|
Бактыгүл Бадыева
Бардык видеолор: 7
Бардык аудиолор: 33
00:04:22
Мирбек Атабеков, Ырыскелди Осмонкулов, Гүлнур Сатылганова, Нурлан Насип, Темир Назаров, Урмат Усенов, Неля, Анжелика, Кайрат Примбердиев, Ильяз Абдыразаков, Омар, Арсен, Аско, Джонни, Нурсултан Азыкбаев, Ислам Акматов, Бек Исраилов, Жийдеш, Малика Дина, Тынай Алыбаев, Мирбек Атабеков, Мирбек Атабеков, Айбек Замиров, Бактыгүл Бадыева, Чырмаш Төрөбеков, Айымжан, Бегиш, Баястан, Мирбек Атабеков "Бар болгун Элим"
00:03:31
00:08:28
00:03:20
00:03:15
00:03:51
00:03:53
Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы
Обону : Джонниники
Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы
Обону : Эдил Маматовдуку
Сагынамын, санаам тынбайт, алыстасаң,
Озун болдуң жүрөгүмдөн орун тапкан,
Биздин бакыт, биздин сүйүү - махабат дастан.
Түбөлүккө бакыт жолун тандаганбыз,
Келечекке кадам таштап, байланганбыз,
Болгом жарың, махабатың, түбөлүк жаның.
Кайырма:
Жараткан берген,
Жүрөк ээлеген.
Балдай сезимдин бүт керемети,
Жалгыз сүйүүм сен.
Мен бакытым сен дейм,
Башкага бербейм,
Бакытым сен дейм.
Кыйналганда колдоп турган махабатым,
Ааламда жок жылуулукту сенден таптым.
Бул дүйнөдө баасы чексиз өзүңсүң жаным.
Жүрөгүмдө сезимдерим оттой жана,
Жашырбадым ал сезимди бул кайрыкта.
Бир бололу, кылым басып, жүрүп жанаша.
Мезгил учуп барат,
Желдей канат кагат,
Кайрылбас жактарга.
Жылдар артта калат,
Өкүнүчтү санап,
Жетпес колун булгалап.
Кайырма:
Жаздай жамгыр төккөн,
Жаштык гүлдөй өскөн,
Арман болбос.
Көңүл үшүп муздап,
Жан дүйнөмдү бузган,
Жалган болбос.
Жаштык орду толбос кымбат тура,
Сырлары көп арман тура.
Жаштык орду толбос аалам тура,
Жомокко окшош жалган тура.
Аппак таза жаздан,
Жаштык ширин балдан,
Адамзат тойбогон.
Аянычтуу арман,
Жаштык алыс калган.
Жүрөгүмдө ойногон.
Кайырма
Булаксың, тунуксуң,
Ачык асман чырагымсың сен.
Ааламда керемет,
Жарык чачкан шооламсың сен,
Жалгыз сен.
Кайырма:
Жүрөгүмдө сенсиң,
Жүрөгүмдө сенсиң,
Сенсиң...
Белегим, берээрим,
Жалгыз сен көзүмдөгү карегим.
Көлөкөм, берекем,
Жанымда болсоңчу сен эркем,
Жалгыз сен.
Кайырма
Жолугар кезде, жолдор узак беле,
Адаштырган бурулуш бурмалайт беле.
Кезигер кезде, керме тартып бизге,
Кырс мүнөзүн салганбы, кымбатым эзбе.
Кайырма:
Сагынычты кошуп, сабаланып учту.
Сага деген каттар сапарын бурду.
Эстей берип эркелеген күндөрүмдү жашым тыя албайм,
Жашым төккөн менмин, жалдыраган кебим
Таба албадым сенде, таң атаарлык эбим,
Таалайыма таянсам да, бир өзүңдү неге кыя албайм
Бактым бар кезде, баса бердиң неге.
Бактым чыдап тура албайт, байлангым келбейт.
Ак киер кезде, алдын тумар бизде,
Айрылыштан жок болду, ал бубак беле.
Кайырма:
Сагынычты кошуп, сабаланып учту.
Сага деген каттар сапарын бурду.
Эстей берип эркелеген күндөрүмдү жашым тыя албайм,
Жашым төккөн менмин, жалдыраган кебим
Таба албадым сенде, таң атаарлык эбим,
Таалайыма таянсам да, бир өзүңдү жаным кыя албайм
Ырдачы угайын, сени коштоп турайын,
Сага гүлүм сунайын, ардагым, ай.
Ырдайын уксаңчы, мени коштоп чыксаңчы,
Менин эми аяба, жардамың, ай.
