|
Асанкалый Керимбаев
Бардык видеолор: 0
Бардык аудиолор: 29
Сөзү : Анатай Өмүркановдуку
Обону : Асанкалый Керимбаевдики
Дарак билип жазда бүчүр байлаарын,
Күздө түшкөн жалбырагын сагынбайт.
Сенден сулуу болсо дагы алганым,
Сендей мага бул дүйнөдө табылбайт.
Көлгө жетпей суулар соолуп акпаса,
Жарга жетпей жигит жалгыз жатпаса.
Кайсы кызга кадалбасын карегим,
Баары бөлөк, баары сенден башкача.
Кимден калган табигатка таарыныч,
Кимден калган үйлөнүүлөр жаңылыш.
Жүрөктү өрттөп коштоп жүрүп отурат,
Өзүмдөгү сага деген сагыныч.
Дарак билип жазда бүчүр байлаарын,
Күздө түшкөн жалбырагын сагынбайт.
Сенден сулуу болсо дагы алганым,
Сендей мага бул дүйнөдө табылбайт.
Сөзү : Аалы Токомбаевдики
Обону : Асанкалый Керимбаевдики
Сүт эмген бала жыттанган, илебиңди сагындым,
Мойнумду сылап артылган, билегиңди сагындым.
Талпынсам таппайм айласын,
Талаада калган өңдөнөм,
Таалайым Мунар, кайдасың?
Кучактап турсам туйлаган, жүрөгүңдү сагындым,
Эңкейсең эрке чайпалган, күбөгүңдү сагындым.
Муңаям таппай айласын,
Муңканып жалгыз отурам,
Муңдашым Мунар, кайдасың?
Балбылдап карап оштонуп, күлгөнүңдү сагындым,
Керүүдөн чыккан маралдай, жүргөнүңдү сагындым.
Талпынам таппайм айласын,
Таң атат дагы күн батат,
Тагдырым Мунар, кайдасың?
Гүл бурак жийде жыттанган, илебиңди сагындым,
Мойнума жумшак оролгон, билегиңди сагындым.
Көксөймүн таппай айласын,
Көңүлгө тете кылайын,
Түшкө кир, Мунар, кайдасың?
Сөзү : Омор Султановдуку
Обону : Асанкалый Керимбаевдики
Ак булут тоодо калкылдап,
Айдалып барат шамалга.
Булутка окшоп мен дагы,
Буулугуп жылам сен жакка.
Булутка окшоп мен дагы,
Буулугуп жылам сен жакка.
Тыңшасам мезгил шоокумун,
Кылымдын доошу угулат.
Жылт этип жарык из салып,
Жылдызым учат зуулдап.
Жылдызым менин өчпөгөн,
Маңдайга нурун таратып.
Өзүңдү ойлоп турамын,
Өмүрдөн өтүп баратып.
Сөзү : Абды Сатаровдуку
Обону : Текебай Мураталиевдики
Ай, кез эле да калган таң атып,
Оо, кездештик да жолдо баратып, эй.
Керме каш сулуу беш көкүл,
Олдо, кыялымда жаратып, эй.
Өтсө экен аа, деймин өмүрүм,
Олдо, өзүңө эле өзүм жанашып.
Эй, артыңдан барсам бакчага, эй,
Оо, артылып да алып башкага, эй.
Жалынып сүйлөп жатыпсың,
Олдо, жактырбай сени жатса да, эй.
Сүйүүнүн эй күчү керемет,
Олдо, жалынтат тура, ий, башкага.
Эй, кыраңдай Акин кымча бел,
Оо, кынама да, толдуң көңүл бөл, эй.
Арамзанын белинде анда,
Ашуулап, жайлап биздин эл, эй.
Кымбатым эй, сенден сурарым.
Олдо, кыйып кетпей, ий, мендей көр.
Кымбатым сенден сурарым.
Олдо, кымбатым Акин кыйбай жүр.
Жайдагы гүлдөр соолуп, көңүл сыздап,
Жан-жактан салкын тартып, аба муздап.
Күркүрөп-шаркырабай бир калыпта,
Күзгү жаан жалбыракты жатат туздап.
А балким, убакыттар өлгөн бөөдө,
Көчөгө чатыр кармап чыгам кээде.
Жаркыным, бүгүн дагы келбейсиңби?
