|
Гүлзинат Суранчиева
Бардык видеолор: 13
Бардык аудиолор: 28
00:03:29
00:03:21
00:03:26
00:03:11
00:03:41
00:03:36
00:03:20
Сөзү : О.Султановдуку
Обону : А.Керимбаевдики
Сөзү : Алишер Тоотаевдики
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Сөзү : Эрнис Турсуновдуку
Обону : Нуркан Турсунбаевдики
Агаргандай ак кар түшүп, берекем,
Ак жүзүңө кайдан түштү көлөкө?
Мезгилиңден эрте карып кеттиңби?
Мен баратам антымды актап, энекем, энекебай.
Белегиңди берген элең белекке,
Тирүүлүк бар, амансыңбы демекке.
Мерт болбодум улуу турмуш жолунда,
Мен баратам милдет өтөп, энеке.
Мерт болбодум улуу турмуш жолунда,
Мен баратам милдет өтөп, энеке.
Калсаң керек бир өзүмдөн түңүлүп,
Каршы алдымдан чыгар кезиң бүлүнүп.
Биз жоготкон көп сонундун ичинен,
Билсең, эне, сонун олжо - тирүүлүк.
Биз жоготкон көп сонундун ичинен,
Билсең, эне, сонун олжо - тирүүлүк.
Мен баратам, мен тирүүмүн, энеке,
Мелт-калт болсун ак өргөөңөр, энеке.
Сөзү : Анатай Өмүркановдуку
Обону : Муратбек Бегалиевдики
Кай жерге конбоюн, кай жерде болбоюн,
Тиленип аманың, тиктеймин жол боюн.
Алдыңда күн болуп, артыңда ай болуп,
Ааламга ачылган, жадыра, мекеним.
Агарган таң болуп, тилеймин эсениң,
Дайыма жанымда жадыра, мекеним! Кыргызстан!
Түн болуп, гүл болуп, түр болуп, үн болуп,
Ай бою, жыл бою, түн бою, күн бою.
Тилеймин эсениң дайыма жанымда,
Жадыра, мекеним! Кыргызстан, Кыргызстан!
Азабың, азабым, арманым жазарым,
Сагынып жашаарым, сагынып жатарым.
Атыңды жүрөккө, жүрөккө сактагам,
Дүйнөгө бир гана сени менен мактанам.
Унутуп мезгилдин уч-түпсүз эсебин,
Атагың арттырып, алгала, мекеним.
Кыргызстан, атыңды жүрөккө, жүрөккө сактагам,
Дүйнөгө бир гана сени менен мактанам.
Унутуп мезгилдин уч-түпсүз эсебин,
Алгала, мекеним Кыргызстан, Кыргызстан!
Угарга санатым, учарга канатым,
Аралайм сен үчүн асман-жер арасын.
Зоболоң зор болсун, балдарың эр болсун,
Келечек кең болсун, бар болгун, мекеним!
Ыйыктын ыйыгы - эртеңиң, кечээгиң,
Серпилтип кылымды, Сен бар бол, мекеним!
Кыргызстан!
Зоболоң зор болсун, балдарың эр болсун,
Келечек кең болсун. Ыйыктын ыйыгы - эртеңиң, кечээгиң. Серпилтип кылымды сен бар бол, мекеним Кыргызстан!
Сөзү : Т.Кожомбердиевдики
Обону : Ү.Сыдыковдуку
Улам карап туш-тарапты элеңдеп,
Айтар сөздү миң кайталап белендеп.
Күн чыгышым, сени күтөм зарыгып,
Анык беле айткан сөзүң келем деп?
Тоонун суусу аңтарылат иримдеп,
Дарак ырдайт жалбырагы дирилдеп.
Күн чыгышым, келсең боло күттүрбөй,
Салааланып саамай чачың бириндеп.
Айлап-жылдап жалгыз сен деп түгөндүм,
Жүрөгүңдүн бардыгына күмөнмүн.
Колду шилтеп кетип калбас себебим,
Боосу сенде мен катынган жүгөндүн.
Улам карап туш-тарапты элеңдеп,
Айтар сөздү миң кайталап белендеп.
Күн чыгышым, сага деген махабат,
Жүрөгүмө батып барат тереңдеп.
Сөзү : К.Абдрахмановдуку
Обону : Ж.Малдыбаеваныкы
Асылзатым, сени мен издеп,
Көздү кадаймын көлдү тиктеп.
Сезим козгогон ойлорго багынып,
Жүрөмүн сагынып, үмүт үзбөй карайм талып...
Сырыңды айтпай жүрөсүңбү камыгып?
Кайырма:
Кыялдарды толкундар жетелейт алыска,
Сагынуу шаштырат, салчудай жарышка.
