|
Мажит
Бардык видеолор: 12
Бардык аудиолор: 20
00:03:10
00:04:06
00:04:07
00:04:12
00:03:10
00:02:47
00:04:08
Сөзү : Б. Карыбековдуку
Обону : М. Абдрашитовдуку
Сөзү : Тимур Бөрүбаевдики
Обону : Тимур Бөрүбаевдики
Сөзү : Мажит Абдрашитовдуку
Обону : Мажит Абдрашитовдуку
Сөзү : Ильяз Агыбай уулунуку
Обону : Ильяз Агыбай уулунуку
Сөзү : Манас Бердибековдуку
Обону : Манас Бердибековдуку
Сөзү : Мажиттики
Обону : Мажиттики
Ааламга таанытып көзүңдү,
Апа деп кубантып өзүңдү.
Ар убак арнадың мен үчүн,
Алтынга алмашкыс кезиңди.
Сагынсам, алдыңа бара жай,
Сапардан кайтуучу адамдай.
Санаада жүрөмүн апаке,
Сага арнар бакытты таба албай.
Кайырма:
Ай десең, айды алып берейин,
Айтчы апа эмнеге теңейин?
Урматтап жүрөктөн арнаган,
Ушул ыр өзүңө белегим.
Күнүмсүң нур чачкан асманда,
Гүлүмсүң кумарым артканда.
Кымбатым, тамырым өзүңдө,
Кыйналам сен түйшүк тартканда.
Өкүнбөс өмүрлөр аз экен,
Өзүң бар көңүлдөр жаз экен.
Өткөрүп бактылуу күндөрдү,
Өмүрлүү боло көр апакем.
Кайырма:
Сөзү : Жакут Сыдыковдуку
Обону : Ильяс Кудретовдуку
Атыңды мен жүрөгүмө сактап,
Асыл эркем алдейлеймин, таптап.
Сен билбесең, сени сүйөмүн жаным,
Сени менен көрүшкөндөн баштап.
Жаным сени урматтаймын,
Ак сүйүүмдү уурдатпаймын эми мен.
Ойлорумду уйпалаба,
Отко салып куйкалаба эми сен...
Кайырма:
Жалгызым, ай, жалындаган оттой жигитмин,
Жанымда бол, түбөлүккө мендей жигиттин.
Жаным сени урматтаймын,
Ак сүйүүмдү уурдатпаймын
Алтыным менин, ашыгымсың жаным, ай
Колуңду мага бер, сүйүүгө сыр ачалы, жаным, ай
Кайырма:
Жалгызым, ай, жалгыз сенде менин үмүтүм
Жалгыз кылбай боломун эми сенин жигитиң
Тагдыр бизди жолуктурду эми,
Талаша албайт эми эч ким сени
Сен билбесең сени сүйөмүн жаным,
Сени менен көрүшкөндөн бери.
Жаным сени урматтаймын,
Ак сүйүүмдү уурдатпаймын
Алтыным менин, ашыгымсың жаным, ай
Колуңду мага бер сүйүүгө, сыр ачалы жаным, ай
Кайырма:
Сагынып эңсейм мен каректериңди,
Гүл сунуп кучактап жүрөм элесиңди.
Жүрөм унута албай, сүйүп жаным сени,
Өчпөгөн жыргалым, жүрөктө калды элесиң.
Кайырма:
Айдайым, айдай перим,
Асылым жалгыз менин.
Күлгөнүң күндөй жарык сенин.
Ардагым, айдай перим,
Жылдызым жалгыз менин.
Сезимге өчпөс болуп,
Айдайым, айдай перим,
Оо, перим...
Сыдырып чачың, жел менен сылаймын,
Оролуп гүл менен, ой басып, самаймын.
Учуп кыялымда, келем жаным сага,
Кулачың жаясың кучагың тосуп сен мага.
Кайырма:
Билайн менен ошка бар жана мегаком,
Түн уйкуңду бузуп братан мен, чалдым телефон.
Баягыдай балдай таттуу уйкум жоголгон,
Өзүң айткан мени сүйгөн кыздар чоңойгон.
Кайырма:
Биздин кыздар, кыргыз кыздар,
Күн экен, ай экен.
Ойнок болбой, бойдок болбой,
Үйлөнгөн кандай экен?
Үйлөнүүгө аракет кыл, эрте алекте,
Жашың өтсө жактырышпайт да, качып карактер.
Жүрө бербей кыялданып чыкпай агенттен,
Жүрөгүңдүн теңин изде борбор Бишкектен.
Кайырма:
Биздин кыздар, кыргыз кыздар,
Көп экен, бар экен.
Кыргызымдын сулуу кызын,
Тандадым ал жеңекең.
Биздин кыздар, кыргыз кыздар,
Меники ким экен?
Оштон ашып барсам кантет
Баткенден же Лейлектен,
Биздин кыздар, кыргыз кыздар,
Күн экен, ай экен.
Кыргызымдын кыздарына,
Эч кыздар жетпейт экен.
Сөзү : Шахназардыкы
Обону : Мирлан Ниязовдуку
Өзгөртүп дүйнөмдү сен,
Өмүргө дем берген.
Бактыма бир келген,
Периштем сен элең.
Балкыган бактымды мен,
Бир өзүңдөн издегем.
Кылым санап күткөн,
Кыялым сен элең.
Кайырма:
Жалгызым ардагым,
Жыргалым алтынымсың.
Нурданып жанымда,
Жүрөгүмө демсиң.
Сезимге жаралган,
Секелегим сенсиң.
Бактылуу күндөрдүн,
Белеги да сенсиң.
Сезимдерим сага деген,
Жүрөктө сактап келем.
Болсоңда жанымда,
Сүйүүңө тойбойм мен.
Жылдыз болуп көктө жансаң,
Жылынам нуруңа мен.
Маңдайга жазган,
Бакытым, айым сен.
Кайырма:
|