|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Кадыралы Артыков
Бардык видеолор: 1
Бардык аудиолор: 5
00:04:12
Сөзү : Алмаш Чойбекованыкы
Обону : Кадыралы Артыковдуку
Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде.
Cаамайларын cеңселткен ак кайыңдар,
Самашып сагынычымды уккан кезде,
Барам сага.
Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,
Ак жамгыр нөшөрлөтө төккөн кезде.
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз,
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде,
Барам сага.
Ширесин карагаттар чачкан кезде,
Ажарын жоогазындар ачкан кезде.
Кучактап бейкутчулук түн коюнун,
Күн нуру уясына баткан кезде,
Барам сага.
Гүлдөргө аарыларың конгон кезде,
Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде.
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей,
Алтын ай асмандагы толгон кезде,
Барам сага.
Күтөм кечте келгилечи кубанычымды бөлүшүп,
Бажырайтып жүзүңөрдөн бакыт нурун төгүлтүп.
Кадыр билбес достор менен кантип өтсүн гүл өмүр?
Достук отун өчүрбөсүн майрам болор бул өмүр.
Отуралы куттуу кечте оо, досторум көңүлдүү,
Шашпа дейли, бар бол дейли, бул бир келген өмүрдү.
Силер келбей супсак болор бул кеченин шарабы,
Ыр-бий менен саймалансын өмүрдүн бир барагы.
Биз болбосок толбой турар достуктун ыр кесеси,
Ыр-күү менен жадырасын өмүрдүн бир кечеси.
Бермет чачып жүзүңөргө белек болсун ошолор,
Ырга айлансын көңүлдөрдөн төгүп турган сулуу нур,
Күүгө айлансын жүрөктөрдөн төгүп турган жылуу нур.
Күтөм достор, жаздын гүлүн күндүн нурун күткөндөй,
Үйүм бүгүн шаңга толсун койбогула түк келбей.
Сагынычка толгон жүрөк алсын көпкө серпилип,
Ыр төгүлсүн, сыр төгүлсүн жүрөк эрксиз желпилип,
Бирге досум өткөрөлү мындай кечтин неченин,
Силер менен сезсем деймин өмүр майрам экенин,
Достор менен сезсем деймин жашоо майрам экенин.
Обону : К.Артыковдуку
Жыпарын бүркүп гүлдөрдүн,
Жел келсе шибер ыргаган.
Жыргалга бөлөп сезимди,
Yнүңдү уксам ырдаган.
Колуңа гүлдөн дестелеп,
Көрүнө калсаң жылгадан.
Кайырма:
Ээ-эй, көбүртүп булак толкунун,
Оо-ой, акагы акса шыңгырап.
Билдирип жайлоо шоокумун,
Сайраса торгой күү курап.
Акырын сылап чачымдан,
Ардагым десең эркелеп.
Жылмая карап сүйкүмдүү,
Жылкыга кетсем эртелеп.
Боз жорго минип келатсам,
Алдымдан чыксаң энтелеп.
Кайырма:
Ээ-эй, кызарса булут сүрүлүп,
Оо-ой, кызылгат бышса күбүлүп.
Көөнөрбөс жашыл өзөндөн,
Көбүргөн терсек, кымыздык терсек,
Кымыздык терсек жүгүрүп.
Чачылып жатса шүүдүрүм,
Ак бермет болуп көктөмдө.
Эрксизден мөлт деп төгүлсө,
Экөөбүз басып өткөндө.
Көңүлдү жүрөк эргитип,
Күн нуру беттен өпкөндө.
Кайырма:
Ээ-эй, ак жамгыр төксө шорголоп,
Оо-ой, арчага келсек корголоп.
Кекилик учпай жем издеп,
Азгырса бизди жорголоп.
Сөзү : Н.Алымбековдуку
Обону : К.Эралиеваныкы
Ыймандан дилиң тазарат,
Ырлардан көңүл жашарат.
Ыр менен жашап түбөлүк,
Ырдалып бүтпөйт махабат.
Арзуудан өмүр жашарат,
Арзуудан жүрөк наз алат.
Армандуу дүйнө кимде жок,
Айтылып бүтпөйт махабат.
Күндө өтүп турса сапар бат,
Күлгүн жаш келбейт катарлап.
Гүл азык болуп өмүргө,
Гүл бойдон калат махабат.
|