|
Кундуз Авашова
Бардык видеолор: 3
Бардык аудиолор: 4
00:03:53
00:03:51
00:04:07
Сөзү : Тууганбай Абдиевдики
Обону : Сыймык Бейшекеевдики
Көлөмүң болуп кичине,
Көзүмдүн батсаң ичине.
Көргөзбөй алып жүрмөкмүн,
Көңүлү бузук кишиге.
Карааның болуп кичине,
Каректин батсаң ичине,
Каратпайт элем өзүңдү,
Карашы бузук кишиге.
Карасаң башка кишиге,
Кан толо түшөт ичиме.
Эриксе жүрөк булкунуп,
Ээ боло албайм күчүмө.
Жанаша калсаң кичине,
Жалдырап карайм жүзүңө,
Балакет кылбасаң экен,
Башканын кирип түшүнө.
Бийлетип ой-санаамды,
Биликтей күйүп-жанамбы?
Элестеп жүрүп өзүңдү,
Эс жинди болуп каламбы?
Кыйсыпыр кылдың санаамды,
Кыргыздан сендей табамбы?
Сыртыңдан жүрүп кызганып,
Сыркоолуу болуп каламбы?
Көлөмүң болуп кичине,
Көзүмдүн батсаң ичине.
Көргөзбөй алып жүрмөкмүн.
Көңүлү бузук кишиге.
Айтканга күйүп айла жок,
Ашыктык оту кайда жок.
Мени сүй, эгер ишенсең,
Мен сүйгөн менен пайда жок.
Сөзү : Кундуз Авашованыкы
Обону : Чубак Сатаевдики
Сүйдүм го, күйдүм го, жүрдүм го,
Сүйбөйүнчү десем деле.
Сүйдүргөн, күйдүргөн,
Айтчы сенин эмнең эле?
Кыялга, бакытка,
Бөлөп салган кара жанды.
Ай-ий, жан эркем.
Балдай сөзүң, кара көзүң,
Бир өзүңдө бар эле.
Кайырма:
Жүрөгүмдө бир эргүү,
Бар экенин билбедиң, жаным.
Жүрөгүмдө бир эргүү бар, бир эргүү.
Ойлондум, толгондум, болжодум,
Ойлобоюн десем деле.
Ойлонткон, толгонткон,
Айтчы сенин эмнең эле?
Жүрөктө сырымды,
Жашырбастан ачык айтсам.
Аи-ий, жан эркем.
Жанымда бол, бакытым бол,
Маңдайымда эркелеп.
Кайырма:
Жалгыз сезип мен өзүмдү бул дүйнөдө,
Жеткис болуп жүргөн элем сүйгөнүмө.
Жаңырыгы жеткен беле арманымдын,
Кайдан келдиң окшоп көлдүн чүрөгүнө?
А мен сени эмнегедир жакшы көрөм,
Салыштырып бул өмүрдүн мүрөгүнө.
Аз күн өттү, окшоп бирок кылымдарга,
Алым жетпей мен өзүңдү унутарга.
Издеп сени таппай келем, түн бир оокум,
Окшоштуруп элесиңди жылдыздарга.
А мен сени эмнегедир жакшы көрөм,
Сен бар үчүн бул ааламда сүйүү бардай.
Бир көрүүгө зар болдум го карааныңды,
Эске салып сенин сүйкүм жамалыңды.
Балким, сен да мендей болуп жүргөндүрсүң,
Кыйнабастан айтсаң боло абалыңды.
А мен сени эмнегедир жакшы көрөм,
Окшоштуруп унутулгус элестерге.
|