|
Токтобүбү Черикчиева
Бардык видеолор: 2
Бардык аудиолор: 30
00:04:56
00:03:22
Сөзү : Гүлжигит Сатыбековдуку
Обону : Гүлжигит Сатыбековдуку
Билем жаным, таарынасың мага дайым,
Айтпасаң да, көздөрүңдөн туям баарын.
Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин,
Жалгыз сага жан дүйнөмдүн ийилгенин.
Мейли кеттиң, коштошбодуң, кош дебедиң,
Түшүнбөймүн, тарынычың не себебин.
Сезген жоксуң жүрөгүмдүн оорууганын,
Сезимдердин тоо гүлүндөй соолуганын.
Төгөт жамгыр, коштошуунун көз жашыдыр,
Кеч болсо да, калыстыгын кылар тагдыр.
Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин,
Аста басып, кете бердиң, кете бердиң.
Сөзү : Г.Шакирова которгон
Обону : Казак эл ырыныкы
Биз эми кантер экенбиз,
Жакынбыз жана бөтөнбүз.
Алыстан келсең алдыңдан
Суу алып чыгар бөтөн кыз.
Өзгөрөр турмуш божомол,
Армандан баш да бошонор.
Жоголор бир күн, жоголор,
Мен белек кылган оромол.
Тагдырдын болду жазганы,
Жар кылып алдым башканы.
Өзүңсүз эми түбөлүк,
Армандын болдум аскары.
Өзгөрөр турмуш божомол,
Армандан баш да бошонор.
Сезимди дайым жылытар
Сен белек кылган оромол.
Дайраны билбес кече албайт,
Далайлар сүзүп жете адбайт.
Жалындай жанган сезимди,
Жүрөксүз жандар сезе албайт.
Өзгөрөр турмуш божомол,
Армандан баш да бошонор.
Жоголор бир күн, жоголор,
Мен белек кылган оромол.
Оромол кышта тон эмес,
Жаш кезден калган бир элес.
Өрт болуп жанган сезимге,
Жүрөксүз гана кенебес.
Өзгөрөр турмуш божомол,
Армандан баш да бошонор.
Сезимди дайым жылытар
Сен белек кылган оромол.
Сөзү : Гүлжамийла Шакированыкы
Обону : Бакыт Мамаевдики
Жазында, гүлкайырлар буралганда,
Жан дүйнөм өзүңдү эңсеп суранганда.
Сагынып, сагынчымды ырга айлантып,
Сага мен барайынбы кубанганда?
Болсом да ушак-айың башкаларга,
Көрө албас, көңдөйлөрдөн чарчаганда.
Булактын мөлтүрүндөй сөздөрүңдү,
Угууга барайынбы чаңкаганда?
Ойлонуп болбостукка кейигенде,
Отурам кусалыктан өйүгөндө.
Саргайткан санааларды бөлүшүүгө,
Сага мен барайынбы кейигенде.
Сүйлөшсөм кубаттанып эс аламын,
Мен сага барайынбы, чарчаганда?
Сүйлөшсөм кубаттанып эс аламын,
Сага мен барайынбы, кубанганда?
Зар болдум бир жарк этип карашыңа,
Чырмалдым сүйүүнүн сур санаасына.
Сезимди козгоп коюп ошол таңда,
Сен кеттиң жылдыздардын арасына.
Алтыным, сүйгөн жарым, асылзатым,
Жүрөктү бир "дүрт" эттирген жашыл жалын.
Сүйбөсөң бул дүйнөгө не жаралдың?
Чолпондой көздөрүңдөн кагылайын.
Жыя албай ошол таңда мен эсимди,
Көрсөм деп издеп келем элесиңди.
Алтыным, ак таңдардан тосоюнчу,
А балким, ак куу болуп келесиңби?
Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде.
Cаамайларын cеңселткен ак кайыңдар,
Самашып сагынычымды,
Самашып сагынычымды уккан кезде,
Барам сага.
Шоолалар кирпигиңден өпкөн кезде,
Ак жамгыр электете төккөн кезде.
Кусалыктан кубарып ак жүзүбүз,
Көп жылдар арабыздан,
Көп жылдар арабыздан өткөн кезде,
Барам сага.
