|
Айпери Сыдыкова
Бардык видеолор: 10
Бардык аудиолор: 18
00:03:15
00:03:16
00:03:33
00:03:06
00:03:37
00:02:55
00:03:37
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Аскар Бержибаевдики
Сезим оту үмүт берет,
Тагдырлашым сүйүп келет.
Жүрөк куунак согуп турса,
Ушул жашоо бакыт демек.
Ар бир күнүм күлүп турат,
Жүрөк ээси көңүл бурат.
Алоолонсо махабатың,
Сүйүү дайым бакыт курат...
Аралап мезгил ак сүйүү издедим,
Ашыгым менин - бактымсың сен менин,
Өзүңдү жандап капалык сезбедим,
Бир сенден издедим бакыттын издерин...
Күткөн жүрөк сүйүү табат,
Бакыт изин сүйүү салат.
Жетелешип жүрөт тура,
Бакыт менен бир махабат.
Сезим улам жалындаса,
Табышкандар жаңылбаса,
Бакыт анда үйүн салат,
Эки жүрөк жакындаса..
Сөзү : Айпери Сыдыкованыкы
Обону : Айпери Сыдыкованыкы
Сөзү : Айпери Сыдыкованыкы
Обону : Айпери Сыдыкованыкы
Сөзү : А.Сыдыкованыкы
Обону : А.Сыдыкованыкы
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Айпери Сыдыкованыкы
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : "Каома" тобунан алынган
Бул обон менен жаштыкты биз эске салалы,
Бий менен учуп токсонунчу жылга баралы.
Сонун жарашат бий аянтта чогуу,
Улуу-кичүүнүн бийлеп жатканы.
Ламбада бийлеп өткөн күндөрдү эстеп,
Унуталы биз кайгы-капаны...
Жаш балдар суктанып карап калсын бизди таңдана,
Ден соолукка пайда, кыймылдатат баарын ламбада.
Бул бийдин азыр обону сакталып,
Өзгөртүлдү кыргызча сөз гана.
Жөн гана бийлеп келсеңиз мурда сиз,
Кошулуңуз биз менен ырга да.
Ламбада бийи, бийлегенде көңүл бургузат,
Бийлебегенди чиркешкендер дароо тургузат.
Ынтымак бийи - ламбада экени,
Бий аянттарда даана байкалат.
Жашоо жыргалын, ар бир күн кымбатын
Байкасаңыз ушул ыр жар салат...
Сөзү : Ж.Исакованыкы
Обону : А.Сыдыкованыкы
Жан дүйнөм сенден азык алып,
Жашаймын алга камчыланып.
Жараткан берген сыноолорду,
Жеңели бирге кол кармашып.
Кайырма:
Эч кимге мен сенден кетпеймин,
Эч кимге өзүңдү бербеймин.
Эр жүрөк баатырым, алмашкыс жанымсың,
Элжиретип жүрөктү айланткан канымсың.
Сезимдин чертели ыргагын,
Сүйүүнүн ичип мөл булагын.
Сүзүп өтөлү бирге, жаным,
Сыйкырдуу махабат дайрасын.
Кайырма:
Сөзү : Бердибек Жамгырчиевдки
Обону : А.Сыдыкованыкы
Жан дүйнөбүз ал кезде тоолуу шаң эле,
Ар бир баскан жолубуз жарык таң эле.
Күйүтү жок балалык төгүп мээримин,
Күлкүбүздө канаттуу кайрык бар эле.
Кайырма:
Биздин балалык кетти кайдадыр шашып,
Жазда кусалык турат жүрөккө батып.
Эске түшөт ал учур жаздын ирмеминдей,
Кайра бизди чакырып бакытка,
Кайра бизди жетелеп бакытка.
Мезгил шашып токтобой учуп убакыт,
Мээрим төккөн бала чак кетти кыр ашып.
Баткан күндүн нурундай калды кол булгап,
Балалыктын ирмемин алыс узатып.
Кайырма:
Жай басып улам жанымдан,
Жан эркем, чачып жалындан.
Жаркырап бийге чакырсаң,
Бийлегим келди капыстан.
Кайырма:
Самба, самба, самба,
Кыймылдан артта калба.
