|
Динара Жусаева
Бардык видеолор: 1
Бардык аудиолор: 7
00:03:17
Көлдүн үстү, толкунду араладым,
Өмүр учун канткенде таба аламын?Какндай кылам, көлдөгү жалгыз кайык,
Көрүнбөдүң, жүрөктү жараладың.
Канат шилтеп, баратам түгөй издеп,
Табигаттын татына жытын искеп.
Кубаныч күтүп үмүттүү жашасам да,
Кыйын экен, жете албай үмүт үзбөө.
Көл бетинде бүлбүлдөп жанат жарык,
Кумарланам көрмөккө сүзүп барып.
Мага булгап жоолугун ал да келет,
Мен издеген баягы жалгыз кайык.
Ырдабачы, суранам ушул ырды,
Эске салып жоголгон махабатым.
Көп күтүүдөн саргайып араң тапкан,
Кездешүүбүз бүгүнкү мага жакты,
Ырдабачы, суранам ырыңдагы,
Кеч күздөгү кайыңдай тонолууну.
Каректерде айыпсыз сезим калсын,
Кайырмасын созбочу жоголуунун...
Ырдабачы, суранам ушул ырды,
Коштошууну туралы капарга албай.
Эки башка жол күтүп, эртең кайра,
Тагдыр бөлгөн жактарга сапар алмай,
Ырдабачы, суранам ырыңдагы,
Кеч күздөгү кайыңдай тонолууну.
Каректерде айыпсыз сезим калсын,
Кайырмасын созбочу жоголуунун...
Алоолонуп күйгөн жалынча,
Кучагымды жайып барынча.
Күн сыяктуу күтүп турам өзүңдү,
Кетпейм сага жолукмайынча.
Көздөрүңдөн алып сыйкыр жылуулук,
Кетпейм, кетпейм сага жолукмайынча.
Жыл күткөнүм жыл деп сезбестен,
Күтчү жерде турам кетпестен.
Сөзүң угуу майрамдардын майрамы,
Жаным биргем жаркын жан эркем.
Келечектин эртеңкиси табышмак,
Бул жашоонун бүтпөс ырахаты сен.
Мейли жамгыр суудай төгүлсө,
Мейли бороон уруп теминсе.
Жүрөгүңдөн укмуш, укмуш күү угуп,
Кетпейм, кетпейм көрүшмөйүнчө.
Көздөрүңдөн көрүп, көрүп өзүмдү,
Кетпейм сени менен көрүшмөйүнчө.
Кетпейм сүйүү сырын бөлүшмөйүнчө,
Кетпейм сени менен көрүшмөйүнчө.
Күтүүгө жол карадым сен тараптан,
Төгүлгөн жаанда калып кечке күттүм.
Ушул жол мени жалгыз алпараткан
Бир кезде тагдырыбыз экөөбүздүн,
Ээй, тагдырыбыз бир кезде экөөбүздүн.
Күтүүгө үмүт болуп жагылганы
Күйүттүү ырга айланар тагдыр болду.
Экөөбүз жаз шаңына бөлөмөкпүз
Өмүрдө бөлөк түшкөн биздин жолду,
Ээй, бөлөк түшкөн өмүрдө биздин жолду.
Күтүүгө жол карадым сен тараптан,
Төгүлгөн жаанда калып кечке күттүм.
Ушул жол мени жалгыз алпараткан
Бир кезде тагдырыбыз экөөбүздүн,
Ээй, тагдырыбыз бир кезде экөөбүздүн.
Зар болдум бир жарк этип карашыңа,
Чөмүлдүм санаалардын санаасына.
Сезимди ушул таңда улап коюп,
Сен кеттиң жылдыздардын арасына.
Жыялбайм ошол күндөн мен эсимди,
Жалдырап, тиктей берем элесиңди.
Алтыным, ак таңдардан тосоюнчу,
А, балким, ак куу болуп келесиңби?
Кымбатым, сүйгөн жарым, асыл жарым,
Жүрөктө бир жылт этет жашыл жаным.
Ак таңда, ал күндөрдү кармай албай,
Жүрөктү колдон учуп качырганым.
Эмгегиң бийик зор тоодой,
Мээримиң төгүп койгондой.
Учурган канаттарың биз,
Көкөлөп учуп барабыз.
Кайырма:
Сарсанаага батпачы,
Кайгыга башың салбачы.
Ак сүтүңдү актачу,
Балдарыңдын максаты.
Ай, балдарыңдын максаты.
Бой жетип, биз да чоңойдук,
Бала чак өттү, ойгондук.
Ыраазыбыз сага, энеке,
Төгүлсүн дайым береке.
Кайырма:
Эмгегиң бийик зор тоодой,
Мээримиң төгүп койгондой.
Учурган канаттарың биз,
Көкөлөп учуп барабыз.
Кайырма:
|