Гүлдөргө аарылары конгон кезде,
Бал чөбүң ай-ааламдын соргон кезде.
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей,
Алтын ай асмандагы,
Алтын ай асмандагы толгон кезде,
Барам сага, барам сага.
Сөзү : Сакен Дүйшекеевдики
Обону : Сабатар Исаковдуку
Жамалың жаз күнүндөй нурун чачып,
Ачылган жаз гүлдөй жытың аңкып.
Сүйлөгөн, ырдап жаткан үнүңдөн, ай,
Жаткандай торгой сайрап, булбул таңшып.
Сени ойлоп өзүмчө эле убарамын,
Жакшы сөз угуп качан мен кубанамын?
Бул менин жүрөгүмдүн өтүнүчү,
Алтыным, кабыл алчы,
суранамын.
Ойдогу кусалыкты кетире албай,
Көргөндө сени тиктеймин көзүмдү албай.
Айсыңбы сен көктөгү, кантип жетем?
Алтыным, кыйнадың го сен өчүң бардай.
Сөзү : О.Султановдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Билбейм кайдан жаралгансың сен мага?
Маңдайыма бүткөн жалгыз бакыттай.
Сени сүйдүм, буйрук алып тагдырдан,
Башкалардын миңи сага татыбай!
Же болбосо сен жаралып мен үчүн,
Жаралганда мендик болуп жаралдың.
Айтчы, жаным, а болбосо эмне үчүн,
Зарлап тапкан перзентимдей көрүндүң?
Уктаганда сенин уйкуң менде бар,
Ойлорум да, ойлоруңа киришкен.
Биз экөөбүз, эки сандай барабар,
Биз экөөбүз, эки суудай бириккен.
Сени сүйдүм, буйрук алып тагдырдан,
Башкалардын миңи сага татыбай.
Башкалардын, башкалардын
Миңи сага татыбай.
Ак-Талаа деп атын уксаң күлбөгүн,
Аппак эле топурак деп жүрбөгүн.
Көрбөсөң да көз алдыңа элестет,
Көркөмүнө кумарланткан гүлдөрүн.
Кайырма:
Атырдай жыттуу гүлдөрүң,
Абасы таза түндөрүң.
Алпештеп баккан энемдей,
Ак-Талаам, сенсиң сүйгөнүм.
Жайындасы жашыл килем жамынган,
Кышы аппак, күнгө жалт-жулт чагылган.
Түсү өңүндө түрлүү чөптөр буралып,
Тоо арасы толтура мал жайылган.
Кайырма:
Берекелүү, пейили кенен эл менен,
Ыр жаңыртып, ырыс чачкан жер менен.
Эмгек менен даңазалап атыңды,
Кең Ак-Таалам, сыймыктанам сени менен.
Кайырма:
Обону : А.Кадыровдуку
Тилимде балдай сөзүмсүң,
Дилимде назик сезимсиң.
Сүйүүгө бүткөн күлазык,
Өмүрдүн жазы өзүңсүң.
Алданып менин үмүтүм,
Азабың тартам күнү-түн.
Айыкпас дарттай козгодуң,
Арылгыс жүрөк күйүтүн.
Жылмайсаң жазгы күндөйсүң,
Жаныма назик сүйлөйсүң.
Арзыган сен деп селкинин,
Абалын, эркем, билбейсиң.
Сезимди дүрбөлөңгө салып коюп,
Күтүүгө жан дүйнөмдү малып коюп.
Негедир дымың чыкпайт унуткандай,
Жоголдуң таң калычтуу кайып болуп.
Сен үчүн унуткандай сезилермин,
Билбепмин мен бакыттан кечигерим.
Жалындуу ал күндөрдү кыял кылып,
Жалооруп жашым төккөн кезим менин.
Өмүрдүн аз экенин эске албай,
Сүйүүнүн эмне экенин тескей албай.
Күнүңдү күү-шаң менен жүрөсүң го,
Өзүңдү кечирип же жектей албай.
Не дейин, неге ушундай экен сезим,
Бир сырдуу жан дүйнөгө баттым өзүм.
Сагынып, сени дагы сагындырып,
Санаанын аптабында жүргөн кезим.
