|
Гүлзат Байзакова
Бардык видеолор: 2
Бардык аудиолор: 37
00:02:27
00:03:28
Бул насыйкат мага калган,
Бул насыйкат сага калган.
Калган керээз бабалардан,
Өттү насыйкат
Тоолордон, талаалардан, э-эй.
Айкашканы азанатып,
Ат жалына казан асып,br>
Келген элдин тилеги бул,
Улуу тарыхтын,
Чоктон ысык илеби бул, эй.
О, мезгилдин өктөмдүгү, ылдамдыгы,
Кандай кезде жаралды экен "Сынган бугу"?
Комуз кылын дирилдетип,
Бириндетип бизге насаат ыр калдыбы, эй?
Аппак марал ыры, жаңырдыңбы сен?
Аппак марал, кайра табылдыңбы сен?
Аппак марал туяк кагат,
Журт которгон сыяктанат,
Каран күнгө, марал, кабылдыңбы сен?
Каран түнгө, марал, кабылдыңбы сен?
Конушуңдан үркүп, жаңылдыңбы сен?
Мөлтүлдөп аккан булак кайда?
Моюндаш өскөн курак кайда?
Кадырлуу журтту сагындыңбы сен, эй?
Аппак марал, эй!
Аппак марал,
Артыңдан сая түшүп жебе келет,
Көзүңдө жер айланат, тегеренет.
Жебе келет, жөнө, демек!
Турбачы, ак марал, түңүлүп сен!
Турбачы, ак марал, түңүлүп турба,
Жебе жетпейт,
Чурка түйүлүп сен.
Аппак ак марал, аппак марал, жеңилбечи,
Батат, батабы, батып барат өмүр кечи?
Жебе келет, жөнө, демек,
Турбачы, ак марал,
Жетти жебе...
Чурка, түйүлүп сен, эй!
Жанып өтөбү, жебе жетеби?
Тагдыр чыркырайт, тамыр зыркырайт,
Марал кубулуп, эй,
Кайып болуп кет эми!
Аппак марал туяк кагат,
Жебе жетпейт, жетет сыяктанат,
Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат, эй.
Бул насыйкат мага калган,
Бул насыйкат сага калган,
Калган керээз бабалардан.
Канат байлап өмүргө,
Каршы турган өлүмгө,
Карылардан санжыра,
Аппак марал жөнүндө.
Талыбайт элдик үмүт,
Карыбайт элдик ырлар.
Жакшылыктан асты түңүлбөдүң,
Аппак марал, неге күлүңдөдүң, сен...
Гүлдөй назик, гүл кызым,
Эсен-соо болуп жүр, кызым.
Тийгениң менен тең кары да,
Башыңдан бакыт жылбасын.
Күндөрүң болсун кылымдай,
Жыргалың жатсын жыйылбай.
Тарыхта жаша из салып, ай,
Нарындын ташкын суусундай.
Ой, гүл кызым,
Нарындын ташкын суусундай.
Кайгыга такыр чөмүлбөй,
Таалайың болсун көлүндөй.
Калса экен ушул колуңар да,
Кармашкан бойдон бөлүнбөй.
Ак булут тоодон жылгандай,
Жаш кезек өтөт буйдалбай.
Өзгөчө жакшы келин бол, ай,
Кайненең каалап тургандай.
Ой, гүл кызым,
Кайненең каалап тургандай.
Көшөгөңөр көк болсун,
Көңүлүңөр төп болсун.
Узак өмүр сүргүлө да,
Балдарыңар көп болсун.
Ак булут тоодон жылгандай,
Жаш кезек өтөт буйдалбай,
Өзгөчө жакшы келин бол, да,
Эл-журтуң каалап тургандай.
Ой, гүл кызым,
Эл-журтуң каалап тургандай.
Обону : Калыбек Тагаевдики
Тайкы ойлоп, сараң болушпай,
Таңкы салкын жайкы конуштай.
Жүрөк сырын бирге чечишип,
Жүрөлүчү көңүл оорутпай.
Кайырма:
Жакын жүрсөк, оолак болушпай,
Жаман айтып, аңдып тоорушпай.
Мезгилибиз, мезгилибиз өтөр кош айтып,
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай.
Түнт мүнөздүү, түркөй болушпай,
Ойноп-күлсөк, ойго коюшпай.
Гүлдөй назик адам көңүлү,
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай.
Кайырма:
Сөзү : К.Жетимишбаев
Обону : Б.Мамаев
Түйшүк тартсам ойго келбейт эмнелер,
Тирүүлүктө толгонобуз пенделер.
Өмүр бою басып өткөн жолуңар,
Көз ирмемде үзүлгөнүң тең келер,
Көз ирмемде үзүлгөнүң, көз жумганың тең келер.
Бул бүркүмдүн билбей канча калганын,
Көкөй кескен бүтпөйт асыл арманы.
Бир жаздансаң бир ууч муздак топурак,
Басып кетет тирүүлүктүн салмагын,
Басып кетет тирүүлүктүн, бул жашоонун салмагын.
