|
Орозгүл Токторбаева
Бардык видеолор: 2
Бардык аудиолор: 12
00:03:46
00:04:32
Көктөмдөргө бөлөгөн көңүлүмдү,
Сен деп билем, сезимде теңиримди.
Бакытым да, байлыгым ушул деймин,
Сага гана арналган өмүрүмдү.
Кайырма:
Сага гана айтамын жан сырымды,
Сага гана арнаймын жакшы ырымды.
Салтанаттуу өмүрдүн сереси дейм,
Сага гана байланган тагдырымды.
Ырыскымды ыйгарган ыр дүйнөдөн,
Ыраазымын миң ирет тагдырга мен.
Асыл ойду беттеген аруу тилек,
Ак нур жааган жолумду сен деп билем.
Кайырма:
Сен деп билем жашоонун улуулугун,
Сен деп билем дүйнөнүн сулуулугун.
Сезимдерге от чачып арууланткан,
Сен деп билем ааламдан келген нурум.
Кайырма:
Жанаша талпынайын,
Жалыным тартуулайын.
Сен мени "күнүм" десеӊ,
Мен кантип жаркыбайын?
Бактыма эркелейин,
Жакшылык берсе деймин.
Бар болгун сен жанымда,
Башканы эӊсебеймин.
Кайырма:
Жылдызым жанып дайым,
Ырдайын, талыкпайын.
Махабат оору болсо,
Эч качан айыкпайын.
Гүлзарга айланайын,
Жолуӊду саймалайын.
Сен мени "жазым" десеӊ,
Мен кантип жайнабайын?
Керемет жомоктойбу?
Кезди ушул жоготпойлу.
Сезимди толукшуган,
Мезгилге тонотпойлу.
Кайырма:
Ыр болуп төгүлөйүн,
Нур болуп көрүнөйүн.
Сен мени "жаным" десеӊ,
Мен кантип бөлүнөйүн?
Ардагым, өмүрлөшүм,
Ар дайым көӊүлдөсүн.
Сакталып тунук бойдон,
Бактыбыз түгөнбөсүн.
Кайырма:
Сөзү : Н.Алымовдуку
Обону : С.Бактыгуловдуку
Сен дегенде сен дегеним сен деген,
Сенден бөлөк көрбөгөнүм көрбөгөн.
Сен дегенде секетим деп ичимден,
Сезимдердин бүтпөй,
Сезимдердин бүтпөй,
Сезимдердин бүтпөгөнү бүтпөгөн.
Сени ойлосом ойлогонум ойлогон,
Сени ойлонбой койбогонум, койбогон.
Сен дегенде жарк дей түшүп кабагым,
Сезимдердин тойбой,
Сезимдердин тойбой,
Сезимдердин тойбогону тойбогон.
Көңүл сен деп түтпөгөнү, түтпөгөн,
Көп санаанын бүтпөгөнү, бүтпөгөн
Сенден калган күн курусун, курусун,
Сезимдерден ким ай,
Сезимдерден ким ай,
Сезимдерден ким өчүрөт күч менен.
Сен дегенде кыялдарым кыялдай,
Кыйналамын кыялдарды тыя албай.
Сенден мага жалгыз гана сөз керек,
"Сендикмин" деп шыбыр,
"Сендикмин" деп шыбыр,
"Сендикмин" деп шыбырап кой уялбай...
Мен сизге күндөй ашыкмын,
Мен сизге гана ашыкмын.
Деңиздей бирде ташыттың,
Темирдей бирде жашыттың.
Жаш төгөт ката из үчүн,
Ыр оңой дебе кыз үчүн.
Уяттан жанып турсам да,
Жасагам баарын сиз үчүн.
Бактылуу жандын ар таңы,
Мактанып доско айтпаңыз.
Көрсөткөн сизге кылыгым,
Көмүскө ичке сактаңыз.
Мен сизге гана ашыкмын.
Сөзү : Н.Алымбеков
Обону : М.Осмонов
Жүрөгүм ишенгенден ынайм сага,
Жузүңдү көрбөсөм да Кудай Таала
Жалбарып бир өзүңө таянамын,
Жанымды жеп турганда убай-санаа.
Өзүмдү миң бир жолу алдасам да
Өзгөрбөй эсимдесиң Алла Таала
Бир жолу таразаңа түшөөрүм чын,
Миң жолу жакшы көрүп алдасам да.
Ыйманым болсо дагы бүгүн менин,
Баари бир коноктордун ичиндемин.
Ооматтуу бул дүйнөдө жашап жүрүп,
Жетеби түз жашоого күчүм менин.
Ооматтуу бул дүйнөдө жашап жүрүп,
Жетеби түз жүрүүгө күчүм менин.
