|
Байыш Момунов
Бардык видеолор: 5
Бардык аудиолор: 36
00:03:58
00:02:27
00:04:33
00:04:49
00:03:30
Сөзү : Алмаш Чойбекованыкы
Обону : Кадыраалы Артыковдуку
Сөзү : О. Киынбаев
Обону : К. Курманбаевдики
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Жайлоонун башы жашыл таш,
Жайма бир көкүл узун чач.
Жалынбаймын мен сага,
Жакшысын табам, башым жаш.
Кайырма:
Жайлоого чыктым эрмекке,
Жайлоонун гүлүн термекке.
Жайлонун гүлү дары экен,
Жаралап соккон жүрөккө.
Кыштоонун башы кызыл таш,
Кыйма бир көкүл, узун чач.
Кызыкпаймын мен сага,
Кымчасын табам, башым жаш.
Кайырма:
Кыштоого чыктым эрмекке,
Кыштоонун гүлүн термекке.
Кыштоонун гүлү дары экен,
Кыйналып соккон жүрөккө.
Сөзү : А.Исаевдики
Обону : С.Жумалиевдики
Көрүшкөнчө көздөрүңдөн чагылган,
Нурларынан курган кайран көпүрөм.
Бекемине күмөн санап жаңылгам,
Өтүмү жок болгонума өкүнөм.
Кимге барып күйүтүмдү,
Кимге барып өтүнөм?
Кимге барып күйүтүмдү,
Кимге барып күнү-түнү,
Кимге барып өтүнөм?
Таңшыгыча табышмактуу таң сыры,
Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү.
Табалабайм, кайрылганда айт чынын,
Артык бекен башка жердин көркөмү?
Арбалсаң да бир келерсиң,
Ала-Тоону көргөнү.
Сагынганда бир келерсиң,
Саргайганда бир келерсиң,
Ала-Тоону көргөнү.
Кала берем мекенимде сени эстеп,
Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо.
Өтүнөрүм, көкүрөгүм элестеп,
Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо.
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жарар зоо.
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жарар зоо.
Сагынганда бир келерсиң,
Саргайганда бир келерсиң,
Ала-Тоону көргөнү,
Ала-Тоону көргөнү.
Гүл жыттуу кызга ашык кандай кыйын,
Жадырап көрсөткөн бар, урмат-сыйын.
Апкарып маңдайымда турсаң дагы,
Сезилбейт бүт түйшүгүң, тунук сүйүүң.
Кайырма:
Махабат отун чындап чачасыңы?
Сезимге тунук күчүң катасыңбы?
Билбеймин мен да сенин сырларыңды,
Абайлап, арзып билбей жатасыңбы?
Сагынып жүзүңдү мен көргүм келет,
Мен сага асыл ойду айткым келет.
Мас болуп, ак сүйүүңө мен чөмүлүп,
Сүйүүмдөн махабатты тапкым келет
Отурам жалгыз караңгы түндө,
Элестеп кетет сүйгөнүм көзгө.
Уккула достор ыр ырдап берем,
Өзүмдүн сүйгөн бир кыз жөнүндө.
Досторум да бар, душманым да бар.
Досторум укса мени аяшар.
Өз сүйгөнүнө жетпей калды деп,
Душманым укса, табасы канар.
Табигат неге мынча таш боорсуң,
Адамдарга сен калыс болбойсун.
Эгерде сенде калыстык болсо,
Эмнеге мынча бизди кордойсуң.
Чындыгын айтсам, мен сени сүйгөм,
Жалгыз сен үчүн от болуп күйгөм.
Акыры бир күн башыңды чайкап,
Аттиң ай, неге адаштым дебе.
Өз жаныңды кыйнап ыйлаба жаным,
Биз күткөн күндөр келбейт го кайра.
Жүрөгүмдү козгоп кыйнаба жаным,
Өз жарың менен жүрчү сен дайым.
Достук сүйүү өттү мына арадан,
Бирок бактың башка менен кайра.
Бактылуу бол эми жарың менен,
Ушул ырымды арнаймын сага.