Кайырма:
Мен ырдайын бийлеп тур,
Бийлесе бийлейин.
Мен бийлейин ырдап тур,
Ырдап берем.
Бул жаштык мезгилде кайгырбайбыз эч бирге,
Ойногонго не жетсин, ардагым, ай.
Көз ирмемдик өмүрдө эсте калар күндөр бар,
Терең ойго өзүңдү салбагын, ай.
Эсте калар ал күндөр биз бирге ойногон,
Ырдап, бийлеп, сайрандап жыргап жүргөн.
Кайырма:
Мен ырдайын бийлеп тур,
Бийлесе бийлейин.
Мен бийлейин ырдап тур,
Ырдап берем.
Жаш жүрөктү ээлеген,
Таңкы салкын жел менен.
Арзуум, менин берекем,
Сенсиң менин эркем.
Үмүт үзбөй мен күтөмүн,
Сен үчүн жашап жүрөмүн.
Өзүңдү жакшы көрөмүн,
Өзгөчө сүйүп жүрөгүм.
Кайырма:
Кайдасың, менин ардагым?
Ыр жаздым, сен деп ырдадым.
Жазыксыз жүрөк ооруду,
Билгизбей ичтен сыздадым.
Жашоомдун сенсиң кызыгы,
Жүрөктүн сенсиң ырысы.
Сен менин жашоо таалайым,
Сен болдуң менин маанайым.
Кайдасың махабат арманым,
Кусадан калбады дарманым.
Каректен кетпейт элесиң,
Кайрылып качан келесиң?
Кайырма:
Сөзү : Урмат Усеновдуку
Обону : Урмат Усеновдуку
Таалайыма тартуу белең,
Тамгасы танбаган арзуу белең?
Тамчысына эриндерим,
Эркелейт эңсөөсү жазуу менен.
Жадабайм Жараткандан сурагандан,
Жамалым шамалыңа сылаткандан.
Кайырма:
Маңдайыма жазганым,
Махабатым арманым.
Айдайыңмын арнаарым,
Ак кептер маанайым. ррр
Кумарыма кубат белең,
Кусалык сагыныч сынак белең?
Сындырбачы садагасы,
Саамайым сылачу ынак белең,
Ырысым теңир берген термеп терген.
Ырымды ыргак менен ырдап берем.
Булаксың, тунуксуң,
Ачык асман, чырагымсың сен.
Ааламда керемет,
Жарык чачкан шооламсың сен.
Кайырма:
Жүрөгүмдө сенсиң,
Жүрөгүмдө сенсиң,
Сенсиң...
Белегим, берерим,
Жалгыз сен көзүмдөгү карегим.
Көлөкөм, берекем,
Жанымда болсоңчу сен, эркем,
Жалгыз сен.
Кайырма:
Абалымды билип мени түшүнбөдүң,
Оорубадым, бирок өкүнбөдүм.
Мүнөзүңдү жеңил, сезип кеч болсо да,
Түшүнгөнмүн, өкүнбөдүм.
Кыйнап жатып күлүп, мени түшүнбөгүн,
Кылыгыңды эстеп түңүлгөнмүн.
Жолугам деп келип, билгин, тынчым алып,
Өтүнбөгүн, өтүнбөгүн.
Кайырма:
Кайгырбаймын, кайрылбаймын,
Башка сүйүүм, кайгырбаймын.
Сагынбаймын, жалынбаймын,
Жалган сүйүп, кайгырбаймын.
Кабарыңды алып, сага жолукпаймын,
Кайгы тартып, жүрөк оорутпаймын.
Сезимимди таза, ыйык махабатка,
Толуктаймын, толуктаймын.
Көздөрүңдү сенин унутпаймын,
Түштөрүмдү сен деп жорутпаймын.
Көңүлүмдү түзөп эми башка адамга,
Сунуштаймын, сунуштаймын.
Кайырма:
Баалабайсың сен баркымды,
Кармабадың го антыңды.
Байлабайсың сен бактымды,
Тагдырымды.
Махабаттан баш тарттыңбы?
Башка адамды сен таптыңбы?
Бакытыңды, өз сүйгөн адамыңды,
Сен таптыңбы?
Кайырма:
Санаага батып,
Сагынып баркың билемин.
Саналган күндөр,
Саргайып күтүп келемин.
Тундөрүм муздап,
Жүрөгүм сыздап,
Ооруйт көңүлүм.
Түйшүгүн тартып махабаттын,
Сеземин, сеземин...
Кайырма:
Сагындым сени, кантейин эми?