Нота ойносун,
Жүрөк козголсун,
Сүйүүнүн бийи - самба.
Самба, самба, самба,
Кыймылдан артта калба.
Арзуубуз учуп
Асманга жетсин,
Сүйүүнүн бийи - самба.
Айлантып, кысып белимди,
Ансайын алып демиңди.
Кучагым толуп турганда,
Кумарга батып бийлейли.
Кайырма
Бийкечиң болом бактыңа,
Бийлейли бирге дайыма.
Жаңырып ар бир күнүбүз,
Жашасын тапкан сүйүүбүз.
Кайырма
Сөзү : М.Сыдыковдуку
Обону : М.Сыдыковдуку
Бийик тоолор арасынан өтөт биздин чек ара,
Жайында да ал тоолордо жатат ак кар таптаза.
Бүркүт сымал жортуп жүрөт, коргоп өзүнүн жерин,
Жигиттер беришкен антын, карегимде мекен чеги!
Байыртадан бул жерлерди коргоп келген аталар,
Ала-Тоону, Ысык-Көлдү ыйык туткан бабалар.
Далай жолу канча эне көз жаш менен эскерди,
Кулундарың беришкен антын, карегимде мекен чеги!
Ар убакта чынчыл болуп өтөп келген кызматын,
Чек араны коргогонду Кудай колдоп сактасын,
Контрабанда,терроризм, азыр кырдаал, татаал кези,
Бирок бузбайт жигиттер антын, карегимде мекен чеги!
Эсиңде болду бекен,
Биз сүйгөн алма дарак.
Күндөрдөн күтүп жүрдүм,
Мен сенин жолуң карап.
Кайырма:
Чын эле, чын эле унуттуңбу?
Жаздагы жамгыр ырын.
Сүйүүгө, күйүүгө кусаланып,
Мен сени күткөнүм чын.
Күзүндө жаз чакырып,
Жүрөгүм сүйүү көксөйт.
Чачылып тамчы жаштай,
Сагынчым көөдөн өрттөйт.
Кайырма:
Кантип мен унутайын,
Өткөндүн убайын жеп.
Күндөрдүн арт жагында,
Күтөмүн сени дегдеп.
Кайырма:
Жүрөктөгү сезимдердин эң тазасы сен,
Жашагым келип ырахатка бөлөнөмүн мен.
Экөөбүздү баш коштуруп бактылуу кылган,
Жаратканга миң мертебе рахматым айтам.
Кайырма:
Көзүңдөн сенин жымыңдаган,
Күн болуп мага нур чачкан.
Ыраазымын абдан тагдырыма,
Сен экөөбүздү жолуктурган.
Сенсиз бир күн бир кылымдай өтүшү анык,
Жанымда жүрсөң, жаным, менин маанайым ачык.
Өмүр бою ынак болуп өмүр сүрөлү,
Ак сүйүүнү өчүрбөстөн барктап жүрөлү.
Кайырма:
Жүрөгүмдү кыйнабачы,
Сүйүүңдү арнап ыйлабачы.
Капа болбо, сен жаш жигит,
Жалооруба, сыздабачы.
Жүрөгүмдүн толгон сырын,
Түшүндүрүп айтуу кыйын.
Сурабачы абалымды,
Жооп айтамын бул ыр менен.
Кайырма:
Таарынба тагдырга,
Кайыл бол баарына.
Бактылуу күндөр дагы келер.
Таарынба тагдырга,
Кайыл бол баарына,
Бактылуу күндөр дагы болор.
Кечирип кой, сүйө албаймын,
Башка жанды сүй, ардагым.
Бул сүйүүдөн көңүл калган,
Сага түгөй боло албаймын.
Азыр билем, көзүң туман,
Сени карап аяп турам.
Сүйө албаймын, бирок, жигит,
Бул ырымды сага сунам.
Кайырма:
Жалгыз ак куу көрдүм өзөн четинде,
Жалгызырап сүзөт көлдүн бетинде.
Күз келгенде бөтөн куштар топтолду,
Үйрү менен жылуу жакка кетүүгө.
Кайырма:
Аянычтуу аппак куунун калганы,
Айсыз түндө азап күүсүн чалганы.
