|
Элиза Орозова
Бардык видеолор: 12
Бардык аудиолор: 28
00:03:20
00:03:46
00:03:09
00:03:17
00:03:25
00:03:37
00:03:03
Сөзү : имур Салиевдики
Обону : Ильяз Кудретовдуку
Сөзү : Ильгиз Абдалиевдики
Обону : Казак элиники
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Сөзү : Майра Керим кызыныкы
Обону : Майра Керим кызыныкы
Сөзү : Бермет Алымбаеваныкы
Обону : Элиза Орозованыкы
Сөзү : Бермет Алымбаеваныкы
Обону : Амир Аскаровдуку
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Тийишкенде сөзү көп, кудуксуңар жигиттер,
Сүйгөн кыздын алдында, дудуксуңар жигиттер.
Доого түшүп калгандай жалгыз жүрсө сөзү жок,
Достор болсо жанында куудулсуңар жигиттер.
Кайырма:
Тамаша, бул тамаша,
Чындыгына жараша.
Таарынганга себеп жок,
Турмуш өзү тараза.
Сүйлөп тоону томкоруп, коймок болгон жигиттер,
Ишке келсе жалтаңдап ойнок болгон жигиттер.
Жети кадам алыстап калса сүйгөн кызынан,
Бүт баардыгын унутуп бойдок болгон жигиттер.
Сөзү : Бермет Алымбаеваныкы
Обону : Элиза Орозованыкы
Ойго батам, кусаланам, кайгырам,
Ал сүйүүбү, жүрөктү эзип кыйнаган.
Же асылым көздөрүңбү балбылдап,
Жипсиз мени бир өзүнө байлаган.
Кайырма:
Ал сүйүүбү, таалайыма айтылган?
Балким бакыт тагдырыма жазылган.
Сенсиң жаным, бул өмүрүм, бул жашоом,
Бир өзүңө махабатым арналган.
Же жамалың жагымдуубу ушунча?
Бал сөздөрүң уккулуктуу башкача.
Жүрөк туйлап сүйрдөгөнсүйм өзүңдөн,
Сага деген махабатым таптаза.
Кайырма:
Сөзү : Насыйкат Салиеваныкы
Обону : Мирлан Абдраевдики
Күзгүгө каранып, күн нурундай жанабыз,
Көргөн көздү суктантып, жагымдуу жылмаябыз.
Сулуулукка кам көрүп, спа салондорго барабыз,
Силер бар кандай жакшы, курбулар кымбатсыңар.
Кайырма:
Келгиле курбулар, кезигип көңүл ачабыз,
Бийлейбиз, ырдайбыз, биз бирге чер жазабыз.
Жигиттерди сүйлөшүп, сүйүүбүздү айтабыз.
Бактыбызды биз издеп, кыялдарга батабыз.
Жарашып оюбуз, түнкү Бишкек жаркырап,
Бийлесин деп курбу достор, дискотека азгырат.
Жигиттер көз ымдашып "танцполго" бизди чакырат,
Жаштык кез кандай сонун, курбулар силер менен, ай.
Сөзү : А.Осмоновдуку
Обону : Максат Сулайманкуловдуку
Сүйгүм келет жаш жандырып, жаш болуп, ай,
Жашымды алдап жаш кайыңдай мас болуп.
Жанар тоодой жалындаган отуңан, ай
Чыккым келет, жанып чыккан таш болуп.
Кайырма:
Сүйгүм келет миң мертебе жаңылып,
Сүйгүм келет сүйгөнүмө жалынып.
Өз күчүмдү өз күчүмө багынтып, ай,
Сүйгүм келет кээде өзүңө багынып.
Көпкөк асман жерге түшсө жарылып, ай,
Кыян жүрсө жердин үстү тарылып.
Ал кыяндан өтөөр элес кыйналбай, ай,
Бир көз караш, кубатыңды жамынып...
Кайырма:
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Ал жерде туптунук тазалык бар,
Алдоо жок, жок да капалыктар.
Күлкү бар, жок да ыйлоо деген,
Ал жерде өчпөс сүйүүлөр бар.
Кайырма:
Ал менин кыялымдагы жомок,
Бактылуу күндөр бар, аягы жок.
Ажырашкыс болуп сен экөөбүз,
Жомокто жашап калсак болмок.
Ал дүйнөдө жок да жалган деген,
Арзуу бар, жок да арман деген.
Аруулук сиңген бул дүйнөдө,
Ар дайым ыйык сүйүү деген.
Кайырма:
Асылым менин ардагым айдай,
Арбаган мени жан элең кандай?
Жараткан берген, жан биргем белең?
Сүйүүңө турам кумарым канбай.
Кайырма:
Сезимдин аруу ачкычы сенсиң,
Жүрөктүн сүйгөн жакшысы сенсиң.
