|
Нуриза Абазова
Бардык видеолор: 4
Бардык аудиолор: 31
00:03:25
00:03:23
00:03:07
00:04:17
Сөзү : Лариса Асанбекованыкы
Обону : Жазгүл Жумаканованыкы
Жарыкты суук тебелеп,
Жылдызды көккө себелеп.
Түн кирди жумшак жып-жылуу,
Ай кылып көздү тегерек.
Жымырап жылдыз төмөндө,
Ай санайт баарын түгөлдөп.
Ак куулар ойнойт өркөчтүү,
Толкунду минип жүгөндөп.
Кучактап жумшак булуттай,
Сүйөмүн дедиң унутпайм.
Ошол сөз мага гүл болуп,
Жүрөктө өсөт уруктай.
Унутпайм ошол кезимди,
Өчүрбөйм ошол сезимди.
Армандуу кылам өзүмдү,
Жылдызга толгон көзүмдү...
Башкача сезим келди,
Бир нерсе оюм бөлдү.
Ал эмне? Ал - махабат, махабат.
Тушүнбөйм ал сезимдер,
Түпөйүл кыла берди
Ал эмне? Ал - махабат, махабат.
Жүрөгүм аны сезди,
Жүдөтүп көнүмдү эзди.
Ал эмне? Ал - махабат, махабат.
Бир бөлөк ойго салат,
Балалык өткөн кезби.
Ал эмне? Ал - махабат, махабат.
Кайырма:
Ал - махабат, махабат.
Жүрөктө ойду жаралап.
Сен махабат, махабат
Сезимди кеттиң жаралап,
Сен махабат.
Өткөн күн эске түшөт,
Өкүнүч кайра күчөп.
Ал эмне? Ал - махабат, махабат.
Бир нерсе түшүнтө албай
Жүрөгүм жаным үрөп
Ал эмне? Ал - махабат, махабат.
Кысылам сени көрүп
Кыйналам оюм бөлүп
Ал эмне? Ал - махабат, махабат.
Көнүм аз, башым туман
Бакытка көлкүп турам
Ал эмне? Ал - махабат, махабат.
Кайырма:
Башкача менде сезим
Бактыга башым туман
Ал эмне? Ал - махабат, махабат.
Жан дүйнөм эңшерилип,
Жалооруп карап турам
Ал эмне? Ал - махабат, махабат.
Башкача сезим келди,
Бир нерсе оюм бөлдү.
Ал эмне? Ал - махабат, махабат.
Тушүнбөйм ал сезимдер,
Түпөйүл кыла берди
Ал эмне? Ал - махабат, махабат.
Сөзү : Турар Кожомбердиевдики
Обону : Марат Акматовдуку
Кайгыны ойго илбейли,
Карылык эмне билбейли.
Канакей, жаштар, эмесе, ай,
Калкылдап эркин бийлейли.
Кайырма:
Кылчактап улам күймөнүп,
Кызарба, курбум, сүрдөнүп.
Кел, кошул, биздин катарга,
Кетесиң кийин үйрөнүп.
Күүлөрүн төгүп жиберип,
Музыка алат имерип.
Коомайлап белден кармаса,
Колдору болот билерик.
Кайырма:
Жүрөктү жүрөк тандасын,
Сүйгөнүн сүйгөн жандасын.
Билинбей кай бир уяңдар,
Бийлебей четте калбасын.
Бир-бирин сүйкүм карашып,
Буттарга буттар жанашып.
Кыз-жигит бирге бийлесе,
Карачы кандай жарашып.
Кайырма:
Жаштыктын ыры - махабат,
Жаштарга нурун таратат.
Жаш кезде ойноп, гүлдөгүн,
Жаштык кез өтүп баратат.
Көзүңдөн мен көзүмдү ала албаймын,
Мен өзүңө батынып бара албаймын.
Эң алгачкы көз караш сыйкыры бар,
Баштаар сөздүн ачкычын таба албаймын.
Көзүңдөн мен көзүмдү кантип таптым,
Көзүң менен көзүмө алоо жактың.