Көрүнүп сен калчудай, тиктеймин мен тунжурай,
Жалыны жүрөктү, кубатсың мүрөктүн,
Чыккан айы тилектин.
Сырдын түйүнүн бирге чечип,
Сүйүү шаарын жүрдүк биз кечип.
Экөөбүзгө бакыт-таалай берген,
Көл жээгин эстечи, жүрсөң кайда тапкын айла,
Ар дайым самайм, акмалаймын, караймын.
Кайырма:
Сөзү : Г.Момунованыкы
Обону : Ж.Муратованыкы
Сөзү : А.Кошоевдики
Обону : Ж.Муратованыкы
Сөзү : Ж.Алымовдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Элесиңди карап турсам сүрөттөн,
Эске түшөт көлдун жээги гүл өскөн.
Эсиңдеби кечиндеги сырдашуу.
Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн?
Жүрөгүмдө сүйүү турса чыдатпай,
Жүзүң жарык балбылдаган чырактай.
Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан,
Эзелтеден бирге жүргөн ынактай.
Сансыз жылдыз бизди гана карашып,
Сени менден, мени сенден талашып.
Ойноп, күлүп көпкө жүрдүк, жаркыным,
Кеткичекти аппак болуп таң атып.
Бирок мезгил өткөн сайын арылап,
Тетир карап буруласың ар убак.
Азап тартып, арман күчөп жүрөмүн,
Жүрөгүмдү умүт менен дарылап.
Махабаттын табияты татаал экенин,
Бир тараптуу сүйүүм менен сезип келемин.
Жүрөгүмдү бийлеп алган жаным, өзүңсүң,
Жалгыздыкты кыял менен азыр жеңемин.
Айткым келет сага болгон тунук сүйүүмдү,
Корком кайра, өчүрбөйм деп жалгыз үмүттү.
Жүрөк сезет, балким бир күн кабыл алат деп.
Күтүп жүрөм, андан бери канча күн өттү.
Кайырма:
Бир өзүң, сезимди ээлеп алдың,
Бийлеп алдың.
Бир өзүң, жүрөктөн орун алдың,
Бийлеп алдың,
Бир өзүң, бир өзүң...
Ак сүйүүмдү жан дүйнмө батырган менен,
Жүрөк суусап, кусалыкка жабыркай берем.
Айттырбастан, сезип алчы арзуумду өзүң,
Амал качып, арга таппай алсырап келем.
Кыялымда, жүрөгүмдө жашап келесиң,
Сен жылмайып, жылуу тиктеп үмүт бересиң.
Бүт ааламды батыра алган каректеримде,
Жалгыз өзүң жүргөнүңдү качан сезесиң?
Кайырма:
Сөзү : К.Тайчабаровдуку
Обону : А.Аскаровдуку
Мезгил бизди абдан сынады,
Таарынычтар мени кыйнады.
Сездим сенсиз жашоо кызыксыз,
Сен жок калып жүрөк ыйлады.
Кайырма:
Сагынам, сагынам,
Карааныңа зарыгам.
Сагынам, сагынам,
Тагдырыма таарынам.
Сагынам, сагынам,
Менден алыс кетпечи,
Сагынам, сагынам, сагынам...
Өзүң барда күлүп жүрчү элем,
Мен бакыттын даамын билчү элем.
Жөн жүрбөстөн, неге таарындык,
Сенден башка кимди сүйчү элем?
Кайырма:
Сөзү : Н.Сыдыковдуку
Обону : К.Букалаевдики
Ысык-Көлдү таң сүргөндө карасаң,
Уйкусунан жаңы ойгонуп жаткандай.
Жаратылыш сулуулугун өзүнө,
Камырадай бүтүн ээлеп алгандай.
Ысык-Көлдү түш мезгилде карасаң,
Сулуу кызга алтын сөйкө таккандай.
Көл бетине күн нурлары чачырап,
Күмүштөрүн туш тарапка чачкандай.
Ысык-Көлдү күүгүм ченде карасаң,
Толкундары тоону көздөй шашкансыйт.
Ошол жерде комуз алып бир жигит,
Токтогулдун “Миң кыялын” чалгансыйт.
Ысык-Көлдү түн ичинде карасаң,
Көшүлүп бир таттуу уйкуга баткансыйт.
Жада калса асмандагы ай дагы,
Көл уйкусун түн күзөтүп жаткансыйт.
Ысык-Көлдү түш мезгилде карасаң,
Сулуу кызга алтын сөйкө таккандай.
Көл бетине күн нурлары чачырап,
Күмүштөрүн туш тарапка чачкандай.
Сөзү : С.Керекечованыкы
Обону : А.Абдуллаевдики
Колумду кармап, сөзүңдү айтып,
Сүйүүңдү арнап, ырыңды жаздың.