Дүнүйөдө жалгыз калмай экен го,
Ак куулардын, ак куулардын арманы
Кыш келгенче кайра учуп кетерде,
Жабыркабай өз тобуна жетерде,
Ким ойлоптур сулууларды өмүрдөн
Жалгыз, жалгыз өтөр деп.
Кайырма:
Алыстан кабарыңды күтө берем,
Кайда, качан жолугабыз, айтчы, келем.
Келемин деп кетип калдың бөтөн элге,
Күтөмүн деп кала бергем күз келгенде.
Кайырма:
Жашоодон жадаган, жадаган жандай,
Кыйналдым, кыйналдым, айла таба албай.
Сагынып, саргайып, саргайып бүттүм,
Жаныңда, жаныңда дайым боло албайм.
Башкага окшобогон өзгөчөмсүң,
Жылмайганда эркелеген бөбөктөйсүң.
Сени сүйөм, сени күтөм унута албайм,
Бул жашоодо эң алгачкы сүйгөнүмсүң.
Кайырма:
Күн санап жолуң карап сагынамын,
Бул сүйүүнүн азабынан жашынамын.
Эмнегедир бир сен үчүн жаралгандай,
Мага болгон ак сүйүүңө багынамын.
Кайырма:
Сөзү : Жаңылай Исакованыкы
Обону : Айпери Сыдыкованыкы
Жүрөктөгү сүйүү отун муздаттың,
Жүзүң буруп жаркыныңдан узадың.
Өзгө менен сени көрүп чыдабай,
Өмүрүмдү кара булут каптады.
Кайырма:
Сен ойлосом ачык болот асманым,
Кыялданып бактылуудай караным.
Кыянаттык кылганыңды эстесем,
Кыштын кыраан чилдесинде каламын.
Сыйлашалы сезимимди чанбачы,
Сырдашалы укмаксанга салбачы.
Ирээнжитип шылдыңдайсың, кыйнайсың,
Издеримди кетсем кайдан табасың.
Кайырма:
Кел ардагым бар сүйүүнү барктайлы,
Аз өмүрдө тирүүлүктү баалайлы.
Көз жумайын жүргөнүңө адашып,
Кел таалайым махабатка баралы.
Сөзү : А. Сыдыкованыкы
Обону : А. Сыдыкованыкы
Жүзүңдөн нур чачырап төгүлсө,
Айланам агаргандай көрүнөт.
Жанымда отурсаң эркелеп,
Көңүлүм сага гана бөлүнөт.
Көңүлүм сага гана бөлүнөт.
Кайырма:
Эркем менин, эркелечи,
Эрип кетем эркелесең.
Эркем менин, эркелечи,
Эркелесең эрип кетем.
Жаным го, жаным деп эркелетип,
Сага арнап, эркем, ырдай берем.
Ардактап, асырап жарың болуп,
Сүйүүңдүн кадырына жетемин мен.
Сүйүүңдүн кадырына жетемин мен.
Кайырма:
Сөзү : Айпери Сыдыкованыкы
Обону : Айпери Сыдыкованыкы
Жүрөгүм сыздап жатат, ызаланып кайгырсам эми,
Көзүмдөн жашым тамат, коштошкон күндү эстеп.
Ыр жазсам ырларым, дартымды жеңилдетсе.
Кайрадан мага, сүйүүмдү кайра кайтарып берсе.
Апакай ак куу болуп жаралсам,
Көл жээгинде сүзүп, суктансам.
Канат жайып алыска учсам,
Армансыз өтөт белем.
Ай болуп жаңырсам мен нур болуп мага бересиңби,
Кечирсем эгер сени периштем деп кэлесиңби.
Ыр жазсам ырларым дартымды жеңилдетсе,
Кайрадан мага сүйүүмдү кайра кайтарып берсе.
Апакай ак куу болуп жаралсам,
Көл жээгинде сүзүп, суктансам.
Канат жайып алыска учсам,
Армансыз өтөт белем.
Билемин мени унута албайсың,
Сагынсаң жаныма келе албайсың.
Эстеген сайын сыздап,
Аттиң ай арманда жашайсың.
|