|
Клара Алибекова
Бардык видеолор: 2
Бардык аудиолор: 24
00:02:27
00:04:57
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Сөзү : Кубик Калыковдуку
Обону : Кубик Калыковдуку
А, балким болуп жүрбө мен издеген,
Түбөлүк кайталангыс сулуу обон.
А, балким болуп жүрбө мен күтпөгөн,
Тагдырымды жаралаган бүтпөс арман.
Кайырма:
Оо, менин биринчи сүйүүм,
Оо, менин биринчи махабатым
Тоолордун мөлтүр, тунук булагындай,
Неге мынча тазасың, сүйкүмдүүсүң.
Багындырып бүт дүйнөмдү ээлеп алып,
Таап алдың ачкычын жүрөгүмдүн.
Кайырма:
Көргөн күндөн түйшүк салып дүйнөмө,
Күндө бир маал сен киресиң түшүмө.
Күчүмө теңдеш келээр күчтү таппай,
Баш ийдим бир өмүрдүн өкүмүнө.
Кайырма:
Түн узун, кыймылы жок жымжырт кеч,
Ай калкыйт мунарыктуу күзгү көктөн.
Армандуу эң акыркы бийин бийлеп,
Жел жүрсө жалбырактар дирилдөөдө.
Адашкан махабатым, өзүңдү издеп,
Өмүрдүн жаз-жайында кездим дүйнө.
Эңсөөлөр деңиз болуп толкуп- ташып,
Мен сени табар бекем бул дүйнөдө?
Кайырма:
Турна, турна, турналар,
Кыш кабарын эске салып.
Турна, турна, турналар,
Жылуу жакка сапар артып.
Турна, турна, турналар,
Жашыл жазым алыс калды.
Турна, турна, турналар,
Махабаттын күүсүн кагып.
Турналар кышка баарын эске салып,
Кайтууда жылуу жакка сапар артып.
Кечээги жашыл жазым, алыс калды,
Кумар көз сулуулугун менден катып.
Адашкан махабатым, өзүңдү издеп,
Келемин көз таасирлүү обон салып.
Көөнөрбөс тунук сезим күйүп- жанып,
Жүрөгүм махабаттын күүсүн кагып.
Кайырма:
Жүрөгүмдү куйкалайсың жалындай,
Жүрө албаймын күндө сени сагынбай.
Мээ сергитет менде жүргөн элесиң,
Мелтиреген Ысык-Көлдүн таңындай.
Көзүң укмуш ак чыныда карагат,
Көп караба жүрөгүмдү жаралап.
Көөнүң болсо бир белгиңди түшүндүр,
Киши жалдап сүйө албаймын паралап.
Кээде бүркөө, кээде жарк дейт кабагың,
Кантип сенин кыялыңды табамын?
Мен өзүмдү эр көкүрөк көрсөм да,
Ээрчип жүргөн көлөкөңдөй санадың.
Кыйнабачы жүрөктөгү жарадай,
Кылгырбачы, койчу мени карабай.
Же күлүп кой, же кирпигиң ирмечи,
Куса болдум, сагынганым тарабай.
Үн жок, сөз жок томсоросуң турасың,
Ыйлап-ыйлап улутунган баладай.
Сөзү : Э.Ибраевдики
Обону : Г.Садыбакасованыкы
Биз бой жетип туш-тарапка тарадык,
Жолугууну эми гана самадык.
Бирге жүргөн курбуларым, келгиле
Сырдашалы, таңдар атсын агарып.
Кайырма:
Балалык, балалык,
Айдай тунук жүзүңөн,
Арген назик үнүңөн, балалык.
Эстейличи окуучулук күндөрдү,
Бирге ойноп шайыр жүргөн күндөрдү.
Өттү эми канча жылдар арадан,
Курбуларым мен силерди сагындым.
Кайырма:
Балалык, балалык,
Айдай тунук жүзүңөн,
Арген назик үнүңөн, балалык.
Сүрөттөрдө калды элес балалык,
Эңсеп жүрөм бир көрүүнү кайрылып.
Уктап кетсем жолугамын силерге,
Кадимкидей мектептеги каткырык.
Биз бой жетип туш-тарапка тарадык,
Жолугууну эми гана самадык.
Бирге жүргөн курбуларым, келгиле,
Сырдашалы, таңдар атсын агарып.
Кайырма:
Балалык, балалык,
Айдай тунук жүзүңөн.
Арген назик үнүңөн, балалык.
Эстейличи окуучулук күндөрдү,
Бирге ойноп шайыр жүргөн күндөрдү.
Өттү эми канча жылдар арадан,
Курбуларым, мен силерди сагындым.
Кайырма:
Балалык, балалык,
Айдай тунук жүзүңөн,
Арген назик үнүңөн, балалык.