Алыс жактамын, азыр башкамын.
Сагындым сени, кантейин эми?
Алыс жактамын, сагынычтамын.
Өкүнүп бүттүм,
Өзүңсүз жүрдүм, түшүндүм.
Маанайым муздап,
Махабатымдан үшүдүм.
Сезбеген сенин сезимдериңди,
Менде го күнөө.
Адашкан тагдыр,
Кечиккенимди түшүндүм.
Кайырма:
Көптөгү көксөгөн, көктөмдө көктөгөн,
Көңүлдө көлөкөмсүң өчпөгөн.
Кыялбайм, кымбатым, кылдарын кыялдын,
Сен гана күүгө салдың ызатым.
Кайырма:
Жандайм жалына, жаркын багыма,
Жашоодо жандоочу максатыма.
Карайм кагыла, каш серп багыма,
Карааным, ала кет алыстарга.
Эт жүрөк эзилет, эгиздей кезинде,
Эки эмден энчилегендей сезилет.
Кусалык айта алгыс, кушумдай жай алгыс,
Кумардуу жыпар жытың кайталангыс.
Сөзү : М.Турсуналиевдики
Обону : М.Турсуналиевдики
Одна минута для кого-то - жизнь,
Одна секунда возвышает ввысь тело в небеса,
Падает слеза.
Тает на часах усталый день,
Утекает в никуда судьба,
Раз и навсегда,
Не вернуть года.
Однажды ты и я поймем,
Что этот свет погас для нас,
Исчезли сны, сожгли мосты.
Мы не храним того что есть,
Теряем все наш светлый миг,
Вернуть спешим ушедший день.
Кайырма:
Время, время нас опережает,
Время счастье дарит, забирает.
Время, остановить тебя не в силах,
Мы бессильны пред тобою.
Драгоценность - это есть прожить,
Ту минуту, что дана мне раз,
Дотечет река, унося года.
Ветер перемен меняет жизнь,
Ты один и я теперь одна,
Словом, не беда,
Скоро все пройдет.
Кайырма:
Күздө күтүп, жазда келген сезимди,
Күйүт бизге үмүт болуп сезилди.
Бул турмушта ансыз деле өксүгөн,
Жалоорутпа жайнактаган көзүмдү.
Айта албастан айтар сөздү белендеп,
Айттырыпсың айылга бир келем деп.
Менсиз кантип жүрдүң экен алыста?
Кусалыгым күчөп барат тереңдеп.
Кайырма:
Биздин өмүр нурданып,
Ырлар менен улансын.
Ак сүйүүлөр түбөлүк,
Өчпөс болуп ырдалсын.
Кездешкенче нур чачышып жүздөрдөн,
Күз да келди, күз саргайды биз көргөн.
Сен сырыңды, мен чынымды айткыча,
Өмүр өтүп баратпайбы бир келген.
А мен сени күтөр элем миң жылга,
Бирок жашоо ченелүү да бир кыйла.
Биздин өмүр өтпөсө да бир үйдө,
Биздин сүйүү калар, балким, бир ырда.
Кайырма:
Тайкы ойлоп, сараң болушпай,
Таң да салкын жайкы конуштай.
Жүрөк сырын бирге чечишип,
Жүрөлүчү көңүл оорутпай.
Кайырма:
Жакын жүрөк, оолак болушпай,
Жаман айтып, аңдып тоорушпай.
Мезгилибиз, жаштыгыбыз өтөр кош айтып,
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай.
Түнт мүнөздүү, түркөй болушпай,
Ойноп-күлсөк, ойго коюшпай.
Гүлдөй назик адам көңүлү,
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Кайырма:
Сыртына барып айылдын,
Сырдашкан чакты сагындым.
Түгөнбөй сырдын түйүнү,
Түбүндө аппак кайыңдын.
Ал кайың турат, өзүң жок,
Андагы айткан сөзүң жок.
Арзыган жарга кошпогон,
Ак сүйүү, сенин көзүң жок.
Жылдызын көккө таратып,
Жылмайып тоодон таң атып.
Кадыр түн тоскон кездер, ай,
Кай жакта калдың адашып?
Кайырма:
Айтылган таттуу ант калып,
Жүрөктөн кетпес так калып.
Сен кеттиң кайра кайрылбай,
Мен турам көзгө жаш алып.
Кайырма:
Ал кайың турат, өзүң жок,
Андагы айткан сөзүң жок.
Арзыган жарга кошпогон,
Ак сүйүү, сенин көзүң жок.
