|
Нурсултан Азыкбаев
Бардык видеолор: 6
Бардык аудиолор: 8
00:04:22
Мирбек Атабеков, Ырыскелди Осмонкулов, Гүлнур Сатылганова, Нурлан Насип, Темир Назаров, Урмат Усенов, Неля, Анжелика, Кайрат Примбердиев, Ильяз Абдыразаков, Омар, Арсен, Аско, Джонни, Нурсултан Азыкбаев, Ислам Акматов, Бек Исраилов, Жийдеш, Малика Дина, Тынай Алыбаев, Мирбек Атабеков, Мирбек Атабеков, Айбек Замиров, Бактыгүл Бадыева, Чырмаш Төрөбеков, Айымжан, Бегиш, Баястан, Мирбек Атабеков "Бар болгун Элим"
00:05:06
Султан Садыралиев, Бек Исраилов, Гүлжигит Калыков, Гүлнур Сатылганова, Омар, Анжелика, Алтынай Нарбаева, Куралбек Чокоев, Толгонай Арзыкеева, Урмат Усенов, Аваз Акимов, Айганыш Абдиева, Токтобек Асаналиев, Айпери Кубик кызы, Максат Садырбеков, Максат Бегалиев, Нурмат Садыров, Юлия Руцкая, Нурсултан Азыкбаев, Чолпон Талипбек, Аско, Азат Раимбердиев, Кудайберди Айтбосунов, Джонни "Адамга адам керек"
00:03:30
00:04:09
00:04:33
00:03:08
Султан Садыралиев, Бек Исраилов, Гүлжигит Калыков, Гүлнур Сатылганова, Омар, Анжелика, Алтынай Нарбаева, Куралбек Чокоев, Толгонай Арзыкеева, Урмат Усенов, Аваз Акимов, Айганыш Абдиева, Токтобек Асаналиев, Айпери Кубик кызы, Максат Садырбеков, Максат Бегалиев, Нурмат Садыров, Юлия Руцкая, Нурсултан Азыкбаев, Чолпон Талипбек, Аско, Азат Раимбердиев, Кудайберди Айтбосунов, Джонни "Адамга адам керек"
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Султан Садыралиевдики
Бул күндөр да өтүп кетер,
Кыйналган жандардын үнү жетер.
Баркын билбей бул жашоонун,
Жашадык заманда "өзүм" деген.
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурай турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Узак жолду улап келген,
Ар бир таң өзгөчө кубат берген
Канча кыйын күн келсе да,
Адамбыз баарына чыдап келген.
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурай турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Күндөн дагы, суудан дагы
Эң кымбат адамга адам керек.
Сабыр керек сынбай турган,
Жакшы күн бар али, улай турган.
"Чыңалсын",-деп адамзатты,
Сыноолорду Кудай сунган.
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурап турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Адам жөлөк курбусуна,
Себепкер жаркыган турмушуна.
Кыйын күндө бирге өтөт
Таянып "эл" деген уул-кызына,
Ынтымакта жеңе турган
Кайрат бер, сабыр бер Кыргызыма!
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурап турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Сөзү : А.Кубанычбековдуку
Обону : Нурсултан Азыкбаевдики
Колум сунуп барамын, кереметиңе,
Кубат берет нур жамалың билсең сезимге,
Барам кечинде, айланып берегиңе.
Жылдыз күлүп жылмайып, сага суктанып,
Көздөр сүйлөйт сыр билгизбей, жанып нурданып,
Сенин жаныңда болуу мага бакыт.
Бир өзүң... Жүрөмүн...
Жүрөгүм... Ар дайым сүйгөм сени түгөйүм.
Жарымым, жарыгым, эркелейсиң, эркем дейсиң,
Кыялымдан орун алдың жаным тумарым,
Жанып турамын, балбыл көз чырагым.
Жылдар учуп өтсө да, сезим өчпөйт бир сага,
Белек кылам терип, бир сен үчүн өмүрдүн гүлүн,
Байкасаңчы жүрөгүмдүн үнүн.
Кайырма:
Бир өзүң... Жүрөмүн...
Жүрөгүм... Ар дайым сени сүйгөм түгөйүм.
Жалгыз калгым келбейт жалганда,
Айдай нуруң...
Бир өзүң тагдырыңдын конгон кушу боломун,
Жүрөмүн, өзүң гана мен эңсеген жомогум.
Жүрөгүм, көздөрүңдү карап ар дайым сүйгөн,
Сени түгөйүм...
Кайырма:
Көздөрүңдү карап, ар дайым сүйгөм сени түгөйүм.
Бир өзүң...
Жүрөмүн, өзүң гана мен эңсеген жомогум.
Жүрөгүм, ар дайым сүйгөм сени түгөйүм.
Сүйгөнүм...
Кулагымда кыздын үнү ыйлаган,
Жөн ыйлабай жанды кошо кыйнаган.
Жок сезимди салгысы бар жүрөккө,
Кандай жанмын ал сулууну туйбаган?
Жакшы эле жакындаса жаныма,
Алыстаймын тургансып мен камына.
Катуу айтсам калат мүмкүн көңүлү,
Кайра корком каламбы деп каарына.
Кайырма:
Аттиң, ай, мага гана тартыласың жанымдан калбай,
Аттиң, ай, бакытын издеген жандай.
Аттиң, ай, бул өмүрдө түгөйүңдү жүрөсүң таппай,
Аттиң, ай, сен жалгыз ак куудай...
Баалап турсам бир өзүмдү башкадан,
Ээрчип жүрсө кыйынмын деп наздана.
Элес келсе, сезим келбей турду го,
Балким, сулуу кыйналууга жаралган.
Аттиң, неге баркын билбейм ал кыздын?
Ошондуктан мен азыр да жалгызмын.
Башкара албайм, туура түшүн сезимди,
Ак сүйүүнүн астында мен алсызмын.
Кайырма:
Сөзү : Элдики
Обону : Элдики
Сары-Ойдун салкын тоосунан,
Сагызган учат зоосунан.
Санаама алып издесем,
Кантейин, таба албай койдум ордунан.
Көк-Ойдун көркөм тоосунан,
Көгүчкөн учат зоосунан.
Көңүлгө алып издесем,
Кантейин, көрө албай койдум ордунан.
Салкындуу жерге, Сары-Ойго,
Сагызган барып конбойбу?
Санаага алып издесем,
Кантейин, санаалаш болсоң болбойбу?
|