|
Жаныш Кочкоров
Бардык видеолор: 5
Бардык аудиолор: 16
00:04:08
00:03:14
00:03:00
00:04:50
00:05:13
Сөзү : Оңолбек Соорбаевдики
Обону : Жаныш Кочкоровдуку
Көз көргүс, кулак уккус алыс экен жүргөн жерим,
Жылуулук, шаттык берет сенин демиң.
Кайгы-муңду тартпаган өмүр бою,
Кайгысыз жашай бергин, ак калпак кыргыз элим!
Кайда жүрсөм шаттантат сенин демиң,
Дем алсам дем берет токой-чериң.
Адырың кызыл-тазыл гүлгө оролгон,
Ак чокулуу тоо жайлаган кыргыз элим!
Токойлуу, ак чокулуу менин жерим,
Кош колдоп кымыз сунат кыргыз элим.
Өмүр бою меймандос жаралгансың,
Өркүндөп, өсө бергин, ак калпак кыргыз элим!
Кылым бою жашай бергин, кыргыз элим!
Сөзү : Дооронбек Садырбаевдики
Обону : Жанышбек Кочкоровдуку
Жаштык кез ырын ырдайлы,
Жалындап күйүп, жыргайлы.
Жүрөктөр жакын экенин,
Жүзүбүз айтып турбайбы.
Кырчын кез ырын ырдайлы,
Кылымдар айың кылбайбы.
Кыялдар шейкеш келгенин,
Кылыгың айтып турбайбы.
Ашыктык ырын ырдайлы,
Алышып ойноп, жыргайлы.
Көңүлдөр туура келгенин,
Көздөрүң айтып турбайбы.
Сыпайы сүйлөп үн салып,
Сырдашсаң жүзүң нур чалып.
Сыныма толбос жан болсоң,
Сыздабайт элем мынчалык.
Кашкайып күлүп үн салып,
Кайгысыз жанга сыр салып.
Кадырга толбос жан болсоң,
Какшабайт элем мынчалык.
Жолукчу мезгил бүдөмүк,
Жолубуз башка түбөлүк.
Көрүшпөй кетсек эсен бол,
Көңүлдө бирге жүрөлүк.
Табышчу мезгил бүдөмүк,
Тагдырлар башка түбөлүк.
Кыйышпас эркем, эсен бол,
Кыялда бирге жүрөлү.
Ажайып деп тоонун гүлүн искеген,
Арзуу жытын неге мурда сезбегем?
Ушунча жыл өмүр сүрбөй кур бекер,
Балким, сенин жытыңды гана издегем.
Алыс кетсем илебиңди сагынам,
Ооруп калып, жытың тапсам айыгам.
Сен жыттанган шамал уруп турса деп,
Мен ичимден табияттан жалынам.
Махабат, сен бүр жыт болуп көрүңдүң,
Бир укмушун сүрүп жатам өмүрдүн.
Бүт баарына тилеп жалаң жакшылык,
Келет сага айкөл болуп көрүнгүм.
Мындай жытты кызганышар арчалар,
Арзуу жытын сезбей өтөт канчалар.
Көз жумарда не деп сүйлөйм билбеймин,
Жытыңды искеп, анан, мүмкүн, жан чыгар.
Торгой өңдүү тоо гүлдөрүн эңсегем,
Жытың издеп жолго чыгам күндө мен.
Сендей жакшы жолукса да жашоомдо,
Сендейди мен таба албасмын дүйнөдөн.
Сөзү : Азада Бегимкулованыкы
Обону : Ж.Кочкоровдуку
Толгонуп толкундаба, сезимдерим,
Тагдырга башымды ийген кезим менин.
Таалайсыз махабаттан өксүбөгөн,
Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин.
Буркурап боздой бербе, сезимдерим,
Базардан кайтып калган кезим менин.
Бааласын-баалабасын башка бирөө,
Баркымды билгендердин эсиндемин.
Кайгырып, капаланба, сезимдерим,
Карайлап жүдөп турган кезим менин.
Кааласын-каалабасын башка бирөө,
Кадырым билгендердин эсиндемин.
Чыркыраба, боздой бербе, сезимдерим,
Санаага түшүп анча эзилбегин.
Сан миң эл кайратымды ширеп турат,
Сырымды билгендердин эсиндемин.
Сан миң эл кайратымды ширеп турат,
Чыныгы күйөрмандын эсиндемин!
Сөзү : Ж.Кочкоровдуку
Обону : Ж.Кочкоровдуку
Сагындырба, сагынбайын,
Сени күтүп зарыгамын.
Сүрдөтпөчү, сүрдөбөйүн,
Карегиңден кагылайын.
Ошол күндү эстедиңби?
Жүрөгүмдү эзбедиңби?
Көрбөй калсам сагынчу элем,
Карагаттай көздөрүңдү.
Жолукканда тайсалдайсың,
Сырымды мен айта албаймын.
Сүрдөтпөчү, сүрдөбөйүн,
Маралдайым, аркардайым.
Балбылдашың мага карап,
Өткөн күндү эске салат.
Байкатпастан келсең боло,
Атаганат, атаганат.
Сөзү : Карыбек Бегимкуловдуку
Обону : Жаныш Кочкоровдуку
Өмүр - дайра, убакыт бар кечкенге,
Өтүнөрүм, мага келсең, кеч келбе.
Асылкечим, кайдан чыга калдың, ай,
Минтип жашым отуз чактан өткөндө?
Асылкечим, кайдан чыга калдың, ай,
Минтип жашым кырктан өтүп кеткенде?
Жашоо - жыргал, кадырына жеткенге,
Эмне жетсин, сүйүү сырын чечкенге?
Жүрөк сыздайт, жүлүндөрүм зырпылдайт,
Сен жолугуп, белден каруу кеткенде.
Жүрөк сыздайт, жүлүндөрүм зырпылдайт,
Сен жолугуп, мен алыстап кеткенде.
Сен да селки, асманда эмес, жердесиң,
Сен да мендей күнөөсү бар пендесиң.
Сүрөрүбүз беш күн өмүр болгон соң,
Сүйүүбүздүн аямакпыз эмнесин?
Караганда көзүңдөгү карекмин,
Каалаганда бышып турган данекмин.
Чагып жебей, өстүрүп же даанымды,
Чамам бүтсө, чал катары керекмин.
|