Эх, сүйүү, сенин көзүң жок.
Унута албай, бир көргөндө,
Ашык болдум өзүңө.
Үмүт үзбөй, келем издеп,
Көрүнөт деп көзүмө.
Кайырма:
Арзуунун таппай айласын,
Тартамын күйүт азабын.
Ошондо бир сөз айта албай,
Калганым арманым.
Сөздөн калып, суктанганмын,
Муңга батып калганмын.
Отко күйүп, куйкаландым,
Алым кетип, дарманым.
Кайырма:
Сенден калган ошол элес,
Карегимде сакталды.
Өтсө мезгил, эсте калат,
Сүйүү оту жанганы.
Кайырма:
Сансыз ойлор сага жетпеди,
Эски гүлбак эстен кетпеди.
Келсе деймин кайра кайрылып,
Эң алгачкы сүйүү кечтери.
Кайырма:
Гүлбактамын, ойго батамын,
Эми сени кайдан табамын?
Таарынганымда издеп барбадың,
Капамды мен кантип жазамын?
Жаштык деген – жалын кез экен,
Өчүп кайра жануу тез экен.
Жылуу сезим ошол кездеги,
Дале болсо эстен кетпеди.
Кайырма:
Жарык болгон ошол көз ирмем,
Чагылгандай жанып турду экен.
Учкун сезим кайра тутанып,
Жанса экен деп тилейм ичимден.
Кайырма:
Эр көкүрөк, баатыр элимди коргоп,
Эртеңин ойлоп, эл-жерин колдоп.
Токтолбостон барат тоо боорун бойлоп,
Душмандын жолун тороп.
Жайнасын жылдызы,
Агылып ырысы.
Кайырма:
Кымбатым менин,
Ата Мекеним!
Кыйырында кылымдын,
Калып келесиң.
Керемет жерим,
Кең пейил элим.
Ыйыгымсың өчпөгөн,
Кыргызым менин!
Аска-тоосу бийик асыл жеримди,
Сактап кылымга, ырдайм ырымда.
Берекелге толгон бейпил элимдин,
Тынчтыгы - бактым менин.
Жайнасын жылдызы,
Агылып ырысы.
Кайырма:
Сөзү : Н. Токтакунованыкы
Обону : А. Адамалиевдики
В сиреневом мгновении,
Ищу прикосновения,
Слезою все вернуть нельзя.
Душа все ждет везения,
И хочет откровения,
Ведь только рядом нет тебя.
За окном идут дожди,
В серых каплях ты не жди,
Увидеть вновь образ мой в ночи.
Припев:
Прости за незаконченный роман,
Что было между нами - не обман.
Пойми, ведь я мечтаю о любви,
Шепчу прости,
И нам не по пути.
Ты не звонишь, я рада,
Все усложнять не надо,
Я сильная в душе, ты знай.
Своей вины не зная,
И в облаках летая,
Ты не сумел понять, прощай.
За окном идут дожди,
В серых каплях ты не жди,
Увидеть вновь образ мой в ночи.
Припев:
Кучагыңда сенин гүл болуп жашайм,
Кыялымда эркелеп.
Көздөрүңө арбалып,
Көрсөм деймин дайым сезимге нур болуп,
Садагам, келер белең?
Кайырма:
Жыргалым, жалгызым, мен өзүңө кабылдым,
Кымбатым, дүйнөдө алмаштыргыс ардагым.
Жандай албай сени кыйналып келем,
Желдей учуп артыңан.
Кареңгиңден жалынам,
Карай албай сенин көзүңдөн жашынып,
Өзүңдөн мен тартынам.
Кайырма:
Жыргалым, жалгызым, мен өзүңө кабылдым,
Кымбатым, дүйнөдө алмаштыргыс ардагым.
Сөзү : Кундуз Качкынбаеваныкы
Обону : Эркин Мээркановдуку
Сезели бирге бул жарыктыктын жыргалын,
Сен дагы коштоп биз менен ырдагын.
Сезимдер турганда жүрөктүн чертип кылдарын,
Сергитсин бизди жашоонун ыргагы.
Баркын бил бекер өткөрбө,
өкүнө бербе өткөнгө.
Кайырма
Жараткан берген, жарыкты кенен,
Жаманды жеңген жан бол деген.
Бул жашоо шаттуу, балдан таттуу,
Билгенге барктуу, дүйнө даңктуу.
Жарык жашоо, бул жакшылыкты бир себелеп,
Бар капалыгын бактыңа тен эмес.
Сабырдуу болгун садага.
Сан катпа такыр кебелбей.
|