|
Фархат Кеңешбек уулу
Бардык видеолор: 4
Бардык аудиолор: 7
00:04:54
00:04:14
00:03:49
00:03:47
Сен көчөдө бассаң, бассаң жарашып,
Суктанышат баары сени карашып.
Канчалары, жаным, сени жактырып,
Канчалары жүрөт сени самашып.
Кайырма:
Неге, неге, неге?
Ай-ай, эмнеге?
Жаным, сени баары караша берет.
Мендиктигиң билбейм, кызганарым билбейм,
Жаным, сени баары караша берет.
Сулууланба, жаным, сен көп жасанба,
Көз тиет деп коркуп жүрөм ансыз да.
Жаратканым неге сулуу жараткан,
Кызганамын сени бир көз караштан.
Кайырма:
Неге, неге, неге?
Ай-ай, эмнеге?
Жаным, сени баары караша берет.
Мендиктигиң билбейм, кызганарым билбейм,
Жаным, сени баары талаша берет.
Жаным, сени баары караша берет.
Сөзү : Р.Нарынбаевдики
Обону : Р.Нарынбаевдики
Байкоосуздан жолуктуң, сүйгөнүм, мага,
Баштагыдай күлкүң жок, не болду сага?
Убадаңа бек туруп калбадың беле?
“Бактылуу болобуз” деген сөздөрүң кайда?
Кайырма:
Жаным, кайдагы сүйүү?
Жаным, кайдагы күлкү?
Соолуду го сага арналган сүйүүнүн гүлү,
Эми кайрылбайт күлкү,
Эми кайрылбайт сүйүү.
Соолуду го мага арналган сезимдин гүлү.
Кантип эми таба алам дартыма даба?
Бүт дүйнөмдү курчап алды муздаган аба.
Эгер болсо канатым баарын унутуп,
Алып учуп кетмекмин алыс жактарга.
Асылым, ардагым,
Жалгыз сени тандадым.
Жанашып экөөбүз,
Тозсок сүйүү таңдарын.
Кымбатым, берметим,
Ай чырайлуу келбетиң.
Таба албайм сендейди,
Айлансам да жер бетин.
Арзуум, айткан таңсыңбы,
Толуп турган айсыңбы?
Айланып басалы,
Гүл жайнаган багыңды.
Көктө күйгөн күнсүңбү,
Көркөмү кооз гүлсүңбү?
Жүрөгүмдү эргитет,
Уксам шыңгыр күлкүңдү.
Кайырма:
Асылым, ардагым,
Жалгыз сени тандадым.
Жанашып экөөбүз,
Тозсок сүйүү таңдарын.
Кымбатым, берметим,
Ай чырайлуу келбетиң.
Таба албайм сендейди,
Айлансам да жер бетин.
Жүрөк дегдеп, эңсеген.
Жүзү сүйкүм сен белең?
Перизат, аруусуң,
Айта албаймын сөз менен.
Чертип жүрөк кылдарын,
Жаным, сен деп ырдадым.
Чеги жок арзуунун,
Чечеличи сырларын.
Кайырма:
Сөзү : Р.Нарынбаевдики
Обону : Р.Нарынбаевдики
Топ кыздардын арасынан,
Көзүмө эле көрүнөсүң.
Байкап мен башта сени жүргөм,
Ай болуп төгүлөсүң.
Күлгөнүң мөлтүр тунук булак,
Кулпуруп гүлдөй өңдөнөсүң.
Кайырма:
Жаным, жаныңа эле барсамбы,
Сүйөм деп айтсамбы?
А бирок айтуу кыйын,
Муңайып кайтамбы?..
Эх, сулуу, сырларыңды ачсаңчы,
Ай, жылдыздай жансаңчы.
Жомоктогу чүрөк сымал,
Периштеге айланчы.
Көркөмүң көздү суктандырып,
Койкоё басып керилесиң.
Койдуң го салып мени ойго,
Ак куудай мага сезилесиң.
Тартылып, жаным, бир өзүңө,
Ашыктык отко берилемин.
Кайырма:
Мажбурлап тунгуюкка түртүп,
Азапка салдың мени кыйнап.
Махабат дастанындай болуп,
Калбасын ак сүйүүбүз сыздап.
Басалы кол кармашып бирге,
Өмүрдүн өрүн көздөй урап
Кайырма:
Канчалык ойлонсом да,
Жүрөктөн толгонсом да.
Билбейсиң неге,
Сезбейсиң неге сүйүүмдү, жаным?
Кайырма:
Сөзү : М. Байсабаеваныкы
Обону : Ф. Кеңешбек уулунуку
Баарына даяр, мен баарына даяр сиз үчүн,
А билбейм сулуу, сулуу кыз жашайт ким үчүн?
Даярмын мен да, даярмын мен да сиз үчүн,
Сүйүүнүн жолу кең болсо экен биз үчүн.
Жүрөгүм дегдеп жүрөмүн издеп перини,
Ал пери менин жүрөк отумду сездиби?
Баарына даяр, мен баарына даяр сиз үчүн,
А билбейм сулуу, сулуу кыз жашайт ким үчүн?
Сезбейин кантип, сезбейин кантип сүйүүңдү?
Жылдыздуу жигит, кабыл ал менин сүйүүмдү.
Даярмын мен да, даярмын мен да сиз үчүн,
Сүйүүнүн жолу кең болсо экен биз үчүн.
Артыңдан барып, аңдып бир сизди жүрөмүн,
Көңүлдүн ээлеп, ээлеп бир алдың түнөгүн.
Сулуу кыз, эгер, сулуу кыз, эгер түшүнсөң,
Бир сиз деп өмүр, бир сиз деп өмүр сүрөмүн.
Жолуңду карап, жоругуң эстеп күлөмүн,
Келсе деп сени күнү да, түнү күтөмүн.
Жылдыздуу жигит, жылдыздуу жигит, түшүнсөң,
Бир сен деп кагат, бир сен деп согот жүрөгүм.
Бактылуу сүйүү, бактылуу өмүр жаратып,
Сүйүүнүн сырдуу багына барып конолу.
Айрылып калбай, адашып калбай өмүрдө,
Жашоодо бирге, сүйүүдө бирге бололу.
Сөзү : Ж.Алыбаевдики
Обону : Т.Казаковдуку
Ал кезекте сен тентек кыз эселек,
Мен да бала сүт оозумдан кете элек.
Жар бооруна экөөлөп,
Орок менен үй куруп.
Жаңы гана үйлөнүп,
Көчүп келдик дечү элек.
Кайырма:
Алтын балалык,
Бизди ойноткон.
Мага билгизбей,
Сүйүүмдү ойготкон.
Кемпир десем мен колуңдан жетелеп,
Белим ий деп сен да мага эркелеп.
Чалым байкуш жумуштан,
Чарчады деп сени аяп.
Чай кайнаткан күндөрүң,
Али эсимден кете элек.
Кайырма:
Коштошордо коомай кармап колумду,
Сагынба деп санга бөлдүң оюмду.
Жаш күнүмдүн унуткус,
Эстелиги ушул күн.
Карап турдум жалдырап,
Караан үзгөн жолуңду.
Кайырма:
|