|
Бегимай Эсенгулова
Бардык видеолор: 6
Бардык аудиолор: 12
00:00:00
00:03:32
00:03:32
00:03:08
00:04:57
00:03:14
Сөзү : И.Абдыразаковдуку
Обону : И.Абдыразаковдуку
Мен көкөлөп учамын, көкүрөк тумарым,
Бар байлыгым өзүң менин.
Бул жашоодо жөлөгү,
Апакем өмүрдө өнөгүм.
Кайырма:
Алыста жүрсөм да,
Сапарым күтсөм да,
Ыйласам, күлсөм да,
Суранамын Жараткандан,
Апакемден айрыба.
Мен мейкинде сызамын,
Жан берген кубатым.
Таянган аска-зоом сенсиң,
Өмүр берсин Кудайым,
Бар болсун апакем ылайым.
Кайырма: Маалыматты өзгөртүү
Сөзү : Ж.Алымовдуку
Обону : М.Рыскулбековдуку
Кыялда кылымдап издегем,
Түйшүктүү түбү жок из менен.
Капыстан жолуктук, сырдаштык,
Жолубуз кайчы эмес, түз белем?
Чын эле мен сени таптымбы?
Сүйлөсөң сүйүнө караймын,
Салаалап чачымды тараймын.
Күлмүңдөп көздөрүң от чачса,
Күлкүңдү кайра эле самаймын.
Чын эле мен сени таптымбы?
Сен дагы мени издеп шаштыңбы?
Түбү жок санаага баттыңбы?
Шам болуп жагылчы, жыргалым,
Жылдыздай жайнатып бактымды.
Чын эле мен сени таптымбы?
Өттү балалык күндөрүм,
Кыздар менен бирге ойноп.
Өтөт уйкусуз түндөрүм,
Сени ойлоп, сени ойлоп.
Кайтпайт артка ал балалык,
Кайталбасмын эми мен да.
Экөөбүз неге тааныштык,
Кыялымда калдың сен да.
Кайда болсом, кайда жүрсөм дайым,
Жалгыз сени ойлойм.
Кайырма:
Караба, караба,
Мага антип караба!
Балдай таттуу сөздөрүңдү,
Сүйлөй бергин, аяба.
Сураба, сураба,
Абалымды сураба!
Сен болгун дайым жанымда,
Башкасына ынаба.
Кара мончоктой көздөрүң,
Мүнөзүңө тартып турат.
Сүйлөсөң ширин сөздөрүң,
Жүрөгүм да тез-тез урат.
Алыста болсоң сагынып,
Зар болуп өзүмөн-өзүм.
Келсең сен мага кайрылып,
Сагынычым айтам өзүм.
Кайда болсом, кайда жүрсөм дайым,
Жалгыз сени ойлойм.
Кайырма:
Сөзү : К.Примбердиевдики
Обону : К.Примбердиевдики
Көңүлдөгү арманымды,
Жашырып мен күнүгө.
Жаш жүрөгүм,
Жарылып кете жаздайт күйүттөн.
А бирок мен алдырбаймын арманга,
Өзүмдү өзүм кыйнасам да,
Алдырбаймын арманга.
Мен да бир күн жолугармын,
Таза, тунук махабатка.
Кечигип келген сүйүүнү каалабайм.
Жолугармын ак сүйүүгө,
Ал сүйүүдөн табармын,
Өз бактымды сага алдырган.
Барын эске алармын.
Ошол кезде, кайтып келбе,
Көз жашыма татыбайсың.
Кеч түшүнгөн махабатты,
Анда ал сүйүүң кайсы?
Мен да бир күн жолугармын,
Таза, тунук махабатка.
Кечигип келген сүйүүнү каалабайм.
Сөзү : К.Примбердиевдики
Обону : К.Примбердиевдики
Окуучулук күндөр, шайыр-шаңдуу үндөр,
Мектептин айланасында каткырык, күлкүлөр.
Сезимдер андагы кайрылабы эми?
Мектебим, бүтүп кетсем да, унутпаймын сени.
Мезгил учса да кайрылбастан,
Келебиз сага.
Мектептеги кубаныч күндөрдү,
Эстейбиз кайра.
Мезгил учса да кайрылбастан,
Унутпаймын мен.
Мугалимдерди, бала чагымды,
Ар дайым эстейм.
Уядан учабыз, келечек курабыз,
А бирок билим булагын жүрөккө сактайбыз.
Таза, назик сезим келген ошол кезим,
Ар дайым эсимде жүрөт алгач “сүйөм” дешиң.
Балалык тунук сезим менен,
Коштошуп келем.
Бактылуу келечек турат жайып,
Кучагын кенен.
Адептүүлүккө жол көрсөткөн,
Мугалимдерим...
Талыкпаган эмгек унутулбайт,
Ал мезгилдеги.
Мектебим.
Сөзү : Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону : И.Абдыразаковдуку
Жүрөгүмдү жоошутат,
Үзүлбөгөн үмүтүм.
Өткөн күндөр чубалып,
Көз алдымда көрүндү.
Үшүп турат ак сүйүү,
Айлуу түн тузагында.
Тилегимдин үлүшү,
Кеттиби кучгыңа?
Кайырма:
Сагынба,
Жүрөгүмдү ыйлатып.
Сагынба,
Гүл өмүрдү кыйратып.
Сагынба,
Сагынбачы суранам,
Сагынсаң,
Арбыйт менин убарам.
Жан дүйнөмдү жаралап,
Пайдасы жок чалынба.
Махабаттын жалынсыз,
Алоосуна малынба.
Тагдырыңа таарынып,
Талабы жок багынба.
Тар дүйнөнүн кайгысы,
Салса сени жалынга.
Кайырма:
Сөзү : К.Качкынбаеваныкы
Обону : И.Абдыразаковдуку
Утурлай тосуп чыгып жолумдан,
Учураштың кыса кармап колумдан.
Уяңдыктан оюм сага айта албай,
Уурданып карайм сенин соңундан.
Кайырма:
Сен баарынан өзгөчө сезилдиң,
Сен жалын жүрөктүу сыйкырлап алдын,
Сезимиме сен сыйыртмак салдын.
Капыстан карап алып көзүңдү,
Карегиңден көрүп турдум өзумдү.
Жоодураган көздөгү сөлөкөт,
Жомоктогу перидей сезилди.
Сөзү : К.Примбердиевдики
Обону : М.Ниязовдуку
Сен бактылуусуң бил курбум,
Бул дүйнөгө жаралганыңа.
Көздөгөн максатың болсо,
Тоскоолдуктарга карабай умтул алга.
Кайырма:
Бул жашоо бизге бир келген,
Табылгыс белек.
Ар бир күндүн баркын билген,
Ал адам сезет.
Өмүрдүн таттуу экенин,
Жаштыктын демин.
Ар бир көз ирмем бактылуу,
Кайгырба деги.
Мен бактылуумун билемин,
Курбуларымдын арасында.
Ата-энем менин тирегим,
Бул бакытты мен силерге да тилеймин.
|