|
Mr. Баха
Бардык видеолор: 4
Бардык аудиолор: 8
00:03:39
00:04:16
00:03:37
00:03:09
Сөзү : Mr.Баханыкы
Обону : Mr.Баханыкы
Жалындаган жаштык кезде,
Жадыраган жаз мезгилде,
Жолукканмын сени менен,
Анын баары дале эсте.
Кол кармашып басчу элек,
Кереметтүү айлуу кечте.
Бир саат көрбөй калсам сени,
Сагынчу элем тезден эле.
Билесиңби дагы, жаным,
Бири-бирибизди кызганчу элек.
Кызганычтын бардыгына
Жүрөктөгү сүйүү себеп.
Ошентип биз көпкө чейин,
Бактылуудай жүрдүк эле.
Бирок биздин бактыбызды,
Башкаларга бөлсө керек.
Ак жоолукту салынып сен,
Кете бердиң башка жакка,
А мен болсо кала бердим
Ак сүйүүсүз тозок жакта.
Көнгөн адат калбайт тура,
Сагынычта куса болуп,
Күнү-түнү уктабастан,
Сени эстеп жүрөк ооруйт.
Билесиңби дагы, жаным,
Ак сүйүүнүн барактарын?
Сага арнап чын жүрөктөн,
Канча ырды жаратканмын.
Ал ырларым кала берди,
Арман болуп ак баракта.
Азап кылып алып кеттиң,
Ак сүйүүмдү кайсы жакка?
Кайырма:
Жетпей кала бердим сүйүүгө,
Мен сүйүүсүз өтөмбү өмүрдө?
Жалгыз сага арналган жүрөгүм,
Сыздап ооруй берди өкүнө.
Ары басам, бери басам,
Эми кандай айла табам?
Жакшы көргөн сүйгөнүм жок,
Жалгыздыктан тажап жатам.
Жалгыз эле бул дүйнөдө,
Жүрөгүмдө сен белең?
Айлар, күндөр өтсө дагы,
Өзүңдү мен эстей берем.
Түндө туруп ыр жазамын,
Сен жөнүндө бүт арманым.
Сенден башка жүрөгүмө,
Жаккан кызды таба албадым.
Эч эсимден кетпейсиң сен,
Сени эле эстей берем.
Сүйүп жүргөн адамыңды,
Унутуш дагы кыйын экен.
Жазгы жаандай төгүлөмүн,
Жалгыз куштай көрүнөмүн.
Жандап сүйгөн адамым жок,
Мен сүйүүсүз өмүрдөмүн.
Көз жаш болуп төгүлөмүн,
Көз мончоктой көрүнөмүн,
Көздөп күткөн адамым жок,
Көңүлсүз бул өмүрдөмүн.
Жүрөк, чиркин, жерий берди,
Сүйүү мага берилбеди.
Жаз да келсе жер жашарып,
Мөңгү болуп ээрибедиң.
Жалбырактай күбүлөмүн,
Саман болуп үйүлөмүн,
Убакыттар өтүп жатат,
Мен сүйүүсүз өмүрдөмүн.
Жетпей кала бердим сүйүүгө,
Мен сүйүүсүз өтөм бул өмүрдө.
Жалгыз сага арналган жүрөгүм,
Сыздап ооруй берди өкүнө.
Бул дүйнөдө сүйүү азап,
Акыйкаттуу боло бербейт.
Өкүнсөң да жүрөк ооруп,
Эски сүйүүң кайра келбейт.
Сүйүү деген ушунчалык
Кубаттуу да жана асыл.
Сүйүп жүрүп жетпей калсаң,
Жүрөк, чиркин, кандай азап.
Түбөлүккө кала бердиң,
Жүрөк сыздап, ойдо жашап.
Сенсиз жашоо кызыгы жок,
Соолуган күндөй өтүп жатат.
Кош бол эми, сүйгөнүм сен,
Түөлүккө бактылуу бол.
Кол кармашкан жарың менен,
Тунук сүйүү жана ак жол.
Өзүңсүз кала бердим мен,
Калагы жок кайыктай.
Өзгөчөм менин сен элең,
Кеттиң учкан жылдыздай.
Сөзү : Mr. Баха, Д.Эрматовдуку
Обону : Н.Абдыразаковдуку
Келгиле жаштар, көңүлдөрдү көтөрөлүк,
Ырдап , бийлеп баарыз тең кубанычка бөлөнөлүк.
Анткени эсте калсын ушул күндөр түбөлүкө,
Кезек келет бир убакта эңсей турган жаштык күндү.
Ошондуктан уялбай, эчнерседен тартынбай,
Баркын билип кереметтүү жаштык кездин, алтындай.
Ойноп-күлүп, шаңдуу бийлеп, талыкпастан бийлеп турсак,
Жаштар, бул анткени биздин ураан!
Кайырма:
Жалындап жана бергин жаштык кез,жылдыздай, Жүрөктө дайым сенсиң жаштык кез, унутулбай.
