|
Асылбек Өзүбеков
Бардык видеолор: 1
Бардык аудиолор: 54
00:03:28
Сөзү : Дооронбек Садырбаевдики
Обону : Жанышбек Кочкоровдуку
Кырчын кез ырын ырдайлы,
Кыз-кыркын ушак кылбайлы.
Кыялың эңсеп жатканды, ай,
Кылыгың айтып турбайбы.
Арзуунун ырын ырдайлы,
Алганың чатак кылбайбы?
Көңүлүң көксөп жатканын, ай,
Көздөрүң айтып турбайбы, ай.
Кашкая карап сыр салып,
Кадиксиз ойго чыр салып.
Кадыр түн жалгай тургансып, ай,
Калчадың тиктеп мынчалык.
Кылгыра карап сыр салып,
Кыялга бүлүк чыр салып.
Кыйышпас болуп алгансып, ай,
Кызыттың жанды мынчалык,
Кызыттың канды мынчалык,
Кызыттың жандай мынчалык.
Табышар күндөр бүдөмүк,
Тагдырлар башка түбөлүк.
Көрүшпөй кетсек, эсен бол, ай,
Көңүлдө бирге жүрөлү.
Көрүшөр күндөр бүдөмүк
Көңүлгө кызыл гүл өнүп
Кыйналып турам кош эми, ай,
Кыялда бирге жүрөлүк.
Жазда жашоо таза кызык,
Жамгыр жыттуу көчөлөр.
Жаштар барат жасанышып,
Бир кылчайып өтө көр.
Кайырма:
Билинбей жүрөккө,
Бир эле мүнөттө.
Жаш сүйүү гүл ачат,өрүктөй!
Шай, шай, шай, шай, шай көйнөкчөн,
Гүл, гүл, гүл, гүл, гүл жолукчан.
Сулуулардын карашы,
Жүрөгүмдүн дабасы,
Жаштыгымдын аздыгы ай,өткүндөй.
Көктөм жашыл жагоолонуп,
Жердин жибип тамыры,
Жоогазындай алоолонуп,
Каптайт сүйүү жаланы.
Кайырма:
О сулуулар, периштелер,
Жамгыр белем күлкүӊөр.
Жетип, үзөр келишкендер,
Кыраңдагы гүлсүӊөр.
Кайырма:
Жаз жамгырын таккым келет,
Мончок кылып мойнума,
Сени тапкан бактым себеп,
Канбайм жаздын оюнуна.
Качкан күндү кайрып алар,
Айтчы, кандай арга бар?
Сагынычым бул дүйнөнүн,
Кеңдигине барабар.
Катар учкан каркыралар,
Кемибесин араңар.
Алып учкан жүрөгүмдү,
Ал күндөргө ала бар.
Бал татыган балалык кез,
Кумар калган таркабай.
Колдон кантип учуп кеттиң,
Кош айтканга жарабай?
Сересине бул өмүрдүн,
Келгениме карабай.
Көңүлүмдө чуркагым бар,
Көпөлөк кууп баладай.
Кымтып алган кызгалдактар,
Изим калган белести.
Алтын кезим карактаган,
Мезгил мынча мерезби?
Көрчү, бирок өчүрө албас,
Көзүмдөгү элести.
Чаң ызгыткан неберелер,
Балалыгым эмеспи?
Жаштыгым чынар эле,
Жапжашыл жалбырагы.
Саналуу жылдар беле,
Саргайып калды баары.
Кайырма:
Жаз болуп элестеген
Бакчада эмес белем
Күбүгөн гүлдөрүмдү
Күзгү жаан мерез белең
Күлкүмдү калдым таппай
Күн кайда шарактаган
Туулган кез кайрылбастан,
Убакыт карактаган.
Кайырма:
Өрт чалып көкүрөгүм
Күйкөндөн күлүм калмак
Жаркыным өтүнөмүн
Сактап кал сүйүүң арнап.
Бешенең сыйкыр таратып,
Бетиңе күлкү жарашып.
Жашара түшөм кыйлага,
Жалт карап өтсөм баратып.
Көркүңө эстен тангансыйм,
Көпөлөк болуп калгансыйм.
Жылмайсаң жыргап тим эле,
Жылдызды кармап алгансыйм.
Шыңарлайм сага күндө эчен,
Шыңгырайт үнүң сүйлөсөң.
Балапан кезден эңсеген,
Бакытым болуп жүрбө сен.
Обонун ырдап кусанын,
Оболоп сага учамын.
Ойлогон сайын өзүңдү,
От болуп жанат кучагым.
Ким басат эңсөө дегенди?
Каптады жалын денемди.
Бар бекен деги дүйнөдө,
Өзүң деп күйгөн мен өңдүү.
