|
Бегимай Бекбоева
Бардык видеолор: 11
Бардык аудиолор: 18
00:03:21
00:03:44
00:03:30
00:03:43
00:03:34
00:04:55
00:04:16
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Сөзү : Медер Осмоналиевдики
Обону : Бокен Б
Жүрөгүмдөн ажырап,
Үзүлдү бир жалбырак.
Кеттиң менден бурулуп,
Барган жокмун жалдырап.
Кайырма:
Кантем ай, мен кантем ай?
Таарынбайм тагдыр ушундай.
Кааласаң конбойт турбайбы,
Бакыт бир тоонун кушундай.
Кантем ай, мен кантем ай?
Таарынбайм тагдыр ушундай.
Чакырсаң конбойт турбайбы,
Бакыт бир тоонун кушундай.
Сүйүүм менен бирге өскөн,
Гүлдөй болуп мен сынам.
Ыйлап, сыздап "кетпе” деп,
Сени кыйнап не кылам?
Кайырма:
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Жүрөгүмдүн эзилгенин түшүнүп сезбедиң,
Көкүрөктө айыкпаган дартымды билбедиң.
Кайрылбадың артты карап, неге келбедиң?
Кабарыңды менден бөлүп, жашынып айтпадың,
Жол каратып кеткен бойдон күттүрүп кайтпадың.
Түшүнбөймүн ойду толгон,
Адашканымбы, жаңылдымбы, адашканымбы?
Кайырма:
Кулачың жайчы, кабарың айтчы,
Сагынып, сүйүп мен барам.
Издеп табам,
Кулачың жайчы, кабарың айтчы.
Сагынып, сүйүп мен барам,
Мен сагынам.
Өкүнүчтөн өрттөнөмүн, жүзүңдөн өппөдүм,
Оорудум го бирок сыздап, жашымды төкпөдүм.
Сапарымдан кайрылганча мени күтпөдүң,
Күндөрүмдү сага арнап, артыңдан барамын.
Ай жылдарды аттап өтүп, өзүңдү табамын,
Махабатта жанып турам.
Өчпөс түбөлүк, ал түбөлүк, багым өмүрлүк.
Кайырма:
Келчи жаным, жаныма келчи,
Сүйүү жөнүндө ыр ырдап берчи
Жүрсөм деймин дайым жаныңда.
Жүрөгүмдөсүң жалгыз сен өзүң,
Кандай сонун сенин мүнөзүң,
Сен деп ырдайм бүт ырларымда.
Кайырма:
Асманда жанган жылдызым,
Кусалыкка салбагын мени,
Жанымда жанган жылдызым,
Ырларымда ырдаймын сени.
Сенде жатат менин сырларым,
Арзуум айткан, обон ырларым.
Айлуу түндү алмаштым таңга,
Бакытымда, байлыгым сенсиң.
Бал жашоомдун баардыгы сенсиң.
Назиктигиң жагымдуу жанга.
Кайырма:
Кайырма:
Жаз келгенде дайра ташып жаңырып,
Жер жамалы жашылданат, көгөрөт.
Жыгачтардын бүчүрлөрү жарылып,
Жибек канат жалбырактар төрөлөт.
Күн күркүрөйт, чагылгандар чартылдайт,
Карагайлар чатырлантат канатын.
Көз алдымда көк да, жер да жаркылдайт,
Кел ошондо, ырдайм сүйүү санатын.
Сүйүү дебе, карай берем жалдырап,
Себеби бар жалдыроонун сыр каткан.
Жүрөккө окшоп турса дагы жалбырак,
Жүрөк эмес, эки ашыкты ырдаткан,
Эки ашыкты ырдаткан.
Кайырма:
Сүйүү дебе, карай берсе жалооруп,
Себеби бар жалооруунун чынында, чынында.
Жүрсө мейли бир кубанып, миң ооруп,
Өмүр сүргөн күндө жазган ырымда.
Кайырма:
Кимде күнөө, кимде эми?
Күнөөлөйсүң сен мени, а мен сени.
Бактылуу ал күндөрүм,
Бол башынан эстечи сен, эстечи.