Баркын билсең кадыр менен көңүлдүн,
Бөксөрбөгүн, ташкындагын, көбүргүн.
Ансыз деле күн чыкканы, батканы,
Аралыгы өмүр менен өлүмдүн.
Андыктан сен бөксөрбөгүн, ташкындагын, көбүргүн.
Сөзү : Ж.Исабаева
Обону : Б.Мамаев
Кымбатым менин, кыйноого салсам кечирчи,
Кылгырат көзүң, кыйбасым жаным десинчи.
Кылчактап араң узадым сенин жаныңдан,
Карап тур эми таарынтпайм сени экинчи.
Таптаттуум менин, таарынтып койсом кечирчи,
Түшүмө кирди тунжурай түшкөн кезиңчи.
Таң атпай, узак болду окшойт ошол түн дагы,
Таптакыр эми таарынтпайм сени экинчи.
Сагынчым менин, санаага салсам кечирчи,
Саналуу кеткен элесиң жанды эзилтти.
Эркелеп сүйүп жыттагым келет жытыңды,
Жыргалым, бүттү, таарынтпайм сени экинчи.
Сөзү : Жумакан Тынымсеитованыкы
Обону : Сайыргазы Түркмөновдуку
Ай чыкты тоодон суйкайып,
Олтурсам көлдө жүз чайып.
Сүрөтүң көлдөн көрүнөт,
Сүзгөнсүп аппак жел кайык.
Көксөгөн кыял болчубу,
Көңүлүм көлдөй толкуду.
Ызааттап тосот утурлап,
Ысык бир көлдүн толкуну.
Бешенем жайнап, бой эргип,
Бетимди жуусам бой сергип.
Уучума улам урунат,
Удургуп толкун кол берип.
Берчүдөй эңчи бүгүн мен,
Бетине көлдүн үңүлөм.
Ылдамдап толкун сууларым,
Ыр сүзүп берчи түбүңдөн.
Агарып күмүш табактай,
Асманда сызып барат ай.
Эх, жыргал экен көл жээги,
Турсачы бир аз таң атпай.
Сөзү : Д.Мамбетөмүровдуку
Обону : Айбек Карымовдуку
Аттиң ай, аттиң, тагдыр да,
Не дейли эми тагдырга.
Телмирип күткөн жар болбой,
Тема болдуң жакшы ырга.
Алганы болуп бирөөнүн,
Айла жок жашап жүрөмүн.
Ал деле, балким, сезер дейм,
Ак сүйүү өчпөй күйөрүн.
Кайырма:
Башынан тилеп Кудайдан,
Болсо деп жарым буралган.
Баарына жеткен кезекте,
Жолуктук таппай бир айла.
Болбосо деле теңимдей,
Бой таштап ага бөлүнбөй.
Боорунда башка бирөөнүн,
Келесиң жашап берилбей.
Кайырма:
Башынан тилеп Кудайдан,
Болсо деп жарым буралган.
Баарына жеткен кезекте,
Жолуктук таппай бир айла.
Болбостур бузган уяны,
Болбойбуз бүлө, туурабы?
Кечиккен биздин бактыны,
Кел, эми урмат кылалы.
Талым кыз:
— Адамзат пендеси,
Сүйгөн нуру ким болот?
Асман менен закымдап,
Жүргөн нуру ким болот?
Арасында мунарык,
Кирген нуру ким болот?
Асман, жерди жаркыткан,
Канык нуру ким болот?
Талымдын тартпа домогун,
Таба салгын жомогун.
Менин атым — Талым кыз,
Ченеп мага жологун.
Көбөк:
– Адамзат пендеси,
Сүйгөн нуру таң болот.
Асман менен закымдап,
Жүргөн нуру ай болот.
Арасында мунарык,
Кирген нуру түн болот.
Жер, асманды жаркыткан,
Ачык нуру күн болот.
Таптым, Талым, сөзүңдү?
Келтирдимби, кезиңди?
Аптыкпагын, Талым кыз,
Ачмак болдум көзүңдү!..
Талым кыз:
— Жер сиңип кеткен жети атаң,
Ал эмне Көбөк чоң?
Жерди жемире баскан чал буура,
Ал эмне Көбөк чоң?
Желини сүттүү куу инген,
Ал эмне Көбөк чоң?
Жез буйлалуу нар тайлак,
Ал эмне Көбөк чоң?
Оргочордон от күйөт,
Ал эмне Көбөк чоң?
Ысык-Көлдөн ит үрөт,
Ал эмне Көбөк чоң?
Көбөк:
— Жер сиңип кеткен жети атаң -
Жети атабыз эмеспи!
Жерди жемире баскан чал буура –
Түп атабыз эмеспи!
Желини сүттүү куу инген,
Өз энебиз эмеспи!
Жез буйлалуу нар тайлак —
Карындашым эмеспи!
Оргочордон от күйсө –
Эки көзүң жайнаган,
Ысык-Көлдөн ит үрсө,
Бака болот чардаган.
Талым кыз:
— Узун, узун, узун жол,
Учун билген ким болот?
Күндөп-түндөп жүгүрүп,
Аянбаган ким болот?