Эрте кеч кетпей эсимден,
Эзбечи жанды эзилген.
Жоголгон сүйүүм көрүндү,
Жоодурап турган көзүмдөн.
Карегиң менен жайнаган,
Кайгыга салбай кайрадан.
Кайыктай болуп калбайын,
Калаксыз көлдө айдаган.
Көрбөсөм көңүл бук болуп,
Көргөндө жанга кут конуп.
Калдаңдап чуркайм өзүңө,
Канатын жайган куш болуп.
Табышмак сүйүүдөн бүтүп,
Тагдырдын жардыгын күтүп.
Төрөлгөн перзентиң сенин,
Таштаба, балаңды күкүк!
Кайырма:
Теректе уяӊ, күкүк,
Кетпе деп турам күтүп.
Кайыӊда уяӊ, күкүк,
Кайрыл деп турам, күкүк!
Керемет сүйүүңдөн бүтүп,
Кудурет жардыгың күтүп.
Көрүнгөн перзентиӊ сенин,
Көчөгө таштаба, күкүк!
Кайырма:
Жалын, от жаштыгыӊ бүтүп,
Жүзүӊө жүз чийин түшүп.
Жаныӊа эш болор жан таба албай,
Жап-жалгыз каласыӊ, күкүк!
Кайырма:
Сүйүшүп каттар жазыштык,
Жүрөктүн сырын ачыштык.
Жолуга калган кездерде,
Жоодурап бирге басыштык
Баш кошор күнгө жеткенде,
Билбеймин биз неге качыштык.
Сүрөткө түштүк жанашып,
Көңүлгө көңүл жарашып.
Кубандык бакыт-таалайга,
Кутпунуп катар баратып,
Үйлөнөөр тойго жеткенде,
Мен калдым сенден адашып.
Махабат бийлеп жаштыкты,
Дечү элек бакыт таптыкпы,
Биз өткөн жолдон көрбөдүк.
Бөлүнсүн деген кастыкты
Биргелеп турмуш курарда,
Билбедим бизди эмне жазгыртты.
Сөзү : С.Жусуевдики
Обону : А.Өзүбековдуку
Кере жутуп салкын абаны,
Шаттуу кыял ага канабы?
Булак бойлоп бүлдүркөн терген,
Эсиӊдеби, курбум, баягы?..
Кубалашып чыгып кыяга,
Күч жок эле бизди тыярга.
Каткырыктан тоону жаӊыртып,
Батчу элек го, түркүн кыялга.
Тунук булак жашын чубуртуп,
Саамайына мончок тагалы.
Экөөбүз теӊ чөлмөк суу болгон,
Эсиӊдеби, курбум, баягы?..
Ал кезекте биз, биз эселек,
Таттуу сезим колдон жетелеп.
Далай жылдар өтүп кетсе да,
Бирок ал кез эстен кете элек.
Сөзү : Табылды Актан
Обону : Табылды Актан
Ырдаймын ышкым бар үчүн,
Ынтызар болдум жар үчүн.
Айтамын арман бар үчүн,
Азапка түштүм жар үчүн.
Ак ороону колго алган,
Ак жибектей нурданган.
Алганым сендей болбосо,
Аңтарылсын шум жалган.
Адамдан артык порумуң
Азапка салат жоругуң.
Акырет кетсем унутпайм,
Ак алма жытуу мойнуң.
Чач мончогуң шурудан,
Таппадым издеп уруудан.
Кыргызда сендей жок экен,
Чыкпаса эле тигил буруудан.
Алкымың аппак жылдыздан,
Акылың артык топ кыздан.
Бул дүнүйө жалганга,
Адашып келбе нур кыздан.
Жыпырдай жытың буркурап,
Жибектей чачың нуркурат.
Денеден сендей чыкпаса,
Пендеден сулуу ким чыгат?.
Агарып атчу таң барбы?
Алтыным сендей жан барбы?
Акактай аппак мойнуңдан,
Аймалап жатчу түн барбы?
Тоодон бир атчу таң барбы,
Күмүшүм сендей гүл барбы.
Күмүшүм менин эркем деп,
Тогошуп жатчу түн барбы.
Сөзү : А.Абдыкалыковдуку
Обону : М.Токтобаевдики
Сөзү : Ш.Дүйшеевдики
Обону : А.Өзүбековдуку
Сөзү : Ж.Өзүбекованыкы
Обону : С.Бактыгуловдуку
Сөзү : Э.Ибраевдики
Обону : А.Өзүбековдуку
Сөзү : Ж.Саалаевдики
Обону : А.Өзүбековдуку
Жүргөндө такыр аргаң да ,
Жооругуң салды арманга.
Же өзүң такыр чалбайсың,
Номуруң жок же чалганга.