Жылмайып карап сезим жандырдың,
Бирок, мен сага ишене албадым.
Кайырма:
Мени караба, мени кармаба,
Суурулуп учкан сүйүүмдү аярла,
Сүйүүмдү менин алдаба!
Убакыт учат ташкындап жашоо,
Сезимдер өтөт биз менен кошо.
Кыялым кайра кылчайып карайт,
Суудай туптунук сезимди самайт.
Кайырма:
Обону : И.Жунусовдуку
Көлдөн чыкса сүзө албаган кайыктай, Көлдөн чыкса жашай албайт балыктай. Мен өзүңсүз элестетсем жашоомду, Сен жок, жаным, какшып калган арыктай. Кайырма: Асманда, асманда ай жалгыз, А жерде, а жерде мен жалгыз. Тагдырым, таалайым табамбы? Айга окшоп мен жалгыз каламбы? Учкан куштар сермелишет асманда, Ырларыбыз кайкып учат ааламда. Мен сен үчүн келген окшойм дүйнөгө, Учуп бара жаткансыймын бассам да. Кайырма
Сөзү : К. Урманбетовдуку
Обону : Э. Мээркановдуку
Сен тагдырыма туш болуп,
Мен гүлдөгөн бакчага,
Бакыт деген куш конуп.
Жүрөлүчү ыр сабындай жуп болуп,
Жазындай көрүндүң,
Эми жадырап төгүлгүн кут болуп.
Кайырма:
Эй, көңүлүбүз тунук асман,
Өмүрүбүз гүлүн ачкан.
Жалын алып сүйүү бизден,
Жаралат бир улуу дастан.
Дүйнө күтүп кемибеген,
Дүйнөм түгөл сени менен.
Айрылбас болуп экөөбүз,
Айланып ырга өтөбүз.
Ыр жазгым келет тил жетсе,
Сыр коюнга сыйбас, эки жүрөк үндөшсө.
Мага кызыл гүл арначы бул кечте,
Кызарып күн деле,
Оттой сунулган дүйнөгө гүлдесте.
Кайырма:
Мөл булактай агалык,
Көл махабат табалык.
Жолугабыз кайрадан,
Эгер калсак эртең кайра жаралып...
Кайырма:
Сөзү : С.Керечикованыкы
Обону : Г.Суранчиеваныкы
Шаар ичи кеч шамга жамынат,
Ай менен жылдыз түнү ачылат.
Шамал бетимен мээримдүү сылайт,
Мен баратам жол боюн карап.
Бир өзүңдүн карааныңды самап,
Бирок эч кимдин жүзү таанылбайт.
Элесиңди эстеймин, көздөрүңдү эңсеймин,
Жүрөгүмдүн жамалы, кайдасың сен,
Кыйнабай жанымды кайрылгын, келсеңчи.
Кайырма:
Сүйүү бак жалбырактар шыбырап,
Кыялымда учурат махабат.
Көздөрүң, сүйөм деген сөздөрүң,
Унута албайм эч качан, жүрөгүм,
Жүрөгүм, жүрөгүм...
Аярлап ай мени аягансыйт,
Тээ алыстан мени чакыргансыйт.
Нуру менен жан дүйнөмдү,
Сагыныч оюмду курчады.
Бастырбай өзүңө арбап салды,
Сезимим мынча мени кыйнады.
Бак-дарактын арасын аралап мен басамын,
Кыялымда айлана жаркырады,
Кундуздай кубула чакырат сени мага.
Кайырма:
Сөзү : Э.Абайдиллаевдики
Обону : К.Газамовдуку
Кружатся девушки смелые, разные,
Чёрные, белые сводят меня с ума.
Но среди них есть одна, очень нравиться,
К ней подойду я и сердце предложу.
Дай мне надежду, красивая девушка,
Ты потанцуй, со мной ты потанцуй.
Ты потанцуй, со мной ты потанцуй.
Кайырма:
А танцевать я не хочу,
Сегодня в полночь улечу.
Ты не надейся и не жди,
И не обижайся.
Ты вроде парень не плохой,
Но для меня ты не крутой.
И на меня ты не смотри,
И не обижайся.
А может захочешь со мной станцевать,
А может ты будешь меня вспоминать.
Сердце моё разлетелось в куски,
Лети, ты лети, а меня ты прости.
Всё я отдам за улыбку твою,
Брошу я всё, за тобою пойду.
Брошу я всё, за тобою пойду.
Кайырма:
А танцевать я не хочу,
Сегодня в полночь улечу.
Ты не надейся и не жди,
И не обижайся.
Ты вроде парень не плохой,
Но для меня ты не крутой.
И на меня ты не смотри,
И не обижайся.
|