Жалбарып бир өзүңө таянамын,
Жанымды жеп турганда убай-санаа.
Сөзү : М.Жангазиевдики
Обону : Б. Токтобаевдики
Күттүм сени,
Күн баткандан таң сүрүлүп атканча,
Үкү келип,
Уйкусурап уясына жатканча.
Күттүм сени,
Жылдыз тарап,
Жалгыз чолпон калганча.
Жылкычылар үйүн көздөй
Эс алууга барганча.
Күттүм сени,
Шүүдүрүмдүн тамчылары акканча.
Жеңелерим чака кармап,
Сууну көздөй шашканча.
Күттүм сени,
Кайда жүрдүң?
Кимдин колун кармадың?
Эмне мынча жалдыратып,
Эмне мынча алдадың?
Күттүм сени,
Күттүм сени,
Сен да мени күтөрсүң.
Сүйгөндөрдүн кайыгына,
Калагы жок түшөрсүң.
Сагындырба, сагынбайын,
Сени күтүп зарыгамын.
Сүрдөтпөчү, сүрдөбөйүн,
Карааныӊдан кагылайын.
Ошол күндү эстедиӊби?
Жүрөгүмдү эзбедиӊби.
Көрбөй калсам сагынчу элем,
Карагаттай көздөрүӊдү.
Балбылдашым мага карап,
Өткөн күндү эске салат.
Байкатпастан келсеӊ боло,
Атаганат, атаганат!
Жолукканда тайсалдайсыӊ,
Сырымды мен айта албаймын.
Сагындырбай келсеӊ боло,
Маралдайым, аркардайым.
Сөзү : Эрик Кадырбаевдики
Обону : Эрик Кадырбаевдики
Саргайып жерге түшкөн,
Жалбырак эстеттиби?
Санаадан сапырылган,
Сагыныч эңсеттиби?
Алыска сапар улап,
Учушкан каркыралар.
Биз үчүн өмүрүбүз
Кайрылып келбестигин.
Кайырма:
Шам болуп жагылсам да,
От болуп жалынсам да.
Кайрылып кайра келбес,
Ал күндөр сагынсам да.
Шам болуп жагылсам да,
От болуп жалынсам да,
Кайрылып кайра келбес.
Тагдырга таарынсам да.
Мезгилдин дабасын көр,
Ааламды магдыраткан.
Абасы салкындуу төр,
Үзүлгөн жалбырактан.
Түндөсү жымыңдаган,
Ажайып ай, жылдыздар.
Саманчы жолун улай,
Мен сага бара турган.
Кайырма:
Шам болуп жагылсам да,
От болуп жалынсам да.
Кайрылып кайра келбес,
Ал күндөр сагынсам да.
Шам болуп жагылсам да,
От болуп жалынсам да.
Кайрылып кайра келбес,
Тагдырга таарынсам да.
Күндөрүм өтүп барат,
Бул мезгил баянынан.
Бала чак артта калып,
Жаштык кез сапарынан.
Табылбас сендей мага,
Бул дүйнө алкагынан.
Сен үчүн из калтырам,
Ак сүйүү барагынан.
Кайырма:
Шам болуп жагылсам да,
От болуп жалынсам да.
Кайрылып кайра келбес,
Ал күндөр сагынсам да.
Шам болуп жагылсам да,
От болуп жалынсам да.
Кайрылып кайра келбес,
Тагдырга таарынсам да.
Өрттөндүм дебе жаз менен келип жалынга,
Жаныңда турсам, жайдары мүнөз көрүнүп.
Сен ала келген көңүлдүн ысык демидир,
Сан ойго бүгүн ээ бербей турам төгүлүп.
Мезгилдин күткөн маанайы күздөй кыялкеч,
Муңайым жанган үмүттөн үзүп бир элес.
Убайым жеген күндөрдү тансам бир паска,
Мендеги шоктук анчейин жаштык деле эмес.
Келгиндер өтсө көк ирим жээкке таң аткан,
Сагынычым төгүп, толкунга бол дейм жан жолдош.
Түйшүктүү өмүр, түндүгүм алыс болбосо,
Мен дагы көлдү сагынган жанмын сага окшоп.
Азыр сен алыстасың, менден узап,
Арадан өтсө дагы канча убак.
Элесиң эстен кетпей туруп алды,
Жүрөгүмө салдың эле,
Салдың эле кандай тузак?
Жазылып бактысына, таалайына,
Табылдың кандай жандын маңдайына?
Сүйдүрүп жүргөнүңдү сездиң бекен,
Элесиңди тумар кылып,
Тумар кылып жүрөгүмө.
Сезимди сооротомун, унуттум деп,
А бирок, чындыгында, андай эмес.
Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы,
Жүрөгүмдө жашай берет,
Жашай берет сүйкүм элес.
|