Кайырма:
Айла жок тагдырга, кошулбадым,
Кайда кеттиң менин жаным, жаным.
Бул жашоодо сенсиз мага жалган,
Күнөөм болсо айткын жаным, жаным.
Бардыр балким менин күткөн түгөйүм,
Тагдыр татаал мен да аны күтөйүн.
Алмаштырдың ак сүйүүнү жаным,
Кош бол эми коштошомун сени менен.
Өз жаныңды кыйнап ыйлаба жаным,
Биз күткөн күндөр келбейт го кайра.
Жүрөгүмдү козгоп кыйнаба жаным,
Өз жарың менен жүрчү сен дайым.
Байкоосуздан мен сени көрдүм,
Машинаны айдап бараттың.
Жараштырдым мен сага аны,
Уяң күлүп мага карадың.
Унута албайм ошол күнүмдү,
Ойготтуң го жүрөм сүйүүмдү.
Сагынычым сага артылып,
Жүрөмбү мен сага тартылып.
Кайырма:
Анын мерседеси бар, сулуу кыз,
Көздөрү кумар, сулуу кыз.
Нур чачып турат, сулуу кыз,
Элеси калды менде,
Ажырагыс элеси калды менде.
Жашынбачы сенден суранам,
Көрбөй калсам болом бушайман.
Айтчы эми качан жолугам,
Улам карайм жолду кайрадан.
Унута албай ошол күнүмдү,
Ойготтуң го жүрөм сүйүүмдү.
Сагынычым сага артылып,
Жүрөмбү мен сага тартылып
Кайырма:
Неге бүгүн жаным сенин көздөрүңдө жаш,
Неге бүгүн көрүнбөйт го шайыр көз караш.
Эмнегедир кайгы-муңга чөгүп кеттиң сен,
Эмнегедир сүйүүгө сен ишенбей калдың.
Акыр ушунчалык таш боор, жалган бул дүйнө,
Жаралган соң бул дүйнөдө кайгысыз өтсөң.
Кайырма:
Сен ыйлаба, сен кайгырба,
Жүрөгүңдү кыйнаба.
Бул күндөр да өтүп кетер
Сен көз ачып-жумганча.
Сен ыйлаба, сен кайгырба,
Жүрөгүңдү кыйнаба.
Акыр жашоо дагы алдыңда,
Бактың табарсың сен, кайгырба.
Дагы күтөөр сени жаным, кубанычтуу күндөр,
Сен үчүн жанар асманда чолпон жылдыздар
Дагы ойгоноор жүрөктө жакшы үмүттөр,
Дагы ойгоноор жүрөктө ошол сезимдер.
Акыр ушунчалык таш боор, жалган бул дүйнө,
Жаралган соң бул дүйнөдө кайгысыз өтсөң.
Кайырма:
Сөзү : Ж.Исабаеваныкы
Обону : Ж.Момуновдуку
Жаркын көркүң сенин, сүйкүм жамалың,
Билсең эгер шамдай күйүп-жанамын.
Байкатпастан койдуң неге жүрөк жаралап,
Кел учалы бирге жылдыз аралап.
Кайырма:
Сагынтат сени, сүйүүнүн деми,
Жарык кылып дүйнөмү
Жылмаюудан гүлдөдү,
Сүйүү жазы...
Сени менен өттү жашоо жыргалым,
Көздөрүңдөн көрдүм сезим сырларын.
Ак жүзүңдү айдан издеп таба албадым мен,
Сени сүйүп калганымды тана албай.
Кайырма:
Жаркын көркүң сенин, сүйкүм жамалың,
Билсең эгер шамдай күйүп-жанамын.
Байкатпастан койдуң неге жүрөк жаралап,
Кел учалы бирге жылдыз аралап.
Кайырма:
Сагынтат сени, сүйүүнүн деми,
Жарык кылып дүйнөмү
Жылмаюудан гүлдөдү,
Сүйүү жазы...
Сени менен өттү жашоо жыргалым,
Көздөрүңдөн көрдүм сезим сырларын.
Ак жүзүңдү айдан издеп таба албадым мен,
Сени сүйүп калганымды тана албай.
Кайырма:
|