|
ЖЕБЕ тобу
Бардык видеолор: 14
Бардык аудиолор: 23
00:03:18
00:03:13
00:03:00
00:03:07
00:03:18
00:03:05
00:02:45
Сөзү : Иса Султанбековдуку
Обону : Иса Султанбековдуку
Сөзү : Кудурет Тайчабаровдуку
Обону : Улан Осмон уулунуку
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Сөзү : Сагынычтыкы
Обону : Минур Алтынбеков, Сагынычтыкы
Сөзү : Токтогул Сатылгановдуку
Обону : Токтогул Сатылгановдуку
Сөзү : Ильяс Кудретовдуку
Обону : Ильяс Кудретовдуку
Сөзү : Ильяз Кудретовдуку
Обону : Минур Алтынбековдуку
Ушунчалык жагып жүрдүң бала кезимден,
Мектебимде жүргөн жакшы кыз.
Айлар өтүп, жылдар өтүп бизге сезилбей,
Он сегизге толду жашыбыз.
Кайырма:
Ата-энеңдин сөзүнөн сен чыга албадың
Айласыздан сен байкуш мени алдадың.
Түбөлүккө коштоштук,
Сен бөлөккө баш коштуң
А мен сага жете албадым...
"Күтөмүн" деп, кол булгалап көз жашың төгүп,
Сен узаттың мени аскерге.
"Бир көрсөм" деп, "алтыным" деп сен мага жазып
Сүйүп жүрдүң мени алыстан.
Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : И.Жунусовдуку
Карындаш астачы,
Тетири баспачы.
Жакшы эле жигитмин,
Көз кырың таштачы.
Көзүмдү албай,
Артыңдан барам жай.
Сезилдиң эң жакын,
Эң жакын адамдай.
Жароокер күлгөнүң,
Эстетти сүйгөнүм.
Сен анын сиңдиси,
Же болуп жүрбөгүн.
Көздөрү кара эле,
Сүйүүгө зар эле.
Эки жак уртунда,
Уяча бар эле...
Кечиргин карындаш,
Адам жок жаңылбас.
Бар эле сүйгөнүм,
Ал эми табылбас...
Сымбатың таптаза,
Окшошуп жатса да.
Бар эле сүйгөнүм,
Жүрөгү башкача.
Сөзү : Алайбек Абубакировдуку
Обону : Алайбек Абубакировдуку
Скрипы вагона у поезда,
Дарит любовью приятного сна.
Вдруг повстречался с тобой,
Длинные косы, ресницы большие.
А красота и любовь рядом со мной.
Ты в облаках летишь и поешь,
Солнца лучом меня ты зовешь.
Ах, убиваешь меня,
Ветром в пустыни песком засыпаешь.
Ах, умираю я,
Лейла, Лейла.
Кайырма:
Лейла, ах, Лейла
Лейла любимая ты
Лейла, ах, Лейла
Лейла ты ярче луны
Жай басып мен жаныңдан өткөн менен,
Токтотуп сөз узатып койбойт белең.
Окшотуп жүрөгүмдү сүйгөн жанга,
Бара албай уяң тартып турдум сенден.
Таба албай жүргөн сүйүүм келген өңдүү,
Табышмак суроо салып берген өңдүү,
Жетпеген канча мүнөт, канча күндөр
Күтпөгөн сүйүүм мага жеткен өңдүү.
Кайырма:
Байкаарым Заурет, жазганым Заурет,
Өзүңө жеткирет эңсеген ак тилек.
Көзүңдүн кыйыгынан карап койдуң,
Көрсөтпөй сүйүү отун салып койдуң.
Капырай, эмне мынча сүрдөп турам,
Көзүңдүн сулуулугун сезбей сонун?
Келсеңчи жүрөгүмдү эзгилебей,
Оюмду сага деген кескилебей.
Жалынып жалбарганда эмне пайда?
Кудайым жеткирсе экен сендей жанга.
Кайырма:
Сыр сандыкты ача албай,
Же ачкычын таба албай
Жүрөк отун жалындап,
Махабатым таба албай
Кайырма:
Келчи, келчи жаным
Айтчы, айтчы жаным
Сырыңды...
Тамчы тамып бириндеп
Моло ташты жарат деп.
Жылдыздардын ичинен,
Чолпон жылдыз улуу дейт, сулуу дейт.
Кайырма:
Келчи, келчи жаным
Айтчы, айтчы жаным
Сырыңды...
Жан жүрөгүм кусалыкка камалып
Жараландым жамалыңа алданып
Эгиз жандай эркелешип жүрчү элек
Ал күндөрүм артта эми тунарып
Алыстасың махабатым
Жүрөгүмдү кыйнадың
Сүрөттөгү сенин сүйкүм карашың
Ал менин түбөлүктүү аккан жашым
Тагдырга таарынсам да айла барбы
Баары бир өтөм сүйрөп тагдыр ташын
Алыстасың махабатым
Жүрөгүмдү кыйнадың
Карегимде аккан жашым
Сенин сүйкүм карашың
Душа моя рвется в высь
Она сильно больна тобою, обернись
Прими мои цветы и просто улыбнись
Они лишь для тебя
Поверь мне малыш
Поверь, тебе не повезло
Знала бы как тяжело
Боже, ты мой за что?
Это страдание мое?