Күтүлбөй күндө таң атат,
Кең дүйнөм тарып баратат.
Сен неге күндө чалбайсың,
Кабарсыз арсар тажатат.
Кайырма:
Нөл тогуз алло,
Мага,мен,мен.
Мен өрттөнүп барам,
Мен күйүп барам.
Мага керек тез жардам.
Чындыгын билбей түшүмүн,
Шыңгырын сенин күтөмүн.
Шыбырың сенин сагынып,
Чыдабай жаным түтөдүм.
Сагындым үнүң кандайсың,
Санааңа неге албайсың.
Сагынтып коюп сары кыз,
Саат сайын неге чалбайсың.
Кайырма:
Мен, бир, алло?
Мен, мага, мен, мен, мен өрттөнүп барам,
Мен күйүп барам.
Күтөмүн күндө кур калбай,
Күтүүдөн болдум улгаймай.
Тыңшагыч элес колумда,
Жүрөгүң сенин тургандай.
Демиңден секет болоюн,
Бир сенсиң күткөн коногум.
Чалчы бир үнүң жаздырып,
Yйүмө коюп коёюун.
Кайырма:
Сөзү : Ж.Мамытовдуку
Обону : А.Өзүбековдуку
Сөзү : Ш.Дүйшеевдики
Обону : А.Өзүбековдуку
Сөзү : Ж.Саалаевдики
Обону : А.Өзүбековдуку
Сөзү : Мар Алиевдики
Обону : Нуркан Турсунбаевдики
Ал мезгил менин эсимде,
Али да турат сезимде.
Ар дайым күтүп барчумун,
Анда да алтынчы күнү кечинде.
Сүйүү оту жанса көзүңдө,
Сүйүнүч турчу өзүмдө.
Сабактан бошоп сырдаштык,
Анда да алтынчы күнү кечинде.
Чырдашпай келип бүтүмгө,
Чыгарбай сырды эч кимге.
Аттестат алдың, сөз бердиң,
Анда да алтынчы күнү кечинде.
Эртелеп барсам бешимде,
Экзамен бүткөн мезгилде.
Ашыкпа дедиң, той болот,
Анда да алтынчы күнү кечинде.
Сөзү : Коргоол
Обону : Коргоол
Өтөрбүз, а кетербиз, биз өлгөндөн кийин бекербиз,
Опо дүйнө, жалгансың, жакшылык кимге кылгансың?
Биз эмес, чыны, кара жер, пайгамбарды алгансың.
Деги ойлоп карасам, ушул дүйнө жалгансың.
Хан Манасты алгансың, Каныкейди чалгансың,
Качырганын куткарбай, кармап чалма салгансың, салгансың.
Канчанын баарын көтөргөн, кара жер өзүң балбансың, балбансың.
Ла-Илахо-Иллаллох Мухаммад-Расулуллах
Кудай, өзүң бир сакта.
Өмүр деген шекерсиң, өтүп бир күн кетерсиң,
Өмүрүң барда ойноп кал, өлгөндөн кийин бекерсиң.
Келериңди билгизип, айтып келбейт экенсиң,
Калган өмүр, чыккан жан,
Кайтып келбейт экенсиң, экенсиң.
Өтүп кетсек кокустан, керинейдей султан бой,
Жатып калар суналып, "той болот бизге эртең" деп,
Курт-кумурска, жыландар каткырык салар кубанып, кубанып.
Ла-Илахо-Иллаллох Мухаммад-Расулуллах
Кудай, өзүң бир сакта.
Акыр түпкө жетерсиң,
Алып бир күн кетерсиң.
Этеги жок, жеңи жок
Эндей көйнөк киерсиң.
Эшиги жок, төрү жок
Караңгы көргө кирерсиң.
Жан киши жок жаныңда
Жалгыз өзүң түнөөрсүң.
Алышканга алдырбас,
Ажал, күчтүү экенсиң.
Жаралгандан өлбөгөн,
Жаның мынча бекемсиң, бекемсиң.
Алпарып алып көрүңө азапка салар бекенсиң?..
Ла-Илахо-Иллаллох Мухаммад-Расулуллах
Кудай, өзүң бир сакта.
Албан түрлүү хан өткөн,
Нечен түрлүү жан өткөн.
Алла - Кудай козготуп,
Атадан мурун бала өткөн.
Ажалга айла таба албай,
Аким, табып, кары өткөн.
Тактысынан куланып, так Сулайман дагы өткөн.
Созуларсың өлгөндө, солдойорсуң көмгөндө,
Аргасыздан көнөрсүң, ажал башка келгенде.
Ла-Илахо-Иллаллох Мухаммад-Расулуллах
Кудай, өзүң бир сакта.
|