Сен мага кимсиң, кимсиң сен, сүйгөнүмсүң,
Жалынып, жалбарып күйгөнүмсүң.
Мен сага киммин жашоодо жолуккан,
Жаныңдын жарымы болгон, жарыңмын ак жоолукчан.
Сен мага кимсиң, айымсын кулпурган,
Булаксың атып чыккан, ургуштаган.
Мен сага киммин, жаныңа түйөрүңмүн,
Чаңкасаң бал кымызың, жан бирге түгөйүңмүн.
Сен мага кимсиң, бүтпөгөн ырларымсың,
Айтылбай сактап жүргөн сырларымсың.
Мен сага киммин, булбулуң таңшып турган,
Күнгө окшоп жан дүйнөңдө күн-түнү жанып турган.
Сөзү : Сагынбек Момбековдуку
Обону : Сагынбек Момбековдуку
Кетерде көңүл жазылбай кеткен,
Көрүнөт жүздөн капалык чеккен.
Койчу эми, жаным, жылмайып койчу,
Жүрөктөн букту чыгарып эстен.
Кайырма:
Тамаша айтсам күлөсүңбү?
Же таарынып мага жүрөсүңбү?
Таарынба мага, жылмайып кара,
Өзгөртчү эми мүнөзүңдү.
Сагындым өткөн күндөрдү эстеп,
Жыттагым келет жытыңды искеп.
Койчу эми, жаным, жылмайып койчу,
Жүрөктөн букту чыгарып эстен.
Кайырма:
Сырыңды айтчы, сыздады жүрөк,
Жылдыздай жүзүң канткенде күлөт?
Баятан бери мен арга таппайм,
Табышмак сымал көңүлгө түнөп.
Кайырма:
Обону : Н.Сулаймановдуку
Мага кымбат өмүр берген,
Келечегим, бактым деген.
Мээнетиң зор алпештеген,
Кичинемден, бала кезден.
Кечип түнкү бал уйкуңдан,
Мен оорусам, кошо ооруган.
Апакеме эркелесем,
Мен кубансам нур төгүлгөн ажарыңдан.
Менин апам - асыл адам,
Мээримиңе күндүр-түндүр сугарылгам.
Бүт өмүрүн эмгек менен талыкпастан,
Кооздук берген эл- жериңди
Сүйгүн деген ар бир сөзүң,
Ыйык экен, мекен эл деп күйүп-жанган,
Элдин кызы - менин апам.
Оюң тунук мөлтүрөгөн,тоо суусунан, Өзүң менен сыймыктанам.
Менин апам - асыл адам,
Тарбияңа күндүр-түндүр сугарылгам.
Бала өстүрүп эркелеткен энекемин,
Мээрим төккөн, сүрүп чакан бекеринен салыштырбайт.
Тынчтык менен бар тилегиң сен каалаган,
Адамзатка ачык асман,
Жер жүзүндө бардык апа.
Менин да апам тынчтык сүйгөн улуу адам.
Асыл адам, улуу адам,
Бул ырымды сага арнаймын,
Жаным апам.
Сагынамын, мен сени сагынамын,
Сагынганда айылыңа жүз барамын.
Ойлойсуңбу, сен мени ойлойсуңбу,
Ойлогондо кусадар болбойсуңбу?
Кызгалдагым, мен сени кызганамын,
Кызганганда жаңгактай чагыламын.
Жүрөсүң сен, ал менен, бул менен, мен менен да,
Махабаттын ак шеркин бузуп, жаным.
Чакырыпсың тоюңа бара албаймын,
Барсам дагы мен сендик боло албаймын.
Каалоо айтып, мен сени кубантайын,
Тилек айтып, мен сени ыйлатпаймын.
Обону : К.Тагаевдики
Сен күлсөң мен да күлсөм дейм,
Күлкүңдө бирге жүрсөм дейм.
Эсимден такыр кетпедиң сен,
Элесиң көзгө, сүрөтүң көзгө,
Бир өзүң көзгө элестеп.
Эңсөөнүн жалын байрагы,
Желбиреп Чолпон, Ай дагы.
Бейкутта назик сезимге сен,
Бүлүктү салдың, күйүттү салдың,
Үмүттү салдың, эй, кайдагы?