Жапжалгыз телмиремин терезеде.
Андагы гүлдөр өчүп, аба сууган,
Булуттар ойкуп-кайкып шамал кууган.
Жайдары көргөнсүймүн элесиңди,
Жаркырак терезеде жамгыр жууган.
Булбулдар таңшып шагында,
Булактын бастык жанында.
Татына жүздүн шооласы,
Таралып турду канымда.
Айрыкча сулуу сезилди,
Ажайып жайдын,
Агарган жайдын таңында.
Көңүлдүн сүйгөн ардагы,
Көз караш сонун андагы.
Элесиң улам жарк этсе,
Эргиди сезим кандагы.
Жайнаган чолпон белемсиң,
Жарыгын чачкан таңдагы.
Түшүмдө мейли, өңүмдө,
Түспөлүң турат көңүлдө.
Оргуштап жаштык махабат,
Ойлорум өзүң жөнүндө
Алдыга карай үндөгөн,
Ак шоола болдуң өмүргө.
Сөзү : Ш.Молдокеевдики
Обону : Асанкалый Керимбаевдики
Көл түбүндө эл жашаган жер калып,
Көркү анын унутулбас ырдалып.
Көп издээрбиз балалыктын элесин,
Көп кыз-жигит көл үстүндө көк кайыкчан ыргалып.
Кылаасынан сансыз жылдыз жаркырар,
Кыялымда кылым күүсү тартылат.
Тоолук жаштар, кайыгыңды токтотуп,
Тоолук элдин күүлөрүнөн калпып ал, ырларынан калпып ал.
Толкуп-ташкан чоң Нарын да буулду,
Кетенчиктеп кайра артка бурулду.
Токчулукка суусун болгон деңиздин,
Толкун күүсү тоодон ашып угулду, бүткүл элге угулду.
Каректен нуруң төгүлүп,
Кат-каттап оюм бөлүнүп.
Кайгыга салып, карындаш,
Мен картайган кезде көрүнүп.
Ууртуңдан күлкүң төгүлүп,
Удургуйт санаа бөлүнүп.
Убайга салдың, карындаш,
Мен улгайган кезде көрүнүп.
Убайга салдың агаңды,
Мен улгайган кезде көрүнүп.
Мекендеп чыкчу кайберен,
Мелжиген бийик жай белең?
Мезгилсиз кезде жолуктуң,
Мен боз жигит кезде кайда элең?
Мээнетиң алып жүрөйүн,
Мен боз жигит кайда элең?
Болумуң толгон ай белең?
Болжошкон бийик жай белең?
Бой тумар сындуу периштем,
Мен боз улан кезде кайда элең?
Кара-Көлдүн кыздары жылдыз маңдай,
Көздөрүн көр жымыңдашкан жылдыздардай.
Жүрөгүмө түнөтүп бир сулуусун,
Жүрөмүн кыялымда алыстабай.
Жээгинде дайранын шарпылдаган,
Күлгөнүңдү сагындым мен шаңкылдаган.
Чыгып барып аскага тизгениңди,
Жылдыз кармап колуң жаркылдаган.
Сырдап жаткан үйлөрдү алтын менен,
Сыйда, назик колдоруң алтын беле?
Сыймактанат элиң да, куруучу кыз,
Сенин атың эмгегиң, даңкың менен.
Эңсейм сени көңүлүмө ырыс толуп,
Эңсейм сени көздөрүмө жылдыз конуп.
Мени өзүңө чакырчы, сыйкырлачы,
Учуп түндө жетейин жылдыз болуп.
Биз жүргөн айлуу түн кайда?
Биз үзгөн жыпар гүл кайда?
Көзүңдөн секет болоюн,
Көрүнүп койчу бир кайра?!
Жашыл бак, жайдын кечи эле,
Жанаша баскан кез эле.
Тамаша кыял сөз айтсам,
Таарына түштүң тез эле.
Кыялдын минип кемесин,
Кыйналдым, качан келесиң?
Кыйнаган менин жанымды,
Кымбаттуум, кандай немесиң?
Кыялым чертип түркүн күү,
Сен карап койсоң сүйкүмдүү.
Тымызын ичим тызылдап,
Сагындым сенин күлкүңдү.
Сөзү : Шайлообек Дүйшеевдики
Жар көчкөн өңдүү бүт жерден,
Жан кишим калбай күткөнгө.
