|
Жолдошбек Мамажанов
Бардык видеолор: 0
Бардык аудиолор: 7
Сөзү : Ж.Сыдыковдуку
Обону : Ж.Мамажановдуку
Гүлдү көрүп, аяп аны үзбөдүм,
Бирок калды жаз гүлүндө менин издерим.
Эмнегедир көңүл дегдеп ошондо,
Көп гүлдөрдөн сени гана издедим.
Аңкыган жыт ошол мага туу болуп,
Жүрөккө дем, өмүргө ынак гүл болуп.
Доорун сүрүп, элин мактап жактырар,
Доско кайрат, душман, кастар уул болуп.
Эгер мени кайгы булут каптаса,
Ачык бойдон, ачык асман, таптаза.
Үмүт жылт деп, үйдүн куту жарк этип,
Өмүр, чиркин, өйдө көздөй акпаса.
Гүлдү көрүп, аяп аны үзбөдүм,
Бирок калды чыйырларда менин издерим.
Көзүм түшүп, көңүл дегдеп өмүрдө,
Көп гүлдөрдөн сени гана издедим.
Сен мени узатып бара жаттың,
Ачпачудай эч бир сырды кайра жутуп.
Күтөмүн сени мен,
Күттүрбөй келчи сен.
Ар жыл күтүп жолдоруңду,
Сагындым сени мен.
Биз жүргөн айлуу түндөр артта калды,
Биз үзгөн жыпар гүлдөр жатка калды.
Күтөмүн сени мен,
Күттүрбөй келчи сен.
Ар жыл күтүп жолдоруңду
Сагындым сени мен.
Ойлоп көрсөм эң жаман,
Чоң жоготуу, чоң күтүү.
Кыз баланын жанынан,
Өтүп кетсе чоң сүйүү.
Жаман, жаман, эй жаман,
Бул дүйнөдө эң жаман.
Сүйүү күтүү, сагынуу,
Айрылуу жаман.
Ойлоп көрсөм эң жаман,
Жүрсө күтүп сүйүүнү
Сезбей калса жаш жигит,
Келгендигин сүйүүнүн.
Жаман, жаман, эй жаман,
Бул дүйнөдө эң жаман.
Сүйүү күтүү, сагынуу,
Айрылуу жаман.
Ойлоп көрсөм эң жаман,
Жетип сүйүү курагы.
Келсе, кетсе махабат,
Кудум жийде бурагы.
Жаман, жаман, эй жаман,
Бул дүйнөдө эң жаман.
Сүйүү күтүү, сагынуу,
Айрылуу жаман.
Баарынан да эң жаман,
Адамдын жашпы, каарыбы.
Бош турса жаз түнүндө,
Жаздыгыңдын жарымы
Жаман, жаман, эй жаман,
Бул дүйнөдө эң жаман.
Сүйүү күтүү, сагынуу,
Айрылуу жаман.
Жаман, жаман, эй жаман,
Бул дүйнөдө эң жаман.
Сүйүү күтүү, сагынуу,
Жалгыздык жаман
Сөзү : Ж. Садыковдуку
Обону : Ж. Мамажановдуку
Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт,
Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт.
Тиктешиң тамашалап турган өңдүү,
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп.
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп.
Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк,
Сезимге бир башкача ой түшүрөт.
Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе,
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
Өппөдүм мен өппөйүн, өкүнүч көп,
Мени алдап түшүмө окшоп кеттиң жөнөп.
Байкатпай мурдагыдай жүргөндүрсүң,
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
Эгерде бирөө болсо менден бөлөк,
Же тытып сүрөтүңдү же өрттөмөк.
Мен тытпайм, күнөө сенде сүрөттө эмес,
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
|