Карегиңе карегим кыналарда,
Кирпигиңди тизилген медет жаптың.
Кирпигиңди көтөрчү бир аз гана,
Көз отуңдун илеби тийсин мага.
Жоодураган түн сыяк кара көздөн,
Жарк-журк этсин учкундар жылдыз жана.
Эң алгачкы көз караш нурдай болуп,
Эртели-кеч эргиткен сырдай болуп.
Эсте калат эскирбей ошол бойдон,
Эл жаттаган ашыктык ырдай болуп.
Турмушумда качандыр бир өткөндөр,
Кайдасыңар, өмүрдөгү көктөмдөр?
Жарык кылып сезимимдин мейкинин,
Достук, сүйүү шоолаларын төккөндөр.
Кайдасыңар, кызгалдактуу,
Кызгалдактуу көктөмдөр?
Ал из узап кете берет өрүлөп,
Тээ учунан сенин шоолаң көрүнөт.
Менде сүйүү, сени эңсеп сагынуу,
Көздөрүмөн жылдыз болуп төгүлөт.
Кайдасыңар, кызгалдактуу,
Кызгалдактуу көктөмдөр?
Мен да сенин сезимиңе из салып,
Калтырдымбы шооласындай жылдыздын?
Махабаттын бийик кармап байрагын,
Сагынычы боло алдымбы бир кыздын?
Кайдасыңар, кызгалдактуу
Кызгалдактуу көктөмдөр?
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Ал жерде туптунук тазалык бар,
Алдоо жок, жок да капалыктар.
Күлкү бар, жок да ыйлоо деген,
Ал жерде өчпөс сүйүүлөр бар.
Кайырма:
Ал менин кыялымдагы жомок,
Бактылуу күндөр бар, аягы жок.
Ажырашкыс болуп сен экөөбүз,
Жомокто жашап калсак болмок.
Ал дүйнөдө жок да жалган деген,
Арзуу бар, жок да арман деген.
Аруулук сиңген бул дүйнөдө,
Ар дайым ыйык сүйүү деген.
Кайырма:
Жашоо, жашоо, жашоо керемет,
Бул жашоодо өмүр, өмүр бир келет.
Ошондуктан, достор, келгин ырдайлы,
Күлкү менен шаттык бизди терметет.
Кайырма:
Боло электе бир арман,
Ырдагыла, жаштар, ай.
Биздин заман нур заман,
Шаттангыла, жаштар, ай,
Өмүр деген, чынында, учкан көпөлөк,
Убагында учат бийик көкөлөп,
Ал кез бизде жашооң болуп бир кызык,
Жүрбөй калат такыр эле жөргөлөп,
Өмүр деген тунук бир аккан дайра,
Агып кетсе дайраң кайрылбайт кайра,
Күч-кубатың барда ойноп-күл, иште,
Кете электе өмүр кайрылбас жайга
Кайырма:
Өтсө дагы жылдар, жылдар арадан,
Өчпөсө экен шаттык, шаттык заманам,
Бактылуу бол, достор, аман бол, элим,
Тилегеним жалгыз ошол Кудайдан.
Кайырма:
Биз жолуктук, билбейм, качан сүйгөнмүн,
Ээлеп алдың жүрөк эркин сен бүгүн.
Бир өзүңө жолукканга бир жолу эмес,
Тагдырга миң ырахмат.
Бизди кошкон өмүр бою
Ошол бейпил түн үчүн.
Мен өмүрдө далай жолу ыйладым,
Мээрим издеп, өзүмдү өзүм кыйнадым.
Жолукканда көзүң карап,
Ошол күнү эң биринчи өзүңө.
Бүгүн дегдеп, жүрөк толкуп,
Көлкүлдөдүм, көөдөнүмө сыйбадым.
Ошондогу сулуулугу, ай, дүйнөнүн,
Мен Жер шарын бүт кыдырып жүргөнмүн.
Билбесем да,
Бар экенин бул дүйнөдө,
Бул жашоодо ак сүйүү,
Бир өзүңө эрте-кечтир жолугарым билгенмин.