Алыс менен жууктун,
Ченин билген ким болот?
Ачуу менен таттуунун,
Даамын таткан ким болот?
Жан бүтпөсүн баарынан,
Каргыш алган ким болот?
Жанга залал кылбастан,
Алкыш алган ким болот?
Көбөк:
- Узун, узун, узун жол,
Учун билген кербенчи.
Күндөп-түндөп жүгүргөн,
Аянбаган мергенчи.
Алыс менен жууктун,
Ченин билген базарчы.
Ачуу менен таттуунун,
Даамын таткан казанчы.
Жан бүткөндүн баарынан,
Каргыш алган карышкыр.
Жанга залал кылбастан,
Алкыш алган байкушту.
Талым кыз:
Акыл заман калкынын ,
Алпы белең эр Көбөк?
Атаңан калган соңундан,
Артык белең эр Көбөк?
Күнөөм болсо, кечкин деп,
Күрмөгөн жибиң чечкин деп.
Таппадым деп ыгыңды,
Талым кыз сөзгө жыгылды.
Сөзү : Аалы Токомбаевдики
Обону : Жамин Акималиевдики
Ачылган аппак гүл көрсөм,
Окшотуп коём өзүңө.
Таалайдын таңы өңдөнүп,
Жалжалым, көрүнгүм келет көзүңө.
Ойлогон сырды айта албай,
Аптыгып кетет жүрөгүм.
Жаңсасаң боло жактырсаң,
Жалжалым, канчага минтип жүрөмүн?
Күттүрдүң мени гүл бакта,
Күүгүмгө калдым сен үчүн.
Күйүттүн оту өңдөнүп,
Жалжалым, көрүнгүм келет сен үчүн.
Ала-Тоо башы Ала-Арча,
Ала арча өсөт жанаша.
Алышып ойноп жүрчү элек,
Жалжалым, алты эле жашар балача.
Сөзү : Турар Кожомбердиевдики
Обону : Эсенбек Мааданбековдуку
Эскерем түндө жылдыз санаганды,
Эскерем таңкы Үркөр тараганды.
Сезимди өрттөп кеткен ал күндөргө,
Биле албайм, кайрадан мен бир бара аламбы?
Мейли мен карап турсам, көздү жумсам,
Ар дайым элестейсиң бассам-турсам.
Жетпедим канча азап чексем дагы,
Жетпедим канчалык бийик колду мен сунсам.
Баш ийдим тагдырымдын салганына,
Айта албайм арманымды эч адамга.
Ишенбейм, бирок сүйүү жок дегенге,
Ишенбейм махабаттын жазганына.
Билинбей өтүп кеткен ал күндөргө,
Биле албайм, кайрадан мен бара аламбы...
Обону : Калыйбек Тагаевдики
Шамал минсең жетпейсиң,
Санаа менен өмүргө.
Санасаң санаа бөлүнөт,
Өмүр менен өлүмгө.
Булут минсең жетпейсиң,
Мурунку өткөн чагыңа.
Муунуң кетип карыса,
Ажал келет башыңа.
Алтындан кээжим тор түйүп,
Алганың калат бул жайда.
Алтын чырай, нур сөөлөт,
Арзыган калат бул жайда.
Күмүштөн кээжим тор түйүп,
Күйгөнүң калат бул жайда.
Күмүш чырай, нур дөөлөт,
Күткөнүң калат бул жайда.
Бул жалганчы дүйнөнүн,
Өлүмү ушундай куу жайда.
Беш тогоол болбой жай болбойт,
Пейли тар киши бай болбойт.
Көп болуп жылдыз ай болбойт,
Көөнү тар адам бай болбойт.
Шагылы болбой зоо болбойт,
Шайыры болбой эл болбойт.
Пейили жакшы кем болбойт,
Этекти кессең жең болбойт.
Желкени кессең тон болбойт,
Жеткилең бийик жол болбойт.
Ыргайдан катуу шиш болбойт,
Тууганың катуу болгон соң,
Мындан бир кыйын иш болбойт.
Арык койдун терисин,
Алты ашатсаң ий болбойт.
Атадан жаман тууганды,
Ак кийизге салдырып,
Көтөргөн менен бий болбойт.
Теректин түбү тыт болот,
Жаман киши кырс болот.
Каарына чындап алганда,
Ак жайдын күнү жут болот.
Жаман менен дос болсоң,
Акыры бир күн кас болот.
Жакшыны мээнет чырмаса,
Жакыны менен кас болот.
Баланы мээнет чырмаса,
Сары карт чыгып таз болот.
Ат жакшысы боз болот,
Алганы жакшы жолукса,
Атасы душман – дос болот.
Бул дүйнөдө не карып?
Замандашы болбосо,
Карыя болор тез карып.
Эл жакалай конбосо,
Бетегелүү бел карып.
Каз-өрдөгү болбосо,
Айдыңы чалкар көл карып.
Айтып жүрөм ар кимге,
Аңгеме кылып мен карып.
Сөзү : Э.Кушчуевдики
Обону : Э.Кушчуевдики
|