күлүп сен жүрөктүн,
Жылдызы сен тагында.
Жылуу сөз арнасам, жагалданган кыздарга,
Кыюу көз мага салып суранамын, кызганба.
Баары бир сендикмин, нуру жанган жалгызым,
Калтырба жүрөктү, сүйүүдөгү ызгаарга.
Кызганба, кызганба,
Сени сүйөт жүрөгүм.
Кызганба, кызганба,
Айдай сулуу чүрөгүм.
Сөзү : З.Казакбаевдики
Обону : Семаныкы
Айга, күнгө тең келесиң,
Бейиш төрү сен белемсиң?
Жада калса ташың алтын,
Элим бай менин.
Касиеттүү кыргыз жерим,
Суктандырган дүйнө элин.
Табияты таң калдырган,
Элим бай менин.
Эл тилегин орундаттың,
Эгемендик жолундасың,
Ыраазымын сага, Жаратканым.
Кайырма:
Берекем, Байэл,
Көзүмдүн карегисиң, Байэл.
Байэл, жашаган дарегимсиң,
Байэл, данегимсиң...
Ажайып бир таңымдайсың,
Өңүмдө да, түшүмдөсүң.
Анан кантип сагынбайсың?
Элим бай менин.
Жанымдасың, канымдасың,
Келечегим, тилегимсиң.
Ишенерим, тирегимсиң,
Элим бай менин.
Эл тилегин орундаттың,
Эгемендик жолундасың,
Ыраазымын сага, Жаратканым.
Кайырма:
Берекем, Байэл,
Көзүмдүн карегисиң, Байэл.
Байэл, жашаган дарегимсиң,
Байэл, данегимсиң...
Жайлоого боз үй тикпесе,
Жадырап кымыз ичпесе.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Ардактап кары күтпөсө.
Кайырма:
Кыр-кырда жылкы кишенеп,
Казанда турбаса бышкан эт.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Балдары минбесе, небере минбесе кысырек.
Кыздары беш көкүл өрбөсө,
Конокко кой союп бербесе.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Калпагын башка кийбесе.
Кайырма:
Көздөрү жадырап жылдыздуу,
Дүйнөсү буруксуйт гүл жыттуу.
Чолпондой ажары жанбаса,
Айтчы ошол тоолук кыргызбы?
Кайырма:
Периси болуп ааламдын,
Жылдыздай жансын маанайың.
Сүйкүмдүү жүзүңдөн, нуруң төгүлүп,
Тазарып турсун таалайың.
Түгөнбөс бакыттын жүзү көрүнүп,
Кайырма:
Алтыным менин,
Жаркыным менин.
Туулган күнүң кут болсун сенин!,
Татына дайым.
Жыл өткөн сайын,
Туулган күнүң кут болсун жаным.
Ак тилек айтып мүрөктөн,
Арзууну сунам жүрөктөн.
Бакытка бөлөнүп бүгүнкү күнү,
Орун бер сүйүү түнөктөн.
Сунайын кабыл ал,
Махабат гүлүн.
Кайырма:
Туулган күнүң менен жаным,
Бакыт сага каалайм дайым.
Сүйүүмдү бир сен,
Сүйүүктүүм десем.
Келесиңби жаным,
Келесиңби жалгызым?.
Бакытым өзүңсүң сен,
Бул жашоодо издеген.
Көздөгөн көзүмсүң сен,
Сүйүүдөгү из менен.
Бүгүн төрөлгөн, пери өңдөнгөн,
Куттуктаймын сени туулган күнүң менен жаным!.
Суктанамын табылгыс кереметиң,
Алыс кетсем зар болом, тоолук элиңе.
Кубат алып кулундарың, тууңду көтөрөт,
Сыймык берип эли, жериңе.
Кайырма:
Кыргызыстан менин жерим,
Кыргызыстан менин элим.
Түгөнбөгөн мээрим төккөн,
Менин кыргызыстаным.
Менин өлкөм,.
Касиетиң колдоп келет, кубатын берип,
Эркиндиктин кушу учат, канатын керип.
Канча деген атууладарың кыргызмын дешип,
Сыймыктанат дүйнөнү кезип.
Кайырма:
Ай ааламда бутул жок, ак булутуңдай,
Издесем да улут жок, өз улутуңдай.
Кооздугуңа суктандырып ар бир адамды,
Жүрөктөсүң эч унутулбай.
Кайырма:
Сөзү : Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону : Түрк элиники
Көргүм келет өзүңдү,
Көргүм келет сенин көзүңдү.
Уяңы жок, жагымдуу,
Уксам деймин ак сөзүңдү.
Элестетип жүзүңдү,
Эстен танып, оюм үзүлдү,
Өңүм эмес, түшүмбү? Жок.
Эй, Сема,
Назарым өзүңдө.
Келчи, таанышалы,
Кулагым сөзүңдө.
Табышмагым, табыштадың,
Таанышуу жөнүндө,
Арыштадың, карыштадың,
Ашык болгон көңүлгө.
Кылыктанып, жаным, азапка салба,
Сырыңды катпа, сындасам качпа.
Сырдашып, сындашып биз тургун чакта.
Кайырма:
90-60-90 менин фигурам,
Бийлейм, ырдайм, музыканы көп угам.
Тунук махабат сага жетелеп,
Арбалып, алданып, сага бүтүн оюмду бурам.
Маекке сен мени салдың,
Акылдан бир мени алдың.
Сөзүң арбап, мени алдап,
Махабатка мени алдың.
Нурлуу күн болуп тийдиң,
Көрбөсөм дагы сага баш ийдим.
Кайырмакка мени илдиң. Жок.
Кайырма:
Жалынасың, жагынасың, жалын сөздү мага арнай,
Таарынасың, таарынасың тамашага чыдабай.
Бат-бат сагындырбай байланышып туралы,
Бул чат аркылуу келчи, маек куралы.
Өңүң кандай десем, чүрөкмүн дедиң,
Ашык болуп мага жүрөмүн дедиң.
Кайыл болуп ак сүйүүнүн азаптарына,
Мен үчүн, жаным, отко күйөмүн дедиң.
Дарегиңди билемин.
Интернетке киремин.
Жүрөгүмдү жылытат,
Жылуу сөздү илебиң.
Кааласаң мен болоюн,
Купулуңа толоюн.
Кайда болсо карааның,
Кайда болсо тилегиң.
Кайырма:
|