Жаралбай койсом негедир,
Жалгыздык башка түшкөндөй.
Баркыңды калың эл көрөт,
Башыңды кара жер көмөт.
Басмайыл тартар иниң жок,
Басынып турсаң тең бөлөр.
Баткан күн аткан таңга маал,
Балдарың калар, жар калар.
Дүңгүрөп турган атың жок,
Дүнүйөң түшкүр, ал калар.
Сөзүмдү ташып алыска,
Сөз кылар кас да калыстай.
Ырларың ыйга айланар,
Айланар достор таанышка.
Жакшы жан элең аялуу,
Жакшыны качан аядың?
Боз шыбак баскан мүрзөңдү,
Боздотуп турар караңгы.
Сөзү : А.Мамыровдуку
Обону : А.Керимбаевдики
Асман тунук, ай тунук, көл да тунук,
Алмаз сымал көп ойлор менде тунуп.
Сезип калдым ай мөлмөл ак сүйүүңдү,
Сен отурган булакта мен да отуруп.
Сен дагы туйдуң бекен, сездиң бекен?
Махабат күүсүн черттим мен бир нече.
Баарысы өлбөс болуп сага арналат,
Карааның карегимде калды бекем?
Асман тунук, ай тунук, көл да тунук,
Алмаз сымал көп ойлор менде тунуп.
Сезип калдым ай мөлмөл ак сүйүүңдү,
Сен отурган булакта мен да отуруп.
Жаштык кез жаңы кийимдей,
Эскирсе, калган кийилбей.
Боз улан бойдон турбайсың сен,
Бул жолуң өтөт билинбей.
Кыярса калбас күбүлбөй,
Кырчын кез тоонун гүлүндөй.
Кыз бойдон дайым турбайсың сен,
Кызык кез өтөт билинбей.
Күнүгө сени жандаган,
Күлгүн чак келбейт кайрадан.
Элирбей жаштык кезиңде сен,
Эс-акыл менен пайдалан.
Күүлөнөт күлүк күнүндө,
Туйлайт дейт тулпар тушунда.
Турмушка өчпөс из калтыр.
Туягың бүтүн чагында.
Сөзү : А.Осмоновдуку
Обону : А.Керимбевдики
Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстеп, сагынба.
Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.
Кош, сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда.
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен
Отуз жаштын улам аркы жагында.
Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн,
Унутулган учар замат түнөктөн.
Сүйүү деген сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген - от чачышуу жүрөктөн.
Сен бир бакча мөмөлөрүң келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен.
Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген - сүзүп өтүү деңизден.
Сөзү : О.Султановдуку
Обону : А.Керимбаевдики
Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып,
Силерди, ак булуттар, жолдош кылып.
Мен келип алтын кумдуу көл жээгине,
Отурам эскерүүдөн ичтен сызып.
Сезгендей айрыларды коркор элем.
Алтын кум, сен баарына орток элең.
Өчөшүп бизди өксүткөн жаңылууга,
Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем.
Кайгынын каран түнүн жарык кылар,
Каралдым, жашоодо көп жакшылык бар.
Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,
Айдалып баратканда ак булуттар.
Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги,
Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди?
Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага,
Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи.
Сөзү : А.Өмүркановдуку
Обону : А.Керимбаевдики
Бар тарабым бир гана сен жыттанып,
Бажырайган көздөрүңө суктанып.
Бакытымдай мүнөт сайын сени эстейм,
Баскан изиң башкалардан кызганып.
Бирин-бири көрөйүн деп батыраак,
Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат.
Сенин шаңдуу шаркыратма сыяктуу,
Шайыр күлкүң уксам жарпым жазылат.
Өзүңө деп гүлдөр терип адырдан,
Ырларды окуйм өзүңө деп жазылган.
Кайсы күнү сылаарымды билбеймин,
Желден башка сылабаган чачыңдан.
Жылдыз болуп көзүң турса күлүңдөп,
Уктай албайм бүткөн боюм дүрүлдөп.
Булбул бактан күнү бою тил безейт,
Бул дүйнөнүн ырахаты сүйүү деп
Жыңайлак баскан издерим,
Жылгаңдан келет издегим.
Ардайым кубат жаныма,
Ак шоокум мейкин түздөрүң.