Экөөбүз жаштык гүлдөрүн,
Бир үзүп жыттап жүргөнүң.
Жүрөктө калат түбөлүк, эй,
Таалайым сенде, кубанчым сенде,
Таалайым сенде, ай, сүйгөнүм.
Обону : А.Бедияровдуку
Мындай таалай ээлебегем Теңирден,
Мындай күндү күтпөгөнмүн же бир мен.
Эсим эки болуп турат, эркетай, эркетай,
Эриниңдин даамы кетпей эринден.
Арга жоктур буйругуна Кудайдын,
Аттиң, эрте көрбөгөнүм - бул айыбым.
Жакшы жатып, жакшы түш көр десем да,
Кош дегенге кантип гана чыдаймын?
Үн алышып бир жүрөккө бир жүрөк.
Үнсүз, сөзсүз көшүлөсүң үргүлөп.
Арта калсаң ак жумуру билегиң,
Ак алкымың үлбүрөктөн үлбүрөк.
Сөзү : Г.Абдылдаеваныкы
Обону : Б.Токтобаевдики
Мен сени ушунчалык сүйүп жүрдүм,
Назданып сүйүү ырын ырдап жүрдүм.
Кечигип көп көрүнбөй калганыңда,
Кусама чыдай албай ыйлап жүрдүм.
Адамдар бирөөгө кор, бирөөгө зар,
Деген сөз анык экен акылмандын.
Жолугуп мени сүйгөн бир адамга,
Сен деген жүрөк дартын алып салдым.
Сен эми мен жөнүндө ойлобогун,
Мен сенден ушунчалык алыстадым.
Мен дагы сен жөнүндө ойлобоймун,
Сен менден ушунчалык алыстадың.
Сөзү : Шайлообек Дүйшеевдики
Обону : Э.Иманалиевдики
Жамалы белең берметтин,
Жабыркап жүрөк дегдеттиң.
Кароосуз калган кайыктай,
Кайыр кош, жаным, сен кеттиң.
Кайырма:
Карап, карап, кайрадан сени самап,
Күттүм, күттүм, күттүм,
Жан биргем, жалгыздыктан жадап бүттүм.
Көпөлөк гүлгө коно албай,
Көңүлүм сыздап, толо албай.
Серпилип жүрөк кыйналды,
Сендейлер сендей боло албай.
Кайырма:
Кош дегим келбейт, кош дегим,
Козгобо, бөлөк жок кебим.
Кайгырсам, жалгыз, аргам жок,
Кош дешер жарым жок менин.
Кайырма:
Карап, карап, кайрадан сени самап,
Күттүм, күттүм, күттүм,
Жалжалым, жагыздыктан жадап бүттүм.
Сагынамын, мен сени сагынамын,
Сагынганда айылына жүз барамын
Ойлойсуңбу, сен мени ойлойсуңбу?
Ойлогондо кусадар болбойсуңбу?
Кызгалдагым, мен сени кызганамын,
Кызганганда жаңгактай чагыламын.
Жүрөсүң сен ал менен, бул менен, мен менен да,
Махабаттын, ах, чиркин, бузуп жанын.
Чакырыпсың тоюңа, бара албаймын,
Барсам дагы мен сендик боло албаймын.
Каалоо айтып, мен сени кубантпаймын,
Тилек айтып, мен сени ыйлатпаймын.
Барсам дагы мен сендик боло албаймын,
Барсам дагы өзүңдүк боло албаймын.
Катарлаш жүргөнүңдө баркың сезбей,
Канатсыз каларымды неге эстебей.
Коштошуп койдум беле курган жаным,
Канетип сенсиз өмүр өтөт дебей.
Сен кеткен караңгы жол жарык чачып,
Күнүгө карай берем өңдөн азып.
Билгизбей тушап коюп кетиптирсиң,
Жаралап жүрөгүмө атың жазып.
Жумуштан шаңдуу кайтып түнөгүмө,
Оорубай куландан соо жүргөнүмдө.
Доктурдун күчү жеткис илдет берип,
Сүйүүңдү сүртүп кеттиң, сыйпап кеттиң жүрөгүмө.
|