|
Кубаныч Ажыбаев
Бардык видеолор: 3
Бардык аудиолор: 13
00:02:59
00:02:59
00:03:28
Сөзү : Бактыгүл Чотурованыкы
Обону : Табылды Актановдуку
Дарактын жалбырагындай, кагаздын калдырагындай
Үлбүңдөп желге турасың, чыракта алсыз жалындай
Чыракта алсыз эй жалындай
Мылтыктын тунган үнүндөй, мышыктын жумшак жүнүндөй
Өтөөрсүн көптү алмашып, өмүрдө өткөн билинбей
Өмүрдө өткөн эй билинбей
Кеч күздүн муздак желиндей, кетилген даттуу темирдей
Көзүндөй сынган ийненин, сөзүндөн сындың төгүнбөй
Сөзүңдөн сындың эй төгүнбөй
Жоголгон бычак сабындай, жылуусуң оттун табындай
Өкүнөөр эч бир нерсем жок, өзүңдү калдым сагынбай
Өзүңдү калдым эй сагынбай
Сөзү : Шайлообек Дүйшеевдики
Обону : Табылды Актановдуку
Сөзү : Маматкерим Конку уулу
Обону : Токтоназар Мамбеттурган уулу
Сөзү : Акбар Рыскуловдуку
Обону : Соорбек Канатовдуку
Сөзү : Ж.Ырысбаевдики
Обону : К. Мендебаировдуку
Сулууларды көчөлөрдөн көп көрөм,
Суктанамын, көз электен өткөрөм.
Жылмаңдаймын баарысына тийишип,
Жыйырмамда мен мынчалык көппөгөм.
Шектенбесин көрүп-билген жакындар,
Шериктешим, менде да бар асыл жар.
Сууруп алам чечекейиң десең да,
Сулууларга суктанууга акым бар.
Олоң чачты көчөлөрдөн көп көрөм,
Толкуп-ташып ошол замат өзгөрөм.
Оолукканды сурабагын, айтпагын,
Отуз жашта мен мынчалык көппөгөм.
Шектенбесин көрүп-билген жакындар,
Шериктешим, үйүмдө бар асыл жар.
Сууруп алам чечекейиң десең да,
Сулууларга суктанууга акым бар.
Кыркма чачты көчөлөрдөн көп көрөм,
Кызыгамын, күйүп-жанып өрттөнөм.
Кыялымда жанашамын бир басып,
Жаш кезимде мен мынчалык көппөгөм.
Шектенбесин көрүп-билген жакындар,
Шериктешим, үйүмдө бар асыл жар.
Сууруп алам чечекейиң десең да,
Сулууларга суктанууга акым бар.
Өңүмбү же түшүмбү, бир кыз көрдүм,
Кураладай кулпурган кундуз көрдүм.
Кызыл канат кыздардын периштеси,
Тээ асмандан жерге түшкөн жылдыз көрдүм.
Камыш канат кашы,
Кара зердей чачы.
Кулпурганы толгон айдай,
Канчада экен жашы?
Карагаттай көзү,
Бал татыган сөзү.
Көйкөлгөнү перинин, Каныкейдин өзү.
Күндүз эстен, кетпеди түндө түштөн,
Алтын жылдыз асмандан кимге түшкөн?
Жалгыз гана өзүбү жерде жүргөн?
Же сиңдилери бар бекен а бирге түшкөн?
Камыш канат кашы,
Кара зердей чачы.
Кулпурган толгон айдай,
Канчада экен жашы?
Карагаттай көзү,
Бал татыган сөзү.
Көйкөлгөнү сулуунун, Айчүрөктүн өзү.
Мындай кыздар асмандан келбесе экен,
Жигиттердин көңүлүн бөлбөсө экен.
Ай деп, күн деп жете албай жүргөн кызым,
Бир досумдун урматтуу жеңеси экен.
Көңүл, чиркин, калды,
Жүрөк оттой жанды.
Кундуз деген жеңебиз бир тозокко салды.
Сулуулугу мыкты,
Жеңем болуп чыкты.
Мендеги таза махабат,
Жай көрбөй, көрдү кышты.
Мендеги сүйүү махабат, Ошол менен бүттү.
Ак боз үйлөр жипке тизген шурудай,
Жашыл төрдүн ээлеп оюн- жылгасын.
Ак чуудалуу булут көчүп аскадан,
Тоо мемиреп тыңшап үнүн улардын.
Шүүдүрүмдү аралай чаап жүгүрүп,
Жашыл төрдө кулун, тайдай туйлаган,
Балалыкка күчөйт эңсөөм, кумарым.