Бир келген ушул өмүрүм өзүң көрктөп,
Баардыгы сенсиң, бактысы сенсиң.
Жарыгым менин жайдары күлгөн
Жан биргем сени, бир көрүп сүйгөм
Жанымыдын жарымы сен белең гүлүм
Жанымда жүрсөң тептегиз дүйнөм
Кайырма:
Сезимдин аруу ачкычы сенсиң,
Жүрөктүн сүйгөн жакшысы сенсиң.
Бир келген ушул өмүрүм өзүң көрктөп,
Баардыгы сенсиң, бактысы сенсиң.
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Мирлан Абдыраевдики
Жылмайып күн да төгүп нур шооласын,
Көрк берип айланага таң да атты.
Термелип салкын желге бир жоогазын,
Керемет жыпарын чачты.
Жаштык кез гүлдөй тура жана дагы,
Жагат сага, мага дагы.
Кайырма:
Ойно, бийле, жырга,
Обон созуп ырда.
Бийик максат танда,
Өмүр келбейт кайра.
Жаштык кезиң барда,
Шаң-күлкүдөн калба.
Аккан суудай мезгил,
Келбейт сага кайра.
Жашагын из калтырып кайгырбастан,
Урматтап улууларды, сыйлаганды бил.
Өмүр сүр, азгырыкка алдырбастан,
Бул жашоого келесиң бир.
Жаштык кез балдай таттуу күндөр менен,
Билинбей өтөт экен.
Кайырма:
Сөзү : М.Орозовдуку
Обону : Ө. Сапар уулунуку
Ойнобой жашынмак,
Бойлойлу жашыл бак.
Убакыт учкан куш,
Удургуйт закымдап.
Шам болуп жаналы,
Бал болуп тамалы.
Кош булак өңдөнүп,
Кошулуп агалы.
Кайырма:
Асылсыз акактай,
Тунуксуз булактай.
Түйшүккө салдыңыз,
Түгөнбөс азаптай.
Болбоско терикпей,
Болсоңуз деңиздей.
Эзилет жүрөгүм,
Эсимден сиз кетпей.
Күн санап кезиккен,
Күндөрдү көп эстейм.
Күйүткө салбаңыз,
Күтөмүн күндө мен.
Жалындын кучагына,
Мени, мени таштаба.
Жалбарып күтөм,
Ыраа көрбөй башкага.
Жадырап күлүп алдымдан,
Чыга мени тосуп ал.
Жарыгың төгүп,
Жылмая карап наздана.
Кайырма:
Айткым келет сага кел деп,
Эми тезирээк.
Айтчы, жаным ал күн,
Неге, неге кечигет?.
Сагынычым сага күчөп,
Улам-улам мени кыйнады.
Сага арналат,
Ушул сезим ыргагы.
Саамайым сылап өтсө,
Өтсө таңкы эрке жел.
Сага окшотуп,
Жаралуу жүрөк туйлады.
Кайырма:
Айткым келет сага кел деп,
Эми тезирээк.
Айтчы, жаным ал күн,
Неге, неге кечигет?
Ар бир саатым өтпөйт жылга айланып,
Ар бир күнүм мага кылым сезилет.
Сөзү : М.Орозовдуку
Обону : Э.Орозованыкы
Алтыным, сага арналат ырым,
Айтылып калсын жүрөктө сырым.
Жалбырак өңдүү саргайбай сүйүүм,
Жапжашыл болуп жашасын кылым.
Кайырма:
Алтындан кымбат ардагым менин,
Айга да теңейм ажарың сенин.
Толкунуң менен толкусун жүрөк,
Толтуруп турчу дүйнөмүн кенин.
Ажарың сүйкүм асманда айдай,
Айлансам жерди артыңдан калбай.
Каркыра куштай катарын бузбай,
Каккандан такыр канатым талбай.
Эңсеген сайын эңсегим келет,
Энчиме бүткөн эң кымбат белек.
Жамалың сенин жаркырып турган,
Жаныма менин күч-кубат берет.
Кезикпей сага жүрсөм да,
Кыялдарымда көрсөм да,
Махабат балын татсам дейм,
Өзүңдөн гана.
Табышмак сүйүүм менин,
Тагдырлаш болсом деймин.
Ар дайым дем-күч берет,
Элесиң сенин.
Кайырма:
Сезимдер серпилет,
Көзүңө жетелеп
Күткөн бактым келет
Жүрөк сезет.
Жүрөктүн кылдары
Муңканып ырдады
Кечигип махабат
Ойго салды
Сезимдер учат алыс,
Бөлүнөт ойлор сансыз.
Тагдырым өзүң калыс,
Калтырба жалгыз.
Өзүңдү теңеп күнгө,
Жолуңду карайм күндө.
Жоодурап келет деген,
Үмүтүм үзбөй.
Кайырма:
|