Келгиле, жаштар бийге, көңүлдү көтөрүп,
Келгиле, жаштык кездин өмүрүн сүрөлү.
Кетпечи, жаштык кез, сен бизден алыстап,
Кетпечи, жаштык кез, жүрөктү жаралап.
Мына эмесе жаштар,
Шаңдуу шайыр музыкалар.
Бийлегиле кыз-жигиттер,
Сүйүүңөрдүү таапсыңар.
Жаштык кездин кереметин,
Мына бизге демин берип.
Айлананы шаңга бөлөп,
Өзүбүздү жеңил сезип.
Баары бизде ынтымактуу,
Жалындаган жаштык кезде.
Бир-бирибизге бакыт каалап,
Ак сүйүүнүн жолун издеп.
Келечеке максат коюп,
Биз бактылуу жаштарбыз деп.
Суктаналы бактылуулук,
Жаштык кез биз жакта.
Кайырма:
Саламатсызбы, ырчы байке?
Бул Супер-газета Таха,
Мен журналист - мистер Баха.
Жолуксам деген тилегим да,
Мен сизди жакшы билемин.
Элге жаңылык жиберген бизбиз,
Атыңызды такыр эле укпаптырбыз,
Деги кимсиз?!
Анда эмесе микрофон сизде:
Саламатчылык!
Атым Альпак, псевдонимим Альберт.
Ой-ой, мен звездамын,
Тиякта-биякта концерт.
Стилим бушлат, концертим аншлаг.
Дагы эмне десем?
Ары бардым, бери бардым,
Бүт каздым, таппадым.
Акыры “Звездамын” деген ыр жаздым,
Продюсерим жүгүрүп атат,
Баарын бүтүрүп атат,
А мен күтүп атам.
Хей, мени жазгыла, тарткыла,
Газета-журналдарды ачкыла.
Чоң жаңылык болдум!
Кечээ эле тиземди сыйрып алдым.
Аха, рахмат, жакшы!
Айтыўызчы, Альпак байке,
Көппү күйөрмандарыңыз,
Жана дагы кандай үй-бүлөлүк абалыңыз?
Кана кантип, кандай болуп,
Чыгат сиздин ырларыңыз?
Буга кандай кабарыңыз?
Ой-ой, көз тийбесин, ары карап түкүр,
Күйөрмандар Кудайга шүгүр.
Голосум - бас, тенор, альт-альт,
Кыздар мага жалт-жалт жайнайт.
Мен шайыр бала, шайдоотмун,
Азырынча бойдокмун.
Ырларымды кандай кылам, кантем,
Мына силерден жашырып нетемин?
Карап көрөм барактардан,
Сураштырам туш-туш тараптардан.
Бербей койсо тараптар,
Бар го бизде Кудай берген казактар.
Мен алдыга баратам,
Эки күндүн биринде хит ырларды жаратам.
Чиркин мына кызыктар, жаңылык бар, кыргыздар,
Окугула, окугула, бизде ушундай жылдыздар.
Рахмат сага, Альпак! Бизди кандай баалайсыз?
Кыргыз элине деги эле эмнелерди каалайсыз?
Рахмат, Супер-газета Таха, Бар бол, мистер Баха!
Мен чыныгы кыргызмын, ооба, мен кыргызмын,
Дагы ырчылар төрөлсүн, жылдыздар дагы көбөйсүн.
Адам болуш аста-аста, звезда болуш бир паста,
Жалкоолукту коёлук, эмгекчил адам бололук.
Келип тургула мен концерт койгондо,
Чакырып тургула тойлор болгондо.
Чын эле ыр тамаша,
Бар экен чындыгына жараша.
Ырчы деген кызык ойду жаратат,
Ырчы деген баркы кетип баратат.
Да, ырчысың, ырларың сенин ар кандай,
Ырдагын ырларың кылымдарга калгандай.
Азыр сен жанып турган жылдызсың,
Анан сен күйүп турган жарыксың,
Бара-бара түтөп турган чыраксың.
Эй, төбөң жетип турса дагы булутка,
Артыңды кара, ким экениң унутпа!
Рыспай, Асанкалыйлар бар кыргызда,
Дагы көп ырчылар калды тарыхта.
Ырлары шедевр болуп келе берет,
Ырдалып эл оозунда кала берет.
Демге күч, күчкө кубат бере берет.
Ырдагыла, ырдагыла катыра,
Ооба, бизде звездалар толтура.
Бар арасында жакшылар,
Элдин сыйын таптыңар.
Бул силердин бактыңар,
Көтөрүлсүн баркыңар.
Алыска кетсин даңкыңар,
Ырларың сенин ар кандай,
Ырда кыймыл алгандай.
Кыргызмын деп чет элдерге баргандай.
Бир саат эле жылдызсың,
Жарым сааттан кийин жарыксың,
Беш мүнөттөн кийин чыраксың,
Андан кийин түтүнсүң...бүттү!
|