Айлуу түндө сүтак сайрап маңдайда,
Акак таштуу булак ыры жаңырган.
Ак чөлмөктүн кызыгына берилип,
Жайдын жумшак буурул таңын атырган.
Чоң энемдин тыңшап сыйкыр жомогун,
Кыялдардын дүйнөсүнө тартылган,
Балалыкка күчөйт эңсөөм, кумарым.
Кашка-Суунун ак чабагын үркүтүп,
Жорго минип жол учугун улаган.
Ат жалында шамал менен жарышып,
Тоолуктардын мукам ырын ырдаган.
Өмүрүмдүн гүл азыгын, башатын,
Айта берип түгөтө албас эч качан,
Балалыкка, күчөйт эңсөөм, кумарым.
Сөзү : Нурпайыз Жаркынбаевдики
Обону : Түгөлбай Казаковдуку
Күттүм мен, жол карадым сен тараптан,
Төгүлгөн жаанда калып кечке күттүм.
Ошол жол мени жалгыз алып бараткан,
Бир кезги тагдырыбыз экөөбүздүн.
Күтүүгө үмүт болуп жаралганмын,
Күйүттүн ырга айланар тагдыр болдум.
Экөөбүз жаш шаңына бөлөмөкпүз,
Өмүрдө бөлөк түшкөн биздин жолду.
Бөлөк түшкөн,
Өмүрдө бөлөк түшкөн биздин жолду.
Сөзү : Кадырбай Мамбетакуновдуку
Обону : Кенжекул Мендебаировдуку
Кечирип кой өткөн менен кеткенди,
Биз самаган, биз жетпеген көптөрдү.
Эрте жазда, эңтелеткен нөшөрдү,
Көкүлүнөн гүл төгүлгөн көктөмдү.
Кечирип кой, кечирип кой,
Кечирип кой өткөн менен кеткенди,
Көкүлүнөн гүл төгүлгөн көктөмдү.
Кечирип кой жаңылдымбы, жаздымбы?
Чачылганын жыйнабаган мастыкты.
Ай алдында ак чөлмөктү ыргытып,
Жылдыздардан чачмак алган жаштыкты.
Кечирип кой, кечирип кой,
Кечирип кой жаңылдымбы, жаздымбы?
Чачылганын жыйнабаган мастыкты.
Кечирип кой кайрылбаган күндөрдү,
Кыялга мас, кызыл айлуу түндөрдү,
Өрттөн ысык, жүрөктөрдөн ачылып,
Колубуздан соолуп кеткен гүлдөрдү.
Кечирип кой, кечирип кой,
Кечирип кой кайрылбаган күндөрдү,
Кыялга мас, кызыл айлуу түндөрдү,
Эй, эй, адамдар,
Каалаганым амандык.
Тынчтык болуп өлкөмдө,
Болбосо экен жамандык,
Болбосо экен касчылык.
Кайырма:
Биздин заман - нур заман,
Ушул заман - гүл заман.
Ден соолугуң болбосо,
Бул заманда эң жаман.
Ой, ой, адамдар,
Күлүп өмүр сүргүлө.
Өмүр кургур бир келет,
Жашоо баркын билгиле.
Ой, ой, адамдар,
Каалаганым ден соолук.
Ден соолугуң болбосо,
Калдың дей бер кор болуп.
Биздин заман - нур заман,
Ушул жыргал, гүл заман.
Ынтымагың болбосо,
Бул заманда эң жаман.
Түндүк, түштүк болбойлу,
Баарыбызга тең заман.
Сөзү : Ч.Сатаевдики
Обону : Ч.Сатаевдики
Сен мени салдың жаным неге кайгыга?
Мен сенден калдым минтип айрыла.
Бирге жүрүп жок болдуң, ичте күйгөн чок болдуң,
Кайда кеттиң капырай, эс учумдан тандыра ай...
Кайырма:
А күйдүм, а күйдүм ай,
Неге эле сени сүйдүм ай?
Сүйдүм, сүйдүм, сүйдүм ай,
Неге эле сен деп жүрдүм ай?
Жүронүң эле элден такыр башкача,
Күлгөнүң тунук эле таптаза.
Эңсебеске арга жок, эңсегенде пайда жок,
Эмне кылам капырай, сыртым жалын ичим чок.
Кайырма:
Сен мени салдың жаным неге кайгыга?
Мен сенден калдым минтип айрыла.
Бирге жүрүп жок болдуң, ичте күйгөн чок болдуң,
Кайда кеттиң капырай, эс учумдан тандыра ай...
Кайырма:
|