Радует лишь только одно,
Говорять люди, что любовь она не вечна
Но и тут тесно
Арманга малып салдың айыбым жок,
Издедим же кабарың дайының жок.
Күттүрбөй бир кайрылып келсең боло
Өчпөдү үмүт деген ысыган чок.
Муң азаптын дайрасында,
Чөгүп жатам садага.
Жалгыздыкты айласыздан
Көрүп жатам садага
Кусанын тузагы, жүрөктү муздатты
Сүйүүмдүн узагы, жүрөктү сыздатты.
Көңүлүм кош айтып арманга узатты
Жамгырдын алдында, жалгызмын жалына.
Күтүүдөн тажабай өзүңдү сагынам
Кеттиңби кайрылбай жаным сен башкага
Сезимимди айтсам,
Мага сен ишенбей.
Чын жүрөктөн чыккан
Сөзгө сен түшүнбөй.
Жүрөгүм жалындайт,
Махабат жаңылбайт.
Кайырма:
Сүйүүм тунук менин булактай,
Жаш жүрөктү кууратпай билсең,
Сүйүү деп мени, жаным, суратпай,
Түндү сүйгөн чырактай сүйсөңчү.
Сезимимди айтсам.
Мага сен ишенбей.
Сүйдүрдүң го мени,
Жипсиз кишендей.
Тоо суусундай тунук
Менин бул сезимим.
Кыялданып жүрсөм,
Калдың сен кезигип.
Бактыңды таанып ал,
Сүйүүмдү кабыл ал.
Кайырма:
Сезимимди айтсам.
Мага ишенбей.
Сүйдүрдүңго мени,
Жипсиз кишендей.
Бирде жигит төө минет,
Бирде жигит жөө жүрөт.
Төө мингенде жигитти,
Төбөсүнө көтөрүп, ай,
Төгөрөктөп эл жүрөт.
Жөө жүргөндө жигитти,
Жөн жүргөндо жигитти,
"Жөн жүрбөйт го мобул" деп,
Жөөлөй түртүп эл күлөт.
Аскар тоонун этеги,
Барып-барып чак болот.
Бир атанын балдары,
Алты тууган болсо да,
Катташпаса жат болот.
Ага-иниңди жаман деп,
Тууган кайдан табылмак
Аргымакты жаман деп, ай,
Буудан кайдан табылмак.
Жалгыз өгүз кош эмес,
Жаакташкан дос эмес.
Жакшы-жаман күндөрдө,
Жардам берип жаныңда, ай,
Жан күйбөсө дос эмес.
Тайгак жолдо, тар жолдо,
Тагдыр тайкы болгондо.
Тамашалап кеп айтып, ай,
Табалаган дос эмес.
Ата-энеңдин кадырын,
Көзү барда билип жүр.
Карысы бар баланын,
Ата-энеңдин кадырын,
Өзү барда билип жүр.
Кулун кезден өстүргөн,
Ээсин тепкен ат жаман,
Өзөк өрттөп куйкалап,
Өздөн чыккан жат жаман.
Көптү көргөн аксакал
Кары болот, билип жүр.
Кары сөзүн капка сал,
Кары сөзү жаштарга
Даары болот, билип жүр.
Керкейгенге кергейгин,
Көктөн түшкөн пир эмес,
Ийилгенге ийилгин,
Баалап берген кул эмес.
Алган жарың Айпери,
Хандын кызы болсо да,
Ажаанданып кыйкырып,
Айтканыңа көнбөсө,
Сулуулугу не пайда?
Аркан-жипти үзгүлөп,
Азоолонгон кез кайда?
Аштан, тойдон калган соң,
Күлүктүгү не пайда?
Сөзү : Т. Парпиевдики
Обону : Т. Парпиевдики
Укчу мени, угуп турчу, апакем,
Сенсиз мага түгөнбөстүр берекем.
Бактылуумун бул дүйнөдө чексиз мен, ай, чексиз мен,
Алтын апам, өзүңө миң мертебе...
Туям, апа, эмгегиңди мендеги,
Ак сүтүңдү акташ менин милдетим.
Жүрөт азыр жүрөгүмдү өйүтүп, ай, өйүтүп,
Жүрөгүмдүн төрүндөсүң дайым сен.
Ак тилектер жан дүйнөңдөн куралып,
Кулунуңдун бактысына кубанып.
Эчен жылды карыттың го, апакем, ай, апакем,
Эсендигим Кудайдын миң суранып.
Бейиш эненин таман астында.
Сөзү : К.Курбантаевдики
Обону : К.Курбантаевдики
Кечинде келемин сага,
Жылдыздарды аралап.
Сен үчүн гүлдөрдөн эмес,
Жылдыздардан букет жасап.
Жанып турган жалгыз айга,
Жалынамын адатымча.
Көрбөй калып сумсайбайын,
Сен жылмайганда, сен жылмайганда...
Кайырма:
Билесиңби сенин көзүңдө,
Сыйкырдуу күч бардай өзүнчө.
Бир кадам да алыс бастырбай,
Тартат өзүнө, тартат өзүнө.
Кечинде келемин сага,
Кумарланып махабатка.
Себелеген жазгы жамгыр,
Жашынабыз ак кайыңга.
Тартып алдым кучагыма,
Аяп сени ак жамгырдан.
Аруу сезим арабызды,
Жакындатканда, жакындатканда...
Кайырма:
|