Ой толкуп, сезим көңүл ачып,
Жүзүңдөн сенин нуруң чачып.
Сүйүүнүн сүйкүм күчү коштоп,
Сезим ойго батып.
Кайырма:
Сезимге тартуу кылган,
Махабат музыкасы.
Өмүрдө бир келип,
Сүйүүгө дем берип,
Жүрөктү дегдетти.
Жан дүйнөм эргип өсүп барат,
Өзүмдөн сага көчүп барат.
Сүйүүнүн сүйкүм күчү коштой,
Сезим ойго батат.
Кайырма
Мен айлуу түндө жалгыз калам,
Элесиң издеп сага барам.
Сүйүүнүн мукам саптарынан,
Издеп сени табам.
Кайырма
Жүрөккө жалын кошкон,
Махабат музыкасы.
Өмүрдө бир келип,
Сүйүүгө дем берип,
Жүрөктү дегдетти.
Көктөм өткөн, көздөр чөккөн,
Көңүлдөр жок баягы.
Жазды көктөм жашын төккөн,
Жамгыр да жок андагы.
Сезимдерим эзилгеним,
Сизге деле сезилген.
Жаштыгыма, жансырыма.
Жакын десем ким элең?
Кайырма:
Эми бары арман кайгы,
Болсо, болсун, болгондой.
Сен да кеттиң кейибейин,
Тагдыр өзү ошондой.
Эстегенде, кез келгенде,
Арманымдай сезилбе.
Жалгыз гана жакшы ыр жана,
Жамгыр калсын эсимде, эсимде.
Көңүл бошоп, өмүр мокоп.
Күзгө айланат каректер,
Кандай десем, кайда кетсем?
Жансыз ушул даректен,
Мезгили суук, мээрими жок.
Мен күндөрдөн тажадым,
Бакыт үчүн жакшы күндү,
Канча жолу самадым.
Кайырма:
Жашыбайын жакшырайын,
Ыйлап алсам ызаадан.
Кайрылбайын кайгы баарын,
Айтпай күндү узатам.
Барамын деп, чаламын деп,
Кайра өзүмдү сороттуң.
Бирок билбейм дирилдебейм,
Балким мени жоготтуң.
Кайырма:
Көк шибер жашыл көктөм,
Көнөктөп жамгыр төккөн.
Жадырап май айындай,
Жашарып көңүл өскөн.
Сезимдин айы ушул,
Сен күткөн, мен да күткөн.
Кайырма:
Май айы-махабатым,
Маңдайга жазган бактым.
Өзүңдөн таткым келет,
Өмүрдүн ыракатын,
Май айы-менин бактым.
Сулуусу он эки айдын,
Сурайлы сырын майдын.
Ачылып гүлдөй өмүр,
Арылат капа-кайгың.
Жашайлы ырга айлантып,
Жаштыктын жашыл айын.
Кайырма:
Май айы-махабатым,
Маңдайга жазган бактым.
Өзүңдөн өмүр улап,
Өзүңдөн сүйүү таптып,
Май айы -махабатым.
Жаштыкты коштоп турган,
Жазга мен окшоп турам.
Жамалы-жашың ыраң,
Жакшы ойду козгоп турган.
Мезгилдин перзентине,
Мен сени окшоштурам.
Кайырма:
Май айы-махабатым,
Маңдайга жазган бактым.
Сүрөп бар санжылдарга,
Сүйүүсүн ар бир жаштын.
Чыйрыгып күзгү суукта,
Чыдабай жүрөк куса.
Өткөндү унутамбы,
Көз жашым жүзүм жууса?
Кайырма:
Эскирген эски бакта,
Экөөбүз эки жакта.
Ээрчишип бир басчу элек,
Жалгызмын ушул тапта.
Эскирген эски бакта.
Баягы биз жолукчу,
Бактагы ак кайыңга.
Жөлөнүп жалгыз турам,
Өткөн күн бүт оюмда.
Кайырма:
Тургузган махабаттын,
Аскасы урадыбы?
Жүрөктө куса толо,
Ал гүлдөр куурадыбы?
Кайырма:
|