|
Салима Балтаева
Бардык видеолор: 5
Бардык аудиолор: 32
00:03:50
00:03:31
00:03:10
00:03:13
00:03:27
Обону : Т.Казаковдуку
Себеленип ойлордун жумшак жамгыры,
Салкын тартып карааның менден узады.
Кетпе алыска, кетпе менин жаштыгым,
Тумчуктурба агызып шаарын ызанын.
Кайырма:
Жылт эткен жылдыздын үзүгүндөй,
Сен кайда кеткенсиң, асылкечим?
Жүрөктө толукшуп сүйүү жазы,
Сен качан келесиң, асылкечим?
Тереңдеген балбылдап сезим бермети,
Ыйык ойлор шыбырын сенден жашырат.
Күнгө умтулган биздеги жаштык өмүргө,
Аппак жаандай тилектер жаап басылар.
Кайырма:
Себеленип ойлордун жумшак жамгыры,
Салкын тартып карааның менден узады.
Кетпе алыска, кетпе менин жаштыгым,
Тумчуктурба агызып шаарын ызанын.
Кайырма:
Сезимдерге ай нурундай себилген,
Бизде жашайт унутулгус көз ирмем.
Саамайымдан эркелетип сылаган,
Ал кезекти чыгарбаймын эсимден.
Кайырма:
Сенин сулуу көзүңдөн,
Күн шооласы төгүлгөн.
Бакытымды туямын мен,
Балдай таттуу сөзүңдөн.
Эсте калды унутулгус көз ирмем,
Жан эргитип сен да билген, мен билген.
Таалайымдын өзүң болдуң туткасы,
Бакытымсың буюрган бир Теңирден.
Кайырма:
Жолум тосуп ак гүлүңдү кармадың,
Күттүң чексиз, күтүүдөн эч талбадың.
Сен дүйнөмдү жазга оросоң, ардагым,
Мен да сага бир өзүмдү арнадым.
Кайырма:
Ошол күнү жамгыр жааган себелеп,
Көпкө жүрдүк көк шиберди тебелеп
Коштошордо токтоно албай алдым ыйлап,
Анткени мен сени, сүйсөм керек,
Кайырма:
Асылзатым
Сагынамын, сагынамын,
Сагынтып келем деп
Жүрсөң керек, асылзатым
Кайран күндөр өтүп жатат күтүү менен,
Күдөр үзбөй жолду карап үмүт менен,
Ыйлап-ыйлап кээде сага таарынсам да,
Ансайын өзүңдү сүйүп келем.
Кайырма:
Бүгүн дагы жамгыр турду себелеп,
А мен болсо кучагыңда эркелеп,
Билесиңби ушул күндү канча күттүм
А, балким сен дагы күтсөң керек...
Кайырма:
Айдоочу жок, жел айдаган кемедей,
Алып учат жүрөк булкуп жемелей.
Ошол жүрөк досторумдун жанында,
Орду толот оорубаган немедей.
Кайырма:
Бар болгула, бар болгула,
Барды-жокту тең бөлүшкөн асылдар.
Кымбаттарым, кыйбастарым,
Бир туугандай жакындар.
Дасторконум жайнаса да түркүнгө,
Досторум жок кеми болор күлкүмдө.
Жараткандын бир күнү бар эмеспи,
Жарпын жазып, алмаштыргыс миң күнгө.
Кайырма:
Досчулукту даңазалап жакшы ыр жазсын акындар.
Жан кейитип кир калтырбай көңүлгө,
Жашасак дейм бул бир келген өмүрдө.
Жоготуунун орду толо ый экен,
Жакшы көргөн адамыңдан бөлүнбө.
Кайырма:
Жүрөгүмдө ар бириңдин атың бар.
Жамгыр тынбай төгүп жатты, төктү жашы шорголоп.
Биз экөөбүз турган элек ак кайыңга корголоп.
Ошондогу эсиңдеби, эсиңдеби, ынагым,
Алгач жолу тамызган күн махабаттын чырагын?
Жалбырактар дирилдешип, жамгыр аздап токтолуп.
Жанып турду бир укмуш күч жалын чачып от болуп.
Ошондогу эсиңдеби, эсиңдеби, ынагым,
Алгач жолу тамызган күн махабаттын чырагын?
Аткан таңды, баткан күндү тең көрүп,
Бир дарактын бариктери өңдөнүп.
Ортобузда орой мүнөз болгон жок,
Бапырашып, бар нерсени тең бөлүп.
Кайырма:
Достор, достор, достор, ай.
Өмүр жолун кошкон, ай.
Жашоодогу жакшы күндү,
Силер менен тоском, ай.
Жашыбыздан ыйман-ызат деп көндүк,
Адал иштеп, ак эмгекти эп көрдүк.
Жаратканга тобо кылам, турмуштун,
Ачуусунан таттуураагын көп көрдүк.
Кайырма
Кол жылытар, коломто отун күйгүзчү,
Дос кадырын турмуш тактап билгизди.
Аёо сезим, аппак болсо дилибиз,
Өткөнгө бир тартып турар сый бизди.
Кайырма:
Гүл өстүрсөм, гүлзар өскөн багымда,
Булбул сайрап таңшып турса шагында.
Музыкалуу ыр дүйнөдө сүйүү бар,
Жан дүйнөмдү жалындаткан жагымдуу.
Татынакай таза жыты буркурап,
Так ушундай тереземде гүл турат.
Асыл данек, ак сүйүүмдөн жаралып,
Ар күн сайын ажар ачып кулпурат.
Күндөн-күнгө бой тиресе жакшырып,
Болочогум болсо экен дейм бактылуу.
Бул турмушта ыраазы элем тагдырга,
Алар тапса адамдагы бактыны.
Кандай гана алар элем канагат,
Кагылайын алар болсо бактылуу.
Көзүңө чөккүм келет,
Эрдиңден өпкүм келет.
Шыбырап кулагыңа,
Сүйүүмдү төккүм келет.
Кайырма:
Жаныңа баргым келет,
Шам болуп жангым келет.
От чачкан карегиңде,
Түбөлүк калгым келет.
Сен менен баскым келет,
Жан дүйнөм ачкым келет.
Жакшы адам сапаттарын,
Бүт сенден тапкым келет.
Сырымды айткым келет,
Сырдашып кайткым келет.
Махабат жыргалына,
Сен менен баткым келет.
Кайырма:
Сөзү : К.Иманалиевдики
Обону : М.Осмоновдуку
Сүйүү кандай керемет күч, касиет!
Сүйгөн сайын сүйгүң келет канча ирет.
Сен жаралган ушул күнгө ырахмат,
Сен жашаган бул дүйнөгө каниет.
Кайырма:
Таптым сени, ажайып кооз күн көрдүм,
Сен болбосоң кызыгы не дүйнөнүн?
Аалам толо сүйүү бердиң сен мага,
А мен сага кучак толо гүл бердим.
Таңда көрсөм, күн батканча сагынам,
Ай жаңырса, амандыгың жалынам.
Сени менен Жер айланып жаткансыйт,
Сүйдүм сени баш айланып баарынан.
Кайырма:
Бала күттүк, бакыт таптык, ташылдык,
Сени менен сендик болуп кошулдум.
Бийик болсун биздин ыйык махабат,
Куттуу болсун сен төрөлгөн ушул күн.
Кайырма:
|