Апакем асманым, ак таңым,
Мен ага эң бийик аскамын.
Ушунум жакшы адам болсун деп,
Арнаган күлгүндөй жаш чагын.
Апакем деңизим чалкыган,
Мен анда кемемин калкыган.
Ал үчүн ак кызмат аткарып,
Ак бата алсам дейм калкыман.
Энени эч капа кылбайлы,
Энени даңктайлы, ырдайлы.
Энелер биз үчүн картаят,
Энени түбөлүк сактайлы.
Сен гүл болсоң мен жыттадым биринчи,
Сен суу болсоң мен ууртадым биринчи.
Сен ай болсоң чалкып турган көктөгү,
Нур кучактап мен уктадым биринчи.
Кайырма:
Балдай эрип таңдайыма биринчи,
Таалай болдуң маңдайыма биринчи.
Баңги кылып, сыйкырчыдай дубалап,
Байлап кеттиң саамайыңа биринчи.
Дартым болсо, дарым сенсиң биринчи,
Тагдыр кошкон багым сенсиң биринчи.
Жалгыз баштын жан биргеси сен болдуң,
Жарык шоола таңым сенсиң биринчи.
Кайырма:
Өмүрүмдүн саргайып жалбырагы,
Үмүт үзүп сүйүүдөн алдыдагы .
Жүргөн кезде жолуктум миң бир түнүм,
Махабаттын тургузуп пайдубалын.
Түгөнбөгөн жомогум миң бир түнүм,
Үзүң ачтың жашоомдун өмүр гүлүн.
Жомок болуп кылымдарга калса деймин,
Сага арналган жомоктой ысык сүйүүм.
Өмүр жазым, миң бир түнүм жомогум,
Айың болуп толгон айдай толоюн.
Ханым болчу күн-түн чыкпай жанымдан,
Жомок айткан шахризадаң болоюн.
Сөзү : К.Урманбетовдуку
Обону : Т.Нурматовдуку
Ала качып, ала качып,
Аргымактар арыш керет.
Азанатып, азанатып,
Азаматтар намыска бек.
Шамдай жанып алышып,
Шамал менен жарышып,
Жүзүн сүртүп булутка,
Жүрөгү - от, каны ысык.
Ала-Тоону бел кылып,
Ата Журтту дем кылып.
Абалтадан шок болот,
Алоолонгон от болот.
А болбосо жок болот,
Кыргызымдын жигиттери!
Дүңгүрөтүп, дүңгүрөтүп,
Жердин бетин тулпар келет.
Дүркүрөтүп, дүркүрөтүп,
Дүйнө жүзүн шумкар келет.
Кубанышат кыргыздар,
Кубатташат жылдыздар.
Ал анткени алардын,
Арасында Чыңгыз бар.
Аалам кезет жомоктой,
Ак калпагын жоготпой.
Акыл-эсин камчылап,
Аккуладай алкынат.
Ай-жылдызга талпынат,
Кыргызымдын жигиттери!
Учту мына, учту мына,
Айчүрөкпү же ак куубу?
Шукшурулуп, шукшурулуп,
Жигит шумкар сыяктуубу?
Закымдады кыз улам,
Жакындады боз улан.
Ана жетти, жетти, жетти,
Бек кучактап кетти, кетти, кетти.
Ак сүйүүгө бек болот,
Ак достукка чеп болот.
Кызыл гүлүң соолбосун,
Кыдыр болуп жолдошуң,
Кыраан Манас колдосун,
Кыргызымдын жигиттери!
Жаздын жашыл, көктөм убагы,
Биз булуттан жаан сурадык.
Ал да аны күтүп тургандай, сыягы...
Отурганбыз көпкө унчукпай,
Айта албай ички сырларды.
Табигат да сезип тургандай, сыягы...
Күн күркүрөп, катуу нөшөрлөп,
Сүйүү, бакыт, үмүт жаады.
Кубалашып ойно дегендей,
Кайталайт дагы, дагы.
Кайырма:
Дагы, дагы, дагы...
Дагы, дагы, дагы...
Жаачы, жаачы сүйүү, бакыт жазы.
Дагы, дагы, дагы...
Дагы, дагы, дагы...
Жаачы, жаачы үмүт жазындагы.
Жайдын жашыл көктөм убагы,
Биз булуттан жаан сурадык.
Ал да аны күтүп тургандай, сыягы...
Ойлонгонбуз көпкө унчукпай,
Айта албай ички сырларды.
Табигат да сезип тургандай, сыягы...
Күн күркүрөп, катуу нөшөрлөп,
Сүйүү, бакыт, үмүт жаады.
Кубалашып ойно дегендей,
Кайталайт дагы, дагы.
Кайырма:
|