Сууларың тунук агылган,
Бүткөндөй менин таңымдан.
Учурган канат байлатып,
Уям сен жүрөк сагынган.
Мээримиң кимге теңелсин?,
Мен үчүн атам-энемсиң.
Жакыным боорум тууган жер,
Жанымдан артык белемсиң.
Ысык-Көл сага барам деп,
Ырыска бүтсө жагар деп.
Ойлогон эмес экенмин,
Ошондо сени табам деп.
Ойлогон эмес экенмин
Гүлкайыр, сени табам деп.
Көрсөм да сени миң жолу,
Көл бойлоп бастым түн бою.
Гүлкайыр, сенин мас болуп,
Гүлүңдү искеп бир жолу.
Гүлкайыр, сенин мас болуп,
Өзүңдү жыттап бир жолу.
Дартыма даба эте албай,
Даалайлар жүрсө жете албай.
Өмүрдүн баркын кеч билип,
Өзүңдөн турам кете албай.
Жашоонун баркын кеч билип,
Жаныңдан турам кете албай.
Күүгүмгө толгон кечимдин,
Күкүгүн кайда кетирдиң?
Гүлкайыр, гүлүм кош эми,
Гүлүңдү үзсөм кечиргин.
Гүлгө окшош эркем, кош эми,
Күнөөлүү болсом кечиргин.
Сөзү : С. Жигитовдуку
Жалбырактар жабыла үн чыгарып,
Жаны тынбай күйүттүү күү чыгарып.
Шуу-шуу этет качырып уйку кушун,
Шуу-шуу этет көңүлдүн тынчын алып.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
Тоо койнуна кысылган кыштагымдай,
Там-ташы бар түзөңдүн төш жагындай.
Турар эле шуулдап миң түп терек,
Тигип койгон атакем жаш чагында.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
Оо, анда мен бактылуу бир баламын,
Оюн, күлкү, көпөлөк — уулаганым.
Уктаганым байкабай калар элем,
Угуп жатып теректер шуулдаганын.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
Атам өлүп, артынан апам ооруп,
Айыкпаган дартынан каза болуп.
Ошондо да теректер шуулдаган,
Коштошкондой көрүнөө капа болуп.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин.
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
Өтүп барат бул заман зуулдаган,
Өтүп барат зуулдап улуу заман.
Кайрандарым, а силер жатасыңар,
Терек муңун туйбастан шуулдаган.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин.
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
Кадиги жок болсо да бир өлүшүм,
Кайсы күнү өмүрүм түгөнүшүн.
Капарга албай жүрөмүн, кайрандарым,
Терек күүсүн эшитип силер үчүн.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ачышып каректерим.
Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин,
Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин.
Сөзү : Т.Кожембердиевдики
Обону : А.Керимбаевдики
Күтүүгө чыдамым аз көрүнөмүн,
Күйүттүн ызасына чөмүлөмүн.
Алыстап кетсең дагы маңдайыңа,
Асмандан жылдыз болуп төгүлөмүн.
Ашыгып тоо суусундай чамынамын,
Ар дайым сен тарапка агыламын.
Алыста, жакын жерде жүрсөң дагы,
Ар дайым ак маралым, сагынамын.
Саргайтпай ачык жообун бересиңби?
Сагынып медер кылам элесиңди.
Таңдагы тармал бутак болгум келет,
Талпынып, чертип турган терезеңди.
Бою шыңга ою нуска кар эле,
Жомок сөзгө жорголугу бар эле.
Ооруп жатып акыретке жол алдың,
Атың минип, кырды ашкан да жаңы эле.
Алыстагы уулумдан кат барбылап,
Амандыгым тилеп турчу ар убак.
Атакемден айрылганга үй эмес,
Айыл дагы калгансыды аңгырап.
Айыл десе атам мага элестеп,
Талдасачу бүгүн эртең барам деп.
Ата деген акылга бек садагам,
Атасы бар деген канча каниет.
Эми мына зор жетилди сезилди,
Эч убакта ата дебейм эч кимди.
Айылымдын аксакалын көргөндө,
Жүрөк толкуйт көргөн өңдүү өзүңдү.
Кайгы мага катуу тийип камчыдай,
Жан кейитип жашым акты тамчыдай.
Карай бердим атам калган сеңирди,
Атын минип азыр түшө калчудай.
|