Кайырма:
Мейли, мейли эми,
Мейличи деги, ай, мейли эми.
Сүйгөн элең, мен да сүйгөм,
Сен да мени, мен сени.
Ушундайбы махабат,
Бир жарк этип келеби да, кетеби?
Адаштырып азгырган,
Ошол сүйүү бар өзү, ал деги?
Кайырма:
Кечирип кой, алтыным,
Жеңе албады сүйүү менин эркимди.
Агып келер махабат,
Адашпагын, адашпаймын мен эми.
Сөзү : Дайыр Исмадияровдуку
Көңүлүм опокшош күн-айлардан чарчаганда, Ич дүйнөм жалындуу сезимдерге чаңкаганда.
Кайрылам көктөгү булуттарга ырым менен,
"Ала кеткиле" деп мени алыстарга.
Кайырма:
Алыстарга, алыстарга,
Ала кет, ала кет, сен мени алыстарга, Тумчуккан туңгуюкка эмес, жарыктарга.
Жүрөгүм кыйналып кусалыктан ысыганда, Ич дүйнөм күн-түн болуп, таң атпай кыстаганда.
Суранам көктөгү булуттарга "ала кет" деп, Мени түшүнгөн жарык, алыстарга.
Кайырма:
Алыстарга, алыстарга,
Ала кет, ала кет сен мени алыстарга, Тумчуккан туңгуюкка эмес, жарыктарга.
Көргүм келип, сагыныч басып,
Эстейм сени ызага батып.
Сүрөтүңдү карап отуруп,
Сыздайм, мени кимге таштадың?
Жалгызсырап, жүрөм алсырап.
Калдым окшойт жүрөк кансырап,
Кайда барсам көрөм өзүңдү,
Эстеп, эстеп ооруйт жаным тызылдап...
Кайырма:
Жалган дүйнө, жалган дүйнө, айрыба мени,
Эстеп жүрөйүн сүйлөп, күлгөнүң.
Өчпөс чырагым, өмүр булагым, кечирчи мени,
Колумдан келбеди асырап сактоо, сактоо.
Жоктоп сени калды асман Айсыз,
Ыйлап жамгыр нөшөрлөп сенсиз.
Жалгызсырап бүт аалам калды,
Жансыз, жансыз ооруйт жаным тызылдап...
Кайырма:
Жалган дүйнө, жалган дүйнө, айрыба мени,
Эстеп жүрөйүн сүйлөп, күлгөнүң.
Өчпөс чырагым, өмүр булагым, кечирчи мени,
Колумдан келбеди асырап сактоо, сактоо.
Махабатым жүрөгүм жарып чыктың ташкын болуп,
Алоолонуп күйүп турган, күйүп турган жалың болуп.
Жашоодо кайрат кылып жашасам да ,
Жашайсың жүрөгүмдө сен менин арзуум болуп.
Айткым махабаттын,
Жазгым келет жүрөк дартын.
Түшүнчү сен менин,
Сөзүмдү, көздөрүмдү.
Асыл дүйнөм жараланып, жараланып турат менин,
Жабырланып сүйүү чөлдө, сүйүү чөлдө калам эми.
Бир ууртам булак суусу болуп мага сен көрүнчү,
Жылдыздай жанып кайра , кайра, кайра.
Кайырма:
Түшүмө кирдиң түндө,
Күмүш жал чабдар атчан.
Алыпсың бир аз жүдөп,
Чачыңды буурул баскан.
Болдубу алда неме,
Жүдөдүң анча неге?
Аттиң, ай, жашайт тура,
Беш миң жыл арча деле.
Мүмкүн, сен болот элең,
Абышка аппак сакал.
Ызаттап, калк кадырлап,
Ар сөзүң болуп макал.
Уулуңдун уулун көрүп,
Турбадың мээрим төгүп.
Ошону эстегенде,
Чиркин, ай, жүрөктү өйүп.
Түшүмө кирчи дагы,
Кайраттуу, мурункудай.
Жүрөктө жүрчү дайым,
Эч качан унутулбай.
Сага арнап, сени эскерип,
Эч нерсе жасай албайм.
Тек гана жүрөм эстеп,
Атаке, атакебай.
|