|
Эмил Балтагулов
Бардык видеолор: 18
Бардык аудиолор: 55
00:05:08
00:03:41
00:03:04
00:03:23
00:10:26
00:06:44
00:03:50
Сөзү : Эмил Балтагуловдуку
Обону : Эмил Балтагуловдуку
Дүйнөлүк бул улуу жарышта
Жазылдык биз бүгүн тарыхка
Кыз болсо да балбан Мээримай
Кыргызыма бүткөн бакыт да
Дүйнөлүк жарышта
Жазылдык тарыхка
Атыңдан сенин, затыңдан сенин
Элдин кызы эстүү Мээримай,
Кайратка толуп, элге дем болуп,
Канчаларды жыгып, жеңдиң ай,
КУДАЙДАН сурап, жалпы элиң турат,
Эсен аман журтка келгин ай,
Сыйлыгыбыз сен, сыймыгыбыз сен,
Билегинде күч бар Мээримай,
Жүрөгүңдө от бар сенин ай.
Байгени сен алган кезиңде,
Көздөр жашка толду эсимде,
Көтөрүлдү кыргыз желеги,
Дүйнө көрдү экран бетинде,
Желбире желегим,
Бийикте желбире.
Сөзү : Жеңишбек Жумакадырдыкы
Обону : Э.Балтагуловдуку
Сөзү : Э.Балтагуловдуку
Обону : Э.Балтагуловдуку
Сөзү : Эмил Балтагуловдуку
Обону : Эмил Балтагуловдуку
Обону : Эмил Балтагуловдуку
Ар ишке майдаланып киришпеген,
Адамдык сапат менен бийиктеген.
Бүт бардык сапатыңды баалайм дагы,
Бүтүндөй дүйнөм менен сүйүп келем.
Суранам жерге түшүп майдаланба,
Жамандын жаман кебин пайдаланба.
Сабырдуу, жөпжөнөкөй, аруу бойдон,
Сапатың бузулбасын кайда барба.
Кайырма:
Сен менин бийигимсиң, бийигимсиң,
Турмуштун таттуулугу сени менен.
Сен менин жашоодогу тирегимсиң,
Бүтүндөй дүйнөм менен сүйүп келем.
Сен менин көктө ачык асманымсың,
Кудайдан көксөп жүрүп тапканымсың.
Сен менин коюу түндү жарык кылган,
Береке чачып турган ак таңымсың.
Сен мага айдай болуп тийип турчу,
Күлмүңдөп күндөй болуп күлүп турчу.
Сыртыңдан сыр көрсөтүп койсоң мейли,
Ичиңден эркелетип сүйүп турчу.
Кайырма:
Сөзү : Рахман Разыковдуку
Обону : Эмил Балтагуловдуку
Сөзү : Н.Атабекованыкы
Обону : Эмил Балтагуловдуку
Кайырма:
Махабат дастанындай сүйүүгө бирге жетели,
Келечек бактыбызга ээрчишип бирге кетели.
Саргарган жалбырактуу дарактын туруп түбүндө,
Тагдырдын бул белеги - сүйүүгө кезек берели.
Жалгыздык күндөр өттү,
Жаралап канча жүдөттү?
Таалайыма ыраазымын,
Табыштырган биздин жүрөктү.
Ай өттү, жылдар өттү,
Издеп жүрүп сендей чүрөктү.
Жолуктуң күз мезгилде,
Бакытка салып жүрөктү.
Кайырма:
Махабат дастанындай сүйүүгө бирге жетели,
Келечек бактыбызга ээрчишип бирге кетели.
Саргарган жалбырактуу дарактын туруп түбүндө,
Тагдырдын бул белеги - сүйүүгө кезек берели,
Махабатка сөз берели.
Күтүүдөн карек талды,
Ал күндөр алыста калды.
Көңүл кушум таап сизди,
Үмүт отум бир көрүп жанды.
Эркелеп маралдайым,
Жанымда болчу ар дайым.
Жете албай бул жашоодон,
Арманда өтүп калбайын.
Ким үчүн билбей келем буулукканым,
Күн санап күтүп келем буйрук таңын.
Ызага көңүлүмдү кайра бөлөп,
Ыйлаба, ыйлабачы, булуттарым.
Сунса да тагдыр мага кылычтарын,
Сыноонун ачуу даамын унутканмын.
Ыраакы мезгилдерди эске салып,
Ыйлаба, ыйлабачы, булуттарым.
Өчүрбөй жагып улам үмүт шамын,
Өзүмдү өзүм алдап жылытканмын.
Ыйлашар жүрөктөрдүн жолу башка,
Ыйлаба, ыйлабачы, булуттарым.
Сен билбечи сүйүүмдү, сырларымды,
Жөн гана ук махабат ырларымды.
Сезбечи сен жүрөгүм эзилгенин,
Билбечи сен сүйүүмдү, сырларымды,
Жөн гана ук махабат ырларымды.
Кайырма:
Неге сени сагынам,
Көрбөй калсам таарынам?
Жакшы көрүп ичимден,
Сүйүп кагылам.
Жылмайганың сагынам,
Жылдыздуусуң баарынан.
Билем мендик эмессиң,
Мен сүйүп жаңылам.
Сен билбечи бир менин билгенимди,
Сен билбечи түшүмө киргениңди.
Сезип калба, суранам, билип калба,
Сени көрсөм сур басып жүргөнүмдү,
Сен билбечи уялып жүргөнүмдү.
Кайырма:
Сен билбечи, сени көздөй басарымды,
Сени ойлоп уйкум келбей жатарымды.
Секетим деп ичимден эркелетип,
Сезимимди, сырларымды катарымды,
Жүрөгүмдө сени менен жашаарымды.
Сөзү : Э.Балтагуловдуку
Обону : Э.Балтагуловдуку
Сөзү : Э. Балтагуловдуку
Обону : Э. Балтагуловдуку
|